Жаңы мусулман болгондорго

001
  • 02 Кулжа 2017
  • admin admin
  • 0
  • 718

Исламды кабыл алганымда мен күтпөгөн 6 нерсе

​Мен ислам динин көптөгөн жылдар бою сая түшүп иликтеген соң, бул дин терең маани-мазмуну бар жападан жалгыз дин экенине ынандым. Исламдан өз мүнөзүмө төп келген маңыз табаарым менен Кудайдын көзүнчө мусулман болгум келген эңсөөмдү жашырбай – акыры исламды өз каалоом менен кабыл алып көңүлүм жайланды.




Мен ислам динин көптөгөн жылдар бою сая түшүп иликтеген соң, бул дин  терең  маани-мазмуну бар жападан жалгыз дин экенине ынандым. Исламдан өз  мүнөзүмө төп келген маңыз табаарым менен Кудайдын көзүнчө  мусулман болгум келген эңсөөмдү жашырбай – акыры исламды  өз каалоом менен кабыл алып көңүлүм жайланды.
 
Жашоомдо чоң өзгөрүүлөр башталды. Бул динге өтүүнү мен дээрлик 3 жыл бою ойлонуп жүрсөм да, эски адаттарды таштап, жаңы тартипке, принциптерге көнүү керектигин алдын ала билсем да, мен ойлогондон да таптакыр башкача сезимдер болоору капарыма да келген эмес экен... Мага  таң калаарлыктай болгон, мен күтпөгөн нерселерди өзүмчө тизмектеп жазууну туура көрдүм.
 

6).  Мусулман аялча кийинип жүрүү мага жагып кетээрин эч ойлобоптурмун.
 
Эми хижабка өтсөм, оронуп-чулганып жүдөгөн бир кийимди кийип жүрөт экем да,..-деп ойлодум эле. Чынында, ал кийимди кийгенде өзүңдүн  кооздугуңду, сулуулугуңду өзүң көзөмөлдөп, аны кимге арнап, кимге көрсөтүүнү өзүң чечесиң деген сөздөрдү мурда уккам, ошондон улам мен да ошентким келди, а бирок кийимде болобу, жасануудабы стиль сакталышын аябай кааладым. А менин стилим  чынында ачык-чачык эмес, так эле исламдагыдай олуттуу кийинүү болчу, ошол эле учурда өзүм чыгармачыл аял болгондуктан түркүн түстү, моданы жактырчумун.  Исламда болсо стилди сактап, бирок олуттуу кийинип жүрүүгө болоорун укканымда өтө кубандым. Азыр стилдүү, өзүмө жарашыктуу, тыкан бирок олуттуу кийинип жүргөнүм өзүмө аябай жагат.
 
5). Исламда багыттар ушунчалык көп экенин билбептирмин.
 
Мусулманчылыкка өткөн соң айланамда  ислам дининдеги көптөгөн  курбу кыз-келиндер пайда болуп, алардын ар бири “биздин жамаатка кел” деп сунуштаарын күткөн эмесмин. Жаңыдан динди кабыл алган киши үчүн андай жабалактоолор башты адаштырып, кайсынысы туура, кайсынысы туура эмес экенин деле аңдай албай калат болуш керек. Ошондуктан “кел биз жакка өт! биз менен бол!” дегендерди астыртан аябай текшерип, алардын ким экенин так билип анан чечим кабыл алуу керек. Жакшы жагы исламда баары так, анык жазылыптыр, ошого карап кимдин ким экенин билип алууга да болот тура.
 
Башында исламды кабыл алганымда мусулмандардын баары исламды катыра билет деп ойлочумун. Мага жолуккан мусулмандардын бир тобу ырасында эле ошондой билимдүү, көптү билген адамдар болуп чыкты, а бирок арасында исламда жок эле нерселерди өздөрү кошуп алган, ата-энелеринен уккан, а ата энелери болсо өздөрүнүн ата-энесинен уккан нерселерин бирөөлөргө күңүрт таңуулай бергендерди да учураттым.
 
Мусулмандар жана мусулман эместер! Исламды тереңдеп билгиңер келсе, суроолорду көбүрөөк берүүдөн айбыкпаңыздар! Кошуналарыңар, кесиптештериңер  жакшы пейилдүү, мүнөзү момун мусулман сыяктуудай сезилсе деле, алар айткан исламий фактылар эмне менен тастыктала турганын түз сурагыла, эгер ага далил келтире албай турган болсо,  шектүү мандемдер байкалса, алардан  алыс болгула, мусулмандай көрүнгөнү менен кээ бир адамдар “эл көрсүн үчүн” мусулман болумуш болуп,  өзүмчүл  мүнөз күткөндөрү бар, исламда жок болсо да өзүнүкүн  “ушул ислам..” деп  таңуулай берген өзүмчүл мүнөз жакшы эмес,андайларды байкап калсаңар  абайлай көргүлө.  
 
4). Чачы-башымды тароо үчүн эле күнүгө оңбогондой убакыт корочу, мусулман болгондон бери бул проблема жоголду.
 
Исламды кабыл ала элегимде жасанып-түзөнүп, чачымды иретке келтирүүгө эле жумасына 5 сааттан убакыт коротчу экем. Мына хижаб кийгениме 12 жылдай болуп калды, бир жумага бөлүп карап көрсөм, ошол күндөр ичинде чачты жоолуктун ичине катып хижаб оронууга ашып барса бир саат, балким андан да кем убакыт коройт. Кызык, чачты жасалгалоо маселесинде эле мен өмүрүмдөгү канча убакытты экономдодум! Бетке аны-муну чийип кооздонгон макияждан болсо таптакыр эле баш тартып жыргап эле калдым! Бул эми керемет, ушунчалык жеңилдеп калдым дейсиңер!..
 
3). Исламды кабыл алган соң айрым мусулмандар атымды өзгөртүүмдү көшөрүп сунуштаарын күткөн эмесмин.
 
Ошенткендер таарынбасын, аларга рахмат, бирок атымды өзгөрткүм келбейт. Менин татынакай атым бар, Тереза деген,  мааниси “түшүм жыйноочу” дегенди туюнтат экен. Мусулманча демдеги эле жакшынакай ат менимче. Айтмакчы, сахабалар деле исламды кабыл алган соң аттарын өзгөртө салган  эмес. Алар мусулман болушту эле, мурдагы ысымдары деле мусулманчага айланып калды. Меники деле ошол сыңар да.  Силер деле ошентсеңер болот, атыңарды эмес затыңарды мусулман кылгыла, анан атыңар затыңарды ээрчип мусулманча атка айланып калат. 
 
2). Мен үчүн тынчсызданган, мени улам сурап турган жамааттын бир адамы болоорумду күткөн эмесмин.
 
Мен жашаган өлкөдөгү көпчүлүк адамдар сыяктуу эле, бир диний жамааттын ичиндеги мүчөсү болуу кандай экенин такыр билчү да, элестете алчу да эмесмин.  Исламды кабылдап, жамаат менен таалимдерге барып, диний маселелерге аралаша баштаганымдан тарта, мага: Мурунку аптанын жума күнү каерде болдуң? Баланча диний майрамга неге келбей калдың, көрүнбөдүң го?-деген сыяктуу ниети түз суроолорду көп беришет. Мурда мындай,.. артыңдан калбай жүгөндөгөн  суроолорго бир аз кызыктай мамиле кылчу элем, а азыр ал суроолорду мага жөн беришпестигин, мага күйүп, мага боор толгоп, алар өздөрү катышкан пайдалуу жыйын, таалимдерге менин да катышуумду каалап, мени  сурап жаткандыктарын туура эле түшүнүп ичим жылыйт.
 
1). Мени Аллах үчүн сүйүп, жакшы көрөөрүн  билбептирмин.
 
Жамаатта көптөгөн бейтааныш, өмүрүмдө көрбөгөн,кездешпеген аялдар, кыз-келиндер  менен кадимки жакын адамдай сүйлөшүп, талкуулаша берем. Ал ажайып адамдар  мени так эле өздөрү сыяктуу Аллахты сүйгөндүгүм үчүн урматтап, аздектеп мамиле кылаарын, жакшы көрөөрүн сезем. Мен да алардын кудум мендей эле Аллахты сүйгөндүктөрү үчүн гана урматтап, аларды эн бир жакынымдай көргөн сезимге бөлөнөөрүмдү чынында күткөн эмесмин.
 

Маалымат  булагы: Muslim Matters

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

Facebook Пикир