Көз сереп

IslamLife 005
  • 02 Кулжа 2017
  • 0
  • 650

Сексуалдык зордуктоолор көп болгон 10 өлкө.

Дүйнөлүк глобалдык масштабдан алганда, күч менен басынтып, сексуалдык жактан кордолгон зордуктоолорго 36%га жакын аялдар кабылышат. Бул макалада зордуктоолор өтө көп катталган он мамлекеттеги статистика камтылган, анан калса бул тизмеге эң өнүккөн делинип жүргөн АКШ, Канада, Швеция, Улуу Британия өлкөлөрү да кирген.



Бул макалада зордуктоолор өтө көп катталган он мамлекеттеги статистика  камтылган, анан калса бул тизмеге эң өнүккөн делинип жүргөн АКШ, Канада, Швеция, Улуу Британия  өлкөлөрү да кирген. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарында сексуалдык агрессиянын тигил же бул түрүнө 12 ден 16 жашка чейинки кыздардын 83 %ы кабылышат.  Англияда болсо сексуалдык кол салуунун ар кыл түрүнө 16 дан 59 жашка чейинки  ар бир бешинчи аял, кыз учурайт экен. 
 

10. Дания жана Финляндия. 
 
Европада аялдарга сексуалдык маанайда күчтөп кол салуу тагдырына ар бир 3-чү аялзаты кабылса,  5 %ы зордукталышат. 
 
Евро биримдиктин Фундаменталдык укук боюнча агенттигинин 2014-жылдагы маалыматы боюнча, Финляндияда сурамжылоого катышкан аялдардын 47%ы күч колдонгон, сексуалдык кол салууга туш болушканын айтышкан, а Данияда  ушундай багыттагы көрсөткүч 52%ды түзгөн.
 
Евро Биримдиктеги (ЕБ)  мамлекеттердин көбү  никелешкен үй бүлөдөгү сексуалдык зомбулукту мыйзамсыз деп табышкан, а ЕБ-тин курамындагы Финляндия так эле ушундай мыйзамды 1994-жылы кабыл алган өлкө болду.
 
Суралган 10 аялдын бири же андан көбү 15 жашында чоң кишилер күчтөп зордукташканын айтышса, ар бир 10чу аял 15 жаш курактан өткөн кезде сексуалдык зомбулукка, ар бир 20-аял зордукталган тагдырга туш болгонун билдирген. Ар бир бешинчи аял учурдагы же мурдагы күйөөсү күчтөп кордогонун же зордуктаганын ачыктаган. Зордуктоого туш болгон аялдардын 13%ы гана окуя тууралуу полицияга маалымдашкан.
 

9. Зимбабве.
 
Зордуктоо көрсөткүчү боюнча Зимбабве 9-орунда турат. Аталган өлкөдө ар бир 90 мүнөттө  бери дегенде бир аял зордукталат. Зиамбабвенин Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, ар ай сайын өлкөдө 500 гө жакын аялдарды сексуалдык жактан кордогон окуя, ал эми ар күнү 16 окуя катталат.
 
Былтыркы жылдын биринчи кварталында сексуалдык зомбулук багытында1 285 мисал катталса, быйыл(2014-ж)  ошол эле кварталдагы көрсөткүч 1 524тү түздү. Полицияга белгилүү болгон 780 фактынын баарында жабырлангандардын жаш курагы 11 ден 16 жашка чейинкилер. Ал эми 276 фактынын баарында 5тен 10 жашка чейинкилер сексуалдык кордолууга туш болгондор. Жогорудагы көрсөткүчтөр полицияга белгилүү болгону гана, а чыныгы сандар мындан да көп болушу ыктымал деген күмөн бар.
 
ЮНИСЕФ уюмунун маалыматында, сексуалдык зордуктоолорго кабылган кичине балдардын саны 42%,  2010-жылы өспүрүмдөрдү зордуктоо фактысы боюнча полицияга  2 192 арыз жазылган болсо,  2014-жылы ушул эле мүнөздөгү көрсөткүч 3 112ди түзгөн.  Сыягы, калк арасындагы  “эч ким билбей эле койсун” деген кысынган маанайдан улам, полицияга зордуктоолор туурасында маалыматтын баары толугу менен жетпей жатышы да ыктымал.
 

8. Австралия.
 
Автралияда да ар бир 100 00 адамга өтө көп пайыздагы зордуктоого туш болгон аялдардын статистикасы  туура келет. 2012-жылы болжол менен 51 200 австралиялык жаран 18 жаштан өткөн куракта сексуалдык мүнөздөгү кол салууга туш болгон. Кордолгондордун 30%ы гана полицияга кайрылышкан.
 
News.com сайтындагы маалымат боюнча, ар бир алтынчы австралиялык аял эзели мурун тааныбаган бейтааныш бирөө тарабынан зордукталат (мындай учурда дүйнөдөгү ар бир 14-аял өзүнүн зордукталганын айтып полицияга кайрылат). Иликтөөлөр  көрсөткөндөй, Австралия (Жаңы Зеландия менен биргеликте) бейттаныш бирөө  тарабынан зордукталган факты боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлеген.
 
Австралиядагы Аялдар үчүн ачылган Кризистик борбордун кызматкери Карен Виллис (Karen Willis) да кезинде зордукталган тагдырга кабылган, анын айтуусунда, өлкөдөгү зордуктоо окуяларынын 70%ына үй бүлө мүчөлөрүнүн, жумуштагы кесиптештеринин, окуу жайдагы студенттер менен мугалимдердин түздөн түз тиешеси бар. 29% зордуктоолор  зордукталган аял таанып-билип жүргөн эркек же жолугуп жүргөн жаңы таанышы тарабынан болот. Зордуктоолордун 1%ын гана зордолгон аялга бейтааныш эркектер жасашат.
 

7. Канада.
 
Бул мамлекеттин полициясына зордоду-кордоду деп  даттанып жазылган  арыздардын көпчүлүгү сексуалдык мүнөздө. The Huffington Post гезитинин жазышынча, ар жыл сайын өлкодө сексуалдык өңүттө 460 000 кылмыш катталат, ал эми сексуалдык маанайдагы 1000 кылмыштын 33ү гана полицияга маалым болуп, 29у мыйзамга каршы келди делинип тиешелүүлөр жазага тартылат.
 
Түндүк Америкада ар бир төртүнчү аял өмүрүндө жок дегенде бир ирет сексуалдык зомбулукка учураптыр. Ушундай кордоолордун айынан 11% аял физикалык жактан катуу жабыркашат. Статистика боюнча,  сексуалдык кор болгондордун 6%ы гана болгон ишти айтып полицияга кайрылышса, андай курмандыктардын 80%ы негизинен аялдар, кыздар. Сексуалдык зордуктоолор көбүнесе үйлөрдө болот, ал эми аялдардын 80%на  достору, тууган-туушкандары тараптан  сексуалдык кол салуу болот. Эң чочуткан жагдай, иштөөгө жарамдуулугу жок, майып же чала майып аялдардын 83%ы зордукталса, 15%ы секелек кыздар, 16%ы 16 жашка чейинки уул балдар.
 

6. Жаңы Зеландия.
 
2013-жылы бул өлкөдө өздөрүн  Roast Вusters деп аташкан зөөкүр топ чыгып, алар жаш кыздарды уурдап кетип сексуалдык жактан кордошкон фактылардын  коомго ачыкка чыгуусу Жаңы Зеландиядагы сексуалдык кылмыштын денгээлинин канчалык экенин тастыктады. Полияциянын берген маалыматы боюнча, зөөкүрдүктү максат кылышкан Батыш Окленд аймагындагы  жигиттердин тобу  жаш кыздарды алдап группалык секс менен алектенүүгө мажбурлашкан.
 
Британияда чыгуучу  медициналык  The Lancet журналынын докладында айтылгандай, сексуалдык зордуктоо боюнча дүйнөлүк  орточо ченемге салыштырганда Жаңы Зеландияда бул мүнөздөгу көрсөткүч кыйла жогорулат кеткен. Журналдын божомолунда, Жаңы Зеландия өлкөсү Австралия мамлекети менен бирге дүйнөдө зордуктоолор боюнча 3 орунда турат, (өлкөдө 16,4% аял зордуктоого кабылат).  Юстиция министринин айтуусунда, өлкөдө ар эки саатта сексуалдык кол салуулар болуп турат.  Статистикага кайрылсак, ар бир үчүнчү тестиер кыз  жана ар бир алтынчы уул бала 16 жашка чейинки куракта  сексуалдык зомбулукка учурайт.
 
Бир жылда сексуалдык зордуктоолордун өсүүсү 15%ды түзүп, мектептерде болсо бул көрсөткүч жыл өткөн сайын эки эсеге арыш керип барат. Жабыр тарткандардын 9%ы гана полицияга кайрылышат, айыпкердин айыбы далилденип, жазаланган көрсөткүч  13 %ды араң түзөт. Зордуктоо фактыларынын 91%ы жашырылган көмүскө маалымат бойдон кала берет  же полициянын коркутуп- үркүтүүсү менен жазылган арызды кайра артка кайтарып алышат.  (бул туурасында New Zeeland Herald гезити жазган).
 

Индия.
 
Сексуалдык жактан зордуктоо, кордоо – Индия мамлекетинин бирден бир башын ооруткан чоң көйгөй бойдон калууда. Кылмыштарды катоо боюнча улуттук бюронун  (NCRB) маалыматына караганда, аялдарды кордогон кылмыштар боюнча 2010-жылдан берки көрсөткүч 7,5% ды түзгөн. 1,3 миллиард калкы бар Индияда зордуктоо фактысы боюнча жазылган арыздардын көлөмүн салыштырчу болсок: 2012-жылы 24 923 учур болсо, 2013-жылы 33 707 факты катталыптыр. Зордукталган аялдардын көбүнүн  жаш курагы – 18ден 30 жашка чейинкилер.  Ар бир үчүнчү зордуктоого туш болгон кыз 18 жашка чыга электер, ар бир онунчу кыз -14 жашка чыга электер. Индияда ар 20 мүнөттө аялдарды, кыздарды зордуктап кетүүлөр болуп турат. 
 
2013-жылдагы статистика боюнча, Индиядагы башка шаарларга салыштырып караганда, Нью-Делиде эң көп зордуктоо фактылары катталган. Мындайча айтканда бу жылы ар бир төртүнчү зордуктоо полицияга маалым болуп турган.  Зордуктоо боюнча жалпы көрсөткүчтү алчу болсок: эн алдыңкы орунда Нью-Дели ( 1636 учур) Мумбай (391учур), Джайпур (192учур), Пуна (171учур) катталган. Зордуктоо кыйла көп болуп турчу штаттар арасынан: Мадхья-Прадеш алдыда турат, бул штатта бир күндө орточо эсеп менен 11 зордуктоо фактысы катталат (4 335 факты). Андан соң:  Раджастхан (3285 факты), Махараштра (3063) жана  Уттар-Прадеш (3050) турат.
 
Индияда ар күнү  сексуалдык зордуктоо, кордоолорго 93 аял туш болот. Андай окуялардын 94%ында жабыркоочу зордуктаган адам ким экенин билет – ал кошунасы, таанышы, үй бүлө мүчөсү, а турсун ата-энеси (31 807 фактынын 539у) болу чыгат. Зордуктоолрдун көбу (адистердин баамында 54төн 90%га чейини) полицияга, дүйнө жүзүно белгисиз бойдон кала берет).

 
4. Англия жана Уельс.
 
Улуу Британиядагы мыйзам боюнча, эркек киши башка бир адамга мыйзамга каршы келген аракет жасаганда гана, зордуктоо фактысы болду деп таанылат.  Англиянын Адилет министрлиги, Статистика боюнча улуттук башкармалык, Ички иштер министрлиги биргелешип, 2013-жылы “Англия  жана Уельстеги  сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар”деген аталыштагы докладды жарыялашты. Докладдагы маалымат боюнча,ар жылы Англия менен Уельсте божолдуу 85 000 жаран зордуктоого кабылышат: анын  73 000 и аялдар, 12 000и эркектер, мындайча айтканда ар күнү 230га жакын зордуктоо болуп турат экен. Ар бир бешинчи аялзаты 16 жаштан өйдө куракта сексуалдык зомбулуктун ар кайсы түрүнө чалдыгат.
 
ВВС нин маалыматына караганда, Англия жана Уельсте  жалпы кылмыштуулуктын денгээли  кыйла ылдыйлаганы менен, сексуалдык өңүттөгү кылмыштар тескеричинче 29%га жогорулап кеткен. Сесуалдык зордуктоолорго секелек кыздардын үчтөн бири жана 16%  13төн 18 жашка чейинки  өспүрүм балдар туш болушкан, ошол эле учурда  250 000  өспүрүм курактагы кыздар сексуалдык кордогон мамилелерге кабылып турушат.
 

3. АКШ.
 

Джорж Мейсон университетинин жана Сексуалдык кылмыштуулук боюнча дүйнөлүк статистиканын маалыматына караганда: ар бир үчүнчү америкалык аялзаты өмүрүндө жок дегенде бир жолу сексуалдык зордуктоого кабылат, атап айтканда мындай тагдырга 19,3% аялдар, 2% эркектер туш болгон. Мындан тышкары, аялзатынын 43,9%ы жана эркектердин 23,4%ы  сексуалдык мүнөздөгү башка кордоолорго учураган. Көпчүлүгү зордуктоого жаш кезинде туш болушат, дээрлик 79%ы  - 25 жашка чейинки куракта, 40%ы – 18 жашка чейин зордукталганын айтышкан,-деп мисалдатат USA Today.
 
RAIIN булагынын маалыматында, АКШда ар 107 секунд сайын кимдир бирөө сексуалдык жактан ар түркүн кордоого кабылып жаткан болот. Жыл сайын мындай тагдырды баштан кечиргендер  293 000 адам (12 жаштан жогору), 68%ы зордукталып бирок полицияга кабарланбаган боюнча калса, 98% зордукчу-зөөкүрлөр абакка кесилбей, жасасын албаган бойдон калышат.
 
Студенттик курактагы аялдардын, кыздардын 25%ы 14 жашка чыкканга чейин эле зордукталганын же зордуктоо аракетине туш болушканын айтышкан, ал эми 16%ы гана зордуктоо аракети тууралуу полицияга кабарлашкан. Зордуктоого көп кабылган  аялзатынын жаш курагы: 18ден 24 жашка чейинкилер.
 
АКШнын Адилет департаментинин маалыматында, абактардагы эркектер аялдарга салыштырмалуу көп зордуктоолорго чалдыгат. Ар жыл сайын АКШ түрмөлөрүндө 216 айыпкер зордуктоонун ар кыл түрү менен кордолушат.
 
Сонку иликтөөлөр көрсөткөндөй, абакта сексуалдык кордоого туш болгондор 4% болсо, алардын 9,5%ы жашы жете элек курактагылар.
 

2. Швеция.
 

Зордуктоолор жагынан дүйнөдө Түштүк Африка Республикасынан (1000 000 кишиге 53,2 зордукталган адам туш келет)  кийинки орунда турган мамлекет – Швеция. Статистика айтып тургандай, бул өлкөдө ар бир төртүнчү аялзаты зордуктоонун курмандыгы болот.  Салыштыруу  жагынан алсак, 1975-жылы полицияга зордуктоо фактысы менен 421 арыз жазылса, 2014-жылы арыздар 6 620га жеткен, мындайча айтканда, өсүү 1 472%га жогорулаган. Сыягы, Швеция, аялдар үчүн эң кооптуу аймак окшойт.
 
Европалык алкактан караганда деле, бул региондо өзгөчө Швецияда өтө көп зордуктоолор болот. “Швециянын кылмыштуулукту азайтуу  боюнча улуттук кеңешинин” маалыматында, 2013-жылы полицияга зордуктоо кылмышы боюнча 63 арыз түшкөн, бул өлкө калкынын ар 1000 000 адамына сыйдырып кароо керек.
 
Швецияда өспүрүм курактан өткөн ар бир үчүнчү секелек зордуктоонун ар кыл түрү менен кордолгон. Стокгольмдо 2013-жылдын биринчи жарымында, 1000 аял, кыз зордукталышканын айтып полицияга  кайрылышкан, анын ичинен 300ү 15 жаштан ылдыйкылар.
 
 
 1). Түштүк Африка Республикасы.
 
 Түштүк Африка Республикасы сексуалдык кылмыштуулук эң көп катталган дүйнөдөгү бирден бир өлкө,  ар жылы мамлекетте 500 000 сесксуалдык зордук-зомбулук катталат. Аталган өлкөдөгү 40% аялзаты жашоосунда бир ирет зордуктоого кабылган болуп чыккан.  Медициналык иликтөөлөр кеңешинин (MRC) маалыматы боюнча, маселен зордукка кабылган аялдын саны тогуз  дей турган болсок, анын ичинен бирөөсү гана батынып полицияга кайрылат. Сесуалдык кылмыштардын курмандыгы көбүнесе аялдар болгону менен, мындай кордуктарга эркектер, кичине балдар да туш болот. Эркек тарабынан зордукталган эркектердин саны 4%, ал эми балдардыкы 41% ( 15%ы он бир жашка толо элек балдар).
 
Такталган маалыматтарга караганда, сексуалдык кол салууларга  кабылган жаш балдардын 50%ы 18 жашка чыга электер. Айрым маалыматтр боюнча, өлкөдө  24 892 ирет зордуктоо жана ага аракет кылуу учурлары болсо, анын баарынын жабыркоочулары 18 жашка чейинкилер.
 
 
Маалымат булагы:  Wonders Lists

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 

 

Facebook Пикир