Ислам дүйнөдө

Cuba001
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 1444

Кубада мусулман коомунун саны өсүүдө (ФОТО)

Рим Папасы Куба жергесине алгачкы ирет 1998-жылы атайы сапар менен келген. Иоан Павел II нин коммунисттик өлкөгө болгон бул сапарынан кийин Ватикан менен Кубанын президенти Фидель Кастронун ортосундагы мамилени кыйла жылытты. Католик дини кеңири тараган Куба өлкөсү Рим Папасын өтө бир чоң шапаат менен кубана тосуп алып, Гаванага жүз миңдеген адамдар жыйылып, Кастро өзү да бул жолугушууга катышты.

 
Бул жолугушууга абай салып турушкан башка диндеги жарандар бийликтин динге болгон мындай жылуу мамилесинен кийин жакын арада мамлекет алардын динин да, (анын катарында исламды да) тааныйт деп үмүт артып калышты.
 
Ырасында эле Кубада ислам акырындап тамырын жайып баратат, азыркы тапта өлкөдө 9000 мусулман жашайт. 11,3 миллион калкы бар мамлекетте бул сан өтө эле аз көрүнүшү мүмкүн, 1990-жылдары саналуу мусулмандага салыштырмалуу андан бери исламий чөйрөдөгү адамдардын саны кыйла өскөнүнөн кабар берет.
 
“Коммунисттик партия өлкөдөгү диний плюрализмди өнүктүрүүгө багыттаган чечимдерди кабыл алууда... Мындан улам, алибетте мусулман калкынын саны да арбый баштайт”,-дейт Атланта калаасындагы Эмори университетинин саясат таануучусу Лео Оуэнс
(Leo Owens).

 
Кубада исламдын тарыхы өтө эле кыска болгондуктан, өлкөдө бул динге ыктагандар –исламга жаңы гана бет алгандар, алардын көпчүлүгү мусулман өлкөлөрүнн дипломаттары же студенттери менен пикир алышып, алака түзүшүп анан гана исламга ыкташкан,-дейт Берселоналык фотожурналист Жуан Альвадо (Joan Alvado). Ал 2014-жылдан бери Кубанын борбору Гаванадагы жана өлкөнүн башка булуң-бурчундагы мусулмандардын турмушун фото-сүрөткө чагылдырып келет. Жакында эле Альвадо кайрадан Кубага келип, бул мамлекеттеги алакандай диний маданиятты тереңдеп иликтөө максаты менен көптөгөн сүрөттөрдү тарткан.  Бул макалада анын фото-эмгектери камтылган.
 
Фотографтын каармандарынын бири Осман Рейес (Osman Reyes) 2015-жылы исламды кабыл алган. Ал бул динди кабыл алган соң өзүн “кыйла эркин сезип калгандыгын” айтат. Рейес Камагуэй шаарынан анча алыс эмес жерде жашайт, бул жерде 2000-жылдан баш ченинде жергиликтүү мусулмандар өз күчү менен турак үйлөрдүн бирин кичинекей мечит кылып куруп алышкан эле.
 
Мусулмандар дүйнөдөгү эң тез ылдамдыкта көбөйүп бараткан диний топ экенине карабай, (Pew Research иликтөө борборунун маалыматы боюнча, 2050-жылы дүйнөдө мусулман калкынын саны 73%ды түзөт), Кубада мусулмандар дээрлик байкалбайт деле.
 
Гаванада эч ким, а түгүл менин кубалык досторум биздин өлкөдө мусулмандар бар экенин билишпейт экен”,-дейт Альвадо.
 
1990-жылдардын башында Кубада мусулмандардын азганактай гана бир тобу ислам динин карманып, мамлекет анысы үчүн куугунтуктабас бекен деп такай чочулашаар эле. Динге үйрөтө турган эч ким болбогондуктан, алар өз демилгеси менен эле исламды өз бетинче үйрөнүүгө далалаттанышкан. Азыркы чакта болсо бул мамлекетте мусулмандардын өз лидерлери, мударистери бар, 2015-жылы Гаванада чоң мечит ачылды. Каалоочулар мечиттен мусулмандардын атайын эркек жана аялдар үчүн кийимдерин сатып ала алышат, орозо айында ооз ачар тамакка чогуу чаран чогулууга мүмкүндүк алышат.
 
Исламга жаңы бет алган кубалыктар үчүнбул динди  кабыл алуу жергиликтүү салттык маданияттан оолактап, жаңы багытка кадам таштоо сыяктуу кабыл алынат. Анткени, алардын көбү чочконун этин жеп, спирттик ичимдиктерди ичүү кадыресе көрүнүш болгон үй бүлөлөрдө өсүп чоңоюшкан. Ошол эле учурда, ислам багытындагы имамдардын жетишсиздигинин айынан  көптөрү  мурунку эле жашоо образынан чыга албай келишет. 
 
Фидель Кастронун каза болушу Кубадагы ислам дининин келечегине кандай таасир этет?  2008-жылы Кастро президенттик кызматты кичүү иниси Рауль Кастрого өткөрүп бергенине карабай, куба саясатында эң күчтүү, бейкомпромисттик катмардын алдыңкысы болуп келген.
 
“Куба өкмөтүндөгү келишкис элементтер өзүнүн башкы түркүгүнөн айрылды”,-дейт  Вашингтондогу  Cuba Study Group деп аталган Кубаны иликтөө институтунун аткаруучу директору Эндрю Отацо ((Andrew Otazo).
 
Кубалыктар абал кандай жагына өзгөрөөр экен деп түйшөлүп турган чакта, Кастронун о дүйнө кетишинен кийин өлкөдө реформаларга карай жол ачылабы же катуу тартипти колдогон саясий тараптар диний кайра жаралуу багытын тепсеп киришеби?
 
Диний эркиндик дагы кеңейеби жокпу,.. бул чоң суроо,-дейт эксперт.
 
Ылдыйда Жуан Альвадонун Куба мусулмандарынын дүйнөсү тууралуу тарткан сүрөттөрү.




Ярима аттуу бөбөктай-кыз 33 жаштагы атасы Алинин астында теспени ойноп эркелеп жатат. Али жубайы менен бирге 2014-жылы ислам динин кабыл алышкан.  Ярима – ислам динин туткан ата энелерден төрөлгөн алгачкы ымыркайлардын бири.
 




Гаванадагы Абана Вьеха кварталындагы (Эски Гавана) жаңы мечиттеги мусулмандар. Бул мечит 2015-жылы куба бийлигинин уруксааты менен Саудиттер тарабынан курулган.
 
 



Абана Вьеха (Эски Гавана) кварталындагы Капитолийдин имаратынын фонундагы Мухаммад Алинин түшкөн сүрөтү. Төрөлгөндө анын аты Мануель эле, 20 жыл мурда ал кубалыктардын көбү исламдан түшүнүгү, кабары жок кезде исламды кабыл алган.
 

 


Баракоа шаарына жакын жайгашкан, эл-журт таштап кеткен айылчадагы үйдүн короосунда азыноолак мусулмандардын тобу намазга жыгылышууда. Бул үй бүлөгө тиешелүү үй “Метью” бороон-чапкынынан кийин кыйроого учурап, эми алар диндеш мусулмандардын жардамы  менен жашоо кечирип келишет.



 

Кубанын ислам динин кабыл алган жаш тургуну Розальба Ламаньер (Rosalba Lamanier), Гаванадагы Лоутон  кварталындагы көчөдө күйөөсү жана курбулары менен түшкөн сүрөт. Исламды жаңы тутунгандардын баары эле хижаб кийүүгө даяр эмес: Розальба чачы менен далысын  жоолук менен ороп жүрөт, бул куба колоритинен анча айырмаланбоонун бир аргасы. 
 
 

 


Отуз жаштагы Роландо Тамайо  (Rolando Tamayo)  үйүндө кызы менен эс алуу учуру. Мусулмандар арасында аны Мустафа деп чакырышат. Ал исламды 2012-жылы кабыл алган, азыркы учурда Кубадагы Санкти-Спиритус провинциясында имамдык кызматты аткарат.
 

 



Борис Виана (Boris Viana) жана “Кубадагы исламды окуп-үйрөнүү ассоциациясынын” башка бир мүчөсү кезектеги жыйналыштан кийин көчөдөн өтүп баратышат. Кубадагы көптөгөн мусулмандар мечитке баруу үчүн аябай алыс аралыкты жөө басышат, анткени өлкөдө мечиттер өтө сейрек.
 


 


Элүү үч жаштагы Лазара Молина (Lázara Molina) гаванадагы Аламар кварталында эки кызы менен жашайт. Мурда Молина христиан дининде болчу, эки жыл мурун исламды кабыл алган. Бир кызы анын жолун жолдоп ислам динине өттү, экинчи кызы афро-кубалык динди карманууну туура көрөт.
 
 


 

Абу Дуйанах Али  Гаванын борборуна жубайын жумушка жеткиргени баратат. Али - “Кубадагы исламды окуп-үйрөнүү ассоциациясынын” негиздөөчүсү, бул уюм өлкөдөгү саны анча көп эмес исламий уюмдардын бири.
 

 


Розальба Ламаньер кызы жана курбусу менен Гаванадагы мечитте.
 
 


Ахмед Агуеро (Ahmed Agüero) Кубада үчүнчү орунда турган ири шаарлардын бири Камагуэйянын тургуну. Ал күнүгө эртең менен Гаванада Малекон деңизин жээктей 8 чакырым аралыкка чуркайт.
 

 
 

Че Гевара жана Фидель Кастронун портреттеринин астында Мухаммад Али небереси Дарио менен бирге  калаадагы калк өтө жыш жайгашкан  Гаванадагы спорт залда болчу джиу-джитсу машыгуусун күтүп олтурушкан чагы.
 
 

Маалымат булагы: Newsweek

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

Facebook Пикир