Фоторепортаж

Махмуд аль-Кашгари мечити
  • 19 Үчтүн айы 2017
  • Нурмухаммед Жумабеков
  • 0
  • 1283

Махмуд аль-Кашгари атындагы мечит

"Махмуд ал-Кашгари" атындагы мечит

Бишкекте Осмонкул жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде алыстан караган адамдын көз жоосун алган  Махмуд Кашкари мечити жайгашкан. Негизи аталган мечиттин курулушу, пайдубалы 23 жыл мурун эле тургузулуп аягына жетпей токтоп калган болчу. 2015-жылы курулуш кайра жанданып 2 жылдан ашуун мезгилден соң ажайып мечиттин курулушу соңуна чыгып, 2017-жылдын 1-апрелинде расмий түрдө  ачылды.  Такталган  маалыматтар боюнча, мечиттин курулушуна негизги каражатты “Ильшат” коомдук фонду бөлгөн. 



Махмуд Кашкари мечити Бишкектеги, дегеле Кыргызстандагы мечиттердин ичинен эң бир кооз, ажайып, кооз мечиттердин бири. Анын курулушуна колу усулдуу дизайнерлер, курулушчулар тартылып, курулушка  сапаттуу, кымбат материалдар колдонулду. 


Мечиттин ачылышына Кыргызстандын жана Орусиянын диний жетекчилери, өлкөбүздүн бийлик өкүлдөрү, депутаттар, ишкерлер, диндар мусулмандар, журналисттер катышты. 



Мечиттин ички жасалгасы да өтө уникалдуу.  Көздү эс алдырган, бир бирине ыгы менен жуурулушкан оймолор аябай чебердик менен жайгаштырылып профессионалдуу дизайндык  эмгек байкалып турат. 


Сыртынан мечит бир кабаттай туюлганы менен, мечитти асты да терең казылып, ылдыйкы тарабында да так эле ушул мечиттин көлөмүндөй кенен намаз окуучу жай бар. Ушул Орозо күндөрүнүн жума намаздарынын биринде  эл аябай көп келип мечиттин астынкы, үстүнкү кабатында орун калбай калды.  Ылдыйда да бүт шарттар түзүлүп,тээ алдыңкы тарапта илинген  экранда өйдөнкү кабаттагы имам турган жер бүт көрүнүп, намаз учурундагы имамдын кыймыл-аракети көрүнүп, үнү угулуп турат. Төмөнкү сүрөттөр мечиттин ылдыйкы кабатынан тартылган: 


  
  


Ары Орозо, ары Жума намазы болгондуктан мечиттин  үстүңкү бөлүгүндө да эл жыкма жый чогулган. Намаз окуганы келген бардык эле адамдар мечит мыкты салынгандыгын, намаз окууга заманбап мечит экендигин айтып "маашааллах!" деп ыраазы болуп жатышты. Төмөндөгү сүрөттөр өйдөнкү кабаттан тартылган: 

 
 


Махмуд  Кашкари атындагы мечит мусулмандардын ыйык жайы катары гана эмес, Бишкек шаарына көрк берип турган эн бир кооз архитектуралык өзгөчөлүгү бар имараттардын бири:
     





Сүрөттө оң жакта: Махмуд Кашкари атындагы мечиттин курулушуна каражат бөлгөн
Орусиялык бизнесмен, меценат Анвар Маметов
 









ISLAMLIFE.KG  2017


 

Facebook Пикир