Көз сереп

Ulanbek/Ashyrmatov
  • 07 Теке 2017
  • 0
  • 3564

Уланбек Ашырматов: Дин, билим жана тарых байланышында инсандын орду жана келечеги

Ислам, белгилүү өзгөчөлүктөргө ээ болгон диндин жана ошол эле учурда бул диндин тарыхтын агымы ичинде ортого койгон маданиятынын ысымы болуп эсептелет. Көпчүлүк учурда диндин ортого койгон маданияты менен дин чаташтырылып, айырма так туура түшүнүлбөй келет. Диндин өзүнө таандык белгилүү өзгөчөлүктөрү бар жана диндин бул өзгөчөлүктөрү тарых жараянында бир коомдо жүзөгө келген окуялардан айырмаланат.




 Диндин маңызы менен диний культура бири бири менен адаштырылган учурда, диний культурадагы салыштырмалуулук жана кемчиликтер, диндин маңызынын кемчилиги деп түшүнүлөт. Диндин эмне экендигин ачыктаган өзгөчөлүктөрүнө ал диндин «маңызы» дейбиз.[1] Диндин маңызы туура түшүнүлгөн учурда тарых жараянында бир коомдо жүзөгө келген окуялардан, диндин кандай айырмачылыгы бар экенин жакшы түшүнөбүз.
Алгачкы жолу илахий жоопкерчилик алган инсан жана инсан коому менен биргеликте эле диндин бар болуп келгендигин Курандан ачык көрө алабыз. Ошондуктан Фреуд, Дуркхейм жан Маркс сыяктуу ойчулдардын айтканындай, дин инсандардын коомдук, психологиялык, аң сезимдик/интеллектуалдык, экономикалык ж.б факторлордун таасири астында өнүгүп өсүп пайда болгон нерсе эмес. Диндин булагы – Алла.  
Адилеттүүлүк жана даанышмандык ээси болгон Алла Таала, ааламды жана анын ичинде инсанды жараткан соң, адамдын адамдар менен, адамдын жаратылыш менен, адамдын Алла менен болгон мамилесин үйрөтүү үчүн пайгамбарларды, пайгамбарлар аркылуу жашоого жол көрсөтүүчү дин/китептерди жиберген.

Пайгамбарлардын алып келген кабарлары убакыттын өтүүсү менен адамдар тарабынан бузулууга учураганда, Алла Таала жаңы пайгамбар жөнөтөөр эле жана адамдар вахий менен болгон келишимдерин кайра калыбына келтиришет болчу. Ушундайча ишеним маданияты жаңыланып, жашоонун маани маңызы өнүгүп өсүп олтурган. Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) акыркы пайгамбар болгондугу үчүн кыяматка чейин пайгамбар келбейт. Себеби мурунку пайгамбарларга жиберилген кабарлар өзгөрүүгө учураса, пайгамбарыбызга жиберилген Куран күнү бүгүнкүдой сакталып келүүдө. Исламдагы өзгөрүү мусулмандардын Куранды түшүнүү жана аны жашоо образына байланыштуу. Мусулмандар да динди түшүнүүдө жана аны жашоодо башка дин өкүлдөрү динди жоромолдоодо кириптер болгон катачылыктарга/мыйзамдарга туш болуусу табигый көрүнүш.
 Вахий, мусулмандар тарабынан шек күмөнсүз кабыл кылынган илим/маалымат булагы болгондуктан, бардык илимидер бул борбордон ортого чыккан. Бул борбордун/вахийдин айланасындагы алгачкы айлампа катары «Усулуд-дин/акаъид/калам» илими, нассты/вахийди ой пикир жоромолго айландырып, вахий аркылуу акыл жана табиятты байланыштырып, Ислам маданиятына ичтен жана сырттан жасалган сын пикир чабуулдарга каршы Алланын сөзүн инсаний сөзгө айландыруу үчүн пайда болгон. Усулуд-дин аалымдары динди вахий/хадис аркылуу коргоо/жактоо үчүн, алгачкы убакта исламга сырттан коркунуч жарала элек убакта бир өлкөнүн ички иштер министрлиги сыяктуу[2] ортого чыккан.
Хижрий экинчи кылымдан тартып исламдын жайылуусу менен мусулмандар жаңы аймак, жаңы шарттар жана башка дин жана маданият өкүлдөрү менен кездешкен учурда, динди акыл менен аклий далил аргументтер аркылуу коргоо/жактоо/түшүндүрүү зарылдыгы келип чыккан. Сырттан келген таасирлерге каршы исламды коргоо үчүн, кийинчерээк философиялык агым ортого чыккан. Мусулман философтор коркпой үркпөй сырттан келген түшүнүктөргө акыл менен жооп берип, Ислам динин мантык/логика, табият, илахият жаатында жалпы теория жана билимдерге айландырып, маданиятка сырттан болгон чабуулдарга каршы коргоо кызматын көргөзгөн коргоо жана тышкы иштер министрликтери[3] сыяктуу Ислам философиясын калыптандырышкан.

 Курандын ойлонгула[4], акыл жүгүрткүлө[5], изденгиле[6] деген буйруктары, пайгамбарыбыздын илим алууга үндөгөн хадистери[7] жана мусулман башкаруучулардын жаңы аймактарды ийгиликтүү башкаруулары үчүн, котормо иш-аракетине муктаждыктын жаралуусунан улам, грек жана парс адабияттары жана билимдери арапчага которула баштаган. Бул которуу иш-аракети дээрлик эки кылымга созулуп, мусулман философтор тарабынан рационалдуу системалуу түрдө онтологиялык, эпистемологиялык, аксиологиялык бүтүндүктүн негизинде жаңы дүйнө тааным, Алла-аалам байланышы, астрономия, медицина, математика, физика, метафизика, инсандын ирадасы/эрки/ менен тагдыры жана рух-дене-акыл байланышы жөнүндө теориялар түзүлүп, Куранга таянган нукура оргиналдуу эмгектер жазылып, адамзат мурастарына белек кылынган.
 Ислам дининде  илимге, үйрөнүүгө жана ойлонууга берилген маани, чындыгында инсанга берилген маанини туюндурат. Аз. Мухаммед (с.а.в.) Куран аркылуу мусулмандарга илимдин маанилүүлүгүн, акыл жүгүртүүнү жана изилдөөнү үйрөткөн. Натыйжада мусулмандар миладий 8-12- кылымдар арасында математика, медицина, химия жана астрономиянын пайдубалы деп эсептеле турган эмгектери аркылуу христиан жана яхудийлерге табият жөнүндө кандай ойлонуу керектигин үйрөтүшкөн. Тилеке каршы кийинчерээк мусулмандар өздөрү калыптандырып өнүктүргөн изилдөө методологияларынан өздөрү узакташа башташкан. Бул узакташуу мусулмандардын терминология системасындагы бузулуу менен параллель башталган. Терминология системасындагы бузулуудан эң алгач таасирленген термин «илим» термини болгон. Ислам тырыхында илим термини алгачкы жолу он биринчи кылымда каламчылар тарабынан «илмуд-дин» (дин илими) түрүндөгү сөз айкаш катары колдонула баштаган[8]. Мындан кийин илим термини «дин илими – дүйнө илими» деген аталышта кескин түрдө экиге бөлүнө баштаган. Чындыгында мындай сөз айкашын Куранда да, хадистерде да көрө албайбыз[9]. Ушундан улам Курандагы бүтүндүк ичинде бириктирүүчү илим термининин ордуна бүгүн экиге бөлүнгөн илим терминине ээ болуп олтурабыз.   

Илим термининин экиге бөлүнүүсүнүн натыйжасында дин жана дүйнө иштерин бири биринен ажыратуу биринчи жолу XII кылымда мусулмандардын ой жүгүртүү жана билим берүү жашоосуна кирген. Натыйжада философия, физика, химия, астрономия, математика жана биология сыяктуу тармактар–диний илим эмес деген негиз менен – медреселердин окутуу программаларынан чыгарылган. Терминологиялык бөлүнүүнү жасаган жана жактаган каламчылар/акаидчилер ушул жол аркылуу исламга кызмат кылып жатышканын ойлошкон. Медереселердеги бул окутуу программасы кылымдар бою улангандыктан, Алланын жараткан нерселерди кандай жаратканын, кантип башкарганы сыяктуу темаларды т.а. табигый чындыктардын маанилүү бөлүгү менен алектенбеген мусулман тиби жаралган. Каламчылардын дин илими (илмуд дин) терминин колдонгондуктарын ошол доордун эмгектеринен, өзгөчө сунний ислам дүйнөсүндө кеңири окулган Имам Газалийдин (Хужжатул ислам – Исламдын далили, лакабы) Ихйа улуумуд-дин (дин илимдерин кайрадан тирилтүү) китебин айтууга болот.

Мына ушул терминологиялык системанын бузулуусунун натыйжасында мусулмандар вертикалдык багыттагы т.а. инсандар Алла менен болгон мамилесинин маңызы менен ритуалдарына жабышып, горизонталдык багыт т.а. инсандын табият менен, инсандын инсандар менен, инсандын коомдук мамиле менен болгон байланыштары начарлап, жашоо динамикалуулугун жоготуп, адамзатка илим маданият тартуулаган мусулмандардын жашоосунда артка кайтуу/чөгүү башталган. Мусулмандардын жашоосундагы артка кайтуу/чөгүүнүн дагы маанилүү бир фактору, Моңгол жортуулдарынын алып келген өтө чоң зыяндарынан улам 1258-жылы Ислам дүйнөсүнүн борбору Багдаддын жыгылуусу болгон.
Орто кылмдагы христиан дүйнөсү өздөрүнүн иррационалдуу терминдерин XIII кылымдан тартып мусулмандардын эмгектерин латын тилине которуу аркылуу белгилүү бир деңгээлде оңдогондуктары жана систематикалык метоттору өнүктүргөндүктөрү үчүн, билим жана технологияда мусулмандар баштаган кыймылды, күнүбүзгө чейин улантып келе алышты. Христиан дүйнөсүндөгү илимий ачылыштарды жасоо жана  геоцентрикалык дүйнө таанымдан гелиоцентрикалык дүйнө таанымга өтүү оңойго турган жок. Католик чиркөөсүнүн билим адамдарына жасаган кысым куугунтуктары, христиан теологиясынын адам акылын чектөөсү, акыр аягында билим адамдарынын чиркөөгө карата жеңиши менен аяктап, батыштык билим адамдары позитивизмди/тажырыйбага таянган гана мааламат булагын кабыл кылып, физикалык дүйнөдөн метафизиканы кууп чыгышып Кудай түшүнүгүн четке кагышты. Натыйжада секулярдык/көзгө көрүнгөн материяга гана таянган дүйнө тааным үстөмдүк кылып, материалдык күчкө таянган жашоо өкүм сүрө баштады.

XIX кылымда өнүктүрүлгөн эволюциялык биология инсан–жаныбар ортосундагы айырманы жокко чыгарып, табиятта күчтүү болгон гана тирүү калат деген парадигманын натыйжасында адамзат эки жолу дүйнөлүк согушту башынан өткөрдү.Физикалык дүйнөдөн метафизика сүргүнгө учураганда вертикалдык багыт, инсандын Жараткан менен болгон мамилеси бузулган учурда, горизонталдык багыт т.а. инсандын социалдык экономикалык жашоосу олуттуу кризиске учурады. Мына ушул дүйнөлүк кыймылдын ичинде төмөндөгү себептер Ислам дүйнөсүн кайрадан ойгонууга түрттү. Батыштагы кайра жаралуу жана илимий технологиялык революциядан кийин, батыш өлкөлөрү илим, технология, экономика жана аскердик жааттардагы багындырган ийгиликтеринин натыйжасында, дүйнөнүн бардык калкына саясий, социалдык жана маданий жактан олуттуу таасирин тийгизип келүүдө. Мисал катары батыш өлкөлөрүнүн чыгыш өлкөлөрүнө согуш ачуусу, чыгыш өлкөлөрүнүн үстүнөн саясий жеңиштерге ээ болуусу, мусулман өлкөлөрдүн маанилүү бир бөлүгүн өз колонияларынын астына алып, материалдык жана моралдык жактан кысым көргөзүүлөрүн айтууга болот. Бул жеңилүүлөр жана аянычтуу окуялар кылымдар бою илимий жана практикалык жасшоосунда солгундоо болгон ислам дүйнөсүн кайрадан жанданууга, ойгонууга, терең ойлонууга түрттү. Бул ойгонуу ислам дүйнөсүндөгү аалымдар жана коомдук ишмерлер арасында ар түрдүү пикирлерди жаратып, жаны усул/ыкма жана платформалардын ортого чыгуусуна себеп болду. Бул ойгонуунун жана изденүүнүн негизги максаты: Ислам ааламынын алгачкы доордогу нукуралыгын жана өгүгүү динамикасын кайрадан жашоого кайтаруу аркылуу, мусулмандардын жашоосундагы солгундоону, артта калууну, алсыздыкты жоюп, Курандык негизде коомдук өзгөрүүнү туура кабыл алып, учурдагы мусулмандардын саясий–экономикалык, социалдык–маданий маселелерин замандын шартына жараша чечүү болуп эсептелет.  

Жаңыча изденүү жолундагы аалымдар, диндин негизги принциптерин ар бир доор жана шарттарда калыптандыруу/жандандыруу үчүн, форма жана өлчөмдөрүн кайрадан карап чыгуунун үстүндө иш алып барышууда. Ислам динин бир гана ибадат, фикх/укук жана суфий/эзотерикалык дин болбогондугун, өзүнө таандык нукура рационалдуу системалуу түрдө онтологиялык, эпистемологиялык жана аксиологиялык дүйнө тааанымы жана билим тарыхы бар, учурда адамзаттын туш болгон маселелерине жооп берүүчү жалгыз саясий, экономикалык жана ахлактык альтернатива экендигин ачып көрсөтүп берүүгө аракет жасап жатышат.

Дүйнөлүк жаңы илимий изилдөөлөр, био–технология жана генетикалык индустрия электроника–инсан арасындагы чекти белгисиз абалга алып келди. Бионикалар, суний акыл, генетикалык көчүрмө, орган трансфери/ташуу сыяктуу жаңы метоттордон улам инсандын чеги талкууга алынаарлык чекке жетти. Эгерде инсандын ыйыктыгы, улуулугу жана табияты жок деп кабыл кылынса, инсанды өзгөртүүгө, суний/жасалма орган тагууга, эмбриондорго кийлигишип жогорку даражадагы жөндөмдүү, кемчиликсиз инсан же «инсан–жаныбар–электроника» арасындагы жаңы жандык жаратууга эмне тоскоол болуусу мүмкүн[10]?  Билим/илимий ачылыштар өз максатын өзү белгилей алабы? Билим/илимий ачылыштардын этикалык ахлак нормаларын ким/кайсы дин/кайсы философия же кайсы күч белгилейт?

«Дин, билим жана тарых байланышында инсандын орду жана келечеги» атту бул кыска, ашыкча детал/аргумент/статистикаларга кирбестен мүмкүнчүлүккө жараша жазууга аракет кылган бул макала аркылуу Кыргызстандык окурмандарга эмнени айткыбыз келет?
Кыргызстан жана жалпы калктын учурдагы саясий–экономикалык, социалдык–маданий, илимий–экологиялык маселерине, жогоруда айтылган Ислам тарыхынан жана батыштык позитивистик/секулярдык парадигмадан келген маселелер да кошулуп, мамлекетибиздин жана коомдун мойнуна оор жүк болуп турган кезде, саясыйлардын жеке кызыкчылыктарынын бүтпөгөн тиреши, коррупциялык жана экономикалык маселелерди чечпей туруп коомчулуктун талашып тартышкан жалгыз же эки аялдуулук, кийим кеченин формасы, светтик– теңирчилер–динчилдер, той маареке жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы жосунсуз ашыкча ысырапкерчилик сыяктуу маселелер кимге кандай пайда алып келет?
Акыркы эки жүз жылдыктагы материалист/эгоист инсандын биологиялык, психологиялык жана интеллектуалдык портретин батыш белгилегендиги үчүн жашоонун стандарттары, мыйзамдары, этика эстетикалык нормалары кайра эле ошол батыш тарабынан белгиленип, бүткүл дүйнөгө бактылуулуктун формуласы/маданият катары таңууланды. Натыйжасы баарыбызга маалым болду. 

 Жаңы кылымда жаңы инсандын биологиялык, психологиялык жана интеллектуалдык портрети жаңыдан белгилене турган болсо, жаңы жашоонун стандарттары, мыйзамдары, этика эстетикалык нормалары табигый мыйзам ченемдүүлүктөн улам себеп–натыйжа чынжыры ичинде кайра эле ошол өндүрүүчү дүйнөлүк күч тарабынан белгиленээри чындык. Тилеке карша биз, мамлекет жана коом катары өндөрүүчү эмес, керектөөчү коом болгондугубуз үчүн кризис жана тунгуюк улана берет.

Ошондуктан жаңы кылымда улут, коом, мамлекет катары бар боло турган болсок, бар болуубузга эрктүү чечим чыгара ала турган болсок, дүйнөлүк агымдын багытын башка жаатка бура албасак да, дүйнөлүк агымдын каптап кетүүчү апаатына каршы туруштук берүүчү иммунитеттик консепция иштеп чыгуубуз зарыл. Ал үчүн мамлекеттик жана коомдук бүтүндүктү сактоочу, системалуу туура терминологиялык коомдук тил жаратуубуз зарыл.
Эгерде бул коңгуроо жана сунуштарыбыз тийиштүү жактар тарабынан логикалуу деп табылса, атайын жумушчу топ түзүлүп, милдеттендирилген иш план түзүлүүсү керек.
 
 
 
[1] Алпарслан Ачыкгенч, Ислам маданиятында билги жана билим, Стамбул, 2013, 17-бет.
[2] Хасан Ханефи, Ислам культурасында инсан жана тарых, түркчөгө которгон: Вежди Акйүз, Стамбул, 2000, 39-бет.
[3] Хасан Ханефи, Ислам культурасында инсан жана тарых, түркчөгө которгон: Вежди Акйүз, Стамбул, 2000, 39-бет.
[4] Куран, Бакара сүрөсү, 44-аят, Юнус сүрөсү, 16-аят.
[5] Куран, Худ сүрөсү, 51-аят,
[6] Куран, Хужурат сүрөсү, 6-аят.
[7] Хадис, «Илим алуу үчүн жолго чыккан адам, Алланын жолунда болуп эсептелет.» (Тирмизий, Илим, 2, (2649); Ибни Мааже, Мукаддима 17, (227) ); «Кимде ким илим жолуна кире турган болсо, Алла Таала ал адамга бейиш жолун жеңил кылып коёт.» (Муслим, Зикир 39. Бухарий, Илим 10. Абу Давуд, Илим 1. Ибни Мааже, Мукаддима 17. 247)
[8] Шакир Кожобаш, Исламда билимдин негиздери, Стамбул, 2013, 17-бет.   
[9] Шакир Кожобаш, Исламда билимдин негиздери, Стамбул, 2013, 18-бет.
[10] Назифе Шишман, Тагдыр жана индустриянын арасында жаңы инсан, Стамбул, 2017,  25-бет.

Facebook Пикир