Исламдын мааниси

islam023
  • 02 Кулжа 2017
  • admin admin
  • 0
  • 747

Ислам дини –элпек, жеңил. Аны татаалдаштыра бербегиле

Уулум менен кошо сыналгыдан реалити-шоу көрүп олтурган элем, бир маалда ал мени ойлонто кое турган бир сөздөрдү айтты.


 
Реалити-шоудо эки команда  китеп коючу текчелерди жасап, бөлмөнү иретке келтирүү багытында атаандашып, жарыш өткөрүп жатышкан. Командалардын бирөөсү жакшы аракет кылганына карабастан текчелерди куроодо берки командадан артта калып жеңилип калды. Аны карап турган уулум: “Текче куроодо инструкцияны жакшылап окуп карашпайбы, ал жерде баары ачык көрүнүп турат, ошону жакшылап окубагандыктын айынан кайсы текчени кандай мык менен куроо керектигин билбей жеңилип калышты..”,-деп ичи ачыша сүйлөндү.
 
Уулумдун сөзүнөн улам мен да кыйлага ойлонуп: “Ой чынында эле, инструкцияда сызгычты, арааны кантип колдонуу керектиги, мыкты кайда кагуу зарылдыгы жазылган болушу керек эле, ошону неге тыңыраак окубады экен..”-деп баламдын оюна ичимден кошулуп ойго батып калсам, ал менин оюма улай “Ал инструкцияда деле баары Курандагыдай да, сырдуу эчтекеси деле жок, ким окуса да  түшүнсө боло тургандай жазылган..”-деп башын чайкады.
 
Чынында эле Куранда да ушундай жагдай айтылган:
 
«…Сага ар нерсени түшүндүрп бере турган  жана мусулмандар үчүн Туура жол, мээрим жана кубаныч түрүндө Куранды түшүрдүк» (Куран, 16:89).
 
Кандай гана тууралык,-деп ойлодум мен.-Бирок ошону тез эле эстен чыгарып койгонубуз кызык да...
Адамдарга кээде таң каласың, күчүнүн баарын өтө бир татаалдыктарды издөөгө буруп алышып, маңдайында турган жеңил жоопторду такыр байкашпайт. Бул нерсе бизге, мусулмандарга да аябай тиешелүү.

Аллах бизге жеңилдик каалайт
 
Ислам дини окуп-түшүнө келсең аябай жеңил, ажайып, жана суроодон суроо берип түшүнбөй кала турган эчтекечи жок -телегейи тегиз. Куранда мынтип айтылат:

«Аллах силерге жеңилдикти гана каалайт, кыйынчылыкты каалабайт » (Куран, 2:185).

Бул аяттын маанисине көңүл бурчу болсок, исламды окуп үйрөнүү жеңил экендигин айтып,  аны таанууда кандайдыр татаалдыктарды атайылап жаратуунун кереги жоктугун туюнтуп жатат. А бирок кээ бир мусулмандар сырттан ыйманы толуктай эле көрүнүшкөнү  менен. адашуунун туткунунда калышып, динди түшүндүрүүгө келгенде алар өтө бир татаалдыктар, машакаттарга малынып-чалынып кишини бир топ жүдөтүп жиберишет.  Чындап келгенде,  татаалдаштыруу исламга каршы келет, сыягы  динди татаалдаштыргандар өздөрү динди терең түшүнбөгөндүктөн ошентишет да, адамдарда ислам тууралуу туура эмес түшүнүк пайда болуп, ошонун айынан бул динден жаа бою качышат.
 
Айрымдар болсо исламдын түпкү маңызынан ушунчалык алыстап, кайдагы бир жок салттарды, ырымдарды ойлоп таап алып эле беракта турган адамдын бажын чанжыратып салып, ушундай оор түшүндүрүүлөрдүн айынан көп адамдар исламга жолошпойт.  Курандагы аяттарга жана Мухаммед Пайгамбардын хадистерине терең үңүлүп көрсөк, эгер адам динге чын пейилден, жүрөгүнүн тереңинен бериле турган болсо исламды кабыл алуу кыйла эле жеңил болот.
 
Бул жашоодо биздин  адеп-ахлагыбыздын, диний ишенибиздин деңгээли  кандай болсо, чыныгы акыреттик жашоодогу ордубуз да ошого жараша аныкталат: мындайча айтканда Бейишти же Тозокту тандоо өзүбүздүн ичибиздеги динибиздин канчалык бекем экендигине байланыштуу.  Аллахтын  бизге болгон сыноосу – татаалдык эмес, анткени Ал бизге бакыт, бейпилдик  алып келе турган жашоо менен жашагыла, ар нерсенин чен-өлчөмүн билгиле  деп жатпайбы.
 
Аша чаап кетпегиле

Мухаммед Пайгамбар (САВ) динде аша чабуучулук болушуна дайыма каршы болуп келгени белгилүү. Бир күнү Аллахтын Элчиси (САВ) Абдуллах ибн Амрга:

Эй Абдуллах, мага сенин күндүзү орозо тутуп, түнкүсүн намаз окуй турганыңды айтышты, ыраспы?”-дейт. Абдуллах: “Ооба, о Аллахтын Элчиси”,-деп жооп берди. Анда Пайгамбар (САВ):

“Күндүзү орозо тут, түнкүсүн эс ал, укта, анткени денеңдин сенде акысы бар,көздөрүңдүн да сенде акысы бар, аялыңдын сенде акысы бар жана коногуңдун да сенде акысы бар..” –деди. 


Хадистин тереңине маани берсек, исламдагы милдеттерди карманууда тең салмактуулук зарыл деген ой айтылууда: Кудайдын алдындагы милдеттер да аткарылуусу керек, ошол эле учруда айлана-тегерегибиздегилерге жана өзүбүзгө болгон милдеттер да унутулбоого тийиш. Курандын аяттарынынн көбүндө да Аллах мээримдүү жана боорукер экендиги тууралуу көп айтылат.
 
Кытай акылманы Конфуций мынтип айтыптыр:
 
Жашоо деген өзү жөнөкөй эле, бирок биз аны болбой эле көшөрүп татаалдаштыргандан татаалдаштыра беребиз”.
 
Бул ойду окуган сайын,  адамдар кийинки учурда исламды карманам деп жатып, андан  канчалык алыстап кетип жатканы оюңа келе берет. Анткени алар ал диндин чыныгы кооздугун түшүнбөй, исламдагы чектөөлөрдүн, тыюулардын баарын аткарса эле  бактысыз болуп кала тургандан бетер коркушат.  Өтө бир таң калаарлык ахвал да бул. Өздөрү мусулман болуп төрөлүп, исламды кабыл алып, анан бу кезде адашып-чаташып жаткан мусулмандарга ислам кантип жаралып, кандайча пайда болгонун, анын маанисин баштан-аяк түшүндүрүп олтуруунун кереги канчалык? Алардын ошол башаты жок чаташуусу Курандын айынанбы же Пайгамбардын (САВ)  сүннөтүнөнбү?
 
Ачыктап айтсак, Аллах баарыбызды жараткан жана бизге канткенде жакшы болоорун эн жакшы билет, а бул акыйкатты түшүнбөгөндөр  Курандагы тыюулар, чектөөлөр болбосо эле адамдардын жашоосу бактылуу, комфорттуу  боло турган ойлорго тунгуюк жетеленип басып жүрүшөт.  Аллах бизге бул дүйнөдөгү да, аркы дүйнөдөгү да жыргалчылыктар үчүн дуба кылып сыйынууну буюруп жатпайбы. Бу дүнүйөдөгү кубанычтар тууралуу Аллах Куранда мындай дейт:
 
«Эй адамдын урпактары! Ибадатка эң мыкты кийимиңерди кийгиле” Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорчулук кылбагыла! Анткени Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт.
“Аллах өз пенделерине чыгарган Аллахтын кооз нерселерин (кийимдерди) жана ал берген жакшы нерселерди (ырыскыларды) силерге ким арам кылды?”-деп айткын. “Бул жакшы нерселер, чындыгында, бул дүйнөдө ыйман келтиргендер үчүн (гана жаратылган, бирок башкалар да андан пайдаланышат). АКыретте болсо бул момундарга гана таандык”,-деп айт.Билген коомго биз аяттарыбызды ушунтип баяндайбыз.»(Куран, 7:31-32).

 
Исламдагы практикага кайрылчу болсок, бул дин бизге “колуңдан келишинче акыйкат жолдон эч тайба” эрежеге үндөгөнү үндөгөн. Аллах бизге ишенимдүү түрдө  Анын “инсанга койгон талаптары аткарууга кыйла жеңилдигин, а бирок аны аткаруудан мурда биз Аллахтын талап, буйруктарын аткаруу менен гана турмушубуз жеңилдээрин түшүнүүбүз зарылдыгын”  айтып жатат.
 
Мухаммед Пайгамбар (САВ) Аллахтын кайрылуусун элге жеткирип жүргөн чакта Аллах  Куранда мындай деген:
 
«Аллахтын ырайымы менен сен аларга жумшак мамиле кылдың. Эгерде сен катуу жүрөк, орой болгонуңда анда алар сенин айланаңдан чачылып кетмек.» (Куран, 3:159)
 
Сахабаларын  элге динди үгүттөөгө жиберип жатып Пайгамбар (САВ) мүмкүн болушунча жеңил, илбериңки болууга чакырган.
 
Жеңил түшүндүргүлө, татаалдыктарды жаратпагыла, адамдарга жакшы маалыматтарды, сөздөрдү айтып кубанткыла, Исламдан көңүлү кала тургандай сезим тартуулабагыла
(Аль-Бухари)
 

Аллах жогорку адеп-ахлакка жетишүүдө инсандын алдына коюлган кичинекей талаптар менен руханий ыймандын, ал талаптарынын аткарылуусунун ортосунда кадыресе тең салмактуулукту теңдеп туруп инсанга сунган. Динде  инсанга коюлган күчтүү  талаптардан кийинки кебетени  товар баасынын кымбаттагандан кийинки ахвалга салыштырууга болот: кымбаттоолор болгондон кийин ал товарларга адамдар мурункудай агылбай калат эмеспи.
 
Бирок бир нерсени бекем эске түйүү зарыл, Аллахтын койгон талаптарын кынтыксыз, так аткарган учурда гана диндин  жеңил экени байкалат. А  кээде шайтан  бизди динден буруп кетүүгө, адеп-ахлактан оолактатууга, Кудайдын талаптарын аткарбай жүрө бердирүүгө  өтө аракеттенип, саксактап улам жолубузду тороп, жаман жактарга кел берилеп чакырып, азгырып турат. Ыгы жок эле шектентип, динге болгон ишенимибизди алсыратып, негизи жок эле сөздөрдү айттырып, кандайдыр маанисиз кадамдарды таштаттырып, шайтан исламдын жөнөкөйлүгүнөн пайдаланып  биз түшүп, кулап кетчү ар кыл аңдарды казып, исламдан четтетүүгө аракеттенет. Бир сөз менен айтканда, Куранда айтылгандай шайтан биздин душманыбыз:
 
«Эй момундар! Ислам динине толук киргиле. Шайтандын жолдоруна ээрчибегиле.  Чындыгындай ал силер үчүн ачык душман.» (Куран, 2:208).

Гармониялуу  дин.
 
Исламдын эң башкы сыпаттарынын бири – анын гармониялуулугу. Эгер Мухаммед Пайгамбардын (САВ)  алдында  тыюу салууга байланышкан кандайдыр маселе туруп калган болсо, ал дайыма ал маселени жөнөкөй алкактан карап, жөнөкөй жол менен чечип салчу.  Бул да исламдын эң бир жөнөкөй дин экендигинин жана Аллахтын Мээримдүүлүгүнүн  айкын далили.
 
Жашоодо руханий жана материалдык муктаждыктардын тең салмактуулугуна жетишүү багытында айтылган жогорудагы мисалдарды эске алуу  менен, жеке мен турмушта көп нерсени татаалдаштырбай, материалдык маселелерге алагды болбой , көбүнесе руханий жана психологиялык  керектөөлөргө көңүл бөлүп, тунгуюкка такалган учурларды жөнөкөй гана жол менен чечүүнү туура деп таптым.
 
Жашоодо  кедей болуп өтүүгө чакырып жаткан жерим жок, жөн гана ар бирибизге насип кылынган материалдык абалды бу дүйнөдө жеңил, жөнөкөй жана гармониялуу дем менен жашап өтүүнүн бир куралы  катары колдонсок деген ойдомун, жөн эле жашабай, адеп-ахлак жагынан акыреттик жашоого “капитал” топтойлу.  
 
Маселен мен үчүн Аллахка жакын болуунун бир жолу – исламдын түркүктөрүнүн бири эсептелинген, кайрымдуулук, бей бачараларга кайрымдуу болуу. Балдарыңыздын да, өзүңүздүн да көңүлүңүзгө түйүп койчу нерсе:бир нерсени бекем сактагыңыз келсе, ошол нерсени берешендик кылып бирөөгө бергенде гана катуу сакталат. Ал берешендикти  образдуу  айтканда, сиз бирөөгө кайрымдуу болуп бир нерсени берип жатканыңыз – демек, аркы дүйнөдөгү жашооңузга кам көргөнүңүз.
 
Ар бир адамда жеке укуктар жана милдеттер болот, ошолорду канчалык  теңдеп жашоого аракет кылсак да, турмуш бизди ар кандай жолдорго салып сынаган чакта да, биз өз жашообузду  татаалдаштырбай жеңил кылганга далалат кылуубуз керек; бул талап динибизге да байланыштуу, эгер Бейишти чындап каалаган болсок, динде да жеңилдик, өтө маанилүү. 
 
Катачылык болбой койбойт, андай учурда тумчуланып эле татаалдыктарга чүмкөнүп албай, бирөөлөр  жакшы ой менен жакшылыктарды сунуш кылса, ага багыттаса тетириленбей түзөлүүгө аракет болушу кажет.  Анан калса, Аллах ар бир инсандын күчү жетпгенине карабай “эмнеге ушуну кылган жоксуң?” деп сурабайт, Ал ар инсандын чама-чаркына, дараметине жараша сурайт жана инсан кандайдыр жаза таюуларды кетирип, кемчилик кылып алып ага чындап өкүнсө, “бекер ушуну кылыптырмын..” десе Аллах Кечиримдүү Зат, кечирет. 
 
Сөзүмдүн аягында уулум экөөбүз сыналгыдан көргөн реалити шоудагы балдардын жарышына байланыштуу инструкция маселесин кайрадан эстетип өтөйүн. Бизде мусулмандарда: чынында эле бул жашоодо кантип жашоо туура жана туура эмес болоорун аныктап берген  “инструкция” Куранда бар да?  Аны исламдын принциптерине таянып, жеңил кылып колдонуудан өткөн оңой жол жок, анда келгиле  ошону колдонолу!..
 

Маалымат булагы: OnIslam

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

Facebook Пикир