Этика

islamtorg
  • 17 Бугу 2017
  • 0
  • 674

Соода маселеси Исламда

Мухаммед Пайгамбар (САВ) мынтип айткан: «Соодагерлер тапкан кирешенин эң мыктысы - сүйлөшкөндө алдабагандары;бир нерсе убада кылса аны аткарганы; бирөөлөр кандайдыр иш табыштаса, аларды уятка калтырбаганы; сатып жатканда жасакерленип, калпты урдурбай, сатып алганда тырышпаганы; кимдир бирөө карыз болуп калса төлөөгө мажбурлабаганы, бирөөгө өздөрү карыз болуп калса аны төлөп берүүгө ашыкканы » (Аль-Асбахани и Аль-Байхаки).




Исламда соода кылуу мыйзамдуу киреше табуу булагы катары сыпатталат. Куран момунду «Аллахтын ыраазычылын табуу үчүн” өмүрүн арноого үндөйт (Куран 73:20)
 

Куранда соодагер тууралуу мынтип айтылган:
 
 «Силер Эгеңердин ырайымын көздөгөн болсоңор, силерде күнөө болбойт”.  (Куран 2:198).
 
Бул аят ажылык учурунда мусулмандардын соодачылык кылып алды-сатты мамиле кыла берүүсүнө уруксаат катары түшкөн, анткени  аталган аят түшкөнгө чейин мусулмандар ажылык маалында соодагерчилик кылуу Аллахка болгон сыйынууну күмөндүү кылат деп эсептеп келишкен.   Умар (Аллах андан ыраазы болсун) мынтип айткан:
 
“(Аллах үчүн) болгон согуштан кийин  өлгүм келген жер – ошол согуш талаасы, андан кийинки эле жер - балдарым үчүн сатып алган, саткан базардын аянты”. 
 
Ал бул сөздөрүнүн соңунда Аллах жолунда күрөшкө чыккандар менен чогуу  соода кылгандар тууралуу Аллахтын айткан сөздөрүн мисал келтирет:
 
 «Ал силердин араңарда оорулуулар болоорун, бирөөлөрү Аллахтын ырайымын издеп жерлерди кыдыраарын , ошондой эле дагы бири Аллах жолунда күрөшөөрүн билет.» (Куран 73:20).

 
Куранда  Аллах Курайш уруусуна боор ооруп, алардын эки соода сапарын жеңилдеткен: бири кыш айында Йеменге, а жайында Сирияга сапар тартуу. Ыйык Китепте ал мындайча айтылат:
 
 
 «Курейштер көнүккөн нерселери үчүн, (Б.а.) кышкы жана жайкы сапарга көнүккөндөрү үчүн  Бул үйдүн ээсине сыйынышсын!

Ал ачкачылыкта аларды тамактандырып,коркунучтан аларды аман сактаган» (Куран 106:1-4).
 

Пайгамбардын (САВ) сахабаларынын арасында соода ишин катыра жасап, ийгиликке жетишкен Абдуррахман ибн Авф сыяктуу инсандар болгон. Ал кезинде чөнтөгүндө бир тыйыны жок Меккеден Мединага барып соода иши менен алектенип кийин өтө катуу байып кетет. Кадыресе соода сапарларынын биринде  Мединага келип калганда, Мухаммед Пайгамбар (САВ) аны Саад ибн Ар-Раби менен мамилелештирип , достоштурат. Ошондо Саад Абдуррахманга: “Мен ансарлардын ичинен эң байымын – эки аялым бар – аларды сени менен бөлүшкүм келет. Экөөнүн кайсынысы сага жага турган болсо, ала берсең болот, мен дароо ага талагымды берип ажырашууга даярмын, талактан кийинки идда мөөнөтү бүткөн соң ал аялды алгын да үйлөнө бер”,-деп сунуш кылат.  Абдуррахман ага жооп кылып: “Аллах сенин үй бүлөңдөн  жана мүлктөрүңдөн ыраазы болсун. Мен тек бир соодагермин, андыктан мага базарыңар кай жерде экенин көргөз”-дейт. Ага базар кай жерде экенин көргөзүшкөндө ал базардан башка жакка алып барып сатып үчүн бир аз быштак жана май алат. Ошентип ал соода ишин улантып, сооданын майын чыгарган жөөттөрдөн да ашып түшүп, эң бай адамдардын бирине айланат. Ал каза болгондо, анын артында калган байлыгынын саны ушунчалык көп, аялдарынын бирөөсүнө байлыгынын төрттөн бир бөлүгү энчиленген экен, ошонун өзү эле  сексен миң динар болуртур.
 
Мухаммед Пайгамбар (САВ) “алар бейишке кирет” деп  кубана айткан ондогон сахабалардын бирөөсү Абдуррахман ибн Авф эле. Эгер соода динге өөн нерсе болсо ал бул ишке эзели жоломок эмес. Демек, ушундан улам  исламда да соода кылуу кандайдыр өөн, тыюу салынган иш деп эсептелинбейт.
 
Анткен менен, соодагерлер соода ишине өтө абай мамиле кылуусу керек, себеби, соодадагы алды-сатты мамиледе Аллах тыюу кылган талаптар бар, аны сактабагандар  тозоктун отуна күйөт. Ошондуктан Мухаммед Пайгамбар (САВ) соодагерлер тууралуу мынтип айткан:
 
 «Кудуреттүү Аллахтан корккон, жакшы пейилдүү, чынчылдарынан башка соодегерлер Кыямат күнү күнөөлөрдүн катарына кошулат.» (Ат-Тирмизи, Ибн Маджа, Ибн Хиббан, жана  Аль-Хаким).
 
Соодагерлерди Кыямат күнүндөгү  тозок отунан сактачу сапат – кең пейилдик, чынчылдык. Дагы бир башка хадисте Аллах Кыяматта үч адамды карабастыгы айтылат. Алардын арасында Мухаммед Пайгамбардын (САВ) айтуусунда, сатып жаткан буюмун арзан сатып алса да, “кымбат сатып алгам..” деп калп карганып, сатып алуучунун жакшы эле баа айтып жатканына карабай, өзү сатып алган баадан кыйла эсеге көп баада саткан соодагерди Аллах Кыямат күнү карап койбойт”. (Муслим).
 

Пайгамбар (САВ) мынтип айткан:
 
Соодагерлер (товарын эптеп эле сатуу үчүн) жалган айтып, калп карганышат, мынтүү менен алар күнөөгө батышат”  (Ахмад, Аль-Хаким)
 
Мындан тышкары ал  мынтип айткан:
 
Соодагерлер Аллахты товар кылып алышат, анткени Анын атын айтып карганып (товар) сатышат,  так эле ушунтип (товар) сатып алышат”.   (Ат-Табарани)
 

Жогоруда мисал келтирилген хадистин мааниси, кээ бир соодагелер товарын сатуу үчүн  калп эле Аллахтын аты менен карганып күнөөгө батышат.
 

Соода Аллахка жаккандай болуучу үчүн соодагерлер бир нече эрежелерди карманышы кажет:
 
1).  Уруксаат кылынган нерселерди гана соодалоо.

Мусулмандар тыюу салынган нерселерди алды-сатты кылып соодалабаш керек, мисалы, мас кылуучу спирттик ичимдиктер жана чочконун эти, буларды а турсун мусулман эместерге да сатууга болбойт. Мухаммед Пайгамбар (САВ) мас кылуучу ичимдиктерге байланыштуу он адамды күнөөгө батуучулар катары сыпаттаган. Алардын ичинен – данды, буудайды ачытып  андан мас кылуучу ичимдик жасагандар, аны  башкага таратуучулар,  аны башкаларга алып барып бергендер,  аны башкага сунгандар, аны менен соода кылгандар.
 
2). Көз боемочулук, калпычылык болбошу керек

Пайгамбардын (САВ) хадисинде мындай деп айтылган:
 
Калп  айткандар - бизден эмес (Муслим)
 
Абу Саид аль-Худри (Аллах андан раазы болсун) Мухаммед Пайгабардын (САВ) мынтип айтканын риваят кылат:
 
“ Сатып алуу-сатуу эки тараптын тең макулдугу менен болушу керек”.
 
3). Киреше мол болушун күтүп товарды сактап,бекиттүү туура эмес.
 
Мусулмандарга керектүү кандай гана товар болбосун, (азык-түлүкпү, же башкабы)  ошол тууралуу сөз болууда. Пайгамбар (САВ) мынтип айткан:
 
Товардын баасы кымбаттосун күтүп аны жашырып, бекиткен адам күнөөгө батат”
(Муслим , Абу Дауд)

 
4).  Калп ант оозанып товар сатпоо керек.
 
Соодагерлер айтчу сөзү чындык болуп турса да, дегеле ант оозанбай эле койгону артык. Пайгамбар (САВ) калп эле ант ичкен адатты “гамус” деп атаган, мунун мааниси – бул дүнүйөдө адамды күнөөгө кириптер кылып, аркы дүйнөдө тозоктун жалынына түртөт. Мындан тышкары, жалган ант ичүүдөн  Аллахтын каары келип, калп ант ичкен кишиге ачууланат жана анын үй бүлөсүн кошо жабыркатат. Аллахтын Элчиси (САВ) Мынтип айткан:
 
Соодагерчилик кылып жатканда улам-улам ант бере берүүдөн  сатчу нерсеңиз бат өтүп кетип жаткансыганы менен, бул нерсе сооданын берекесин кетирет”.

 
5). Соодагерлер адамдардын муктаждыгынан пайдаланып баюууну көздөбөшү керек.

Мындайча айтканда, товардын баасын болушунча жогору көтөрүп, андан түшкөн кирешенин нормасы өкмөт бекиткен чектен да кыйла эсе болгудай баада сатуу –накта кылмыштуулук. Анткени баанын өтө жогорулашы жону жука, колунда жоктор үчүн өтө кыйынчылыкты туудурат.
 
Бул мисалга бап келген бир окуяны айталы. Макаль ибн Яссар өлүм төшөгүндө жатып айланасында курчаган адамдарга: “Мени ордуман өйдө кылып олтурганга жардам бергиле, силер менен Пайгамбар (САВ) тууралуу сүйлөшөйүн. Пайгамбардын (САВ) мынтип айтканын уккан жайым бар, ал: “Мусулмандардын эсебинен бааны кыйла эсе  жогорулаткандарды Кыямат күнү тозок отуна ыргытууга Аллах ант кылды”,-деген эле. Адамдар Маккальдан: “Сен муну ырасында эле Пайгамбардан уктуңбу?”-деп сурашканда, ал: “Бир эмес, эки эмес көп жолу уктум”,-деп жооп берди.
(Ахмад, Ат-Табарани, Аль-Хаким)
 
Пайгамбар (САВ) буларды айтуу менен соодагерлерди таза киреше табууга чакырууну көздөгөн.  Ырасында эле ачкөздүктүн айынан бааны жогорулатып эмне кереги бар? Товарынын саны аз болуп туруп, бааны жогорулатып киреше тапканга караганда,  товар айлантууну кеңейтип, бааны ылдыйлатып  тапкан пайда  кыйла артык го. Ислам дини бүт баардык иште, маселеде чындыктын болуусун жактайт. Адамдарга өздөрүно бааны жогорулата берүүгө уруксаат берилген чакта деле алар акыйкаттуулуктан  тайбай, чектен ашып кетпеши керек.
 

6).  Соодагерлер зекет берүү менен тазалансын.

Алар колундагы бар акчанын (акча, акция же товар болобу)  жалпы көлөмүнүн  2,5%ын зекет катары бериши керек. Зекет накталай акча түрүндө төлөнөт же сатып жаткан товарынын эсебинен төлөсө да болот. Бул соодагерлердин төлөбөй жүргөн карыздарына (соодагерлердин дебитордук карыздары)  да тиешелүү маселе. Соодагерлердин башка бир тараптардан алган кредиттик карыздарына келсек,  адегенде ошол карызды  төлөп бүтүп , анан анын калган бөлүгүнүн эсебинен зекетке төлөсө болот. Бай адамдар зекет берип жатканда аны өтө бир жогору төлөм катары эсептебеши керек, анткени ошондой мамилеси менен ал бара-бара зекетти төлөбөөгө чакырган шайтанга кулак салган болуп калат. Алар Аллахтын төмөнкү сөздөрүн көңүлгө бекем түйүшсүн:
 
 «Шайтан кедейликти убада кылып, бузукулукка буйруйт. Аллах силерге өзүнүн кечиримин, ырайымын убада кылат.  Чындыгында, Аллах – баарын Камтуучу, Билүүчү» (Куран, 2:268);

« Акыйкатта, Эгем өз пенделеринен кимге кааласа, ырыскыны кенен берет жана аны ченепда коет. Эгер силер бир нерсени кайдыр-садака кылсаңар, Ал анын ордуна башкасын берет. Ал ырыскы берүүчүлөрдүн эң мыктысы» (Куран, 34:39).
 

7).  Мусулман соодагерлери соода иштерине өтө эле берилип кетип, өздөрүнүн диний милдеттеринен четтеп кетпөөсү керек.

Соодагерлер буга өтө маани берсин, анткени алардын көпчүлүгү сооданын кызыгына, киреше табуунун азгыгына катуу байланышып жеке пайданы гана ойлоп калышкан.  Мына ушундай жагдайлардан улам Пайгамбар (САВ) мынтип айткан:
 
Чынчыл, ишенимге  бекем  соодагер – пайгамбарлар, сахабалар жана шеиттер менен бирге болот”  (Ат-Тирмизи)
 
Мындай  соодагерлер туурасында Аллахтын да айтканы бар:
 
 «…Аллахтын эстөөдөн, намазды окуудан, зекет берүүдөн аларды соода-сатык да тосо албай турган адамдар бар. Алар жүрөктөр менен, коздөр калтырай турган Күндөн коркушат. Ошондуктан Аллах аларга өздөру жасаган (жакшылык) иштеринин сыйлыгын, өз жакшылыгынан ашыгы менен берет. Аллах каалаган пендесин эсепсиз ырыскыга бөлөйт.» (Куран 24:37-38).
 
Мындан тышкары, соодада көңүлгө карап  ийкемдүү  болгон оң. Осман ибн Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын Элчиси (САВ) мынтип айтканын риваят кылат:
 
Эгер сатуучу жана сатып алуучу бир бирине ийкемдүү болсо, аларды Аллах бейишке киргизет”.
 
Соода тармагында иштеген ар бир мусулман мына ушундай сапаттарга ээ болуусу керек.
 

Автор:  Шейх Юсуф Аль-Карадави

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

Facebook Пикир