Кудайды таануу жолу

islam018
  • 19 Бугу 2017
  • 0
  • 597

Исламга каршы күрөшөм деп, кайра исламды бекем карманган мусулман аялга айландым

Менин исламды кантип кабыл алганым тууралуу таржымал өзүнчө эле бир,.. алдын ала буюрулуп, мурдатан жазмыш болуп жазылган окуялардын, ниеттердин топтомунан турат. Ниеттер менде деле болчу, менин чөйрөмдө катышып жүргөн башка адамдарда да бар эле, Аллахтын да өзүнүн ниети бар болчу. А бирок Анын ниети, көздөп койгон оюу баарынкынан мыкты болуп чыкты.




Өспүрүм курагымда  жасаган иштери  кара мүртөзүрөөк бир уюмду билчүмүн. Уюмда ар кайсы мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдар чогулуп алышып, “исламды кантип талкалоо керек?”-деген максаттын үстүнөн көшөрүп-тытынып иштешчү. Мен билгенден ал мамлекеттик уюм эмес, тек гана анда иштеген кишилер америкалык мамлекеттик аппаратта иштеген кызматынан пайдаланышып жогоруда мен айтып өткөн максатты жүзөгө  ашыруунун камын көрүп эле басып жүрүшчү.
 
Бир курдай мага ошол уюмга мүчө болуп жүргөн киши жолугуп, мени бир топ мактады: өз оюмду так билдире алган шыктуу, чапчаң экенимди, аял укуктарына байланышкан  активдүү позициямды байкап жүргөнүн айтты. Андан тышкары эгер мен Жакынкы Чыгыш боюнча эл аралык мамилелерди иликтеген  адистикти окуп-үйрөнүп билим ала турган болсом, Египеттеги америка элчилигинде туруктуу жумушка орноштура алаарына кепилдик да бере салды. Египетте жаңы кызматыма байланыштуу ал жактагы мусулман аялдар,кыздар менен байланышып, бул мамлекетте жаңы түптөлгөн аял укугу боюнча кыймылдын өнүгүшүнө  аракет кылуум керектигин кошумчалады.
 
Мага мунун баары  өтө бир сонун идеядай туюлду, телевизордон мусулман кыз келиндерди көрүп жүрчүмүн, алар мага кор болуп, басмырланган байкуштардай сезиле берээр эле. Тигил сунуш айтылганда, негедир жанагы аялдарга эркиндик тартуулагым келген каалоом күчөп, айтор колледжге тапшырдым да билим ала баштадым. Окуумдун адистигине жараша Куранды, хадистерди, ислам тарыхын окудум. Алган билимимди кандай жол менен пайдалануу керектигин да үйрөтүшүп, оюңду бирөөгө жеткирүү үчүн сөздөрдү чалкештирип адамдын аң сезимине куюну да үйрөндүм, айтор бул өтө баалуу, олуттуу  билим болчу.
 
Окуган китептеримде дүйнөтаанымдын түзүлүшүн тереңдеп билген сайын кызыгуум ого бетер күчөй берди, анткени анын баарында мазмун, маани бар болчу. Чынында дал ушул нерсе мени чочутту. Исламга  карама-каршы эффект болсун деп, христианчылык боюнча сабактарга да жазылууну чечтим да, окуу жайда кадыр-барктуу  бир мугалим агайдын лекцияларына бара баштадым. Ал мугалим Гарвард университетинде теология  боюнча диссертация да жактаганын бирөөлөрдөн угуп, ишеничтүү адамдын колунда окуйт турбайымбы деп көңүлүм токпейил тартты. Ишеничтүүсү го ишеничтүү экен,бирок маселе башкада. Ал Троицага, Исанын кудай экендигине ишенбеген, аны болгону пайгамбар катары тааныган,  унитарианчылыкты жактаган протестант дининдеги кыймылдын  адамы болуп чыкты. Ал Исанын кудай эмес экенин Инжилдин грек, иврит, арамей варианттары аркылуу  кашкайта көрсөтүп, Инжилдеги кайсы жерлер бурмаланып, өзгөртүлгөнүн далилдеп мага мыктылап түшүндүрдү. Жөн эле түшүндүрбөй, өзгөрүү, бурмалоолор кайсы окуялар менен коштолгонун да баяндады. Анын лекциялык курстарына толугу менен катышып бүткөнүмдөн кийин мендеги диний көз караш таптакыр өзгөрдү да калды.
 
Мезгил болсо зымырап өтүп жатты.  Мен окууну өзүм үчүн, келечектеги кареьрам үчүн тырышып окуп жаттым. Көз ачып жумгучакты 3 жыл өтүп кетиптир, бул мезгил аралагында мен бир топ мусулмандар менен баарлашып, ислам туурасында көп ирет сүйлөштүм.
 
Бир күнү мусулман студенттер ассоциациясына караштуу  менден улуу бир  жигит менен маектешип калдым. Алхамдулиллах, ал менин ислам динине болгон кызыгуумду астыртан баамдап, исламий билимимдин мындан да кеңейишине бар аракетинин баардыгын жумшоого киришти. Аны менен жолугуп калган сайын ислам тууралуу көбүрөөк сүйлөшүүгө далалат кыла берчү.
 
Күндөрдүн бир күнүндө ал мага телефон чалып, шаарга бир  мусулман жамааты келгенин айтып шам намазынан кийин  жолугушууга чакырды, а мен дароо макул болдум. Бардым, бир бөлмөгө киргизишти, ал жерде жыйырма чакты эркек кишилер бар экен, мен келгенде жылышып, бир жерден орун алып олтурсам, маңдайымда жашамал курактагы бир пакистандык киши менен бетме-бет келип калыптырмын.
 
Ал киши христианчылыкты өтө мыкты билет экен.  Түнү бою экөөбүз Инжил (Библия) жана Куран тууралуу  кызуу  сүйлөшүп , таңкы багымдат намазга чейин олтурдук. Буга чейин христианчылык боюнча курска барып жүргөндөгү маалыматтардын баарын бул акылман киши майда-чүйдөсүнөн өйдө айтып берди.  Анан ал мага буга чейин эч ким сунуштабаган нерсени түз, шар  сунуштады: ал мени мусулман болууга үндөдү.
 
Үч жыл бою диндерди иликтеп, окуп-үйрөнүп жүрүптүрмүн, ошол аралыкта эч ким мага мындай нерсени сунуштабаптыр, тообо. Диндерди мага окутушту, мени менен талашып-тартышты, а түгүл кээде таарынтып да коюшчу, а бирок эч качан сунуш кылышчу эмес. Качан маңдайымдагы акылман адам “мусулман бол” деген сунушту айтканда, ал сунуш мага катуу таасир этти. Мен келчү мезгил акыры келип жеткенин түшүндүм.  Мурда эле ислам - акыйкаттын дини экенин аңдап, окуп түшүнгөн болчумун, бирок чечкиндүүлүк кылып бир чечим кабыл алышым керек болчу. Алхамдулиллах, Жараткан Аллах менин жүрөгүмдү кенен ачты, мен мага бирелген суроого: “Ооба, мен мусулман болгум келет”,-деп ишенимдүү жооп бердим.
 
Жоопту угаары менен ал киши  мага  анлис жана араб тилинде келме (шахада) айтып, ислам динин кабыл алууга  жардам берди. Ошол маалда мен кандайдыр керемет нерсеге балкый түшкөнсүдүм. Көкүрөктө көптөн бери ары же бери болбой кысылып келген арасат сезимди, оор жүктү өзүмдөн алып ыргыткандай жеңилдеп, терең-терең дем алдым. Өмүрүмдө эн алгачкы жолу  дем  алгансып сезип кеттим негедир...
 
Алхамдулиллах, Аллах мага өмүрдү таза барактан баштоого мүмкүндүк берди, Ал мага Бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүнө жол ачты, эми мен мындан аркы ар бир күндү мусулман болуп жашап өтүүнү Жараткандан тилеп, дуба кылам.    
 
Маалымат булагы: Al Mujtama Magazine
автор  Шариффа Карлос (Shariffa Carlos)
 

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

Facebook Пикир