Жаштар

islam08
  • 04 Кулжа 2017
  • 0
  • 451

Карыларга кайрымдуу болуу –унутулган казына

Жаштар көп учурда карылардын бар экенин байкабай калышат. Алар такай өз табиттери, жеке умтулуулары менен алек: кантип карьера куруу керек, канткенде жеке жашоону түптөп алам, эмне кылганда келбеттүү көрүнөм, эң акыркы үлгүдөгү смартфонду же кычыраган машинени качан сатып алаар экем,-деген сыяктуу мода кууган жанталашуу.





Мына ушул жанталашуунун артынан чуркап жүрүп, жаштар аларды багып-өстүргөн, окутуп-чокуткан, турмуштук кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөткөн, аларды кайсы бир кесиптин, кызматтын ээси болууга салымын кошом деп жүрүп карып калган ата-энесин өтө эле аз эстешет.
 
Айрым жаштар болсо, “ата-энеме жакшы мамиле кылсам болду” деген түшүнүк менен чектелип, коомдогу башка жардамга муктаж карыларга, көчөдө самсып, кароосуз калган же жалгызсыраган  карыя-кемпирлерге такыр маани беришейт. Ким билсин, балким ал карылар өмүрүндө бала-чакалуу болбогондур же балдары, кыздары бар туруп жардам беришпейт чыгаар, алардын асырай турган эч кими жоктур. Демек ал көрүнүштү  мына ушунтип  талдай алган жаштар, өздөрүнүн ден соолугу, энергиясы ашып-ташкан куракта экенин унутпай, жардамга муктаж карыларга көңүл бөлүүнү колго алууга тийиш.  
 
Буга өтө терең маани берүү зарыл, себеби, азыр күлгүндөй жаш болуп солкулдап  турганыбыз менен качандыр бир кезде биз да карыйбыз, биздин жаныбызда бизге көңүл бөлчү эч ким жок калышы ыктымал, мына ошондо азыркы кайдыгерлигибиз өз башыбызга келип тийиши мүмкүн. Ошондо жалгыздык эмне экендигин, айрыкча карыган кезде жалгыз калуу  кандай оор экенин түшүнөбүз.
 

Эскерүү  жана пайда
 
 Эгер жаштар карыларга көбүрөөк көңүл бөлө билсе, анда алардын жашоосу толук кандуу болмок. Карыларга жакын болсок, алардын турмуштук тажрыйбасынан баалуу нерселерди үйрөнүп, алар баштан кечирген турмуштук кырдаалдарды уксак, бул өмүрдөгү өйдө-ылдыйлардын ой-кыры каерден  башталып, кай жерден бүтөөрүн жакшыраак түшүнмөкпүз. Карылардын кебин тыңдасак, кечээги турмуш бүгүн эмнеге мындай болуп жатканын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк  алабыз.
 
Эки жыл мурда мен чоң энемдин үйүнө барып калдым. Аны үч жашымда бир көргөн боюнча, башка жакка көчүп кетип ошол бойдон такыр көрө элек болчумун, а турсун эсимден да чыгып кетиптир. Канча бир жылдардан кийин жолуктук, бул жолугушуу өзүнчө бир керемет болду: ал мага качанкы бир эсимден чыккан буюмдар, мага унут болгон жагдайлар тууралуу  өтө кызыктуу кеп куруп берди. Чоң энем мага өзүмдү өзүм жакшылап түшүнүүгө, чоң үй бүлөнүн бир мүчөсү экенимди сезүүгө түрткү болду.
 
Чынында эле, үй-бүлөгө,карыларга, жашоосу начар картаңдарга маани бербей турган болсок, анда жүрөгүбүз ичи бош калган  үлүлдүн үйүндөй эле бирдеме болуп калчудай. Жардамга, көңүл бөлүүгө муктаж адамдарды да карай жүрөлү деген сөздү айткым келет.
 

Биз эмне кыла алабыз?
 
Эсте болсун, мээрбандык, кайрымдуулук үй бүлөдөн башталат. Ишиңизге, окууңузга, кызматыңызга алаксып, андан колу бошобогон киши сыяктанып жүрө бербей, үй бүлөдөгү кары адамдарга жакшылап көңүл бөлүңүз. Балким, чоң ата, чоң эне, таята, таенеңиз бардыр,.. кайрымдуу мамилени так ошол адамдардан баштаңыз, ошолорго жумшак мамиле кылыңыз. Дагы бир маанилүү нерсени эске алып коюңуз, үйдөгү карыларга сиздин жылмаюуңуз, жарк этип күлө жасаган  мамилеңиздин өзү – кайрымдуулуктун бир белгиси.
 
Мындан тышкары, тааныштарыңыздын, дос-чарларыңыздын үйүндө кары адамдар бардыр. Эгер кайсы бир жерде жалгыз бой кары адам жашаарын билген болсоңуз, андан бат-бат кабар алып туруңуз же ысык тамак кылып үйгө чакырыңыз.
 
Азыр дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө карыялар үйү деген жайлар бар. Ал жерде эч кимге кереги жок, көңүл бөлүнбөй, көчөдө калган карылар багылат. Көпчүлүк карыя, кемпирлердин эч кимиси жок, айлап, жылдап аларга эч ким барбаган, кабар албаган аянычтуу көрүнүш бар. Так ошондой карыларга барып, алар менен сүйлөшүп, көңүлүн көтөрүп койсоңуз эмнеге болбосун? Санаалаш досторуңуз менен чогуу, дүкөндөн кандайдыр азык-түлүк, белек-бечкек алып барсаңыз алардын төбөсү көккө жетпейби!.. Сиздин берген белегиңиз арзан болсо да, азык-түлүгүңүз азыраак болсо да, көңүл бөлүп барып койгонуңуз  карылардын жүрөгүн жылыткан  чоң дем болот.
 
А эгер карылар үйүндө алысыраак тууган-туушканыңыз жашап жаткан болсо, сөзсүз андан кабар алыңыз,  сиздин барып койгонуңуз ал үчүн жана анындагы шериктери  үчүн  өзүнчө бир зор окуя болуп калат.
 
Келгиле,  карылар биздин кайрымдуулугубузга, боорукерлигибизге татыктуу адамдар  экенин унутпайлы!
 
 

Маалымат булагы:  About Islam

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

 

Facebook Пикир