Илим-билим

Ilimbilim02
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 1206

Исламда илим, билимдин, мечиттин орду

Кудайга жакын болуп, Анын жараткан заттарын таануу үчүн динге берилген чыныгы момундар илим-билимге умтулуп, ага жакшылап үңүлүп, ой калчоосу керектиги Куранда көп жолу айтылган.



Куранда кайсы бир сөздөрдүн көп ирет кайталанышы аны окуган окурмандардын аң сезимине таасын бир концепцияны шыбырап турат.   Ыйык Курандагы тексттерде Аллах деген сөз 2800 жолу жана Рабби сөзү 950 жолу кайталанат; үчүнчү орунда сөздүн кайталануусу жагынан Ильм (илим) деген сөз турат – ал 750 жолу кайталанат.  
 
Пайгамбар (САВ) ар бир мусулманга билим, илим алуу өтө зарыл экендигин дайыма баса белгилеп, мүмкүн болсо өмүрдүн акырына чейин илимди тереңдеп казуу керектигин айткан.
 
Мына ушул насааттарды, салттарды бекем карманып мусулман башчылары өлкөдө  ар бир мусулман баласы жаш курагына жараша тиешелүү билим алуусуна көңүл буруп, билим борборлорунун өнүктүрүүгө,  жалпы эле илим-билимге  чоң маани беришкен.
 
Мусулмандар мектептерде билим берүүгө зор маани берип, билимге болгон көз караштар өтө кең алкакта өнүгүп-өрчүп, бул ислам цивилизациясынын ишенимдүү, ажайып өнүгүүсүн шарттаган. Билим алуу аларда ушунчалык кең жайлгандыктан, кайсы бир доолордо окуй же жаза албаган мусулмандын табуу кыйын эле-дейт Уайлдс.
 
Скоттун жазганына караганда, Испаниядагы мусулмандар жашаган бөлүктө анча бардар эмес, кедейирээк турган дыйкандын  баласы да окуп, билим алган, ал эми Кордова шаарында сегиз жүзгө жакын коомдук мектептер болуп, тажрыйбалуу  мугалимдер таалим берип, ага мусулмандар да, христиандар да, жөөттөр да барып тураар эле. Ал мектептерде Кичи Азиядан, Египеттен, Германиядан,Франциядан, Улуу Британиядан барган зыяратчылар кандай билим алышкан болсо, Испаниядагы мусулман да ошондой билимди ала алчу. Кордоводогу атактуу  мусулман университетинде жөөттөр, христиандар да профессорлук наамдарга татый алышкан.
 
Ал замандарда билим алууга өтө зор маани берилип, коомдо окутуучуларга да, билим алган окуучуларга да  сый-урмат менен мамиле кылынчу. Жер үлүштөрү көп ошол кездеги бай кишилердин, көпөстөрдүн ар кандай китептерге бай китепканалары боло турган, мындайча айтканда, билимге болгон коомдун мамилеси Италиядагы Ренессанс доорундагыдай өзгөчө, башкача болуп, бардар, жетишкен киши билимге болгон урматы, жыйнаган китептери менен барк күтө алчу. 
 
“Исламдагыдай илим менен билимге маани берген, илимпоздору баркталган кайсы бир маданиятты, коомду табуу кыйын,-деп жазат Педерсен,-  Ильм (билим) деген түшүнүк бүт болгон-эткен илим-билимди өзүнө камтып, мусулмандар ага дайыма кызыгып умтулуп турган... Мечиттен башталган билим алуу, окуп үйрөнүү мусулман коомунун турмушундагы бардык кыйырларга, адам турмушундагы бүт жагдайларга сиңип жүрүп олтурган.  Мечитпи, ооруканабы, илимканабы (обсерватория) же медресеби – ушулардын баарында билимдин деми  сезилип турчу. А турсун аалымдар окутуп, билим берүү үчүн окуучуларын үйүнө да чакырып, үйлөрдө да билим бере беришчү.  Аль-Газали, Аль-Фараби, Ибн Сина жана ушул сыяктуу  көп аалымдар коомдук мектептерде таалим, сабак берип болгон соң , өздөрүнүн китепканаларына барып жеке изилдөөлөр, үйрөнүүлөр менен алектенишип, билимге өтө кызыккан шакирттерди  көп нерселерге үйрөтүшкөн”. 
 


Фото. Испания. Кордова шаарындагы университеттин ички көрүнүшү. Имарат б.з.ч. 785-жылы курулган.
 

Коомду билимге чулгаган бул бүтүндүктү биздин заманда деле табуу кыйын, ал замандарда мусулман коому бийик , ыйык туткан, аздектеген илим-билим ырасында эле ошол доордун жетишкендиктери катары саналып, билимге болгон мындай урмат-сый мурда-кийин эч бир доордо  болгон эмес. Ошонку замандардагы илимдин ээлеген орду (Аллах кааласа) төмөнкү макалада чечмеленип, билимди берүү жана билим алуу жолдору кандайча уюшулганы, анын максаттары, ыкмалары, ошонун баарында мечиттин ээлеген орду айтылат.
 
Ислам дүйнөсүндө илим-билимди жайылтууда мечит өтө бир орундуу орунда турган. Араб изилдөөчүсү Абдул-Латиф Тибави мечит менен илим-билимдин байланышы өтө тыгыз болуп келгендигин белгилейт. Скотт болсо мектеп  мечитти толуктап турган турган бүтүндүк катары сыпаттайт.  Варденбург  , мечит мусулмандардын чогулчу борбору , сыйынып, намаз окучу жери, ой таштап аны талкуулоочу жайы,  диний насаат берүүнүн, саясый талкуунун, билим берүүнүн ордосу  болуп келгендигин жазат. Ислам дини жеткен жердин баарында мечиттер пайда болуп, мына ушундай жол менен динди түшүндүүнүн баштапкы пайдубалы курулган. Мечиттер  билим алуунун эң бир кадырлуу жайына айланып, ал жерде жүздөгөн, а кээде миңдеген шакирттер чогулуп таалим алышып, көбүнесе мечит ичинде чоң-чоң китепканалар боло турган.
 
Мечит астындагы алгачкы мектеп 653-жылы Медина шаарында ачылган, ал эми Дамаск калаасындагы биринчи мектеп 744-жылы ачылгандыгы айтылат. 900-жылы дээрлик ар бир мечиттин астында баштапкы мектеп ачылып, ал билимканаларда балдар да, кыздар да барып билим алышкан. Адатта балдар мектепке 5 жашынан тартып барышкан. Алгачкы сабактарда алар Аллахтын 99 ажайып аттарын жазууну жана Курандын кыска аяттарын жазууну үйрөнүшкөн.  Кантип окууну, жазууну үйрөнгөн соң окуучулар Куранды окуп үйрөнүүгө өтүшкөн, андан тышкары арифметика сабагы да кошумча окутулган. Билимди андан ары да өркүндөтүп, чоң мечиттерде окууну каалагандар  окуусун улантып, ири мечиттерде аларга:  араб грамматикасы, поэзия, логика,алгебра, биология, тарых, укук жана теология сабактары боюнча кеңейтилген билим берилген.
 
Ортодон жогорку кеңейтилген билим-таалимдер адатта мдреселерде, бейтапканаларда, обсерваторияларда, аалымдардын үйлөрүндө берилгендигине карабастан, Испанияда билимди (алгачкы исламий билимдер Испанияда Кордовадагы мечитте VIII кылымда бериле баштаган) мечиттерде  беришкен.
 
Мечиттердеги  билим берүүнүн негизги ыкмасы исламда   “Халякат аль-Ильм”  же тек гана “халякат”  деп аталып, ал  “окуучулар чөйрөсү, айлампасы” деген мааниге жакыныраак болгон. “Ислам Энциклопедиясы” деген китепте ал халька деген аталыш менен кирип, “тегеректей олтурган адамдардын жыйыны” же “шейх-мугалимдин айланасында олтурган окуучулар” деген мазмунду билдирген. Мындай халякат-жыйындарга конок катары келген аалымдарга урмат иретинде сабак өтүп жаткан мугалимдин арт тарабынан орун берилген же болбосо сабакка келчү мейман-аалымдарга атайын орун даярдалып коюлган.  Ибн Баттутанын эскерүүсүндө, Омеяддардын мечитиндеги халякатка бир курдай беш жүздөн ашуун окуучу (студент) катышкан. Каирге жакын жайгашкан Амра мечитинде бир кездерде 40тан ашуун халякат болсо, Каир шаарындагы башкы мечитте бир учурларда 120га жакын халякат өткөн. Саякатчы жана географ  Аль-Мукаддас , бир ирет кечки  намаздардын аралыгында достору менен чогуу мечиттин ичинде олтурушканда: “Конокторго карай жүзүңөрдү бургула!” деген чакырык жасалганын айтат.Ошондо гана Аль Муккадас эки жаат болуп олтурган коноктордун ортосунда олтурганын байкаган – ошол күнү мечитке жүз он киши чогулган. Мугалимдер өткөргөн халякаттарда окуучулар жана  шакирттердин  талкууга катышып, кандайдыр макул болбогон маселелерде талашып-тартышып мугалимдин катачылыктарын оңдоого уруксаат берилген.
 
Макенсендин маалыматында айтылгандай, ири мечиттерде сабак берүү салмактуу, кадырлуу  кесипке айланып, кийинчерээк мечиттердин астында ачылган мектептер  билим  берүү денгээли жагынан  (салыштырып айтканда) университеттин, академиянын денгээлине көтөрүлгөн. Жогорку билим, таалим берген ал мектептердин мааниси барган сайын жогорулап, байыркы мезгилде пайда болгон дүйнөдөгү эски окуу жайлар катары айрымдары азырга чейин жашап келет.  Алардын катарында – Туннистеги Аль-Кайруван жана Аль-Зайтун окуу жайлары,  Египеттеги Аль Азхар университети, Феса, Мароккодогу Аль-Каравийнди мисал кылууга болот.
 
Кезинде ал окуу жайлардын атагы алыска кетип, ошол доордогу көптөгөн мусулман аалымдары окуган кадырлуу  билим ордосуна айланган. Испаниядагы мечиттерден  билим алган инсандар катары -
Ибн Рушд, Ибн аль-Сайиги Ибн Бажжаны атап өтөлү. Ирактагы Баср шаарындагы мечитте Аль-Халиль Ибн Ахмад философия боюнча сабак өткөн. Андан сабак алган шакирти Сибавайх, кийинчерээк  эн таанымал  тилчи (грамматист) болуп чыга келет.
 
Каравийиндеги уламалар кеңешинин атагы  IX кылымдын башынан тартып, биздин заманга чейин  жетип келди.  Маалында  ал мечитте Ибн Халдун, Ибн аль-Хатиб, Аль-Битруджи, Ибн Харазим, Ибн Маймун жана  Ибн Уаззан не бир түркүн илимий иликтөөлөрдү жасашкан. Европада араб сандарын колдонууну кийирген келечектеги папа Герберт, (кийинчерээк Папа Сильвестер II ге айланат)  да Каравийнде билим алган болушу ыктымалдыгын айтылып жүрөт.
 
XII кылымдын акырында Аль-Азхар окуу жайында (мечит-мектебинде) Аль-Багдади медицина боюнча сабак берген, Ибн Аль-Хайтам да бул окуу жайда көп мезгил бою илим артынан жүргөн.  Ал эми XIV кылымдын аягында Ибн Халдун да бул окуу жайда окуучуларды окуткан.
 


Фото. Каирдеги  аль-Азхар университети. Б.з. 972-жылы 22-июлда ачылган.
 

Бул университеттердин атагы көптөгөн студенттерди-окуучуларды өзүнө тарткан.  Кай бирлери Мединадагы мечиттин астындагы мектептерде окууга умтулушкан.  Марокко, Түндүк Африка , Андалусия , а түгүл Сахара тараптан көптөгөн  билим алуучулар (студенттер)  Аль-Каравийндеги  мектептерден атайы келип билим алышкан. Мындан тышкары, андагы окууларга Марокко династиясынын өкүлдөрү жана Фес элинен окуучулар катышкан.
 
Гранада, Севилья жана Кордовадагы университеттерге  Азиядан, Африкадан, Европадан аалымдар келип  илим үйрөнүп, иликтөөлөрдү жасашкан, 9-кылымда Кордовадагы окуу жайда он бир миң студент окуса,  теология  факультетинин өзүндө эле 400 студент билим алган. Британия оккупациялап алаарга чейинки мезгилде  Аль-Азхарда 230 мугалим 7600 студентке сабак берген. Исламдын баштапкы доорунда мечитте исламий илим жана адабият багытында бир же бир нече сабактар өтүлүп келген болсо, IX кылымдын ортосунан  ары карай көпчүлүк студенттер укук илимдерине көбүрөөк ыктай башташкан. Аль-Азхардагы университетте астрономия, инженердик өнөр боюнча да сабактар берилип, медицина багытында ушул эле окуу жайда жана Египеттеги Ибн Тулунда сабактар өтүлүп турган.  Каравийндеги мечит-мектепте грамматика, риторика, логика, математика, астрономия  боюнча курстар,  а балким тарых, география, химия боюнча сабактар өтүлгөнү айтылат. Туннистеги Кайруван, Зайтун окуу жайларында Куран жана укук илимдеринен тышкары, грамматика, математика, астрономия жана медицина сабактары киргизилген.
 
Кайрувандагы мектепте медицина багытында Зиад ибн Халфун, Ихак ибн Имран, Ихка ибн Сулайман сыяктуу аалымдар сабак беришип,  алардын өз доорундагы  эмгектери Константин Африканский тарабынан которулган. Аалымдардын ошол медициналык эмгектери Италиянын Салерно шаарындагы университеттеги (Латын Европасындагы биринчи окуу жай) биринчи медициналык факультетте  окутулган.  Мусулман саякатчысы жана географ Аль-Муккадаси (түбү Иерусалимден) эскергендей, кечки намаздардын ортосунда Амра мечитине Куран, укук, адабият жана акылмандык (философия жана этика) сабактарын окуу үчүн студенттер өтө көп топтолгон. Ошол доордо Иракта фармакология, инженердик өнөр, астрономия жана башка сабактар Багдаддын мечиттеринде  Сирия, Персия, Индиядан келген студент-окуучуларга  кадыресе окутулуп турган.
 
Заман алмашкан сайын мечиттердин милдет-функциялары да кенейе баштаган. Бул өнүгүүнүн жагдайына саресеп салган Джордж Макдиси, Х кылымда окуу жайдын жаңы түрү кулпулуп чыга келгендигин, мечит менен окуу жайдын, мектептин айкалышы укмуш бап келгендигин белгилейт. Бул окуу жайларды, мектептерди  Бадр ибн Хасанавайх (Буйиддер динсатиясынын доорундагы эл башкаруучу) жигердүү колдоп, үч жарым миңден ашуун окуу жай комплекстери (масжид-хандар)  анын колдоосунда ишмердигин улантып турган.
 
Джордж Макдисинин түшүндүрүүсүндө, масжид-хан тибиндеги окуу комплекстерин куруунун башкы себеби,  студент ал билимканаларда узак убакыт бою окуп, билим алышы керек болгон. Анткени, окуунун баштапкы циклине эле 4 жыл убакыт корогон, ал эми дипломдук иш жазууга кетчү убакыт чектелген эмес, демейде мындайда студенттин 20 жылдык өмүрү короп, ал устатына кээ бир сабактарды берүүдө жардам да берип, окутуу иштерине аралашып турган. Мечитте билим алууга болгону менен, кээ учурда гана түнөөгө уруксаат кылынганы болбосо, ал жерде такай жашоого  болбойт эле, андыктан студенттер жана мугалимдер мечиттен анча алыс эмес жерде жайгашкан масжид-хан үлгүсүндөгү жатак окуу жайларында жашап, билимин өркүндөтүшкөн. Мусулман мектептери этабы менен өнүгүп олтуруп, медресеге айланып, медресе деген түшүнүк – мечиттердеги билим берүү милдетин да, окутуучулар менен окуучулар жатып окуган масжид-жан тибиндеги окуу жай милдетин да өзүнө сыйдырган. Мунун өзү Пайгамбар (САВ) айтып кеткен салтка да ылайык келип, мечит  мектеп катары да, кембагалдар үчүн баш калкалап жашачу жай катары да, о.э. алыс жактардан келип билим алуучулар үчүн да текши кызмат аткарган.   Мечиттерде окуп билим алган окуучуларга ар тараптан кенен, чоң жардамдар берилип турган. Мисалы, Каравийиндеги мечитте окуган студенттерден окуганы үчүн төлөм алынбастан, кайра аларга маал-маалы менен акчалай жардамдар (пособиелер) берилип турган. Байард Додждун белгилөөсүндө, ал аймакта студенттер квадрат тибиндеги айылдарда, 2-3 кабат имараттарда жашашкан.Аль-Асхардагы мечит-мектепте студенттер дайыма көп санда окуп билим алышкан. Аль-Магрибинын эскерүүсүндө, бир кездерде бул окуу жайда Египеттен келип окуган студенттер менен бирге, Магриб жана Персиядан келген студенттерди кошкондо , сырттан келип билим алуучулардын саны 750ге жеткен. Байард Додж, Каирде жашай турган жери жок ар бир студент  бирден үйгө милдеттүү түрдө жашатылганын айтат. Эң мыкты окуган студенттерге мечитке жакын жайгашкан үйлөргө жашоого артыкчылык берилген. Чон имараттардын ичинде  ири китепканалар орун алган.
 
Дамаскка жасаган сапарында саякатчы Ибн ДжубайрОмеяддар мечитинде сырттан келип окуган студенттер  жана меймандар үчүн эң бир ар тараптуу шарттар түзүлгөнүн эскерип жазган:
 
“Батышта ар бир ийгиликти издеген адам ушул шаарга (Дамаск) келип билим алсын, анткени бул жерде өтө көп жардамдар берилет. Негизгиси, мында студент курсак тойгузмай, жашоого үй издемей деген түйшүктөрдөн такыр бошотулуп, анын билим алуусуна көп шарттар түзүлүптүр”.
 


Фото. Марокконун Фес шаарындагы мечит жана Каравийн  университети.
 

Эл башкарган төбөлдөр  билим берүү ишмердигине басым жасаган мечиттерге  чон колдоо кылып турушкан. Каравийинде 3 чоң китепкана жайгашкан, алардын эң көрүнүктүүсү – Султан Меринид Аль-Мутаваккил Абу Инан тарабынан негизделген Абу Инан Китепканасы. Китеп окууга жан дили менен кызыккан, сандаган ар кыл тематикадагы  китептерди чогулткан Султандын өздүк китепканасында диний, илимий, тил багытындагы китептерди табууга болоор эле.  Ал китепканасына атайын киши жалдап, андагы китептерди ирээти менен тизмектетип, ирээттүлүккө да чоң маани берчү.
 
Испандар 1534-1574-жж. Тунистеги мечит жана китепкананы  басып алуу учурунда көптөгөн баалуу китептер, басылмалар жок болгон. Андан кийин Оттомандар  испандарды сүрүп чыгарып, Зайтундагы мечитти жаңырта түптөшүп, китепкананы, медресени калыбына келтиришип кайрадан исламий маданий борборго айландырышкан.
 
Каирде 1365-жылы мамлюктардын паашасы Ялбага аль-Умари Ибн Тулун мечитинде окуп жаткан ар бир студент-окуучуга ай сайын 40 дирхем жана белгилүү бир өлчөмдө буудай берип туруу боюнча өкүм чыгарган. Мамлюктарга мындан тышкары көп сандаган мугалимдер менен студенттерге  ай сайын төлөм (стипендия) берип турушкан. Катаядагы Ибн Тулун мечитин кайрадан калыбына келтирген Султан Хусам Аль-Дин Ладжин билимге болгон  бул колдоого өзгөчө маани берип, медреседеги  жогорку аалымдарга, мыкты окуучуларга кенен акы төлөп берип,  паашага кызмат кылган даабагер (врач) Шараф Аль-Дин Мухаммад ибн аль-Хавафирди  медресеге атайы таалим окутуу үчүн чакыртып турган.
 
Египетти Ибн Тулун башкарып турган заманда окуучулардын акчасынын аздыгынан  медреседе сабак берген аалым да ошого жараша  сабактарды аз көлөмдө өтүп, курстун акырына чейин акчалары таптакыр түгөнүп калган. Эптеп тамак табуу үчүн алар өзүндө болгон-этен буюм тайымдын баарын сатып, андан кийин үч күн катары менен эчтеке жебей ачка калышып, көчөдө кайырчылык кылууга аргасыз болушат. Окуучулардын эч кимиси мындай шермендечилик менен алектенүүнү каалабаганы менен, өз ара чүчү кулак кармашып, жеңилгени мечиттин каптал тарабына өтүп Аллахтан аларды ушул азаптан кутултууну суранып дуба кылаар эле. Бир күнү аларга колуна акча кармап  Ибн Тулундун атынан  өкүл келип, Тулундун түшүнө мечитке жардам берип кой деген аян киргенин айтып, эртеси Ибн Тулун өзү мечитке келээрин айтат. Андай жогорку даражадагы адам өзү мечитке келсе, булар атайылап даңк күткүсү келиптир деп ойлоп  калбасын деп окуучулар түнү Каирден чыгып кетишет. Ошондон тарта Ибн Тулун ал мечиттеги окуган окуучулардын, ага келген коноктордун чыгымын өз моюнуна алган.
 
Ислам дини өзүнүн билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү менен, айырмаланып, исламдагы билимдин универсалдуулугу, окутуу ыкмалары, окуп бүткөн соң күбөлүк (диплом) берген жаңычылдыктары Европага да кеңири тарай баштаган. Бул теманы Джордж Макдиси өзүнүн жазган китебинде кенен жазган. Исламдагы билим берүү системасында калыптанган: окутуучулар менен окуучулардын академиялык эркиндиги, доктордук диссертация жазуу жана аны коргоо, аалымдын жасаган илимий эмгектерин башка аалымдар чогулуп карап чогуу тыянак чыгарган процесс,.. ушул көрүнүштүн баары Батыштагы университеттик илимдердин өнүгүшүнө чоң салымын кошкон. Батышта илимпоз адамдар куугунтукталып, аалымдар оюн эркин билдирип койсо аны өрткө салып өрттөгөн үрөй учурган жазалоолор күчөп турган кездерде, ислам дүйнөсүндө – мечиттерде аалымдар илимий жактан кандайдвр жаңы ачылыштарды ачкан болсо, ал боюнча ачык талкууларды өткөрүп турушкан. Исламий аалымдардын көптөгөн илимий китептери которулуп XII-XIII кылымдарда Европадагы алгачкы билим берүүнүн  пайдубалын түптөгөн университеттерде (Монпель, Болонь, Париж, Оксфорд ж.б.) кеңири окутулган. Исламий билимдин Европадагы билим берүү тармагына болгон таасирлери туурасында башка булактарда да өто көп кездешет, а бирок Макдиси жана Рибер ал таасирди өтө так, кенен жазышкан.
 
Жогорудагы билим баянында көрүнүп тургандай, ислам менен билим алгачкы кадамдарында эле чогуу, бирге, кол кармашкан таризде бир бирин толуктап келишкен. Курандын жана Мухаммед Пайгамбардын (САВ) билим алууга болгон чакырыктарын башкы мүдөө кылышып, мусулмандар мечитке илим, билим алуу үчүн үзбөй чогулушуп, айтор мечит – билим менен илимдин борборуна айланган. Ырасында эле, азыркы күнгө чейин  “Жамиа” деген сөз мечит жана мектеп деген болжолдуу маанини берип турат (бүгүнкү күндө мечит менен мектептин имараттары бир биринен алыс жайгашса да).
 
“Жамиа” деген негизи араб сөзү,  “университет” деген  мазмунда туюнтат, Жами (мечит) деген түпкү сөздөн келип чыккан. Эч бир тилде, эч бир маданиятта  ислам менен билимди байланыштырган  мындай сөз айкашы жок.
 

Маалымат булагы: FSTC

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

 

Facebook Пикир