Жан дүйнө үнү

corruption001
  • 17 Баш оона 2017
  • 0
  • 778

Коррупцияга каршы он беш хадис

Коррупция, жемкорлук – бул дүйнөнү кургуйга карай сүйрөп бараткан эң бир чоң балакеттердин бири, көп мамлекеттерге ушул балээ кеңири кулачын жайып, андан кутулуунун жолу табылбай келет.


Мамлекеттик кызматка олтураарын олтуруп алышып жогорку аткаминерлер, мамкызматкерлер  өздөрүнүн укуктарынан ашыкча пайдаланышып жеке кызыкчылыктарын  канааттандырган өздүк маселелерин чечип алышканы менен, алардын мындай жоруктары өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болот, карапайым жарандар өгөйлөнөт, ылдыйкы коомдук катмардын жарандык демилгесине, жаратмандыгына балта чабат.
 
Тилекке  каршы, жемкорлук оорусу менен көптөгөн мусулман мамлекеттери  да “оорушат”, а түгүл оорунун өтүшүп кеткен учурлары арбын кездешет. Мунун эң эле жөнөкөй себеби, ал өлкөлөр исламды чын ниетинен эмес, формалдуу түрдө гана кайдыгер мамиле менен карманышат.
 
Аныгында исламда жемкорлукка, коррупцияга катуу тыюу салынып, жемкорлук мандеми бар иш аракеттердин алыс болуп, коомду андай балакеттерден арылтуу  ар бир мусулманга жана жалпы исламий үммөттөргө милдет кылынган.
 
Коомго кызмат кылуу – чоң жоопкерчилик.
 
1).  Абдулла ибн Умар (Аллах андан ыраазы болсун) төмөнкүдөй риваят кылат: Аллахтын Элчиси (САВ) мынтип айтканын укканым бар:
 
 
 “Эсиӊерде болсун, ар бириӊер жетекчисиӊер жана ар бириңер өз раиятыӊардан жоопкерсиңер. Адамдарга башчы болгон имам жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер. Эркек киши өз үй-бүлөсүнө жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер. Аял киши эринин үй-жайына жана балдарына жетекчи жана ал алардан жоопкер. Кишинин кулу өз кожоюнун малына жетекчи жана ал андан жоопкер. Эсиӊерде болсун ар бириңер жетекчисиӊер жана ар бириңер өз раиятыӊардан жоопкерсиңер”.
 
Мындан тышкары Пайгамбардын (САВ) момундай нерсени айтканын да уктум:
 
“Эркек адам  - өз атасынан калган мүлктүн ээси, жооптуу кожоюну, ошол мүлк үчүн ал жоопкерчиликтүү... Ошондуктан, баарыңар кайсы бир нерсенин жетекчиси, ээсисиңер жана ал үчүн жооптуусуңар”.. (Бухари)
 
2).  Макил ибн Ясар (Аллах андан раазы болсун) мындай бир риваят кылат:  Мухаммед (САВ) пайгамбар Башкарган элине чынчыл мамиле кылбаган башкаруучу Бейишке буюрулбайт,-деп айткан. (Аль-Албани бул хадисти ишенимдүү булак деп эсептеген).
 
3). Абу Зарр (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
 
Бир күнү мен Пайгамбардан (САВ) сурадым: “О Алланын Элчиси, сен мени кандайдыр, эмненидир нерсени башкарууга дайындабайт белең? -  ал мени алаканы менен далыма уруп, анан мынтип айтты:
 
О Абу Зарр, акыйкатта, сен алсызсың, а (бийлик) адамга ишенип берилген аманат сыңар нерсе, аны туура эмес колдонгондор үчүн Кыяматта бийлик аларга чоң маскара  болуп кайтат, кимди ким  бийликти өз укугуна жараша алып, аны өз орду менен аткарса, аларга Кыяматта  мындай маскаранын тиешеси жок” (Муслим)
 
 
Жемкорлук (коррупция) менен күрөшүү милдети бүтүндөй коомдун моюнунда.
 
4).  Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбар (САВ) мынтип айтканын риваят кылып баяндайт:
 
Ким биздин арабызда жамандык бар экенин көрсө, аны колу менен токтотушу кажет; антүү колунан келбесе, тили менен токтотсун, мындайга да  чама-чаркы  жетпесе, жүрөгү менен өзгөртсүн; бул ишенимдин эң дармансыз абалы”.  (аль-Албани).
 
5).  Мухаммад (САВ) Пайгамбардын айтканын, Ан-Ну*ман бин Башир мынтип айтат:
 
«Сапарга чыккан жүргүнчүлөр кеменин жогорку жана төмөнкү кабатына жайгашышат. Төмөнкү кабатка жайгашкан саякатчылар: «Сууга болгон муктаждыгыбызды айтып улам эле чыга берсек, жогорку кабаттагылардын тынчын алыпкоюшубуз ыктымал. Андан көрө кеменин түбүнөн кичинекей тешели да, сууну ушул жерден алалы» деп өз-ара кеңеш курат. Мына ушундай кырдаалда жогорку кабаттагылар төмөндө жайгашкан саякатчыларды чукул арада токтотуп калбаса, баары чөгүп кетишет. Эгер алар кеменин түбүн тешүү өтө жаңылыш экенин түшүндүрө алышса, өздөрүн да, башкаларды да чөгүп кетүүдөн аман сактап калышат» (Бухари).
 
6).  Анас ибн Малик (Аллах андан раазы болсун)  Мухаммед (САВ) Пайгамбардын мынтип айтканын риваяттайт:
 
Тууганың акыйкатсыздык кылса жардам бер, ага акыйкатсыздык кылышканда да жардамыңды аяба”.   Сакабалар андан: “О Аллахтын Элчиси, тууганыңа акыйкатсыздык кылганда дегенди го түшүндүк, ал өзү акыйкатсыздык кылган кишиге кантип жардам бермек элек?!”-дегенде Мухаммад (САВ) Пайгамбар мынтип жооп берди: “ Аны акыйкатсыздык кылуусунан кармоо керек, ага болгон жардам ошол”. (Бухари).
 
Кызматынан кыянат пайдалангандарга эч актануу жок.
 
7).  Хумаид ибн Саад Ас-Саади (Аллах андан раазы болсун) төмөнкүдөй риваят кылат:
 
Пайгамбар (САВ) аль-Азд уруусунан Лутабийя аттуу бир кишини  зекет жыйноо  үчүн жалдайт. Ал киши зекет жыйнап  болуп: “Мына бул сен үчүн, а муну болсо  – мага белекке беришти”. (бул-меники деп жатканы). Аны уккан Аллахтын Элчиси (САВ)  минбарга чыгып, Аллахка өтүнүч менен кайрылды:  
 
Эмне үчүн мен зекет жыйноо үчүн жиберген кызматкер: “Бул сен үчүн, а муну болсо мага белек кылышты”,-деп айтып келет.  Ал өз атасынын үйүндө же энесинин үйүндө олтура берген болсо мындай белекти көрмөк да, алмак да эмес эле го? Мухаммедин өмүрү колунда турган Аллахтын аты менен ант беремин, силердин ар бириңер баарын (ыксыз эле ) ала берсеңер, анда Кыяматта моюнуңарга бакырган төөнү же мөөрөгөн уйду же маараган койду көтөрүп жүрөсүңөр”.
 

8). Адиййа Ибн Умайра айтат:
 
Аллахтын Элчиси (САВ) мынтип айтты: “Араңардан ким бирөөңөрдү кайсы бир ишке жалдаган болсок, ал адам ийнени же балким андан да майда нерсени  бекитип ала турган болсо Кыямат күнү ал элдин мүлкүн кымырып алган айыпкер катары суралат”. Пайгамбарга (САВ) аль-Ансар уруусундагы бир кара терилүү адам басып келип: “Мага дайындаган жумушуңду кайра кайтарып ал”- (мени зекет жыйноочу кылып дайындадың эле, мен андан баш тартамын) деди, анда Пайгамбар (САВ):  “Сага эмне болду?-деп сураганда ал: “ Мен сенин бирөөнүн акысы  тууралуу  айтканыңдын баарын уктум”,-дейт. Анда Пайгамбар (САВ): “Мен аны (дагы бир ирет) азыр да  айтам: Мен силерди зекет жыйноо ишине дайындаган болсом, ар бириңер жыйнаган кичине, чоң мүлктөн өйдө (бекитпей) алып келүүңөр керек”. (Муслим).
 
9).  Абу Хумайда Аль-Саидия (Аллах андан раазы болсун)  Мухаммад (САВ) Пайгамбардын: “Мамлекеттик жооптуу кызматтагыларга берилген белектер – адал эмес жол менен табылган киреше,- айтканын риваят кылат.
 
10). Бурайда ибн аль-Хусайб (Аллах андан раазы болсун)  Мухаммад (САВ) Пайгамбардын төмөнкүдөй айтканын риваяттайт: “ Араңардан бирөөңөрдү кайсы бир кызматка дайындап, ал ишиңерге айлык чегерсек, а бирок айлыктан тышкары кызматтан пайдаланып  кошумча мүлк-оокаттарды жыйначу болсоңор- анын баары адал эмес”. (Абу Дауд). 
 
11).  Хаулат бин Амир (Аллах андан раазы болсун) Пайгамбардын (САВ) мынтип айтканын эскерет:
 
Кээ бир адамдар Аллахтын мүлктөрүнөн (элдик каражаттар жана мүлктөр) кыянаттык менен жеке максатына пайдаланышат. Алар Кыяматта Тозокко түшүшөт”. (Бухари).  
 
 

Паракорлорго олуттуу эскертүү. 
 
12).  Абдалла ибн Амр (Аллах андан раазы болсун) Аллахтын Элчиси (САВ) мынтип айтканын  эскерет:
 
“Параны берген жана аны алган адамга Аллахтын каргышы тиет”. (Ибн Маджа)
 
 
Соттук, укуктук иштердеги жемкорлук (коррупция) менен күрөшүү.
 
13).  Ибн Бурайда (Аллах андан раазы болсун) Пайгамбардын (САВ) айтканы тууралуу өз атасынан укканын төмөнкүчө айтат:
 
Казылар (сот-бийлер) үч түрдүү. Алардын бири бейишке кирип, экөө тозокко түшөт. Бейишке кире турган казы акыйкатты билип, ошол боюнча өкүм чыгарат. Экинчиси акыйкатты билип, адилетсиз өкүм чыгарат. Ал эми үчүнчүсү жагдайды толук түшүнбөй туруп нааданча өкүм чыгарат. Мына ушул экөө тозоку”.
 
14).  Анас ибн Маликтен укканын  Убайдулла ибн Абу Бакр мынтип эскерет:
Пайгамбар (САВ) чон күнөөлөр тууралуу буларды айткан: “Аллахка шерик кошуу, киши өлтүрүү жана ата эненин астындагы милдеттерин аткарбоо”. Аны улай Пайгамбар (САВ): Эң бир оор күнөөлөрдүн бири эмне экени тууралуу айтайынбы?  Калп даттануу жана күбө болгондо жалгандарды айтуу” (аль-Бухари жана Муслим).
 
15).  Аиша (Аллах андан раазы болсун) айтат:
 
Курайш уруусу, уурулук кылган Махзума уруусунан болгон бир аял тууралуу кабатыр болушуп: “Аллахтын элчиси (САВ) менен ким сүйлөшөт? Ким буга батына алат? Ага бир гана Аллахтын элчисинин (САВ) сүйүктүүсү Усама бин Зайд гана жарайт – деп айтышат. Анан ал Пайгамбарыбыз (САВ) менен сүйлөшөт. Ошондо Пайгамбарыбыз (САВ):Кантип Аллахтын өкүмүндө ортомчулук кыласың!?” – деп сурап, андан кийин ордунан туруп: “О, адамдар! Чындыгында силерге чейин болгондор кадыр барктуу адамдар уурдаса аларды жөн коюп, алсыз адам уурдаса ага жаза беришип, туура жолдон адашышты. Аллахтын аты менен ант ичем, эгерде Эгерде Мухаммадтын (САВ) кызы Фатима уурулук кылган болсо, Мухаммад (САВ) анын колун кесмек” деп айтты. (Сахих аль-Бухарий)
 
Маалымат булагы: Onislam.net

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
  
 

 

Facebook Пикир