Этика

islam015
  • 04 Кулжа 2017
  • 0
  • 682

Соцтармак колдонуучусуна кеңеш: интернеттеги адеп

Ислам – бүт баарын камтыган, толук, бүтүн дин. Куранда жана сүннөттө кандай гана темага болбосун жооп тапса болот. Аллах (ага мактоолор болсун) мындай деген:




«Сага ар нерсени түшүндүрүп бере турган жана мусулмандар үчүн Туура жол, мээрим, кубаныч түрүндө Куранды түшүрдүк. » (Куран, 16:89).
 
Демек, ислам дининде бардык суроолорго жооптор бар: динийби, көр тирлик-оокат маселесиби, классикалыкпы же мейли заманбап суроолор болсун.
 
Мисалы, Куранда адам менен сүйлөшүүнүн, мамиле кылуунун эрежелери, адеби бар. Аллах мынтип эскерткен:
 
 «Акыйкатта биз инсанды жараттык жана анын көңүлү азгырган нерселерди да билебиз. Биз ага күрөо (моюн) тамырынан жакынбыз.  Оңдон жана солдон эки периште олтуруп жазып турат.  Эмне сөз сүйлөсө да, анын алдында көзөмөлдөп даяр турат.» (Куран, 50:16-18).
 

Бул аяттан баамдап турганыңыздай, биздин ар бир сүйлөгөн сөзүбүз бекем катталып, ал сөздөр Кыямат күнү астыбызга сунулат. Билал ибн аль-Харис  риваят кылат, Аллахтын Элчиси (САВ) мынтип айткан:
 
“Акыйкатта, кээде адам Жаратканга, Улуу Аллахка жагаарлык бир сөздөрдү сүйлөп коет, ошол сөздөрүнүн канчалык даражалуу экенин сезбейт, Кудуреттүү, Улуу Аллах ошол сөздөрдү жазып алып, аны айткан адамга Кыямат күнүнө чейин ыраазы болуп жүрүп олтурат! Жана акыйкатта,  (кээде) адам Аллахтын каарын келтирген бир сөздөрдү сүйлөйт, ал сөздөрдү сүйлөгөн адамга Аллах Кыяман күнүнө чейин ачууланып жүрүп олтурат!” (Сахих аль-Жами)
 

Азыркы замандын заманбап контекстинде түшүнө турган болсок, жогорудагы аятта, хадисте айтылып тургандай, сөз этикети  сүйлөгөндөргө гана эмес, жазгандарга да тийиштүү. Соңку кездерде оозеки сүйлөшүүгө караганда, өмүрүбүздүн көбүн электрондук каттар, чат аркылуу жазышуулар, SMSтер, блогдор, соцтармактагы посттор, твиттер, Скайп, Инстаграмдагы визуалдык байланыш ж.б.у.с. менен алектенебиз.  Кептин баары, калп айтуу, ээн ооздонуу, ушактоо, жамандоо ж.б. туура эмес экенин түшүнүп туруп интернет колдонгондо, соцтармактарда жазышканда анын баарын унутуп калабыз. Оозеки сүйлөшүүдө кандай этикеттерди сактоо зарылдыгы турса, социалдык ММКдагы сүйлөшүүлөрдө, пикир жазууда деле ал этикетти кармануу зарылдыгы негедир  капарыбызга да келбейт.
 

Соцтармактардын пайдасы
 
Баса белгилеп койчу нерсе, соцтармактар түпкүлүгүндө кандайдыр балээлүү оокат эмес. Бул деле адамдар колдоно жүрчү керектүү  каражаттардын бири, маселен, акча же технология сыяктуу, аны жакшы максатта же жаман максатта колдонуп жиберген жагына келгенде ойлончу суроолор көп. Соцтармакты  колдонгон адамдын максатына көп нерсе байланыштуу: жакшы максаты бар болсо го жакшы, жаман ниетте колдонуп, адамды мазактаса, жамандаса, караласа  бул албетте жаман.
 
Социалдык ММКны негизи жакшы максатта пайдаланууга болот: соцтармактардын жардамы аркылуу үй бүлө, туугун-туушкандар, достор менен байланышып, сүйлөшүп, чын жүрөктөн жакындыкты бекемдеп, Аллах тууралуу бир бирине эскертишип, айтор соцтармакты бул дүйнөдө да, акыретте да пайдасы тие тургандай кылып колдонууга болот.
 
Пайгамбар (САВ) мынтип айткан:
 
“Ким жакшылыкка чакырса, жакшылык иш кылгандын (сыйлыгын алат) өзү менен барабар”    (Жами аль-Тирмизи)
 
Дагы бир хадисте Аллахтын Элчиси (САВ) мындай дейт:
 
“Адамдардын ичинен Аллахка эң сүйүктүүсү – алардын пайдалуулары” (Ас-Сильсиля ас-сахиха).
 
 
Реалдуулук
 
Социалдык ММКнын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири  - адамдар жеке жекеден, же жамаатташып бир бири менен пикир алышып, жазыша берет. А бирок,  биз кээ учурда соцтармактардын максатын туура эмес түшүнүп,  аны максатка ылайык пайдалана билбейбиз. Негизи соцтармактар исламга үйрөтүүчү идеалдуу жай эмес, анан да диний билимди тереңдетип ала турган да жер эмес.  А түгүл, диний татаал темаларды тереңдетип талкуулоочу, талашып-тартышуучу да жай эмес, себеби диндеги салмактуу темалар ар кыл багыттагы көп жылдык окууларды, билимий тажрыйбаларды талап этет эмеспи.
 
Көп “лайк”, арбын “досторду” чогулткандар - баарын билген, акылман, жетик аалымдар  болуп чыкпашы  деле мүмкүн. Жеке блог ачып алган кишини квалификациясы бар, ыймандык пайдубалы бар инсан катары кабыл алган да туура эмес. YouTube-дагы видеолору эң көп каралса эле ал лекция чындыктын булагы, анын авторун  ошол теманы чаккан  эң таанылган адис катары кабылдоо да туура эмес.
 
Биз азыр  баарыбыз билип, түшүнүп турган жагдайлар тууралуу сөз кылып жатканыбызды баамдап эле турабыз, а бирок арабыздан кээ бирөөлөрүбүз соцтармакка киргенде адекваттулугун жоготуп, өзүнөн чыгып, алынып-берилип башкача боло калаарын да билебиз. Андай адамдарга түшүнүү менен мамиле кылып, “таштарды буудайдан иргеген”  позицицияны кармануу оңдуураак болот.
 
 
Соцтармактардын талкалоочу күчү
 
Канчалык макул болбоого аракеттенбейли,  учурда сиз менен биз  жалганы көп маалыматтардын, маалыматтык көз боемойлордун, калп фатвалардын, кубулма көз караштардын заманын баштан кечирип жатабыз. Каратып туруп соцтармактардын жардамы менен кимдир бирөөнүн кадырын кетирип салууга болот, маселен, аалымдардын, имамдардын, белдүү диний насаатчылардын ж.б.  Мындай көрүнүштөрдүн кадыреселикке айланып жатканы өтө жаман, а бирок ошондойлорду астыртан тымпыйып карап, а түгүл “бөлүшүп” койгонубуздун кесепетинен  карөзгөй маалыматтар көз ачып жумгучакты токойдо алоолоно күйгөн жалындын тездигиндей болуп ааламга тарап кетүүдө.
 
Эске түйөлү, баарыбыз айтканыбызга, жазганыбызга гана эмес, кайсы тарапта болгонубуз үчүн да жоопкербиз. Кайсы бир маалыматтарды таратып, бөлүшүп жатканда ал маалымат катаа  же так эмес болушу мүмкүн экенин сөзсүз эске алуу зарыл.  “Эгер Аллахты сүйсөң..” “Эгер Исламды колдосоң..”,  “Эгер Пайгамбарды урматтасаң..”   “анда мынтип кой, тигинтип кой..”  деген саптарга ишенип бөлүшө берүүдөн абайлаңыз, анткени так ошол маалыматтар бөлүшүү, таратуу менен сиз бурмалоочулардын катарында болуп калууңуз мүмкүн, демек ошенткениңиз үчүн да жооп берүүгө туура келет.
 
Пайгамбар (САВ) андай кырдаалдан сак болууну  кандайча  эскерткенин Самура (Аллах андан ыраазы болсун) мынтип риваят кылат:
 
“Мен бүгүн тушүмдө эки адамды көрдүм. Ал экөө мага: “Жүр”-деди. Алардын артынан ээрчидим. (Алар мени колуман кармап ыйык жерге алып чыкты). Карасам бир адам олтурат, жанында темир илмек кармап дагы бир адам туруп турат. Ал илмекти олтурган адамдын оозунун четине тыгып, желкесине чейин чойду. Андан соң оозунун берки четине илмекти сайып чойгучакты оозунун аркы чети кайра калыбына келип калды.  Анан кайра-кайра алмак-салмак ушундай ыргак менен илмек сайып чойгулады. Мен аларга:” Бул эмне?”-дедим. Алар: “ ...оозу чоюлуп жаткан киши -оозунан чыккан калп бүт баардык жакка тараган жеткен калпычы киши.  Эми Кыямат күнү келгиче анын оозун ошентип тынымсыз чое беришет...”-деп жооп беришти. (Сахих аль-Бухари).
 
 
Этикеттин жалпы эрежелери
 
Соц тармактарда экрандын аркы бурчунда олтуруп алып, чыныгы аты-жөнүбүздү жашырып койсок эле ойго келген ыксыз нерсенин баарын  жаза берүү укугуна ээ болдук деген сөз эмес. Эч ким көрбөдү дегенибиз менен Аллах баарын көрүп, угуп, билип турат, а периштелер болсо эмне кылганыбыздын баарын майда-чүйдөсүнө чейин биздин  амал китепке жазып турушат.
 
1). Жакшы кулк-мүнөз менен адептүүлүктү эч качан эстен чыгарбаңыз.  
 
Пайгамбар (САВ) мынтип айткан:
 
Кыямат күнү адеп-ахлагы мыкты момундун тараза ташынын салмагы оор олтурат
(Жами аль-Тирмизи)

 
2). Башкаларды урматтаңыз.
 
Пайгамбар (САВ) мынтип айткан:
 
“Тилинен , колунан башкаларга зыян келтирбесе – ал чыныгы момун” (Сахих аль-Жами)
 
3). Башкалардын абийрине, намысына акаарат кылбаңыз.
 
Пайгамбар (САВ) айтты:
 
Акыйкатта, сүткорлуктук эң жийиркеничтүү түрү – мусулмандын абийир-намысына акаарат келтирүү” (Сунан Абу Дауд)
 
 
Жазганыңыз – бул демек сүйлөгөнүңүз
 
Ким тууралуу жазып жаткан болсоңуз да, ал жаныңызда жок болсо деле, бет маңдайыңызда көзмө-көз карашып тургандай ахвалды элестетип туруп жазыңыз. Сүйлөө маданиятында эмнеге тыюуга салынган болсо, жазганда деле ошол эреже-талаптарды карманыңыз.
 
1).  Эч кимди кемсинтпеңиз.
 
Аллахтын элчиси (САВ) айтты:
 
“Исламдаш момунду жек көрүүнүн өзү эле - ага залал келтиргендик” (Сахих Муслим)
 
2). Калп айтпаңыз.
 
Аллахтын Элчиси түшүнө периштелер кирип алар  күнөөлүүлөрдү көргөзүп , алардын күнөөлөрүн түшүндүрүп бергенин  мындайча баяндады:
 
Береги сен көрүп турган ооздору далысына чейин кериле чоюлуп тургандар , эрте менен үйүнөн чыгып баратып калп айткандар. Айткан калптары тээ тоонун кырларына чейин жеткендер”  (Сахих аль-Бухари)
 
3). Жаман сөздөрдү жаадырып, каргабагыла.
 
Пайгамбар (САВ) эч качан жаман сөздөрдү колдончу эмес, каргачу  эмес, жөн жай ыгы жок сүйлөчү  да эмес. (Сахих аль-Бухари)
 
4). Ушак таратпагыла.   Аллах (Ага мактоолор болсун) айтат:
 
 «Эй ыймандуулар! … Бир бириңердин аңдыбагыла жана бир бириңерди артыңардан кыйбат кылгабыла!» (Куран, 49:12).
 
5). Жазганда акыл токтотуп, илбериңкиликти, сабырдуулукту кармагыла.   

Пайгамбар (САВ) айткан:
 
“Күрөшүп жеңген күчтүү эмес, ачуусу келгенде өзүн башкара алган (өзүн кармай билген) адам күчтүү. (Сахих аль-Бухари)
 
 
Соцтармакта оор басырыктуу болгула
 
Соцтармактардын кооптуу жагынын дагы бир себеби бар: кай бир адамдар эч ким менен бөлүшпөй жүргөн жандай сырын жакынсынган кишилер менен бөлүшүп сырдаша беришет. Ал сырды ишеничтүү адамдарга айтып жатам деген сезим – алдамчы сезим, ошол сезимге жетеленип кай бирлер айтпашы керек болгон жеке маалыматтарын төкпөй-чачпай  жакын деп санаган сырдаштарына кенен-чонон жаза берет. Жеке дүйнөңүзгө, өз ааламыңызга тиешелүү сырларды өзүңүздө эле калтырыңыз, оор басырыктуу  болуп, жеке айыптарыңыз, адашууларыңыз, күнөөлөрүңүз тууралуу ооз ача берүүнү тыйыңыз.
 
1). Башкалардын жеке жашоосун сыйлаңыз.

Пайгамбар (САВ) мынтип айткан:
 
«Өзүнө пайда бербеген нерсеге көңүл бурбоо исламды карманган адамдын ажайыптуулугу.» (Джами аль-Тирмизи).
 
Дагы бир башка хадисте Аллахтын Элчиси (САВ) мындай дейт:
 
Ким мусулманды калкаласа, Аллах аны бул дүйнөдө да, акыретте да калкалайт”.
(Сахих аль-Бухари)

 
2).  Өзүңөрдүн тазалыгыңарды сактагыла. 

Аллах (Ага мактоолор) айтты:
 
  «Момундарга айткын: (ар кайсы аялды карай берүүдөн) коздөрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин (аягы суюктук кылуудан) сактасын.  Момун аялдарга айт: (Ар кайсы эркекти кароодон) коздөрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин (аягы суюктук кылуудан) сактасын. …» (Куран, 24:30-31).
 

3).  Аялзаты (кыздар)  менен тыюу салынган чектерден ашып мамилелешүү үчүн соц тармакты колдонбоңуздар.

Аллахтын Элчиси (САВ) мынтип айткан:
 
“Калыңы, никеси болмоюн аял менен эркек ээндеп жалгыз калбасын” (Сахих аль-Бухари).
 
4). Соцтармактарда жеке күнөөлөрүңөрдү жайбагыла.

Пайгамбар (САВ) мынтип айткан:
 
Ачыктан ачык күнөө кылгандардан башка, менин коомумдагы момундардын баарына кечирим берилет. Ачык күнөө дегендин мааниси, Аллах кайсы бир пендесинин күнөөлөрүн жаап, калкалаганына карабай, ал пенде эртеси “О Баланча! Мен кайсы бир күнү, момундай-тигиндей катачылык иштерди жасадым эле” деп жар салышы. Мынтүү  менен ал Кудай анын күнөөлөрү тууралуу түну бою ооз ачпай, бекитип, калкалап жатканына карабастан, өзүн өзү күнөөгө  батырып жатат”. (Сахих аль-Бухари)
 

Жогорудагынын баары - социалдык ММКдагы, соцтармактардагы өзүбүздү алып жүрүүнүн негизги гана эрежелери. Эн башкысы, соцтармакты колдонуп жатып Аллахтан коркуп, Ал мени тынымсыз карап турат деген бекем ишеним менен,  ар бир жасаган кыймыл, ойлоонууларга, жазган сөздөргө качандыр бир кезде  жооп берээр күн келээрин эске бекем түйө жүрөлү. Мына ошондо гана биз Аллахтын эскертмелерин бузуудан мурда, жакын же алыс адамдарды таарынтуудан мурда эмне кылып жатканыбызды кайра-кайра, тереңдеп ойлоноорубузда  күмөн жок.
 
Аллах бизди Өзү туура деп эсептеген нерселерге багыттап, жамандыктардан сактап, сөз же иш менен  бирөөгө залал кылып алуубуздан  коргосун.
 


Маалымат булагы: Muslim Matters

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

Facebook Пикир