Жан дүйнө үнү

Ernis/Kyiazov/Parij
  • 06 Бугу 2017
  • 0
  • 711

Парижди да көрдүк, Парижде мусулман-аяшаваларды да көрдүк... (ВИДЕО)

Журналист Эрнис Кыязовдун "Багыт" автордук көрсөтүүсүндө Францияга ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине Манастын үчилтигин каттатуу үчүн барган делегациянын сапары чагылдырылган. Көрсөтүүдө делегациянын максатына ылайык иш чаралардын тышкары, Париждин көрүнүктүү кооз жайлары, андагы таасирлер камтылган.






Чет өлкөгө чыккан ар жолку учурда ошол жакта жашап жаткан түпкү элдин жашоосундагы жакшы жактарды баамдоого аракет кылаарын айтат журналист Эрнис Кыязов. Анын айтымында кандай гана улут болбосун алардын мыкты сапаттары, башкаларга үлгү болоорлук жактары болот. 

"Парижде болгон бир жумага жетип-жетпеген мезгилде франсуздардын түпкү табиятын баамдай салуу албетте мүмкүн эмес, күнүмдүк тиричиликте кандайдыр терс  жорук-жосундарды кылган мандемдери деле бар чыгаар, бирок Париждин кооздугу, көчөдө адамдардын тартиптүүлүгү, тазалыгы мисалы бизге үлгү болоорлук нерсе",-дейт Э.Кыязов. 

Журналист мындан тышкары чет мамлекеттеги сапарларда исламга, мусулмандарга болгон мамилени, алардын коомдогу ордун байкоого аракет кылаарын кошумчалайт. 

"Мен чет өлкөлөргө чыгып калганда ал жактагы исламга байланыштуу жагдайларды байкоого аракеттенем, мусулмандардын абалына көз чаптырууга далалат кылам. Париждеги сапарда да кокусунан көчөдөн туристтерге майда-чүйдө сувенирлерди саткан кара терилүү мусулмандарды учурата алдым. Алардын колунан сувенир сатып алуу менен, чогуу "Фатиха", "Иклас" сүрөсүн да бирге айттууга үлгүрдүк",-деди журналист. 

айта кетсек,   "Парижге сапар" аттуу көрсөтүү 2013-жылы тартылган. 


ISLAMLIFE.KG

Тасманы көрүү үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз:  
  '
';

Facebook Пикир