Илим-билим

Ilimbilim01
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 897

Аллах күн менен түндү түбөлүк кылып кое алат.

Асман телолору бир ыргакта, чогуу кыймылдаары окумуштууларга белгилүү. Анын катарында Жер да өз огунда , орбита нугу менен айланаары маалым, ушунун айынан күн-түнгө алмашып кезектешет.


Экватор тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон кыйшаюусу 23°27' – так ушул процесстен улам жыл мезгилдери алмак-салмак  алмашып турат. Жердин Күндү бир жолу айланып чыккан мезгили жыл, башкача айтканда 365 сутка 5 с. 48 мин 46 сек.
 

Көптөгөн кылымдар мурда Куранда бул нерселер даана айтылган:
 
 «Күн да өзү үчүн белгиленген орунда жүрөт. Бул – Үстөмдүк кылуучу, Билүүчүнүн өлчөгөнү. Айды куураган эски бутактай болгонго чейин орундарга өлчөп койдук. Күндүн айга жетүүсү мүмкүн эмес, Түн да күндүздөн илгерилебейт, ар бири көктө сүзөт.» (Куран, 36:38-40).
 
Ыйык Китептеги аяттар Күн өз орбитасында жылып тураарын, Ай чоңоюп жана кичирейип тураарын, күн менен түн алмашаарын, Күн, Ай, Жер өз огунда , орбита аркылуу тегерегин тураарын тастыктап турат.
 
Асман телолору  айланып тураары Куранда айтылган соң, Аллахтын кудурети эбегейсиз күчтүү экени туурасында да баса белгиленет:
 
 «Аларга: “Көрдүңөрбү, эгер Аллах силерге Кыямат күнүнө чейин түбөлүктүу караңгылык кылып койсо, аны жарык кылып берээр кудайыңар ким? Укпайсыңарбы?- деп айт. “Көрдүңөрбү: Эгер Аллах силерге Кыямат күнүнө чейин түбөлүктүү күндүз кылып койсо, Аллахтан башка силерге дем алдыруучу түндү жарата турган кудайынар кайсы? Көз жүгүртпөйсүнөрбү?-деп айт”» (Куран, 28:71-72)
 
Куранда айтылган күн менен түн түбөлүк созулаары туурасындагы сүрөдө айтылгандарды ориенталисттер сынга алып, анда болушу мүмкүн эместигин айтышат. Курандагы кээ бир сүрөлөрдө  күн системасында да өтө чон өзгөрүүлөр болоору айтылган. Ошол айтылгандарды учурдагы илимдер да тастыкташкан: 
 
 «Күн өчүп, оролгондо, жылдыздар төгүлгөн кезде...» (Куран, 81:1-2)
 
Илимпоздор Күн 33 даражадагы энергияны  ар секунд сайын 3,86х10 көлөмдө  нурлантып турат деп такташкан. Муну массалык көлөм менен эсептей келгенде, секундасына 4,7 миллион тоннага барабар. Күндүн өмүрүнүн жалпы узактыгы канча бир мезгил өткөн соң  “кызыл гигант” стадиясына жетип токтоорун окумуштуулар айтып келишет.
 
Күн энергиясын улам коротуу  менен, бара-бара Айга жакындайт, бул туурасында Куранда Аллах мындай дейт:
 
«Күн менен Ай бириктирилче.Ошол күнү инсан: “Мен кутулуучу жай кайда?” деп сурап калат.” (Куран, 75:9-10).
 

Илим жана техника энциклопедциясында айтылгандай, ядронун энергия булактары бар болгон кудуретинин баарын сарптап бүткөндө, Күн өзүнүн өмүрүнүн акыркы ирмемдерин жашап, “ак карликке” – кичи жылдыздуу радиуска айланып, анан “кара карлик” түспөлүнө өтөт.  Так ушунун негизинде окумуштуулар түбөлүк түн өкүм сүргөн учур келээрин айтышат.
 
Мүмкүн, Күндүн тагдыры тууралуу окумуштуулар эмне ойлоп, эмне тыянак кылып жатканы бизди кызыктырбайт чыгаар, а бирок алар тастыктап жатышкан “Күн өчүп, “кара карликке” айланат”  деген илимий тыянагы  Курандагы төмөнкү аятта айтылган: «Күн өчүп оролгондо, жылдыздар төгүлгөн кезде…» (Куран, 81:1-2);  демек, Аллах караңгыны Кыямат күнгө чейин улантып кое алат.  
 
Дагы бир сүрөдө мындайча айтылган жери бар:
 
 «..Эгер Аллар силерге Кыямат күнүнө чейин түбөлүктүү караңгылык кылып койсо, аны жарык кылып берээр кудайыңар ким?» (Куран, 28:71)
 
Айрым адамдар сыйынып жатышкан “Кудайлардын” кудурети канчалык экени тууралуу ынанымдуу далил жок. Бир гана Аллах –Жаратуучу гана көздөгөнүн жасай алат:
 
«Биздин буйругубуз бир көз ирмем сыяктуу» (Куран, 54:50).
 

Аллах күндү кыямат күнгө чейин кантип созот?
 
Муслим жана Ахмадда айтылгандай,  Навас бин Самаан -  Мухаммед Пайгамбар (САВ) Дажжал (Антихрист) тууралуу мындайча айтканын риваят кылат:
 
 
«Эгер мен барымда Дажжал чыкса силердиөзүм коргоймун.Эгер мен жогумда чыкса ар ким өзү коргонот, баардык мусулмандарды Аллага тапшырам…  Ал (Дажжал)  Ирак менен Шамдын ортосунда пайда болот. Оңго солго бузукулукту таркатат. Оо Алланын пенделери динге бекем болгула!” 
 

Биз:  "О, Аллахтын Элчиси, ал (Дажжал)  Жерде канча убакыт болот?"-деп сураганыбызда, Пайгамбар (САВ): «Кырк күн, бир күнү бир жылдай,бир күнү бир айдай,бир күнү бир жумадай, а калган күндөрү силердин күнүңөрдөй болот"-деп жооп узатты.
 
Биз сурадык: «Оо пайгамбар, бир күнү бир жылдай болсо бир күндүк намазыбыз  жетиштүү болобу?” 

Пайгамбар (САВ) айтты: "Жок өзүңөр  аны ченеп көрөсүңөр".  (Демек, 24 саат ичинде намаздардын аралыгы кандай болсо, ошол тартипте намаз окуу керек).
 
Бир күн бир жылга, айга, жумага айланчу күн тууралуу  айтылган  жогорудагы сөз – Күн системасындагы чон өзгөрүүлөрдөн кабар берип турат.  Бири күн кандайча бир жылга созулушу мүмкүн?  Негизи Жер өз огунда батыштан чыгышка карай айланып тураары бизге жакшы маалым. Жер айланганда бир капталында күн, бир капталында түн турат. Жогоруда айтылып өткөндөй,  Күн жана жылдыздар качандыр бир кезде энергиясынан, гравитациясынан ажырайт, анан жүрүп олтуруп  Куранда айтылгандай баары “төгүлөт”. (Куран 81: 1-2 караңыз)
 
Айталы, кайсы бир жылдыздын  жарык берүүчү кубаты түгөнүп, гравитациялык кудуретинен, нурлануусунан айрылып ордунан жылып жер галактикасынан орун алат дейли. Ал жылдыздын гравитациялык талаасы Күндүкүнө дал келгендиктен, ал  жылдыз ошол  Күнгө каршы турган абалында айлана берет. Күндөй болуп жарык чачпаса да, Жердин башка бир капталына жетишээрлик жарык чачып, жердин Күн тийбеген бетинде караңгылык уланат. Демек Мухаммед Пайгамбардын (САВ) “бир күн - бир жыл, бир ай, бир күнгө тете күн” акыры келээри  чын болуп чыгууда, анткени:
 
 «Ал өз көңүлүнөн чыгарып айтпайт. Болгону ал (Аллахтан) түшүрүлгөн аян.» (Куран, 53:3-4)
 

Полюстагы  парз намаздар.
 
Пайгамбар (САВ) бир жылга созулган бир күн тууралуу айтып келип, Жер шарындагы Түндүк жана Түштүк уюлдарда жарым жылга созулган күндүзгү жана түнкү мезгилдерде намазды кайсы убактыларда окуу керектиги тууралуу да таасын айткан.
 
Пайгамбардын (САВ) сүннөтүндө жердин уюлдарында жайгашкан мусулмандар 24 саат ичинде 5 ирет намаз окушу керектиги так айтылган. Ал аймакта жашагандар жумуш, эс алуу жана уктоо аралыгына ылайыктап намаз окууну мерчемдеп алышса болот.
 
 «Аллах силерге Өз ырайымы  менен түндү тыныгышыңар, ал эми күндүздү Анын жакшылыгын издешиңер үчүн жараткан. Балким (Аллахка) шүгүр кылаарсыңар.»(Куран, 28:73)
 
Эгер Күн системасында өзгөрүүлөр боло турган болсо, намаз убактыларын жумуш жана эс алуу убактысына карап пландаштырып алууга болот.
 

Маалымат булагы: Arab News
автор: Вахадж Сиддики  (Ahmad Wahaj Siddiqui)
 

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 

 

Facebook Пикир