Жан дүйнө үнү

Aijan/Akylbekova
  • 04 Теке 2017
  • 0
  • 7248

Айжан Акылбекова: Дин мага эркиндик берип, алдыга бийик максат коюп, ага умтулууну үйрөттү

Islamlife.KG порталынын суроолоруна Кыргызстандагы аялзатын элечек кийүүгө үндөгөн бир катар долбоорлордун автору, “Оймок Арт” студиясынын негиздөөчүсү Айжан Акылбекова жооп берет.





 Islamlife.KG: Айжан айым, сиздин жашоонузда ислам дининин орду канчалык? Дегеле тигил же бул динсиз деле, кайсы бир кесиптин артынан кубалап, анын майын чыгара иштеп, эч кимге зыян кылбай,  жайбаракат өмүр кечирип, жакшы иштерди жасап, жашоонун маңызын түшүнүп жашоого болобу?
 
АА:     Ислам -Менин жашоо образым.Уктаганым, турганым, ичкеним,жегеним, кийим кийгеним, сүйлөгөнүм, ойлонуум, мамиле жасоом... Бүтүндөй жашоомду исламга түздөөгө аракет жасап келем. Динсиз жашоо, бизди айбандарда деле болгон инстинктерибизди гана колдонуп, өзүбүздүн кадырыбызды билбей, мүмкүнчүлүктөрүбуздү пайдаланбаган төмөнкү денгээлдеги жашоодо жашатып койот . Аллах Таала: "Мен жиндерди жана адамдарды Өзүмө  ибадат кылуулары үчүн  гана жараттым"- деди. Бул аяттын маани -манызын акыл -эстүү, билимдүү ар бир адам түшүнүүсү керек. ...Бирок, жүрөктөрдү ача турган Бир гана Аллах эмеспи ...
 
Islamlife.KG:  Исламга келгенге чейин жашоого болгон көз карашыңыз кандай эле, исламдын негизинде жашай баштагандан бери сиз үчүн  жашоо, дүйнө, аалам мурункудан  өзгөрдүбү, башкача түстөрдү көрө баштадыңызбы?
 
АА:  Менин жашоом дагы Пайгамбарыбыздын ( Ага Аллахтын салават саламдары болсун) учурунан баштап "Исламга чейин андай эле, исламда мындай болду"-деп көптөгөн мусулмандар тууралуу айтылгандай, исламга чейин , анан исламдагы жашоом деп бири биринен өтө айырмаланган 2 этапка бөлүнөт. Биринчи этапта , мен жашоонун мааниси билимдүү, ийгиликтүү болуу , бактылуу үй-бүлө куруу дечүмүн. Аллах Таала мунун баарын берди. Мен күтпөгөн дагы жакшы белектери менен кубантты. Элге таанылып, оозго алынып, кызыл дипломду кармап,сүйүктүү жар, эне-болуп телегейим тегиз болуп турганда менде бир боштук пайда болду... Бул боштук мага , мен бала кезден көксөгөн максатыма жетип, ал жерден ийгиликтер жаралып жатканда келди... Мен изденүү жолуна түштүм... Мага Акыйкатты таанууга себепчи болгон адамдардан Аллах ыраазы болсун ! Жаратканды таануу менин Жан дүйнөмө болуп көрбөгөндөй бир бейпилдик тартуулады. Менин Жаратканым менен, чөйрө менен , өзүм менен болгон мамилем жөнгө салынды. Дин мага эркиндик берди. Дин мага бийик максат койуп, ага умтулууну үйрөттү. Дин-Менин ордум тээ жогорку баскычта экенин көрсөттү.
 
Islamlife.KG: Кыргызстандагы ислам дининин денгээлине купулунуз толобу, эмнесине толот, эмнесине толбойт?
 
АА:   Кыргызстанда болобу, башка өлкөдө болобу, Үммөт , Жараткандын алдындагы парздарын жөндөп аткара албаса , Анын мыйзамдарына эмес пенде ойлоп тапкан эрежелер менен жашап жатса ..."купулума толот" деп Аллахтын Жалгыздыгына, Кыямат күнгө ишенген эч бир момун мусулман айта албас... Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн адамдар , көп нерселерге мажбурланган... Дүйнө өзгөрөт... Бүгүнкү күн кайрылбайт... Эртеңки күн бизге табышмак... Аллах Кадыр Зат! Жакшылыктан үмүт кылабыз.
 
Islamlife.KG:  Жоолук, хижаб, сакал, сырткы форма маселеси биздин өлкөдө дагы эле карама-каршылыктардын өзөгү бойдон келе жаткандай, ушул сыяктуу чабышмайлардын болбошу үчүн мамлекет эмне кылуу керек, динаят жетекчилиги эмне кылуу керек, мусулмандар эмне кылуу керек деп ойлойсуз?
 
АА:   Сырткы атрибуттарга асылуу илимдин, билимдин жетише электигинен кабар берет. Терең ойлонуп, Китептин башын анан аягын эмес толук окуп , ой-жүгүртүп көрсөк , көптөгөн агрессия жана чагымчылдык жөнгө салынат эле деп ойлойм. Эл үчүн, үммөт үчүн Аллахтын астында сурак барын эскертип  койгум келет. Ал Эми мусулмандар провокацияга алдырбай ( көп жерде) анан өзүбүздүн журум-турумубузду, сырткы келбетибизди, сүйлөгөн сөзүбүздү дагы Аллахтын көркөм динине туураласак.  Ааламдардын сыймыгы , сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага ( С.А.С ) бардык жагынан татыктуу үммөт бололу деп аракет жасасак...
 
Islamlife.KG: Соңку суроо, Аллахтын астына бардыңыз дейли, анын жүзүн карап турасыз,..эмне деп айтат элеңиз?
 
АА:   Акыркы суроонуз үчүн Аллах ыраазы болсун !!! Аллах баардык момун мусулмандарга насип кылсын ушуну.   Бүт Ааламдардын жаратуучусу Аллахтын жүзүн көрүү Бейиште гана,  анан калса  бул сыйлык момундарга гана насип этилген эмеспи!!!   
 
Islamlife.KG:  Чын дилден чыккан жоопторуңузга ыраазылык, бар болуңуз!
 
 
 
ISLAMLIFE.KG
 
 

Facebook Пикир