Көз сереп

IslamLife 004
  • 02 Кулжа 2017
  • 0
  • 868

Дин жана социалдык ММК: Ислам менен ааламтордун (интернеттин) эрөөлү

Дарактардын арбайган-тарбайган ийри-буйру бутактарынын так түбүнө туруп алып, көктү карачу болсоңуз асман сынган айнектерге окшой түшөт. А арт жактан суунун акырын, бирок тынымсыз аккан дабышы кулакка угулат.


Нохе Эльсаид (Noha Elsayed) өзүндөгү кандайдыр таасирлер тууралуу достору менен бөлүшкүсү келип,  колундагы телефондон Facebook түйүнүн ачат, ал жерде дароо “Эмне тууралуу ойлонуп жатасыз?” деген суроо пайда болот.
 
Кыздын манжалары клавиатураларды шыпылдай терип кирди. Отуз секунддан соң ал жазгандарын түйүнгө жарыялады:
 
 
Эгер бул дүйнөдөгү бүт дарактар  калемге айланса да, а бир деңиз бүтүндөй боекко айланып, анын ары жагында так эле ошондой дагы сегиз деңиз мелмилдеп турса да, Аллахтын Сөзү түгөнмөк эмес. Акыйкатта, Аллах – Кудуреттүү, Акылман”.

 
 
Бул Курандагы аяттардан алынган саптардын бири.  Биздин заманда адамдар тигил же бул диндеги ишенимин, таасирин, ынануусун соцтармактар аркылуу тез-тезден эле бөлүшүп турушат.
 
Вашингтондогу Пью Борбору (Pew Research Center) 2014-жылы атайын иликтөө жүргүзүү учурунда америкалык  3 217 кишини сурамжылап: “Ушул аптада кандайдыр диний ишмердик менен алектендиңизби?” деген суроо берилгенде, америкалыктардын 20%ы өзүнүн диний ишенимдерин Facebook  жана  Twitter сыяктуу соцтармактар аркылуу жарыялап турушаарын билдиришкен. Мындан тышкары, суралгандардын 46%ы өткөн жумада кимдир бирөөнүн дин темасы тууралуу жеке  жашоосундагы таасирлерин жазган  постторду окугандыгын айтышкан.
 
А бирок, эмне үчүн адамдар өздөрүнүн диний ишенимин такай соцтармактарга жарыялаарын, эмнеликтен ыйык китептерден үзүндүлөрдү, аалымдарын айткандарын, диний багыттагы видеолорду пост кылып бөлүшөөрүн  жакшылап иликтеп, мунун себебин билген жан жок.  Так ушул суроонун изи менен биз бир нече мусулмандарды сурамжылап, пикирин билип көрдүк.
 
Юридикалык факультетте окуган 22-жаштагы студент Джвайид Джвайид (Jwayyed Jwayyed) диний көз караштарын, ой-туюмун маал-маалы менен соцтармакка жарыялап тураарын, дегинкиси соцтармактар тигил же бул ойду коомго жар салууда өтө табылгыс каражат экенин билдирет.
 
 
“Социалдык ММК ойлорду, идеаларды бөлүшүп туруу үчүн керектелет. Мен ал жакка айланамда болуп жаткан окуялар, коомдук көрүнүштөр, саясат, спорт, күндөлүк турмушумдагы ар кыл жагдайлар, жана башка темелар тууралуу жазып келем. Дин темасы деле ушул сыяктуу... Мен үчүн өмүрдүн маңызы – бу жашоодогу өз максатыңды түшүнүү, дин мына ошол максатты түшүнүүдө чон рольду ойнойт. Соцтармакты мен ошонун баарын ишке ашыруу үчүн колдоном”.
 
 
Кливленд Университетинде молекулярдык биологияны иликтеп-окуган 20 жаштагы Саид Хонкарли  (Saeed Khoncarly) да соцтармактарга дин тууралуу пикирин көп жарыялайт.
 
“Социалдык ММК мен үчүн ойду билдирүүнүн бир ыгы,-дейт ал. –Мен тутунган дин – менин жан дүйнөмдүн жарымы, аны менен өтө сыймыктанам”.
 
Сыйынуучу жайларга бат-баттан барып турган америкалыктар, ал жактарга аз каттаган жарандарга караганда соцтармактарда активдүү болуп, дин жаатында  пикирин бөлүшүп, керектүү маалыматтарды окуп турушаарын белгилейт Пью Борбору.  Ошол эле иликтөөнүн тыянагы боюнча, жаш курагы 50 же андан улуу америкалыктарга салыштырмалуу 18 ден 29 жашка чейинки америкалык тургундар соцтармактардан диний маалыматтарды окуп, пикирин жазышат.
 
Кливленд университетинде сабак берчү 51 жаштагы мугалим аял Лайла Эддеб   (Laila Eddeb) соцтармактарга диний көз караштарын, ошол багыттагы постторду жарыялабай турганын билдирди. Өзү исламий багыттагы жыйындарга тез-тезден барып турган, динге берилген адам экенине карабай, адам диний ишенимин соцтармактарга жарыялабай,  өз ичинде аруулап сактоосу туура болоорун белгилейт.
 
 
“Менин оюмча, социалдык ММК тек пикирлешүү, ой бөлүшүүнүн куралы, а дин – бул кандайдыр башка нерсе,-деп түшүндүрөт Эддеб. –Ырас, мен соцтармактардан акылман, сабаттуу адамдардын бөлүшкөн ойлорун, мейли ал ойлор диний нукта болбосо деле кез-кез окуп турам”. 
 
 
Бул мугалим аялга салыштырмалуу 50 жаштагы Сана Зиадех  (Sanaa Ziadeh) соцтармакта диний көз караштарды, пикирлерди көбүрөөк окуп, өзү да көбүрөөк жазып турганга аракет кылат.  
 
 
“Мен ислам тууралуу көп эле жазып турам...Диний ойлорумду бөлүшүп, башка мусулмандар менен тыгыз мамиленин уланып жатканын байкайм. Биз соцтармактар аркылуу бир бирибизге динге бекем ишенген момун болууну, Кудайды унутпай аны эстеп турууну эскертип турабыз”.
 
Мындан тышкары ал соцтармактар анын диний дүйнөсүн кыйла байытканын белгилөө менен бирге, “Ислам – иш жүзүндө, реалдуу турмушта колдончу дин, андыктан мен өзүмдү социалдык тармактарга көз каранды адаммын”- деген оюн кошумчалайт.
 
 
Жан дүйнө импульсубу?
 
Социалдык тармактар адамдардын бир бири менен болгон байланышынын сырткы көрүнүшүн гана өзгөрткөнү болбосо, алардын динин астын-үстүн кылып өзгөртүп жиберген жок.
 
“Дин жана социалдык ММК: интернет барбы?” деген аталыштагы илимий макаласында автор Полин Чонг  (Pauline Cheong) диндерди жана маалымат каражаттарынын жаңы түрүн иликтеп көрүп, интернеттеги блогдор, микроблогдор (же твиттик жазуулар) адамдарга дин жеткирүүнүн жаңы тажрыйбасына айланып баратканын аныктаган.
 
Чонгдун ишениминде, социалдык ММК  - кээ бирөөлөр үчүн динди окуп-үйрөнүүнүн, о.э. башкаларга да динди таанытуунун, дин эмне экенин адамдарга айтып, кадимкидей маңыздуу маек куруунун бир платформасы болуп калды. Аны менен катар интернеттеги бул тармак – өзүнө  социалдык колдоо күткөн, диний  ынанымына жөлөк издеген катмар үчүн зор кызмат аткарууда.
 
Интернет айдыңын карап көрсөңүз, ар кайсы диндеги адамдар менен сүйлөшүү, аларга маалымат  берүү, эскертип туруу үчүн көптөгөн аккаунттар жайнап кеткен.Мисалы, @IslamicThinking  деген хештегдин өзүнө  эле миллиондон ашуун адам катталган. Аталган аккаунтта диний темадагы орошон  ойлор, досчулук маанайдагы чакырыктар,Курандын аяттары, кыска дубалар бар.
 
Кливленд Университетинде окуган 24 жаштагы Сабрин Куран (Sabrean Quraan) аттуу студент-логопед диний  аккаунттар адамга динди эскертип туруу үчүн өтө ынгайлуу нерсе экендигин, а бирок социалдык ММК аны динге мурункудан да катуу ыктаган ашкере диндар адамга айлантып жибербегендигин айтат.
 
 
“Социалдык ММКны окуймбу же анысы жок эле жашоо кечиремби, мен дайыма өзүмдү бир калыпта эле кармап, бирдей эле сезем”,-дейт ал.
 
 
Акрон Университетинин биохимиялык факультеттеги  21 жашар студент кыз Саммер Матар (Summer Matar) , социалдык ММК болбосо, динге анча жакын болбой калам деп эсептебейт.
 
 
Соцтармактарга жарыяланган диний ойлорду, жазууларды окуп дин тууралуу көбүрөөк ойлоносуң, ишенимиң бекемделет, качанкы бир унутуп калган диний түшүнүктөрүңдү эстегенге мүмкүнчүлүк болот, а түгүл мурда-кийин билбеген нерселерди билесиң,-дейт студент кыз. – Социалдык ММК аркылуу мен дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан көптөгөн ага-ини, эже-сиңдилерим  менен тааныштым, кээде алардын жазгандарын окуп, мурда эч билбеген, укпаган диний темадагы жаңы нерселерди маалымат катары ала алдым. Дин боюнча улам бир жаңы табылганы билген сайын, өзүмдү мурункудан да динге бекем ыктаган адамга айлангандай сезем берем”.
 
 
Социалдык ММК адамдын диний ишенимин, дүйнөсүн байытып, бекемдеген чакта деле, соцтармактар аркылуу алынган диний тажрыйба чыныгы диний такыбаалыктан алыстатуусу толук мүмкүн,- деп чочуркайт китептин автору Чонг.
 
Америкалык активист Раид Тайехтин  (Raeed Tayeh) баамында, социалдык ММК адамдардын социализациялануу ыкмасына өзгөрткөнү менен, алар баары бир өз ара жеке пикирлешүүгө муктаж бойдон калууда. Андыктан ким бирөө кандайдыр диний иш чара өткөргүсү келсе, ага эл арбын келүүсү үчүн адамдарды  шыктантчу, ойготчу нерселерди ойлоп табуу жөндөмү күчтүүрөөк болуусу кажет.
 
 
“Интернетте интелекти анча кеңири эмес, ошонусуна  канааттанып отурган жалкоолор да, өзүндөгү купуя ишенимине, каалоосуна  төп келчү динди интернеттен издештирип, караштырып олтурган кишилер да кездешет. Мына ошондой адамдар үчүн социалдык ММК – алардын   акыл-эсине, ойлонуу денгээлине жараша тар, чакан болсо да өз жан дүйнөсүнө ылайыктуу   “башпаанек үй” куруп алууга ынгайлуу жер болуп бере алат. Ошол дүйнө аркылуу  алар соцтармактарда айтылган тигил же бул диний ойлорду, көз караштарды окуп өзүнө руханий азык алып турушат”- дейт Тайех.
 
 
Сабрин Курандын терең ишениминде, соцтармактар диний ойлорду бир бири менен бөлүшүүгө  ынгайлуу аянтча экени ырас, а бирок   адамдар социалдык ММК аркылуу эле динин бекемдеп, ыйманы бүтүн болуп, диний иш чараларга, баян, хутбаларга, жума намаздарга, мусулмандар өткөргөн чогулуштарга барбай койсо деле боло берет деп тыянак кылбоо керек.     
 
 
“Социалдык  ММКдагы дин тааным, үгүт, чакырыктар эч убакта реалдуу диний активдүүлүктүн, динге мамыр-жумур аралашкан чыныгы жашоонун ордун толтура албайт. Менин оюмча, биздин ислам дининде адамдар бир бири менен көзмө көз жолугушуп, саламдашып, сурашып, дин тууралуу ыймандашуусу өтө чоң мааниге ээ. Чынын айтсам, соцтармактардын айынан  мусулмандар өткөргөн иш чараларга, диний жыйындарга барып турууга мажбур болом. Анткени мен, көз менен көрүп, кулак менен угуп, динди мечиттерге, жыйындарга барып сезген-туйган таптакыр башкача сезим экенин түшүнөм”- дейт Сабрин Куран.
 
 
Социалдык ММКда динге кызыккан, динди карманган адамдардын саны барган сайын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу  кээ бир исламий аалымдар соцтармактар аркылуу тил үйрөтүү жагына да басым жасоого өтүштү. 
 
Вашингтондо  жашаган белгилүү дин аалымы Сухайб Уэбб (Suhaib Webb)  социалдык ММКны билим берүү максатында пайдаланган имамдардын бири. Учурда анын Twitterдик баракчасына   88 000 ден ашык адам, ал эми  Facebook тагы баракчасына 215 000 ден ашуун киши катталган. Уебб адамдар менен ар кыл соцтармактар аркылуу байланышат, бирок ал колдонгон эң белгилүү платформа – Snapchat (Снепчат).
 
Он мүнөттүк видеороликтеринин ар биринде Уэбб бангизат маселесинен тартып жубайлардын өз ара мамилелери боюнча суроолорду козгоп, ага жоопторду берет. Берген маектеринин биринде Уэбб Snapchat ты тандап алганынын эки себеби бар экенин айткан: биринчиси – 13 жаштан 23 жашка чейинки катмарды тандоо, экинчиси – жаштарга тил үйрөтүү.
 
 
Адамдар сага оңой-олтон кайрыла ала тургандай болушу керек. Андыктан мен имамдарга, эксперттерге, активисттерге Snapchat ты пайдалануу  оң болоорун айтмакчымын”,-дейт ал.
 
 
 
 
Интернет – өз үй, өлөң төшөгүң.
 
Диний көз карашты билдирүү маселесине келгенде, бул жаатта социалдык тармактар  көңүл жылытаарлык кызмат аткарып жатышат. Мисалы, соцтармак аркылуу  адамдар өздөрүнүн жан дүйнөсүнө, көңүлүнө, ишенимине төп адамдар менен  бир коом түзүп, ойлору, көз караштары бир жерден чыгып, анын баарын  кысынбай, өгөйлөнбөй бир бирине айтып, пикирлешип турушат. 
 
Чикагодо Психология факультетиндеги18 жашар студент кыз Йосра Назими (Yosra Nadhimi):
 
 
“Көңүл көтөргөн постторду окуп мен ошол коом менен бир экеними, ал чөйрө менен ынтымакта, бир ой, бир пикирде экенимди сезем. Диндеш жакын адамдар мен жазган ойлорду, сезимдерди туура кабыл алып, тигил же бул кырдаалдарда мени туура түшүнүп, колдоп турушат”,-деген оюн айтат.
 
 
2007-жылы Кейтлин Маккенна (Katelyn Y.A. McKenna)  жана  Келли Уэст (Kelly J. West) аттуу авторлор азыркы адамдардын диний жашоосундагы интернеттин ролун иликтеген изилдөөнүн тыянактарын жарыялашты. Изилдөө көрсөткөндөй, интернетте диний багыттагы онлайн форумдарда байма-бай олтурган адамдар диндеш жакын чөйрөдөгүлөр менен  тыгыз байланышты сезип, дайым социалдык колдоонун кучагында жүрөөрүн айтышкан. Алар “өз жашоосунун маңыздуулугуна терең ынанган, башкаларды да өзүндөй туюп аларга ишенген” адамдар экени такталган.
 
Кливлендде жашаган 21 жаштагы Мохаммед Абуаун  (Mohammed Abuaun) анын мусулман достору башка бир темаларга караганда диний постторду  байма-бай окуп турушаарын айтат.
 
 
Муну мынтип түшүндүрсө болот. Ар бир эле мусулман спортту, кинону ж.б.хоббилерди  жактыра бербейт. А бирок бардык мусулмандарды бир тутумга бириктирген нерсе бар: бул – алардын ишеними, анткени баарынын тутунган дини бир. Мен мынтип айтат элем, сен карманган эле динди карманган, сен ишенген ишенимге ишенген адамдарды көрүп, жалгыз эмес экениңди түшүнөсүң да, ишенимиң ого бетер бекемделет экен”.
 
 
Саид Хонкарли да социалдык ММКда мусулмандар тынчтыкка үндөөдө ынтымактуу болуп, зордук-зомбулукка каршы маанайларын чогуу билдиришкен постторун окуганда, так ошол мусулман коомунун бир өкүлү экенине денеси жибип, бир башка сезимге бөлөнөөрүн айтат:
 
Бул эмнени билдирет, бул – биз баарыбыз бир максатты көздөөрүбүздү туюнтат, ал максат тынчтыкка үндөө,  Ислам дининин өзөгү да - тынчтык”.
 
 
 
Маалымат булагы: The Islamic Monthly
Автор: Зеина Салем (Zaina Salem)
 
 

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

Facebook Пикир