Жаңы мусулман болгондорго

Курман Айттын эрежеси - 2017 (ВИДЕО)

Назарыңыздарга 2017-жылдын 1-сентябрында болжонуп жаткан Курман Айтка карата, Курман Айттын кыскача мааниси, курмандыкка чалынчу жандыктардын союлушу туурасында маалыматтарды камтыган тасманы сунуш кылабыз. Тасма МEdiArt продакшн-студиясы тарабынан даярдалды.

Исламды сөзсүз эле күбөлөрдүн көзүнчө кабылдоо шарт эмес

Урматка татырлык шейх Мухаммад Салих аль-Мунаджидге тиешелүү сайттагы “Ислам: суроо-жооп” бөлүмүнө жарыяланган фатванын котормосун сунуш кылабыз.

Исламды кабыл алганымда мен күтпөгөн 6 нерсе

​Мен ислам динин көптөгөн жылдар бою сая түшүп иликтеген соң, бул дин терең маани-мазмуну бар жападан жалгыз дин экенине ынандым. Исламдан өз мүнөзүмө төп келген маңыз табаарым менен Кудайдын көзүнчө мусулман болгум келген эңсөөмдү жашырбай – акыры исламды өз каалоом менен кабыл алып көңүлүм жайланды.

Жаңы мусулман болгон кишинин үй бүлөсүнө кат

Маселен, мусулман эмес бир үй бүлөдөн болсоңуз, үй бүлө мүчөлөрүнөн бирөө мусулманчылыкты кабыл алды деп коелук, дароо оюңуз уйгу-туйгу болуп “болду бул кишибизди биротоло жоготтук...” деп санаага батат да болушуңуз керек... камтама болбоңуз, ал мурункудай эле сиздин бир бооруңуз, эч жакка жоголуп кеткени жери жок, мурункудай эле сизди жакшы көрөт. Кыжаалат боло бербеңиз. Баары жакшы болот.