Жаштар

Isl042
  • 06 Кулжа 2017
  • 0
  • 840

“Колум бошобойт” менен “убактым жок” маселеси

“Мени алдоо кыйын эмес! Эгер алдансам өзүм деле кубанмакмын”-деп мындан туура 200 жыл мурун орус акыны Александр Сергеевич Пушкин жазып кеткен тура. Өзү негизи акын бул ырын таптакыр башка темада жазганы менен, анын убакыт тууралуу жазганы бүгүнкү заманыбызга бап келип, биз тууралуу, а түгүл биздин ар бирибиз тууралуу жазгандай таасир калтырат.

Жогорку технология заманы өнүккөндөн өнүгүп, адамдардын жашоосу  да  баштагыдай татаал болбой, жашообуздагы көп нерсе кыйла жеңилдеди: канча  күндөп-түндөп, жөө же атчан араң жетип барчу  байыркы аралыктар, азыркы заманда кыйла  кыскарды; илгери убакыт деген нерсе кенен-кесири эле,  негедир азыр “убактым жок” деп жанталашкан адамдар, кыскасы убакыт да тарыды;  жашоо  мурда  жайкалып жай өтүп жаткандай сезилсе, азыр ылдамдык да зымырап  тездегенден тездөөдө. 
 
Тарыхчылардын жазганына караганда, орус императрицасы Екатерина каза болгондо ал кабарды Санкт-Петербургдан Иркутскиге жеткирүү үчүн чабарман дээрлик бир ай жол жүргөн экен. Эми азыр антип ат минип алып айлап жол кезбей, жер шарынын берки жагында туруп алып, аркы четинде  эмне болуп атканын  реалдуу көрсө боло турган денгээлге жеттик.  Ырас ушундай жетишкендик болуп жаткан соң элдин баары байманалуу заманда жашап калышы керек эле да? Океандын ары жагындагы өлкөгө кат жиберүү үчүн пароход качан келет экен деп акыйып күтүп олтурбайбыз, интернет деген нерсе чыккан азыр, анын жардамы менен кандай көлөмдөгү кат болбосун пароходко салыштырмалуу миң эсе бат ылдамдыкта кат жиберсек болот. Кир-когуңузду суу боюна барып самын-сумундап, жышып жууштун кереги жок, кир жууй турган автоматтык машина сиздин убара кылбай кир кийимиңизди, жууркан-жалаякты өзү эле жууп салат.
 
Ушуга окшогон жеңилдиктерди санап олтурсаңыз, сизде толгон-токой убакыт артыш керек болчу, туурабы? Ошол убакытты ырасы менен эле өтө маанилүү нерсеге коротуп, көбүрөөк нерсеге үлгүрүп, мыктыраак нерселерди жасап, айтор эс алганга да мол убакыт табылышы керек эле... Бирок, тилекке каршы азыркы заманда жеңилдиктер, адамга жардам берген технoлогиялар канча  көбөйбөсүн – өзүбүзгө кандайдыр чоң, кенен убакыт арттырып кала албадык, убакыт чоноюп, кеңейип кеткен деле жери жок. Эки жүз, балким без жүз жыл мурда  бир суткада канча  саат болуп келген болсо, азыр деле бир күндө ошончо саат чыкылдап өтөт да кетет. Бирок кашайып эмки замандын убактысы  мурункудан батыраак өтүп, батыраак  түгөнө баштаганында...
 
Кыскасы замандашым, убакытка шылтабаңыз, кептин баары өзүңүздө...
 
 
Булак:  motivation-life.ru
 
Кыргызчалаган: Islamlife.kg

 

Facebook Пикир