Жаңы мусулман болгондорго

islam020
  • 19 Бугу 2017
  • 0
  • 600

Жаңы мусулман болгон кишинин үй бүлөсүнө кат

Маселен, мусулман эмес бир үй бүлөдөн болсоңуз, үй бүлө мүчөлөрүнөн бирөө мусулманчылыкты кабыл алды деп коелук, дароо оюңуз уйгу-туйгу болуп “болду бул кишибизди биротоло жоготтук...” деп санаага батат да болушуңуз керек... камтама болбоңуз, ал мурункудай эле сиздин бир бооруңуз, эч жакка жоголуп кеткени жери жок, мурункудай эле сизди жакшы көрөт. Кыжаалат боло бербеңиз. Баары жакшы болот.




 
Кезинде мен да ислам динин кабыл алганда, тууган-туушкандарымдын эси кетип, “ушу кантип болсун..” дешип , башын кармап, күңгүрөнүп жүрүшкөн. Мезгил өтүп, дин темасында  ойлогонумду, сезгенимди айтып, алар да менин ойлорумду тыңдап, акыры туура түшүнүштүк, а түгүл мурдагыдан да ынак болуп кеттик десем болот.  Сиңдим интернеттеги блогума кирип мен карманган дин тууралуу ак дилден чыккан оюн жазууга да үлгүрүптүр.  Ушундан улам мен ойлойм да,.. жөнү жок чочуудан мурда бир үй бүлө кайсы бир динди тереңдеп окуп, иликтеп көрсө ыксыз  корко берүүлөр болбойт беле..
 
 
Ислам – чочуй турган чоочун дин эмес
 
Үй бүлөңүздөгү бирөө мусулман динин кабылдаган болсо, дароо эле кыжаалат болуп кирбей, ислам дини деген өзү эмне экенине кызыгып көрүңүз. Ислам – Жалгыз Кудайдын бар экенин тааныган, аны жактаган, ага бекем ишенген диндердин эң чоңу. Мусулмандар берилип ишенип жаткан Бир Кудай, так ошол христиандар, жөөттөр көкөйүндө ишенип, сыйынып жүргөн эле ааламдардын Жаратуучусу,  Жалгыз Кудай.
 
Мусулмандар: пайгамбарлар Адам алейхиссаламдан тартып, Муса (Моисей), Ибрахим (Авраам), Иса (Исус) жана Мухаммед Пайгамбарга (САВ) чейин ишенишет. Мусулмандар:  бүт Пайгамбарлардын баары бир гана максатты – Жалгыз, Бирден бир Кудайга ишенүүгө адамдарды чакырууну көздөшкөнүнө жана бизди жакшы пейилдүү, чынчыл, акыйкатчыл болууга  үндөп келишкенине ишенишет.  Бу жагынан алганда ислам башка диндерден эч бир айырмаланбайт.
 
 
 
Теле-радиодогу, маалымат каражаттарындагы ислам тууралуу үрөй учурган маалыматтарга ишенүүнү коюңуз
 
Балким таң калаарсыз, ислам тууралуу сиз билген бардык терс маалыматтарды ММКдагы кабарлардан алгансыз. ММК жөн жай максат менен жаралбастыгын, анын бирден бир максаты киреше табуу  экендигин эстен чыгарбаңыз. Коркунуч деген жакшы товар, коркунучту сатып өткөрүү ары ынгайлуу, ары бат болоорун да эске алыңыз. Ошондуктан ММКнын көбү “кандайдыр азганактай топ жеке саясый кызыкчылыгын көздөшүп, момундай-тигиндей жаман иштерди жасап жатышат...” дешип кайсыдыр коркунучтуу адамдар тууралуу айтып элдин үрөйүн учуруп турууну адатка айлантып келишет.
 
Тилекке каршы, журналисттер ошол саясый кызыкчылыгы бар үрөй учурган топторго каршы пикирин айтып келе жаткан, тынчтыкты, бейпилдикти  каалаган мусулмандар тууралуу өтө сейрек жазышат, а чынында андай мусулмандардын саны бир топ.
 
Сиздин үйүңүздөгү исламды жаңы кабыл алган жакыныңыз үйдөн дароо безип, террордук уюмга мүчө болууга өтө качат..деген ойдон алыс болуңуз. Тескерисинче ал, ислам динин  жаманатты кылган топтордун албуут, карөзгөй   демин токтотуу үчүн аракет кылып жаткан мусулмандардын катарында болушу толук мүмкүн.
 
 
Мусулмандардын баскан-турганы дайыма эле исламга шайкеш келет деш кыйын..
 
Дүйнө демин ичине катып, өздөрүн “ислам мамлекетибиз” деп жарыялаган кыймылдар тууралуу, кээ бир мусулман мамлекеттеринде адам укуктарынын бузулуп жатканы жөнүндө кабарларды сыналгыдагы жаңылыктардан көрүп жаткан кезде, “бүт мусулмандар ошондой экен да..” деп жалпылай кабылдабай, мусулмандардын арасында исламды исламдай тутпаган, кармабаган адамдар да бар деп эле түшүнүңүз.
 
Айырманын өтө чоң экенин түшүнүү өтө маанилүү. “Ислам мамлекети” кыймылынын иш аракети ислам динине тикелей каршы келет. Буга ачык далил, алар өзү карманып жаткан динди адамдарга мажбурлап, таңуулап келишет.  А Куранда мындай делинет:
 
“Динде мажбурлоо жок” (Куран 2:256)
 
Курандын 109-сүрөсүнүн, 6-аятында мындай деп жазылган:
    
«Силердин диниңер- өзүңөр үчүн, а менин диним – өзүм үчүн».
 
Ислам дининин алкагынан караганда, ар бир адам динди өз каалоосу менен тандоого укуктуу.
 
Андан тышкары, көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө аял өзүнүн негизги укуктарына ээ  эмес, бул болсо 1400 жыл илгери Пайгамбар (САВ) өзү аялдарга берген укуктарга, эркиндикке караманча каршы келет.
 
 Тилекке каршы, айрым мусулмандар исламдын мыкты үлгүсүн көрсөтүп берчү сапатка эгедер эмес. А сиздин үйдөгү  мусулманчылыкты жаңы кабыл алган  жакыныңыз исламдын өзү менен мусулмандардын жасаган-эткени эки башка маселе экенин жакшы түшүнөт болуш керек, эгер түшүнбөгөн болсо исламды кабыл албайт болчу да.
 
 
Ислам кайсыдыр бир маданиятка таандык эмес
 
Дагы бир кеңири тараган жаңылуулардын бири, сиз үйдөгү тууганыңызды “эмне үчүн келип-келип  исламды тандады экен.., ызы-чуу болуп жаткан  Жакынкы Чыгышка тешелүү бул динди тандабай эле койбойбу...” деп ичтен жактырбай жээришиңиз ыктымал.  А чынында, ислам эч бир тигил же бул конкреттүү маданиятка же адамдардын тобуна тиешелүү эмес. Жалпылай карап келгенде, жер жүзүндөгү мусулмандардын 20%ы гана Жакынкы Чыгышта жашайт экен.
 
Маселен, христиандар, жөөттөр жана буддачылар деле ар кыл маданиятка тиешелүү болуп,  ар башка мамлекетте жашап жатышкан сыяктуу эле, ар башка маданияттан, ар бөлөк мамлекеттен мусулмандарды кезиктирүүгө болот. Мусулманчылыкты кабыл алган тууганыңыз мурдатан карманып келген, тутунган маданиятынан баш тартууга милдеттүү эмес. Болгону айрым бир маселелерде кескин тыюулар бар: мас кылчу спирттик ичимдикке жолобошу керек же кыздар менен (же балдар менен)  жолугушууга барбоо керек деген сыяктуу жагдайларды эске алуу зарыл. Жалпы жонунан айтканда, жаңы мусулман болгон адам, өз калкынын түпкү маданиятына тиешелүү бойдон кала бериши керек, ислам дини андан баш тартууга мажбурлабайт.  
 
 
Исламды “мээси айлангандар” кабыл алабы?
 
Байкоолор көрсөткөндөй, мусулманчылыкты кабыл ала баштаган катмардын көбү Батышта жашашат экен, бул көрүнүшкө байланыштуу ар кыл жөө жомоктор, калп аралашкан жорумдар айтылып жүрөт. Айрымдар исламды жапатырмак кабыл алган жагдайды карап туруп, “булардын мээсин айлантып салышты” деп мүнөздөп жүрүшөт. Чынында, бул өтө татаал суроого берилген аябай жупуну жана туура эмес жооп болуп калууда. Исламды кабыл алгандардын бул динге келүү себебин териштирчү болсок, себептери ар кандай, аларды арбап, сыйкырлап динге өткөрүп  алган эч ким деле жок.
 
Адамдын ой жүгүртүүсүнө таасир этүүнү - кээ бирлер мажбурлоо, акылынан ажыратып делдиретип коюу деп түшүнүп алуулары мүмкүн. Адатта исламды кабылдоо өтө татаал деле процесс эмес, бул динди кабыл алып жаткан адам, ошол кабыл алып жатканы тууралуу келме (шахада) айтып мусулман болот, болгону ушул. Элестүү салыштырып келгенде бул – расмий документке кол койгондой же сотто ант берип жаткандай эле кеп. Динде: исламды кабыл алып жаткан адамдын акыл-эси жайында, өз каалоосу менен эмне кылып жатканын аңдап-туйганы анык болсо болду.  Эгер динге өткөрүлүп жаткан адам мажбурланса же анын акыл-эси жайында эмес болсо, анда бул идеологиялык жактан эптеп өз кызыкчылыгына тартуу аракети деп түшүнүү керек, мындай саясатташкан  ыкма менен  дин таңууланган адам – исламды кабыл алды деп эсептелинбейт.
 
 
Кулак түрүп уга билиңиз 
 
Исламды туура көрүп, мусулманчылыкты кабыл алган адам бул дин туурасында ар кандай айың кептерди, бурмалоолорду, ойго келгис жомокторду угушу мүмкүн. Мунун өзү чынында ал үчүн чоң эле сыноо.  Андай адамдарга эртеби-кечпи көнүмүш болуп калган адепки “А эмне үчүн исламды тандап алдың ыя?..” деген суроону беришет.  Ислам динине жаңы эле өткөн тууганыңызга так эле ушул суроону берип көрүңүз – анын жообу сизди таң калтыра  суктантышы мүмкүн.  
 

Маалымат булагы: Onislam
                       автор: Тереза Корбин (Theresa Corbin)
 

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

Facebook Пикир