Илим-билим

Амирбек Азам уулу: “Мусулман медицинасы”

«Мусулман медицинасы» аталган бул макала алыскы Прага шаарында жашаган мекендешибиз Амирбек Азам уулунун коом агартуу максатындагы пейил-кую менен колубузга тийип отурат. Мекендешибиз аталган макаланы «Коом жана Мен» сайтынын окурмандары үчүн National Geographic History журналынан атайы которуп берди. Макала автору – ислам тарыхы боюнча адис, Виктор Паллейа де Бустинза. Учурда ал Испаниянын Барселона шаарындагы Помпю Фабра атындагы университеттин доценти. Байыркы байтактуу цивилизациясы дүркүрөп өнүккөн арап дүйнөсүн биз бүгүн үстүртөн гана билсек, бул макаланын эң баалуулугу – VII кылымдагы Ислам дүйнөсүндөгү илимий ачылыштардын алтын доорундагы маалыматтар ачылат. Мусулман дарыгерлери байыркы цивилизациянын даанышмандыгына таянып, медицина илиминин чегарасын тайманбастан жайылтып келишкенин далилдейт. (Олжобай Шакир)

Төрөтканада алмашып кеткен ымыркайлар Куран аркылуу энелерин табуусу тууралуу баян

Американын төрөтканаларынын биринде эки аял бир учурда , бирөө уул, экинчиси кыз төрөйт. Медкызматкерлердин кайдыгердигиненби, айтор эки ымыркайды бир бири менен алмаштырып алышат. Андан кабардар болушкан эки эне тең “мен төрөдүм” деп кызга эмес, уул ымыркайга жулуна беришет.

Исламда илим, билимдин, мечиттин орду

Кудайга жакын болуп, Анын жараткан заттарын таануу үчүн динге берилген чыныгы момундар илим-билимге умтулуп, ага жакшылап үңүлүп, ой калчоосу керектиги Куранда көп жолу айтылган.

Аллах күн менен түндү түбөлүк кылып кое алат.

Асман телолору бир ыргакта, чогуу кыймылдаары окумуштууларга белгилүү. Анын катарында Жер да өз огунда , орбита нугу менен айланаары маалым, ушунун айынан күн-түнгө алмашып кезектешет.