Кудайды таануу жолу

Исламды жек көрүп жүргөн исламофоб неге исламды кабыл алды?
  • 02 Кулжа 2017
  • admin admin
  • 0
  • 389

Исламды жек көрүп жүргөн исламофоб неге исламды кабыл алды?

Исламдын үрөнү жаңы гана себелип, бул динге үндөгөндөргө адамдардын бир даары ишенсе, бир даары ишенбей турган баштапкы учурларда Умар (кийин ал халиф болот) мусулмандар деген сөз укканда эле жаалы кайнап, Мухаммед Пайгамбарды (САВ) өлтүрүүнү чечет. Бирок Аллах анын жүрөгүн жибитип, ал исламды кабыл алып мусулман болот. Умардын алгач исламды кантип жээрип, анан кандайча мусулман болгону өзүнчө эле бир маңыздуу окуя.




Исламдын үрөнү жаңы гана себелип, бул динге үндөгөндөргө адамдардын бир даары ишенсе, бир даары ишенбей турган баштапкы учурларда Умар (кийин ал халиф болот) мусулмандар деген сөз укканда эле жаалы кайнап, Мухаммед Пайгамбарды (САВ) өлтүрүүнү чечет.  Бирок Аллах анын жүрөгүн жибитип, ал исламды кабыл алып мусулман болот.  Умардын алгач исламды кантип жээрип, анан кандайча мусулман болгону өзүнчө эле бир маңыздуу окуя.   
 
Бирок биз ал окуяны кенен-чонон айтуу үчүн эмес, башка так эле ошол өңүттөгү динди адегенде жээрип, бирок кийин жүрөгү жибип исламды кабылдаган окуя тууралуу айталы деп турабыз. Умардын мисалындагыдай окуя кайрадан 1400 жылдан кийин , так эле ошол Меккеде кайталанып жатканын караңыз. Биз баяндачу окуянын каарманы да исламды кабыл алуудагы өйдө-ылдый тажрыйбасы жагынан Умардыкына окшошуп кетет.
 
Голландиядагы белгилүү саясатчы, үлгүлүү үй бүлөдөн чыккан, жогорку билимдүү,  Арно ван Дорн (Arnoud van Doorn)  бир нече жыл мурда, кезинде иммигранттарга жана ислам динине өтө каршы позициядагы Эркиндик партиясынын (Partij voor de Vrijheid) вице-президенти болчу. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европа эзели уга элек ашынган улутчулдук жыттанган билдирүүлөрдү жасап олтуруп ал партия элдин  көңүлүн өздүрүү аракети бурдурууга аракет кылып келди. Ван Дорн   вице-президенттик кылган ал партия өз маалында исламды жаманаттылаган “Фитна” денен тасма тартып чыкканда, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ага карата нааразычылыктардын толкуну жайылган.
 
Бирок Арно ван Дорндун жашоосунда кескин бурулуш болуп кетти. Ал туруп-туруп эле ислам динин кабыл албаспы!



 
Менин ислам динин кабыл алуумда кандайдыр таң калаарлык деле нерсе жок,-деген ал өзүнүн бул кадамына оюн билдирип.
 
“Фитна” деген тасма тартылган соң дүйнөдөгү көп мамлекеттеги мусулмандардын нааразычылыгын көргөн соң, Куранды, хадистерди, Пайгамбардын (САВ) өмүр баянын  иликтөөгө астейдил киришип, бир канча мезгил өткөн соң  ислам тууралуу буга чейинки карманып жүргөн көз караштарын толугу менен өзгөртүп, исламдын маңызын толук түшүнүп, ал ушул динди кабыл алган.
 
Ван Дорн 10-15 жыл мурда маалымат каражаттарынын көргөн, уккан, окуган маалыматтар аркылуу  ислам дини тууралуу өтө начар көз карашта болуп келгендигин моюндайт.
 
Ислам десе аялдарды кордогон, коомго зыянынан башка пайдасы жок, зордук-зомбулуктун дини деп түшүнчүмүн”,-дейт ал.
 
Ван Дорн Исламды кабыл алган соң, Канаданын Торонто шаарындагы  Даават ассоциациясынын көмөгү менен Сауд Аравияга барып Умра ажылыгын өтөйт. Ага улай эле Медина шаарындагы  Мухаммед Пайгамбардын (САВ) мечитине да барат.
 
Улуу мечиттин имамы , мечиттер башкармалыгынын башчысы шейх Абдул-Рахман аль-Судейс (Abdul-Rahman Al-Sudais) менен де кезигишкенде шейх “Аллах ван Дорнду тандап алып, ал мусулманга айланганына ыраазы болуп жаткандыгын” билдирген.
 
Ван Дорн болсо “Фитна” тамсасынын өндүрүш ишине катышпаганына карабай, анын таралышына жардам бергенине өтө өкүнүп жатканын айтып ынгайсызданганда, аль-Судейс  Ыйык Курандан инсандын жакшы иштери, мурдагы жасаган жаман иштерин жууп кетирээри тууралуу аяттарды мисал келтирди. Ван Дорн акыйкаттын кандай экенин , чыныгы исламдын кандайлыгын элге  таанытуу максатында, Мухаммед Пайгамбар (САВ) жөнүндө тасма жаратуу ниетинде бар экенин айтты.  Мындан тышкары, Ван Дорн сапарга чыгаар алдында Сауд Аравиясы тууралуу түшүнүгү да таптакыр башкача болгонун моюнга ала сүйлөдү.
 
Мен бул жакка келе элегимде, келээрге камынып жүргөн убагымда менден “сага мунун эмне кереги бар” дешип көбү сурашты. А бул жакка келгенимде мурунку көз карашым түбүнөн өзгөрдү,  бул жактагы таң калаарлык маданиятка, меймандос, кең пейил адамдардын мүнөзүнө суктандым”.
 
Ал Меккеде болуусуна жана ыйык жайларды өз көзү менен көрүүсүнө мүмкүндүк бергендиги үчүн король Абдуллага ыраазчылыгын билгизди. Ван Дорн учурда Нидерланддагы парламенттин жана Гаагадагы шаардык кеңештин мүчөсү. Анын оюнча, Европадагы ашынган оңчулдардын саясатынын ийгиликтүүлүгү экономикалык проблемаларга байланыштуу жана бул багыттагы кырдаал оорлогондон оорлой берет, себеби,  кыйын кездерде европалыктар өз аймагындагы азчылыктарга терс мамиле жасагандыктарынын арты жакшы аяктаган эмес, бул боюнча практикалык мисалдар өтө көп,-дейт ал.
 
Ал Европадагы мусулмандарга: сабырдуу жана өз оюңарга бекем болгула, исламда жазылган моралдык-этикалык нормаларды карманып, жакшылыкка чакырган мамилени уланта бергиле. Бизге жагабы, жокпу, баарыбыз акыры исламга келебиз. Биздин ар кыл катачылыгыбыз өзүбүз тутунган динде-деген ал.
 
Ван Дорн Канададагы Даават ассоциациясынын “Атактуулардын дин таануусуна мүмкүндүк берүү программасынын” негизинде  Саудияга келип олтурат. Так эле ушул программанын алкагында буга чейин
– комик Дэйв Шепелл (David Chappelle), мурунку  рэп-жылдыздар Наполеон (Napoleon), Фривей (Freeway), Лун (LOON) жана  Джек Фрост (Jack Frost), дүйнөнүн мурдагы бокс боюнча чемпиону  Майк Тайсон (Mike Tyson) сыяктуу атактуулар Сауд Аравиясына келип ислам дүйнөсү менен таанышып  кетишкен.  
 

Маалымат  булагы: Arab News(2013)

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

Facebook Пикир