Ислам тууралуу калптар

Jash nike
  • 02 Кулжа 2017
  • 0
  • 817

Ислам дининде жашы жете электердин никесине кандай карайт?

Өспүрүм курактагылардын никелешүү маселесине Ислам кандай карайт?-деген маселе өтө бир карама-каршылыктары көп темалардын бири. Көп адамдар так ушул теманын түбүн эле айланчыктап тим болбой, дегеле мусулман кыздарына байланыштуу бүт бардык нерселерди казып-чукуп билгиси катуу кыстап кирет.



Айрыкча, ислам дининдеги жашы жете электердин никеси жөнүндө каңырыш калптарды угуп алып эле, калп-чынды койгулаштырып, “ушул да динби!” деп кыйкырып чыкчу сынчылдардын арааны ачылып, айтыла жүргөн, имиш-имиштелип  жүргөн ойку-кайкы көнүмүш кептерди чуурутуп башташат.
 
 

Мен так ушундай темадагы талкуулардын төө бастысында  калган учурларым көп эле болду, чынын айтсам, маселенин чыныгы кыйырларын түшүнбөй эле урдура берген “талкуулагычтардын” демин көрүп олтуруп, биз баарыбыз  “рак” сыяктуу алда недей  оорунун өйдө-ылдыйын чукулап талкуулашып жаткандай  таасирде калдым,.. баары “рак” деген оору тууралуу, бул илдет микроорганизмдердин кесепетинен пайда болоору тууралуу азыноолак маалыматы бар кебетеленишип, анан ошол деңгээлдери менен олуттуу суроо берип, кайра олуттуу жооп беришип ызылдаша беришкен сыяктуу  абалга өтө окшоштурдум. Теманы исламга карай буруп айтсам, көп адамдар ушул диндин тегерегинде  кеп башталганда эле  “кор болгон, укугу тебеленип жаткан мусулман аял” же сопсонун мусулман болуп жүргөн бир киши кантип “террорист болуп чыга келгени” тууралуу “аргументтерин” астыңа жая салып карап турушат.    
 
Эми маселе мындай: ислам дининде качан, кайсы жаш куракта  кандай никелешүүнүн  шарттары бар экени тууралуу баары орду менен, так жазылган. Бирок ал эрежелердин баарында турмушта социалдык нормалар өзгөрүп тураары да кошо эске алынган, мына караңыз:
 
              *  Исламда сексуалдык мамилеге даяр болгон минималдуу жаш курак деп, кыздын же жигиттин балакатка жеткен курагы эсептелет.
 
              *  Денеси  балакатка жетсе, демек ал жигит (же кыз)  киши болуп толук калыптанды, нике мамилесине ар тараптан даяр болду дегенди билдирбейт.  Балтыр эти катып, балакатка жеткен курак кандай болоору -  ар коомдогу өзүнүн коомдук нормаларына, ошол доорго тикелей байланыштуу.
 
              * Кыздын же эркектин жыныстык жактан толук жетилген курагынын качан болоорун ар өлкө өзүнүн нормаларына жараша аныктайт. Бирок, кандай болгон чакта да,   кыз да, жигит да жыныстык жактан толук кандуу  жетилгенде гана никелешүүсү кажет.

 
Аял-эркек балакаттык куракка жетип, жыныстык жактан дапдаяр болгондо гана нике кыйылышы керек, кээ бир себептүү муктаждыктарды гана эске албаганда, нике балакат курактан мурда кыйылбоого тийиш. А эгер кыйылып калган чакта деле, ошол никенин шарты боюнча, эки жубай балакатка жетип, жыныстык жактан жетилгенде гана кошулууга болот дегендикти туюнтат.  Кыз балакатка толук  жетилбесе деле, эркек жыныстык байланышты баштай бергенге укугу жок, экөө тең  дене жагынан, руханий жагынан  толук даяр болгондо гана  жыныстык мамиле башталат.
 

                 *  Куранда никелешүүгө даяр курак катары төмөнкү жагдайлар айтылган:
 
 «Жетимди сынап көргүлө, алар качан үйлөнүү куракка келгенде, , алардын акылы толгонун байкасаңар, аларга мал-мүлкүн бергиле жана… Аларга күбө катыштыргыла.» (Куран, 4:6)
 
                *  Куранда аялдын никедеги укугу тууралуу мынтип айтылган:
 
 «Эй ыйман келтиргендер!  Силерге аялдарды күч менен мураска алуу дурус эмес жана аларга (аялдарга) берген калыңыңарды кайтарып алуу үчүн, алар ачык эле бузук ишке барышпаса, аларды тосуп турбагыла.  Алар (аялдар) менен жакшы, туура мамиледе болгула”. (Куран, 4:19)
 
Демек, маселен 18 жаштагы кыз өзү көнүп,  никелешүүгө макул болсо, мунун эч кандай өөн нерсеси жок: себеби , кыз бул куракта  өз акыл эси менен салмактуу чечим кабыл алганга даяр болуп калат.
 
Ал эми кээ бирөөлөрдүн мусулман ата-энелерге нааразы болуп, бала кезден эле кызына күйөө же баласына жубай караштырып, издештирген аракетин туура көрбөгөн тенденцияга келсек, бала үйлөнтүү, кызды күйөөгө берүү деген нерсе – бул оюнчук эмес, өмүрдөгү бул урунттуу учурда көптү баштан өткөргөн, көптү көргөн улуулардын кеңешин тыңдоо  аябай маанилүү. Кыздын же жигиттин өмүрлүк шерик  тандоосуна үй бүлө мүчөлөрү  да ынтызар болуп, акыл-кеңеш, сунуштарын айтса, романтикалык ой чабыт менен асманда учуп-калкыган маанайдагы жеңил чечим чыгаруунун ордуна, түгөй тандоодо салмактуу, реалдуу бүтүм пайда болуп, “тең – теңи менен” дегендей, ар кимиси  өз ордуларын татыктуу таба алышат. Так ушундай салмактуу жол менен баш кошушкан түгөйлөрдүн жашоосу байсалдуу, жемиштүү болот.
 
Балдарын, кыздарынын  делебени козгогон, ар кыл жеңил, сексуалдык маанидеги  шектүү фильмдерди, көрсөтүүлөрдү  көрүүсүнө тыюу салган, кыска кийинип жүрүүгө уруксаат бербеген, мектептерде романтикалык мамилелерди куруп, кучакташып, өбүшүп-жытташканга каршы болушкан ата-энелер чыныгы ыймандуу, Кудайдан корккон мүнөздөгү бул сыпаттары урматка татырлык экенине карабай, азыркы заман аларды баалабай, улам жеңил, тайыз жакка качырып жатканы өтө өкүнүчтүү. 
 
Эне сүтү оозунан кете элек бала кезде эле нике кыйып салган көрүнүштөрдө балага же кызга өтө убал болоору туурасындагы ойлорго мен кошуламын, бирок мында Исламды же шариятты күнөөлөп кереги жок.  Бул жагдайларга исламдагы никени өз билгениндей пайдаланып, жеке көрпенделик кызыкчылыгына колдонгон кээ бир адамдардын  тиекелей күнөөсү бар. Мыйзамдуулуктун, социалдык акыйкаттуулуктун болушу үчүн мүмкүн болгон бардык чаралары  катуу  көрүлүп жаткан коомдо деле кандайдыр  жаман нерселер болсо, анын артынан кесепеттери да сөзсүз уланбай койбойт.
 
 
 
Маалымат булагы: Pulse.ng     
                                   автор: Зайнаб Кадри (Zaynab Quadri)
 

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
  
 

Facebook Пикир