Илим-билим

0059
  • 14 Кулжа 2017
  • 0
  • 1042

Төрөтканада алмашып кеткен ымыркайлар Куран аркылуу энелерин табуусу тууралуу баян

Американын төрөтканаларынын биринде эки аял бир учурда , бирөө уул, экинчиси кыз төрөйт. Медкызматкерлердин кайдыгердигиненби, айтор эки ымыркайды бир бири менен алмаштырып алышат. Андан кабардар болушкан эки эне тең “мен төрөдүм” деп кызга эмес, уул ымыркайга жулуна беришет.

Акыры ДНК анализдерин тапшырып көрүшөт, алардын ДНК маалыматтары да бир бирине өтө окшош экен, экөөнү эч  бир айырмалай албай коюшат. Ымыркайлардын кимиси кимдики экенин ажырата албай суй жыгылган дарыгерлер болгон ишти жетекчилигине айтышат. Дарыгер жетекчиси: “Бул маселенин чечимин бир билсе мусулмандар билет”,-деп Сауд Аравиясындагы мусулман аалымына телефон чалат.
 
Америкалык дарыгер: “Силер исламда баардык маселеге жооп табылат деп айтасыңар го, дагы деле ошондой ойдосуңарбы?”-деп сурайт.  “Ооба, азыр деле ошол оюбуздабыз”,-дейт исламий аалым. Ошондо америкалык дарыгер абалды түшүндүрөт. Аалым болсо бул маселени чечүү өтө эле оңой экендигин айтып: “Эки аялдын тең эмчек сүтүн текшергиле, кимисинин сүтү калориясы жогору болсо, эркек баланы ошол аял төрөгөн”,-деп жооп берет.
 
Дарыгер аалымдын айтканын кылып, эки аялды сүтүн текшертип, чырдашып аткан аялдардын ымыркайларынын кимиси кимисиники экенин аныктап берет. Мындайды эзели көрбөгөн дарыгер ислам ааалымынан: “Эркек баланы тууган аялдын сүтү калориялуу болоорун кайдан билдиңиз?”-деп сурайт  тамаша аралаштырып. Аалым болсо: “Буга жооп Куранда жазылган. Алла таала Ниса сүрөсүнүн 11-аятында: “...бир эркек эки аялдын  үлүшүнө барабар”,-деген,-дейт.
 
Бүт суроолордун чечимин Куранга камтып, ал аркылуу мусулмандардын даражасын бийик кылган Алла таалага мактоолор болсун!  
 
 
ISLAMLIFE.KG
 
 

Facebook Пикир