Ислам тууралуу калптар

IslamLife 001
  • 18 Аяк Оона 2017
  • 0
  • 1073

Ырасында эле Ислам – каалоолорго, рахаттанууларга тыюу салган динби?

«Алар сенден өздөрүнө эмне адал кылынганын сурашат. Силерге жакшы, (таза) нерселер адал кылынды деп айткын…» (Куран, 5:4)


Гүлдөп-өнүгүү жолу кандай болоорлугун көрсөтүү үчүн адамзатка Ислам дини жиберилген. Адамды жараткан Жаратуучу, адамдын кандай экенин адамдын өзүнө караганда жакшыраак билгендиктен, канткенде жаман, канткенде жакшы болоорун эң мыкты билген үчүн адамга динди (Исламды) жиберди. Динди туура, так  карманса адам жамандыктардан, балакеттерден алыс болуп, жакшылыкка жете алат.
 
Ага болбой эле “Ислам – адамдын каалоолорун чектеген, рахаттануусун тыйган дин” деген жөө жомок ойлоп таап, ага басса-турса наалып жүргөндөр чыгууда. Динге болгон мындай түшүнүк, тагыраак айтканда, түшүнбөстүк менен куралданган адам, динди кантип туура карманмак эле? 
 
Рахаттанууга, канаагат алууга умтулуу – бул адам табиятына мүнөздүү нерсе. Адам тирүү турганда жашоосуна ырахат алып келген, табитин  канааттандырган максаттарга, бийиктик менен жыргалдарга ашыгып, көздөгөн жолун талкалоочу, дүйнөсүн жабыркатчу мандемдерден  алыс болуп,алардан качууга аракеттенет.  Ыйык Курандагы бир катар аяттарга үңүлчү болсок, Ислам адамдын канаагаттанууга карай ашыгуусуна, умтулуусна тыюу салбайт, адамдык табиятты өзү каалагандай  колдоно берсин деп пендесинен талап да кылбайт.
 
 «…Аллах силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт…» (Куран, 2:185).
«Эй, ыйман келтиргендер! Биз насип кылган ырыскылардан жегиле. Эгер чындап эле Ага сыйынчу болсоңор Аллахка шүгүр кылгыла» (Куран 2:172).

 
Тескерисинче, Исламда адамдагы бардык шык-мүмкүнчүлүктөр, каалоолор  пайдалуу жактарга жумшалуусу керектигине  үндөп, эмне үчүн аны Аллах адам кылып жаратканына маани берип, өз жолун туура тандап, чыныгы ырахатка алпарчу багыт берилет.
 
Ой калчоого акыл-парасаты жетип калган куракта адам, буга чейин аябай каалап-эңсеп келген каалоолору ага залал алып келээрин, ал эми ар убак жээрип, такыр каалабаган нерселери чындап келгенде  өтө көп  майнаптуу  пайда берээрин  түшүнө баштайт.
 
Кичинекей бала деле алгач дары ичип жатканда ыйлактап, түкүрүп, качат, качан гана акыл токтотуп, ал дары ден соолугу үчүн пайдалуу экенин аңдаганда мурункудай ыйлактаганын, качканын коюп дарыны өз эрки менен эле иче баштайт.
 
Тумандуу, чаржайыт жашоого  түшүп алган  жаш жигит, эртеби-кечпи  ырааты жок, мазмунсуз турмуш жашоосун, үй бүлөсүн,бүтүндөй коомду  талкалаарын түшүнгөндө, салмактуу тажрыйбага каныккан жигиттин акыл-эси күнөөлүү жол менен сапар улай бермейди дароо токтотуп оң жолго түшөт.  Анткени, чың денеден, терең ой калчаган мүнөздөн, бактылуу үй бүлөдөн жана  акылы зирек коомдон алган ырахат өтчү-кетчү жеңил мүнөздүү, көз ирмемчелик ырахаттардан кыйла салмактуу.  Бул мазмун Куранда да айтылган:
 
«Силер эмненидир жаман көрөсүңөр, (бирок) ал силер үчүн жакшы. Силер кандайдыр бир нерсени жакшы көрөсүнөр, (бирок) ал силер үчүн жаман…» (Куран, 2:216).
 

Терең акылдын изи менен ойлончу болсок, тайыз, жеңил жол менен ырахат алгысы келген алсыз адамдардын катмары, терең, бийик максатты көздөгөн күчтүү адамдардын келечектүү жыргалдарына жол бошотушу керек. Бирок, пенде деген тынымсыз  изденип, ошол изденгенине жараша өнүгүп турчу макулук болгондуктан, ал изденүү жолунда: чыныгы жыргалга жетүү үчүн  кандай рахаттануулардан баш тартуум  керек?- деген суроону алдына кое билүүгө тийиш.
 
Адамдын өмүрү экөө, үчөө, төртөө эмес, өмүр деген ар адамга бир жолу берилет, андыктан ошол бир жолку өмүрдө кандай нерселерди үйрөнүп, кандай бийиктиктерге жетүү мүмкүнчүлүгү адамдын өз эркиндеги  маселе. Эгер туура эмес жолду тандап алчу болсо адам өмүрү кыйроолор, талкалануулар менен коштолот. А туура жолдон адашпоо үчүн Ислам дини жана шарияттык мыйзамдарды жашоодо  колдонуу өтө зор ийгиликтерге жеткирет.  Жогорураакта мисал келтирилген Курандагы аяттын соңу  момундай сөздөр менен аяктайт:
 
«…Аллах билет, а силер билбейсиңер» (Куран, 2:216).

 
Адам баласы бул жапайы  дүйнөгө ар кыл түшүнүп-түшүнбөгөн нерсени жасап көрүп, адашкан сайын адашып, айтор максаты жок сокур жүрүш менен  каңгып-тентүү үчүн  жаралган эмес. Адамдын ичинде Жараткан берген акыл-эстин жарыгы , сыртта болсо Аллах өзү багыттаган нурлуу жолдор  бир бирин коштоп, адамга  “жакшы бол, жакшы жүр” деп  ар убак жол көрсөтүп турат. Ошол ичтен, сырттан нурданган жарыктар бир бирине айкашып, бирин бири түшүнүшөт, себеби экөөнүн тең түпкү булагы – Аллах:
 
 «Аллах – асмандар менен жердин нуру…» (Куран, 24:35).

«…силер китептердеги жашырган нерселериңерди ачык түшүндүрө турган Пайгамбар (Мухаммад САВ) келди. Ким Аллахтын ыраазычылыгына умтулса, ошону тынчтык жолуна багыттайт. Ал Өз каалосу менен аларды караңгылыктан жарыкка алып чыгат жана түз жолго салат. » (Куран, 5:15-16).
 

Аллахтын ыраазычылыгы үчүн туура жолдо баратканыңды сезүү, ал жол сени жараткан, сен жашаган ааламды жараткан Жаратуучуга тиешелүү экенин аңдоо, ошол бараткан жолуңда улам  кадам таштаган сайын караңгылыктан Жарыкка карай жетеленип, Кудай багыттаган адамзаттын эң жогорку тепкичтерине улам көтөрүлүп жатканыңды туюудан артык ырахаттануу барбы?
 
Жаратканга терең ишенүү сезимине балкып, бу дүйнөдө кандай катаал сыноолор болсо да муңкүрөп, шалдыроонун ордуна ал сыноолорго Аллахка ишенген күчтүү сезим  менен жылмая караган ырахаттанууга башка кандай ырахат тең келе алат?
 
Демек, адам Жаратканга чындап берилип ишенгенде гана, руханий түрдө да, дене бойду балкытып физикалык түрдө да рахатка бата алат. Ислам дининин жарыгысыз, кайсы бир башка нуктагы рахаттанууларга чөмүлсөңүз  чөмүлөөрсүз, бирок ал ырахат өтө тар, өтө тайыз болооруна күмөн жок. Анан калса, адамдын ичинен жана сыртынан төгүлүп турчу “нурлары” жок болсо, майдабарат ырахаттар адамдын өзүн, тагдырын талкалап биротоло жок кылышы толук мүмкүн.  
 
 
 
Маалымат булагы: ALM Islam

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

 

 

Facebook Пикир