Фоторепортаж

Стамбулдагы Sancaklar заманбап мечити

Мусулман архитектурасы өтө эле бир мүнөздүү, окшош стеротипте деген ойлор көрсө туура эмес болуп чыкты. Стамбулдун четирээк жагында жайгашкан Бююкчекмеж шаарчасында Sancaklar мечитинин көрүнүшү буга далил. Демейде мусулмандар кирип намаз окучу мечиттер, бир типте, окшош архитектуралык стилде курулуп жүргөнүн көп көрөбүз, а бул мечиттин сырткы жана ички көрүнүшү демейки мечиттерден такыр айырмаланат. Мечиттин курулушу көргөн адамды алгачкы адам жашаган коомго жетелеп , ошол эле учурда заманбап стилдердин элементтери да ачык байкалат. Аталган курулуштун авторлугу EAA-Emre Arolat Architects бюросунун архитекторлоруна таандык мээнет.

Ислам Кыргызстандын эгемендик жылдарында (ИНФО-ГРАФИКА)

Назарыңыздарга Ummamag.kg журналы, "Булан" институту жана Кыргызстандын муфтияты биргелешип даярдаган "Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы Ислам" аттуу маалымдама-графиканы сунуш кылабыз.

Бишкек. Курман Айт. Намаз.

1-сентябрда Бишкектеги Эски аянтта Курман Айтка байланыштуу намаз окулду. Төмөндө Sputnik.kg сайтынын фото-сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков тарткан фото-сүртүмдөр. Сүрөттөрдүн баары Sputnik.kg сайтынан алынды.

Фотогалерея: хижаб, чадра, паранжы – айырмалары кандай?

Мусулман аялдары шарияттын негизинде кийип жүргөн кийимдердин баары бирдей, айырмасы жоктой туюлганы менен, айырма бар. Көпчүлүк адамдар никаб менен паранжы, чадра – мунун баары бир деп ойлошот. Мусулманчылыкты бекем карманган аялдар кээде жогоруда аталган кийимдердин тигинисин да мунусун да айкалыштырып кийип алышканда баш ого бетер чаташып, ал кайсы кийимдин түрүнө кирээрин билбей, түшүнбөй калгандар көп. Мусулман аялдар, кыз-келиндер башына оронуп жүрчү жоолуктардын, кийген кийимдердин бир биринен кандай айырмасы бар – бул туурасында Германиялык DW басылмасынын галереясында.

Астана калаасында заманбап, авангард мечит курулат

Жакынкы мезгилде Казакстандын борбор калаасы Астанада сырткы көрүнүнүшү демейкиден башкача, уникалдуу формадагы мечит курулуп бүтүү алдында турат.

КМШ өлкөлөрүндөгү ири мечиттер

Кезектеги фото-баянда КМШ аймагындагы (мурунку СССР) өлкөлөрдүн борбор калааларындагы (же өлкөдөгү ири мечиттер) мечиттер чагылдырылган.

Дүйнө жүзүндөгү Рамазандын (Орозонун) фото-сүртүмдөрү.

Орозонун башталыш күнү ар жылы өзгөрүп турат. Рамазан айы дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар үчүн өтө маанилүү, орчундуу, ыйык майрамдардын бири. Мусулмандар орозону 30 күн бою кармашат.

Сириялык сүрөтчү дүйнөлүк лидерлерге качкын кейпин кийгизди

Белгияда качкын катары жашап жаткан Cириялык сүрөтчү Абдалла аль-Омари, бир нече картиналардын циклин тартып, ал сүрөт сериясында бир катар дүйнө лидерлерин качкындын кейпин кийгизген.

Германия. Келн. Жаңы ажайып мечит курулду.

Германиянын Келн шаарында Борбордук мечит ачылды. ( DITIB-Zentralmoschee Köln, Merkez-Cami). Мечит осмон-архитектуралык стилинде курулду. Мечиттин үстүнкү кээ бир бөлүктөрү айнектүү дизайн менен кооздолуп, эки тарабында эки 55 метрлик кооз мунара турат.