Исламдын мааниси

islam022
  • 02 Кулжа 2017
  • admin admin
  • 0
  • 945

Азанчынын (муедзин) ишинин түпкү мааниси кандай?

Жер шарында 7 миллиарддан ашуун калк жашайт, анын ичинен 1,6 миллиарды (23%) мусулмандар, алар дүйнөнүн бардык 7 континентинде жашашат. Азандын үнү угулганда тышкы түсүнө,келбетине,жеген тамагына, сүйлөгөн тилине, кийген кийимине карабай дүйнөдөгү бардык мусулмандар дүйнө иштерин таштай салып, даарат алышып, анан жайнамаздын үстүндө Каабаны карай катар турушуп намаз окушат. Күнүгө 5 маал, жылына 365 күн ушинтишет.






Жер шарында 7 миллиарддан ашуун калк жашайт, анын ичинен 1,6 миллиарды (23%) мусулмандар,  алар дүйнөнүн бардык 7 континентинде  жашашат.  Азандын үнү угулганда тышкы түсүнө,келбетине,жеген тамагына, сүйлөгөн тилине, кийген кийимине карабай дүйнөдөгү бардык мусулмандар дүйнө иштерин таштай салып, даарат алышып, анан жайнамаздын үстүндө Каабаны карай катар турушуп намаз окушат. Күнүгө 5 маал, жылына 365 күн ушинтишет.
 
Биринчи азанчы
 
 Муедзин (азанчы-кырг.)  - мусулмандарда намаз окууга азан айтып чакырган адам.  Момундарды “келгиле намаз окууга шашылгыла” деп намазга чакырган диний салттын башаты мындан 1500 жыл илгери исламдын алгачкы жаралыш дооруна туура келет.
 
Исламий таржымалдарда жазылып жүргөндөй, бир курдай көптөгөн сахабалар бир бириникине коендой окшош түш көрөт: алар түшүндө азандын сөздөрүн  мукам үн менен кыйкыра айтып жаткан  адамды көрүшкөнүн  Мухаммед Пайгамбарга (САВ) айтышканда ал, ислам тарыхында биринчи жолу азанчы  (муедзин) кылып  - Билал ибн Рабахты (Аллах андан ыраазы болсун) дайындайт. Анын мусулмандар арасында кадыры артып “муедзин ар-Расул” (Пайгамбардын азанчысы) деген атакка ээ болгон.
 
Мухаммад Абдул-Рауф өзүнүн жазган “Билал ибн Рабах” аттуу китебинде биринчи азанчыны мынтип сүрөттөйт:
 
Анын дене бою чымыр, келбеттүү келип,  жүзү кара-күрөң тарткан, көздөрү жанып турган, ичке кырдач мурундуу, териси суктанаарлык инсан эле. Үнү болсо терең, уккулукттуу, коңур чыкчу. Жаактарында өтө коюу эмес сакалы да боло турган. Табиятынан акылман, өзүн өзү барктап, кадырын билген жан болчу”.
 
Билал абн Рабах көптөгөн азанчылар үчүн мыкты үлгү болуп бере алды, канчалаган замандар бою  аны жолдогон, аны туу туткан нечендеген  азанчылар чыкты.
 
Азанчынын азан айтканы үчүн сыйлыгы.
 
Азанчы болуу – өтө бир сыймыктуу иш, аны намазкөй мусулмандардын баары урмат кылышат, Аллахтын астында да бул кызмат сыйга татырлык.  Сүннөт жагынан алганда, азанчы даражасы боюнча өзгөчө бир тепкичте турат жана намаз окуган адамдарга салыштырмалуу анын алчу сообу да көбүрөөк.  Аллахтын Элчиси (САВ) мындай деген:
 
Алибетте, намазда биринчи катарда тургандарга Аллах жана Анын периштелери ыраазы болот. Азанчынын  азан айтып созолонткон үнү кай аралыкка чейин жетип угула турган болсо, күнөөлөрү да ошончолук кечирилет.  Акыретте азанчынын үнүн уккан жандуу, жансыздын баары “ооба мен уккам” деп далил болуп беришет жана ага да намаз окуп жаткан жамааттагы адамдардыкы сыяктуу эле сооп берилет ( ан-Насаи, «Сахих аль-Таргиб» китебинде бул хадис аль-Мунзири жана  аль-Албани  тарабынан мыкты деп табылган).
 
Эгер  азан айтууга жана намазда алдыңкы катарга туруу үчүн кандай гана көп сооптор бар экенин билишкен болсо, ал сооптор үчүн чүчү кулак кармоодон башка жол калбаган болсо, адамдар сөзсүз чүчү кулак кармашмак”.  (Бухари, Муслим,  Абу Хурайра).
 
Жогоруда сөз болгондой,  азанга берилчу сооптор да, сыйлыктар да көп болгондуктан, азанчы чыны менен эле бул ишке өтө жооптуу мамиле кылуусу керек. Көпчүлүк азанчылар убакытка аябай аяр мамиле кылышып, аны баалашат.  Алар азан – унутуп калууга болбой турган өтө бир маанилүү, олутуу жолугушуу сыңар вазипа экенин терең түшүнүшөт. Ошондуктан, көп эле мечиттерде азанчылар элден эрте келип, азан айтуу убактысын зарыга күтүп олтурганын көрүүгө болот.
 
Азанчылардын көбү чечкиндүү, чапчаң жана батыл мүнөздүү келишет. Айтып жүргөн азан ишин башка бирөөгө бошотуп берүүнү көп учурда каалай беришпейт, кээде эле азандды өтө уккулуктуу созолонткон чебер азанчыга же мечитке келген кайсы бир кадырлуу конокко сый иретинде орун бошотпосо алар азан айтууну өтө бир сыймыктуу иш деп билишет. Башка бирөөнүн азан айтып болгонунан кийин  да мечиттин түпкү азанчысы анын артыкчылыгын же  кемчилигин байкаштырып, ичинде   “азанды мыкты айтуунун чебери болсом экен” деген дегдөө  дайыма бышып турат. Ошентип азанчылардын арасында дайыма жакшылык иште атаандашуу, жарышуу болуп келгени келген.


Азанчынын ишинин түйшүктөрү
 
Азанчы үчүн эң бир кыйынчылыктардын бири – чынчылдык. Эгер азанчы  ишинин мазесин чыгара аткарып, анын үнүнө эл ыраазы болсо, анда кадыры арта тургандыгын жогоруда белгилеп өттүк. Ал эми азанчынын кендирин кесчү нерсе – мактоону көтөрө албай, өзүмчүл болуп кетүү кокустугу. “Азанды жакшы айтат экен” деген даңаза кээ бир азанчылардын пенделикке алдыруусуна, текеберленүүсүнө себеп болуп калышы ыктымал. Андайга каршы туруу үчүн дабасы албетте бар, азанчы мактоо уккан сайын мактоого татый турган Улуу Затты даңктап, маселен Пайгамбардын (САВ) Аллахты кандайча кыск-нуска улуктаганын кайталап коюу жетиштүү. Мухаммед Пайгамбар мынтчү: 
 
Аллах татынакай жана ал кооздукту сүйөт” (Муслим)
 
Азанчынын улам өнүгүп туруусу эки багытта жүрүшү керек.  Биринчиден, азанды кооздоо: айтуу ыгына, үндү таптай билүүгө, азандын түпкү авазына , ритмин сактоого чоң көңүл буруусу зарыл.
Экинчиден, үндүн коңур, бийик, уккулуктуу чыгуусу.  Жар чакырган жарчынын үнү бийик чыкпаса анын жарчы экени кайсы? Бийик добуш, үндү ыгы менен башкара билүү шыгы, аваздын кайрыктарын муңкантчу чекиттерин  таап, жеткиликтүү кылып айтуу – бул сапаттардын баары азандын көркүн чыгарат. Канткени менен азанчынын башкы милдети, анын үнүн укканда адамдардын жүрөгү жибип, мечитке карай агылгыдай  болушу керек да.
 
Азанды Аллах (Ага мактоолор болсун) инсандардын жүрөгүнүн кылын терип, ойготуу үчүн ойлоп тапкан. Мындайча айтканда, өйдө жактагы Жараткандын  чакырыгына кулак төшөп, анын айткандарына муюсун деген негизги максат болгон.
 
Мурда Кэт Стивенс (Cat Stevens) деген ысым менен белгилүү болгон бир канча ырлардын автору, атактуу аткаруучу Юсуф Ислам (Yusuf Islam)  исламды кабыл алганга чейин аны азандын мукам үнү өтө катуу таасирлентип, арбап алганын айтат.
 
Ырасы менен эле, азандын бир башкача өзүнө тартуучу  касиети бар: аны сезүү үчүн сөзсүз эле мусулман болуунун же арабча билүүнүн деле кереги жок.  Азандын ыргактарын уккан ар бир кишинин сезими керемет  абалга балкыйт. Учурда дүйнө жүзүндө миллиондогон азанчылар бар, алардын ар биринин азан айтуу чеберчилиги өзүнчө уникалдуу.  Жаңырган  азан ар кайсы аймакта, ар өлкөдө ар башка ыргакта айтылышы мүмкүн, бирок азанчы  дайыма кайсы бир мечиттин, ал мечитеги жамааттын, а түгүл өлкө элинин  барктуу, кадырлуу адамы бойдон келе жатат.
 
Азанды үйүңүздө деле айтыңыз
 
Азан маселесиндеги өксүктөрдүн олуттуусу, сонку учурда азан негизинен мечиттерде гана айтылып, “азан үнү мечитте гана чыгышы керек..”  же “кандайдыр диний ишчараларда гана болушу керек..” деген түшүнүктүн калыптанып баратканында.   А негизи намазды үйдө окуган убактарда азанды үйдө эле айтып көрүүнү ойлонгон жок белеңиз?
 
Ушу азыркы заманда дүйнөдөгү мусулмандардын баары чон сыноолорго дуушар болушууда, ар өлкөдөгү мусулмандар кабылган балээлер, тарткан азаптар да ар кыл.  Мына ушундай чоң сыноолордо мусулман коому Аллахты жана Анын Элчисин (САВ) туу тутуп кадам таштасак кана!..  Исламда чоң проблемаларды жөнөкөй жол менен чечүү ыгы бар, ал –намаз!
 
Элди намазга чакыргыла, алар келишет! Ар бир үйдүн өзүнүн азанчысы болууга тийиш. Үйдөгү  жашы улуулар өздөрү үлгү болушуп, азан айтып, баарын намазга чакыруулары зарыл. Азан адамдарды намазга чогултат, а намаз адамдарды бир бирине  жана Аллахка жакын, ынтымактуу кылат.
 
Бара-бара азанды үйдөгү балдар айта тургандай кылуу керек, балдар жан дили менен азан айтып үйдөгүлөрдүн баарын намазга чакырып үйрөнсүн. Бул жакшы адат болуп калчу болсо, бала да жоопкерчиликти сезип, өзүнө өзү ишенип, а үй-бүлө мүчөлөрү болсо азан чакырган балдары аркылуу  исламдын тегерегине чогулууга мүмкүнчүлүк алышат. Телефондогу азанды дароо кнопканы басып өчүрүп кое алабыз, а адам тирүүлөй жандуу  азан чакырып жатса кантип өчүрмөк элек?
 
Жакында эле менден бирөө: “Азан үнүн укканда сенде кандай таасирлер болот, эмнелерди элестетесиң?”-деп сурап калды. А мен ага: “Азанды угаарым менен көзүмө дароо Мекке менен Медина, ажылык, умра, улуту ар кыл, териси ар түстөгү миллиондогон мусулмандардын Каабага карай сыйынганы баратышканы элестейт. Көз алдыма  мусулмандар жеңишке жетишип Меккени алганда, Каабанын башына чыгып азан айтып жатан биринчи азанчы Билаллын (Аллах андан ыраазы болсун) образы келет.  Анан дагы, азанды укканда, Аллахтын акыркы Пайгамбарынын (САВ) эң соңку күндөрүн эстеп көз жашын аарчып, халиф Умардын талабы менен сахабалардын курчоосунда   эн акыркы ирет азан чакырып жаткан Билалды элестете берем..”-деп жооп бердим.  
 
2015-жылдын 3-апрелинде Джамил Саид (Jameel Syed) АКШнын бардык 50 штатын кыдырып, азан айтып, Мухаммед Пайгамбардын (САВ) акыркы дааватын үгүттөгөн тарыхтагы алгачкы азанчы болуп калды. Анын максаты – ММКдагы чагылдырылып жаткан мусулмандардын образына оң түс берүү жана мечиттер жакшылыктын үлгүсү экенин дүйнөгө таанытуу.  Азанчынын бардык сапарлары фото-сүрөттөргө, тасмага  тартылып, соцтармактарда посттор жазылып турду.
 

Маалымат булагы: Muslim Matters

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

Facebook Пикир