Маданият

culturekaaba
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 673

Каабанын дарбазасынын ачкычтарынын таржымалы

Саудиянын Ислам иштери боюнча министрлиги 2014-жылы февральда Каабанын дарбазасынын ачкычтары эскирип, жешилип кеткендигине байланыштуу жаңы ачкычка алмаштырылганын маалымдаган эле.


Жаңы ачкыч Меккедеги көрүнүктүү уруулардын бири – мусулмандар алгач Мекке шаарына ээ болгондон берки  1400 жылдан бери Каабанын ачкычын сактоочу милдетин алып келген  Бани Шайба уруусуна ыйгарылды.
 



Ибрагим (Авраам) пайгамбар уулу Исмаил менен бирге алгачкы Жалгыз Аллахка сыйынуучу ыйык жай катары Каабаны тургузгандан тартып,  ага сыйынуу үчүн зыяратчылар келе башташкан.
 
Адамдар туш-туштан Каабага ажылык үчүн каттай  баштагандан бери ажылыкка  келген адамдардын  ажылык муктаждыктарына жардам берүүнү Мекке калаасы өз милдетине алган. Ибрагим пайгамбардын жалгыз Аллахка сыйынуу керектигин угушса да, кийинчерээк адамдар андан тайып, өздөрүнүн ар кыл кудайларына сыйынууну уланта беришкени менен Кааба көп адамдардын келип сыйынуучу ыйык жайы бойдон кала берген.
 
Исмаил пайгамбардан кийин Каабаны көзөмөлгө алып, кароо укугу Журхум уруусуна ыйгарылган: бирок кийинчерээк түштүк Аравиядан Хуз уруусу басытырып киришкен соң журхумдар Меккеден чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.
 
Хуз уруусунун төбөлдөрү, башчысы ар кандай Буттарга, кудайларга табынуу, сыйынууга жол ачып, Каабанын ичине түрдүү кудайлардын келбеттерин койдурган.
 
V кылымдын ортосунда Меккеге  Курайш уруусу (Мухаммед Пайгамбар (САВ) ушул уруудан болгон) бийлик жүргүзө баштайт. Мекке колго тийген соң курайштардын башчысы Кусай бин Килаб Каабаны көзөмөлдөөнү милдетине алып, эшиктин ачкычы такай анын колунда болгон. Каза болоорго жакын ал ачкычты эки уулуна – Абдударр жана Абдулманафка берет.


    
 
Абдуддарга Каабаны көздүн карегиндей кароо милдети жүктөлөт, ал ыйык жайдын ондоп-түздөө (ремонт) иштерин кылып,бүтүндүгүн  сактоо милдетин моюнуна алган. Мухаммед Пайгамбар (САВ) башында турган мусулмандар жеңишке жетишип Меккени ээлешкен соң, Каабага көзөмөл кылып, аны кароо укугун Пайгамбар (САВ) өзү алган.
 
Каабаны карап, көзөмөлдөп турууга  Пайгамбардын   авасы  жана анын жакын жардамчысы, күйөө баласы  Али өтө кызыкдар болушканы менен, Мухаммед Пайгамбар (САВ) бул иштин туруктуу болуусун көздөп, Абдуддар уруусунун өкүлү, агасы Шайб бин Усмандын уулу –Усман бин Талхка ачкычты берүүнү туура көрөт. Ошондон бери Каабаны кароо милдети ушул уруунун милдетинде.
 
Мекке өзүнүн канчалаган кылымдарды карыткан тарыхында ар кайсы тараптын бийлигинде (осмондордон тартып британдарга чейин) калып келсе да, Каабанын ачкычы дайыма Шайба уруусунда болуп келди.
 
Ыйык жайдын дагы бир башка тарыхый элементи – анын дарбазасы. Ибрагим пайгамбар Каабаны курганда, атайылап эшиги жок курган. Айрым бир маалымат булактарында, Каабанын алгачкы эшиктерин 606-жылы курайштар жасаган.
 
Умеяддар Меккени бастырып киришкенде Каабанын эшиги жараксыз болуп талкаланып кеткен. Андыктан Абдулла бин Зубайр Каабаны кайрадан оңдоп-түздөп, жаңы эшик койгон. Кийинчерээк  аль-Хаджадж бин Юсуф аль-Сакафинин  буйругу менен Каабанын эшигин бүтөп салышкан.
 
Арабдардагы ар бир көрүнүктүү династия Каабанын эшигин жаңыртып оңдоону өздөрүнүн ыйык парзы деп билишкен, анткени Каабага байланышкан кандайдыр бир иш, жумуш жасоо кадырлуу иш деп саналып, андай иштерди жасагандардын баркы эл арасында кыйла жогорулачу.
 
Осмондордун султаны Явуз Селим Египетти мусулмандардын халиватына кошкон соң,бул кадам мусулман дүйнөсүндө осмондордун таасындуу орунду ээлөөсүнө жол ачты, андыктан, осмондордун бийлигин таануу иретинде Мекке менен Мединанын башчысы Каабанын ачкычын осмон султанына жиберткен.
 
Осмон султандары өздөрүн Каабанын кызматкерлери деп эсептеп, анын тазалыгына, бүтүндүгүнө кам көрүшкөн. Каабага жаңы ачкыч жасатылган учурда да алар эски ачкычты Каабаны урматоо иретинде кастарлап сакташкан.  Ошол эски ачкычтарды азыркы күндө Түркиянын Стамбул шаарында   Топкапа сарайындагы музейден көрүүгө болот.
 

Маалымат булагы: World Bulletin

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
  

 

Facebook Пикир