Жан дүйнө үнү

Isl003
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 1036

Мечит ичиндеги телефон чукулоо тууралуу сөз...

Экран деген нерсени илгери адамдар кинотеатрларга гана барып көрө алышчу, андан кийин экран адамдардын үйлөрүндө пайда болду, андан ары карай экранды ар адам чөнтөгүнө салып жүрө турган денгээл да келип жетти, акыры бара-жүрө экран жүрөгүбүздүн төрүнөн орун алып алды.

Экран тууралуу икая ушуну менен эле токтоп калбайт. Сөздү андан ары уласак, экран эмки учурларда Аллахтын Үйү эсептелинген мечиттин ичине чейин кирип кетти, мечитке келээрин келип алышып телефонун чукулап олтурган  динден туугандарыбыз тууралуу кеп болуп жатат.
 
Негизи кызык да,.. мечитке атайы Аллах менен сырдашуу, сүйлөшүу үчүн бараткан соң телефон деген нерсени жумушта, машинеде  же үйдө эле калтыра турууга болбойбу?
 
Мына  маселен алалы, мечитке баратып ашыкча эчтекени ойлобой жөн гана чөнтөгүңө акча-тыйындарды салып алат эмеспизби, эми чынында ал акчаны мечиттин ичине кирип алып санайм деп пландаштырбайбыз да, саноого муктаждык эле болуп  калбаса, мечитте акча  туурасында ойлонбойбуз дагы. А түгүл жөн жерден эле чөнтөгүбүздү  чукулап, акчаны бери алып чыкпайбыз, анткени антүүгө себеп жок. Биз мечитке, Аллахтын үйүнө келдик, а чөнтөктөгү акчаларың - бул сенин ушул дүнүйөдөгү  тирүүлүк менен болгон жеке мамилең.
 
Кол телефон, смартфон, планшет сыяктуулар деле ошол сыңар, ал буюмдар сенин бул дүйнө менен байланыштырган куралың, демек мечитке телефонсуз деле кирсең, же аны таптакыр өчүрүп койсоң туурараак болот го акыры...
 
Кай бирөөлөр “кол телефондо интернеттен көчүрүлүп алынган Курандын тексти болушу мүмкүн да, мечитке киргенде мен аны окуйм да..” деши турган иш.
 
Түшүндүрмө берели, эки варианттын астыңызда турат дейли: Куранды кол телефондон окуу жана китептен окуу (айтмакчы, ар мечитте Куран китебин табууга болот). Эми албетте, Аллахтын Китебин смартфондун экрандарынан карап окуунун эч эрен-төрөнү деле жок, а бирок смартфон- коп функциялуу буюм экенин эстен чыгарбоо зарыл. Кол телефонуңузга  Курандын толук варианты, аны менен кошо бир катар исламий аудио-китептер батышы мүмкүн, ошол эле учурда телефонуңузда сизди бул дүйнө менен байланыштырып турган көп колдонмолор, керектүү нерселер деле бар болушу ыктымал да, кыялыңызга ошол нерселер түшүп кетсе, мечитте башка нерсеге алаксуунун зарылчылыгы канчалык?  Смартфонуңузда Курандын текстин издеп жатканда, таптакыр эле башка фото сүрөттөр, видеолор, музыкалар  чыгып мечитке келгендеги ниетиңизди башкага алаксытпайт деп кепилдик берүү да кыйын. Же болбосо, тек гана телефондун кадимки добушу  чыгып кетчү болсо деле мечиттин аурасына кыйла тескери кедергисин тийгизет.
 
Ошентип, тууганым эми бул жагын өзүң чеч, мечитке атайы келген соң Куранды  тексттен бөлөк эч нерсеге алаксытпаган китептен эле окуйсуңбу же ар кыл функциялары менен ойду ар кыл жакка чабыттаткан кол телефондо окуйсуңбу өз эркиңдеги иш.
 
Аллах баарыбызга туура чечим чыгарууну буюрган болсун!
 

Маалымат булагы:  Muslim Village

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

Facebook Пикир