Этика

isl0061
  • 19 Кулжа 2017
  • 0
  • 1076

Мыктыбек Арстанбектен 5 кеңеш: Соцтармактагы адеп.

Буга чейин деле Исламга жана мусулмандарга ар кандай мүнөздөгү жамандоолор, маскаралап, кемсинтүүлөр ФБ жана башка соц.торлордо байма-бай чыгып келген. Бирок, ушул жылдын ыйык Рамазан айындагы "чабуул" өзгөчө маанай менен башкача деңгээлге чыкты.

Мен муну кайсыдыр топтордун атайын долбоорубу деп да калдым. Канткенде да мусулмандар бул жоруктарга алдырбашы керек. Ошондуктан мен ФБдагы адеп тууралуу бир-эки моментти баса белгилегим келди:



 
1).  ФБ (же дагы башка соц торлор) өз алдынча коомчулук демек, анын да өз ара адеби болууга тийиш. Асыл адептүүлүк - ФБ да деле асыл адеп бойдон кала берет.
 
2).   ФБда деле бей баштар, адепсиздер жана уятсыздар болуусу толук ыктымал. Анын үстүнө жүзүн жашырган мүмкүнчүлүктөн жазасыз пайдалангандар да көп. Ошондуктан аты-жөнү, бети жабылган контакттарды (фейктерди) такыр үзүп, достордун тизмесинен толук өчүрүп, аларга "БЛОК" коюу зарыл. Ага тынчыбаса, ФБга алардын үстүнөн даттанып, барактарын жаптыруу керек.
 
3).  Атайын, айтышууга, талашка чакырган постторду "бөлүшпөө" керек. Өтө олутуу учурда гана комментарий берген оң. Провокациялык коментарийлерге жооп берген туура эмес.
 
4). Маскаралаган, кемсинткен жана жамандаган постторго жана коментарийлерге маскаралап, кемсинтип же жамандап жооп берүү МУСУЛМАНДЫН адебинен эмес.
 
5). ФБда "жашап алуу" - ысырап. ФБ болгону жаңылык же маалымдар болуп туруу каражаты гана. Чыныгы жашоо - "жер үстүндө" - реалдуу жашоодо гана. Ошондуктан ФБга бөлүнгөн убакытты азайтуу зарыл.
 

 
ОШЕНТИП:


1. Фейктерден тазаланыңыз;
2. Адеп менен болуңуз;
3. Жөнү жок талашка кирбеңиз. Олутуу болуңуз;
4. Маскаралап, жамандап, кемсинткенди - сиз да маскаралап, жамандап же кемсинтип кирбеңиз; Билиңиз: маскаралоо, кемсинтүү жана жамандоо - алсыз жана арсыздын иши.
5. Реалдуу жашоодо жашаңыз.

 
Айтмакчы, керексиз жана элди талаштырган, ыркын кетирген топтордон чыгыңыз жана андай топторду жабыңыз.
 
Унутпаңыз: дин асыл адеп менен жана жүрөктөн жүрөккө гана жеткирилет.
 
Өз учурунда сахабалардын алсыздары - күчтүүлөргө, күчтүүлөрү - лидерликке ушундай адептер менен жеткен.
 
ӨТҮНҮЧ, башкаларга да жеткирип коюңуздар!
 
 
 
Жогорудагы  пикирди журналист, коомдук ишмер, Кыргызстандагы “Халал” комитетинин башчысы Мыктыбек Арстанбек Facebookтагы жеке баракчасына жарыялаган.
 
 
ISLAMLIFE.KG

 
 
 

Facebook Пикир