Жан дүйнө үнү

005
  • 07 Баш оона 2017
  • 0
  • 996

Жумуртка саткан абышка жана ачкөздүк

Аталган окуя сиз менен биз жашап жаткан коомдо көп кездешкен көрүнуштөрдүн бири. Араб сайттарынын бири ушул окуяны жарыялаган соң коомчулукта кыйла резонанс пайда болуп, сайттарда бул тема кызуу талкууга жем таштаган. Окуянын өзөгүндө пендеге мүнөздүү ачкөздүк, эки жуздүүлүк, менменсинүү сыяктуу терс сапаттар бүгүнкү адамзат турмушунда дагы деле орун алып келе жатканы айтылат. Айтор, бул окуя ар бир акылы сергек адамды ойлонууга мажбур кылат.







Жумуртка сатып олтурган абышкага бир аял чакчаңдай басып келип: “Жумуртка канчадан?”-деп сурады.
 
Ал акырын үн катты: “Бир жумуртканы 2 дирхамга эле берем”.
 
Аял кайра такыды: “ 6 жумуртканы 10 дирхамга алсам болобу, же кете берейинби?”
 
Абышка шалдая жооп берди: “Мейли балам, бүгүн бир да жумуртка сата элекмин. Эми арзанга болсо деле берейин. Акыркы күндөрү жумуртка деле анча өтпөй калды…”.
 
Аял жумуртканын баасын ылдыйлатып арзан сатып алганына корстон болуп, бүтүндөй бир байлыкты белекке алгандан бетер кубанып, кымбат машинесине олтурду да үйүн көздөй зуу койду.
 
Анан ал курбулары менен телефондошуп ресторанга бармай болушту, ресторанда адаттагыдай эле үстөлдү үйүлтө түркүн даамдарга заказ беришип ал тамактардын көбү желбестен эле ашып-ташып кала берди.
 
Официант эсеп китепчесин алып келгенде аял курбулары менен бирге 130 дирхамдык заказ кылынганы жазылыптыр.  Аны коомай тиктеп аял 150 дирхам сунду да ресторандын кожоюнуна угуза “ашкан акчаны кайтарбай эле койгула, кала берсин” деп айкөлдөнө сүйлөдү.
 
Мындай караганда, ресторандагылар үчүн бул көнүмүш эле көрүнүштөй, а бирок жумурткасын сата албай темселеген абышка үчүн бул нерсе кандай оор. Абышкадан жумуртканын баасын кыйла арзандатып сатып алаарын алып, а ресторанда 150 дирхамды тек гана абага чачып ийгенин караңыз. Кызык, эмне үчүн кедейлерге боор ачууга келгенде ичибиз аябай таарып, ач көздүгүбүз албууттанып кирет?  Ресторандарга кирип, ченебей тамак-ашка заказдарды берип, анан аны толук жебей ысырап кылып, акырында “Сдача бербей беле коюнуз..” деп компойгон адат бизде да кездешет, а бирок бирди-жарым кедей,кембагал адам 1-2 миң рубль карыз болуп калса, “бербейсиңби! Качан бересиң?!!” деп кекиртегин жулчудай болуп артынан сая түшөбүз… Негизи бир кызык эле дүйнөдө жашап жатабыз… Аллах баарыбызды ачкөздүктөн сактасын!
 
 
Маалымат булагы: Аталган аңгеме араб сайттарынын биринде жарыяланып орусчага которулган.
 
ISLAMLIFE.KG
 
 

Facebook Пикир