Жаңы мусулман болгондорго

islam035
  • 05 Кулжа 2017
  • 0
  • 636

Исламды сөзсүз эле күбөлөрдүн көзүнчө кабылдоо шарт эмес

Урматка татырлык шейх Мухаммад Салих аль-Мунаджидге тиешелүү сайттагы “Ислам: суроо-жооп” бөлүмүнө жарыяланган фатванын котормосун сунуш кылабыз.

Суроо:  Мен жаш мусулман жигитимин, мусулман кызга үйлөнгөм, а бирок анын ата-энеси мусулман эмес. Интернет аркылуу намаз окууну үйрөнүп, Курандын кээ бир аяттарын жаттаптыр. Экөөбүз баш кошкон соң  мен андан кимдердин көзүнчө исламды кабыл алганын сурасам, ал исламды кабылдап  жатканда жанында эч ким болбогонун айтты.  Анан мен ага Алла жалгыз экенин күбөлөндүргөн келмени менин астымда  айтуусун сураганымда  ал келмени  айтты. Ушунун өзү туурабы?  Айта кетээрим, экөөбүз  мечитте  шейхтин астында, көптөгөн күбөлөрдүн көзүнчө  баш  кошконбуз. Ал  күнгө чейин  эле  мен болочок жубайымдын   мусулман  экенин билгемин.
 
Жооп:
 
Бардык  мактоолорго Аллах гана татыктуу!
 
Биринчиден:
 
Адам  мусулман  болуусу  үчүн  Алланын жалгыздыгы  тууралуу  келмени  сөзсүз  түрдө  эле  кайсы  бир адамдарды   күбө   кылуунун  кажети жок.  Ислам – адам менен анын Жаратуучусунун   ортосундагы иш, Аллах бийик, Ал Улук. Эгер мусулманчылыкты  кабыл  алып  жаткан адам кандайдыр  жеке  документтештирүүгө  факт катары  исламды  кабылдоого  батынган болсо, мында деле  эч маселе жок, кыла берсин.   Бул  туурасында  биз  буга чейинки  фатваларда  көп эле ирет  айтканбыз.
 
 
Экинчиден:
 
Айта  кетүүчү  нерсе, кыздын жанында  аны  асыраган, багып чонойткон  ишенимдүү  кишиси  болмоюнча , нике   жараксыз деп эсептелинет.   Нике  кыйылып  жатканда  кыз тараптын   адамы  мусулман  эмес  болсо бу да  жарабайт, эгер  кыз  жактан  күбө  болчу  эч  бир  кишиси   жок болгон  болсо,  анын ордуна шарият  өкүлү, мечиттин   имамы же ошол аймактын  муфтийи  күбө  катары никеге  катышса болот.
 
Сөздү  жыйынтыктап  жатып, Аллах экөөнөргө  тең молчулук  берсин, жакшылыктарда  бир  кылсын  деп дуба  кылам!
 
Баарын  билүүчү  Аллах!
   
  
Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

Facebook Пикир