Ишеним түркүктөрү - Аллахка ишеним

islam021
  • 23 Бугу 2017
  • 0
  • 580

Кыямат күн кандай болот?

Кия́ма араб сөзү يَوْمُ الْقِيَامَة‎‎ — кыргызча болжолдуу мааниси (тикесинен тик туруу күнү) деп которулат. Адамдар бул дүйнөдө жасаган-эткен иштери, айткан сөздөрү, ойлогон ойлору үчүн Аллахтын астында соттолчу күн. Кыямат күнүнө ишенүү – исламдагы иман түркүктөрүнүн бири.




Кыямат качан, кайсы күнү болоорун Аллахтан башка эч ким билбейт. Куранда мынтип айтылат:
 
 «Сенден Кыямат качан болоорун сурашат. (Сен аларга): “Чындыгында анын кабары  Эгемдин алдында. Анын убактысын Ал гана ачыкка чыгарат”,-дегин.  Ал (Кыямат” асмандар жана жер үчүн да оор болот. Алар капилет келет. Алар сенден сен аны билип тургансып сурашат.Сен айт: Чындыгында , анын маалыматы Эгемдин алдында.   Бирок көптөгөн адамдар аны билишпейт.»(Куран, 7:187)
 
Кыямат күн күтүүсүздөн болот. Пайгамбар (САВ) айткан:
 
Ал күн өтө күтүүсүздөн болот, жеп жаткан бир сындырым наныңызды жегенге, соода кылган болсоңуз соодалоого же төөнүн саалган сүтүн ичүүгө үлгүрбөй каласыз”.
 
Ошол күнү Исрафил деген периште эки ирет сурнай тартканда Кыямат башталат. Биринчи жолу чыккан сурнай үнүнөн кийин жер жүзүндөгү бардык тирүү жандыктардын баары дароо өлүп мүрт кетет, экинчи жол сурна чалынганда инсандардын баары тирилип, Кудайдын соту башталат. Кыяма күнү  тирилген кишилердин баары тирүү кезиндегидей денелери бүпбүтүн болот (бул жашоодо өрттөнүп, бычак сайылып, тилинип кескиленип, жардыруудан жабырланган ж.б.  денелер да бүтүн бойдон калыбына келет-Ред.) Адамдардын баары ал күнү энеден туума жылаңач бойдон тике турушат. Бул тирүүлүктө карып-мискиндерге, муктаждарга кийим-кече берип, жардам кылгандарга Аллах ал күнү кийим берет.
 
Ошентип  баардык инсандар Аллахтын астында тик туруп жасаган иштерине сурак беришет. Сурак  кылынуу үчүн кылкылдаган кишилердин баарын Арасат өрөөнүнө – Махшар майданына чогулгула деп буюрулат. Бул жерге ар инсан ар кандай абалда келет, кыскасы бул дүйнөдө  эмне иштерди кылганына байланыштуу, кай бири жөө, кай бири ат же төө ж.б. минип келишсе,  кээ бирлери жерге көмкөрөсүнөн  түшө боортоктоп жылып-сойлошот –булар Кудайга ишенбеген каапырлар. Гөрдөн биринчи болуп Мухаммед Пайгамбар (САВ) чыгып, Махшар майданга биринчи ал келет.
 
Дал бул күнү адамдарга өтө чоң сыноолор башталат: тирүүлүктө жасаган иштерин эстеп, көл-шал болуп кара терге түшүшөт; күн ысыгандан ысып жан чыдагыс болуп куйкалайт; ар адамдын оозу тигилип коюлат да, бу дүйнөдө кандай жакшы, кандай жаман иштерди жасагандыгын дененин ар бир мүчөсү өзү сүйлөп берет; жазалоонун катуулугунан кишилер эңги-деңги болуп өзүн жоготуп мастай делдиреп калат. Бул күнү инсандар атасын, апасын, эже-карындашын, ага-инисин, бала-чакасын унутуп,  ар ким  жеке өзүнүн жасаган жаман же жакшы иштерин гана ойлоп,  беймазага батып тынчы кетет. Ыйманы күчтүүлөрдүн жүзү ушул күнү ак, күнөөлүүлөрдүн жүзү капкара болуп караят.
 
Көбү жан чыдагыс мындай азаптоого чыдабай өлүп эле калууну каалап, ыйлашат, кыйкырат, кайдадыр качып жөнөйт ж.б. аргасы түгөнүп чырылдайт. Ошол эле кезде адамдар арасында Аллахтын Тактысынын көлөкөсүнө калкаланууга татый турган, ысыктан  сактана тургандары да болот. Пайгамбар (САВ) андай адамдардын тобуна 7 түрдөгү адамдар кирээрин өз хадисинде айткан:
 

·        адилет башкаруучу
 
·        бала чагынан тартып каза болгонуна чейин Кудайга ишенген имам.
 
·        дайыма мечитке каттап намаз окуган адам.
 
·        бир бирин Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жакшы көргөн эки адам.
 
·        садака берип, аны  берген оң колунун ишин, сол колу билбеген  адам.
 
·        сулуу аял арбаса да, аны карабай Аллах үчүн ага жолоодон баш тарткан адам.
 
·        өзүнчө жалгыз, ээн калып олтурганда Аллахты эстеп,  Аллахтан коркконунан көзүнөн жаш агызып ыйлаган адам.
 

 
 
Мухаммед Пайгамбар (САВ) бир хадисинде кеңдиги бир айлык жол жүргөндө жете турган жолдун аралыгындай кең дарыя тууралуу  айтат:
 
Дарыядагы ал суу сүттөн да ак, жыпардан  да жыттуу, балдан таттуу; а анын жээктеринде чөйчөктөрдүн саны  асмандагы жылдыздардан да көп; ал суулардан ичкен адамдын чаңкоосу ушунчалык канып, эч убакта чаңкабайт”  (Аль-Бухари,Муслим)
 

Ал дарыядагы суулардан Пайгамбардын (САВ) сүннөтүн так, туура, такай аткарган ыйманы толук момундар гана иче алышат. Башка Пайгамбарлардын  да өзүнө тиешелүү дарыялары болот, алар ошондон ичишет.
 
Мындан тышкары Пайгамбар(САВ) Кыямат күнү инсандарга  болушуп, аларды коргоого алаарын айткан. Күнөөлүүлөрдү коргоо укугуна Мухаммед (САВ) гана эмес,  башка пайгамбарлар да, дин аалымдары,такыбалар, периштелер да ээ болот. Ар адамдын жасаган жакшы иштери да ал күнү коргоочу  боло алат. Бирок жогорудагылардын арасынан Мухаммед Пайгамбардын коргоосу, талам талашуусу күчтүү болот.
 
Кияма күнү Аллах ар бир инсандын жасаган ар кандай майда-чоң  иштерин таразага тартып акыйкат сот болот.    
 
 «Биз Кыямат күнү үчүн туура таразаларды жайгаштырабыз. Бир да жан зулум кылынбайт. А эгерде сары кычынын данынын салмагындай эле амал болсо, анысын келтирээр элек.  Биз толук жетээрлик эсепчибиз! » (Куран, 21:47).
 
Ар бир адамдын эмне кылып, эмне жасаганы тууралуу эсеп китебин (амал китеби) периштелер Арштын (Такты) астында сакташат. Адамдар Махшар майданына чогулганда ар бир инсан ошол эсеп-китебин колуна алышат. Динге ишенген момундарга китеп оң кол тараптан берилет. Ал эми Кудайга ишенбеген каапырларга китеп сол кол тараптан берилгенде, алар андагы жазылгандарды окуп көрүшүп, кабагы калыңдашып, чебелектейт. Каапыр ошондо: “Мага ушул китепти бербей эле койгондо не” деп китепте окуганына аябай өкүнөт. Пайгамбарлар, периштелер жана сурак кылынбаган момундарга бул күнү эсеп-китеп берилбей эле Бейишке чыгарылат.
 
Сурак ар кыл денгээлде болот: жеңил же оор, жашыруун же ачык. Кайсы пенденин эмне кылганын (тили, денеси ж.б.менен жасаган иштерин)  Жараткан өзү аныктап, өзү талдайт, кааласа ким бирөөгө ырайым берип кечирет, кааласа кай бирөөнү жазалайт. Эң алгачкылардан болуп Музаммед Пайгамбардын (САВ) үммөттөрү суракка тартылат.
 
Кыяматта бу дүйнөдө жасалган ар бир жакшы же жаман иш бирден саналат. Аллах аны талдап же кечирет, же жазалайт.  Жасалган бир жакшы   иш аны ким, кандай ниет менен жасаганына жараша  он эседен, жети жүз эсеге көбөйтүлөт. 
 
Бул  күндө каапырлардын күнөөсүн Жараткан эч кечирбейт. Мусулмандар жасаган кичик күнөөлөрү , кылган жакшы иштери менен алмашылып, а чоң күнөөлөрүнө тообо кылып жүрүшкөн болсо кечирилет.  Адамдын бирөөгө жасаган жамандыгы же карызы, ал күну ошол бирөөнүн кечирими менен гана жуулат, же болбос бул дүйнөдө кечирим сураса, карызын төлөгөн болсо ал да эске алынат. Каза болоордо ыйман келтирип, Кудайдын бар экендигин таанып жаны үзүлгөн адамды Кыяматта Аллах кандай гана күнөөсүн болбосун кечирээрине үмүт бар.
 
Кудайга ишенбеген, жээриген каапырлар Тозокто түбөлүк азапталат.  Аллахка такай ишенип, ыйман келтирген момундарды Бейиш күтөт. Күнөө иш жасап, бирок анын артынан тообо келтирип, чын дилинен өкүнгөн момундарга да Бейиш эшигин ачат. Ал эми тирүү кезде күнөөлөрдү жасап, тообо кылбай жүрүп каза тапкандарды Аллах кааласа кечирим берет, а болбосо катуу жаза менен жазаланышат. Кайсы бир күнөөлөрү үчүн Тозокко түшкөн мусулман ал жакта түбөлүк калтырылбайт, жазалоо бүткөн соң ал Тозоктон чыгарылат да Бейиштен орун берилет.
 
Мухаммед Пайгамбардын (САВ) хадисинде айтылгандай, Кыяматтагы  сурактан кийин ар бир инсан бейиш менен тозоктун аралыгына салынган Сират көпүрөсүнөн өтүшү керек болот. Кээ бир адамдар үчүн ал көпүрө даңгырата салынган кенен жолдой, а кай бирлер үчүн көпүрөнүн ичкелиги чачтан ичке, кылычтын мизинен да жука болот. Бул көпүрөнүн аралыгы  үч миң жылдын аралыгындай узакка созулат. Бардык адамдар ушул көпүрөдөн өтүү жазмышы буюрулган. Ал көпүрөдөн өткөндөр Бейишке бет алышат.
 
Сират көпүрөүнөн биринчи болуп Мухаммед Пайгамбар (САВ) жана анын үмөттөрү өтүшөт. Бул күнү бардык пайгамбарлар: “О аллах, саллим, саллим!” (сакта!) деп дуба кылып турушат.  Ар бир инсан бул дүйнөдөгү жасаган иштерине , амалына жараша көпүрөдөн  көз ирмемчелик убакта шыр өтүп кетиши мүмкүн, башкалары чагылгандын, шамалдын, канаттуунун, аргымактын  ылдамдыгындай, адамдын жөө басыгындай ылдамдыкта өтүүсү ыктымал. Анын катарында боору менен боортоктоп жылгандар да болот, кай бири бутуна тураар турмаксан талталаңдап, жыгылып кетип, колу менен баскандар да болбой койбойт. Каапырлар, Кудайга ишенбегендер ал көпүрөдөн өтө алышпай, тозокко карай кулашат, аларга көпүрөдөн өтүү учурунда ар кандай  оор тоскоолдуктар болот (жолунда тикенектер, шиштер буттарды сайгылап..)
 
Бул  дүйнөдө адам канчалык туура жолдо жүргөн болсо, сират көпүрөсүнөн өтүү да ошончолук жеңил болот. Аллахтын багыттагын жолунан канчалык четтеген болсок, ал көпүрөдөн өтүү да алда канча кыйынга турат.
 

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 

 

Facebook Пикир