Мамиле-алакалар

Isl006
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 481

Ажырашуудан кийинки сабыр: талкаланган жүрөктү кантип дарылайбыз?

Ажырашуу жөнүндө кеп кылуу - ары оор, ары ынгайсыз,.. анан калса бул теманы көпчүлүккө алып чыгып, узун-туурасынан каалагандай талкуулай берүү да кыйла олдоксон иш, себеби ажырашуулар туурасында канчалаган окшош тыянактар, көнүмүш болуп калган жыйынтыктар, кол шилтеген кош көңүлдүктөр бар. Ооба, ырасында кайсы бир себептерди кошо эске алганда, ажырашуу – ким бирөөлөр үчүн өтө бир оор тажрыйба, ал эми үй бүлөдө балдар бар болгон болсо, ажырашкандан кийинки абалдын он эсе оордугун элестете бериңиз...

Ажырашкандан кийин адамда кандай абал болмок эле, албетте түмөн түйшүккө, татаалдыкка толгон ойлор башыңызды чырмайт, жан дүйнөңүзгө  жагымсыз эмоциялар менен кааласаңыз-каалабасаңыз алышасыз. Эми чынында, андан башкача да боло албайсыз, себеби бир учурда чогуу өмүр сүрөбүз деп  кол кармашкан эң жакын адамыңыз менен айрылып жатпайсызбы. Ажырашаарын ажырашкан соң толгон токой суроолор башыңызда каалгып кирет: Эми өзүм жалгыз кантем? Күйөөмдү унута аламбы? Ажырашты деп эл мени кандай карайт болду экен? Талкаланган жүрөгүмдү кантип дарылайм?
 

Ажырашуудан кийинки  машакат-түйшүк
 
Ажырашуу кандай бир оор маселе экендигин баары жеткилең түшүнө беришпейт. Сырттан караганда бул нерсе, эки адамдын ойлонулбаган, жоопкерчиликсиз  мамилесинин жыйынтыгындай эле бир балакет иштей туюлушу ыктымал, а бирок ажырашкан эки кишинин жеке жашоосунда ажырашууга түрткөн кандай өйдө-ылдый кырдаалдар болгону, акырында ажырашуудан башка жол такыр  калбай калганы эч кимдин капарына келбейт дагы.
 
Ажырашуунун себептери да ар кыл: кол көтөрүп согуп,муштоо, мазактап-кордоо, зордук-зомбулук көрсөтүү. Эми бул жерде түшүнүп койчу нерсе – зордук-зомбулуктун кандай гана түрү болбосун аял кишинин чыдашы кыйын. Жакшы эле жашоо кечирип жатып жолдошунан ыдык көрсө, кордук көрсө аялдын көңүлүндө терең психологиялык жарака пайда болот. Ким билет, балким жолдошуңуз сизди алдап салгандыр же ислам динин таштап койгондур же тек гана экөөңөр чынында эле мындан ары тил табыша албайттырсыңар.
 
Ажырашканыңардын себеби кандай гана болбосун, Аллах (Ага мактоолор болсун) сизди эч таштабастыгын, Ал дайыма оорчулуктун айынан жеңилдик берээрин унутпаңыз. Башкысы, Аллах кимди жакшы көрсө ага сыноолорду жиберээрин  туура түшүнүүңүз өтө-өтө маанилүү жана Аллахтын Боорукерлигинен эч үмүт үзбөңүз.
 
Ажырашуу алибетте жан дүйнөңүздү аябай оорутушу мүмкүн, а бирок бул биздин өмүрдө кездешчү көптөгөн сыноолордун бири деп кабыл алганыңыз дурус.  Мен өзүм да ажырашуунун запкысын тарткамын, ошол тажрыйбам аркылуу көп нерсени түшүндүм десем болот, анда эмесе силер менен ошол тажрыйбам менен бөлүшөйүн.

 
1). Намаз тирегиңиз болсун.
 
Намаз – ажырашкандан кийинки оор абалдан сактачу, сизди өйдө жөлөчү бирден бир кадам.  Мен өзүм энемин, андыктан намазды өз маалында окуй албай кыйналган энелерди туура эле түшүнөм, а бирок мага ишенип коюңуздар, ажырашуудан жаныңыз карайлап, айлаңызды таппай турганда намаз өтө зарыл нерсе!  Ажырашуудан кийин ырасында эле сизге үйдөгү көп милдеттер, түйшүктөр үйүлүп, анын үстүнө үйдө балдарыңыз болгон болсо, өзүңүздү өзүңүз моралдык түдө кайгыга малып, качанкы өткөндөрдү эстеп чөгүүнүн такыр зарылчылыгы жок, анте берсеңиз колуңуз да, бутуңуз да тушалып, ыйлактап олтура бересиз.
 
Андан көрө ушул убакытты салмактап таразалап, Аллах менен болгон жеке мамилеңизди жакындатыңыз, кайгыны таштап, Аллах менен сүйлөшүп, Андан жардам сураңыз. Куранда мынтип айтылат:
 
«Сабырдуулук жана намаз менен жардам сурагыла. Чындыгында, Аллах – сабырдуулар менен бирге.» (Куран, 2:153).
 

2).   Ар бир күндөн, ар бир нерседен бакыт издеңиз.
 
Ажырашкандан кийин бүт эле караңгы ойлорго алдырып санаага батуу өтө оңой, андайда адам Аллахтын адамга берген нематтарын да унутуп калат.
 
А бирок мындай абалга берилип кетүү ансыз да ажырашуудан жабыркап турган кишини ого бетер чөктүрөт, жок кыла жаздайт. Ошондуктан өзүңүздү өзүңүз кармап, мындай оор кырдаалда дароо Муса пайгамбарды (Ага тынчтык болсун) ошол доордун эли жээрип, куугунтуктап, кордошкондо  Аллах эмне дегенин эстеңиз:  
 
 «Эгер шүгүр кылсаңар силерге (жакшылыктарымды) көбөйтөмүн» (Коран, 14:7).
 
Жакшылап ойлонуп, Аллах сизге эмне белек кылып жатканын майда-чүйдөсүнө чейин таразалап, салмактап көрүңүз. Жакын туугандарыңыздын бар экенин, ошолор сизди колдоп жатканынын өзү жакшы экендигин, а балким өтө майдабараттай көрүнгөн нерселер –жылуу кофе ичсеңиз же таң атканда дени кардыңыз соо, аман эсен төшөктөн турганыңыздын өзү чоң бакыт экендигин унутпаңыз. Кайгыга алдырган учурда, кээде эң эле жөнөкөй нерселер Алаахтын берген бизге белеги болоорун унутуп калабыз.Бул туурасында Аллах юизге “Ар-Рахман” сүрөсүндө 33 ирет эскертет.
 
 «Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?» (Куран, 55:13).
 

4). Өзүңүздү алаксытаар, алек болоор бир иш (хобби)  ойлоп табыңыз.
 
Чөккөндөн чөгүп, өзүңүздү өзүңүз жеген ойлордон алыс болуп кандайдыр алаксытаар, ары өзүңүзгө кызык болгон бир ишке алаксыңыз.
 
Мисалы мен, курбуларымдын кеңеши менен Куран окууга  катуу киришип кеттим.  Чынымы айтсам, бул нерседен мен өзүм ойлогондон да көп пайда таптым десем болот. Мындай кадамга барганым Аллах (Ага мактоолор болсун) менен болгон жакындыгымды гана тереңдетпестен, Куранды терең үйрөткөн араб тилин өздөштүрүүмө түрткү болду. Эми мендеги ошол кереметти сөз менен жеткире айтуу мүмкүн эмес, Аллахча чексиз мактоолор болсун, Куранда айрым бир аяттарды окуп жатып, анын маанисин терең түшүнгөндө Аллахтын сөздөрү болгон ошол сүрөлөргө таасирленип, кандай тагдырда турган болсоң ошого кайыл, ыраазы болуп жеңилдеп каласың.
 
Куранды окуп-үйрөнүүдөн тышкары мен кошумча өнөр иретинде медициналык адистикти да ала баштадым, ушуга мени багыттаган Аллахка чексиз шүгүрлөр. Айтаарым, алдыңызга кандайдыр көңүлүңүз эңсеген максатты  коюп, “ошого баары бир жетем деп” деп өжөрлөнүңүз. Ошол максатка күнүгө 1-2 саат коротсоңуз деле, ажырашуудан кийинки кайгыга жетелеген абалдан кыйла алаксып, кандайдыр пайдалуу нерсе менен алектенүү чынында эле сиздин ден соолугуңузга, жан дүйнө абалыңызга жакшы таасирин тийгизет.
 

4). Тилиңизди абайлаңыз.
 
Ажырашкан аялдын колунда балдары болсо, сабырды кармоо, чыдамкай болуу албетте оңой иш эмес. Эне катары, Аллахтан корккон инсан катары, эмоцияга алдырып шайтандын шыбыроосуна жетеленип, ар кандай сөздөрдү айтып өзүңүздөн чыгып кетүүдөн сактаныңыз, тилиңизди этият кылыңыз.   Ажырашкандан кийин сизде ачууга ууккан, кайгынын уусуна чыланган абал курчап алган болот, ошол таасир менен оозуңуздан чыккан ар бир сөз шамшар кылычтай өтө курч болот, андай ачуу  сөздөрдү бирөөгө айта турган болсоңуз ал өмүр бою көкүрөктө сакталып, көңүлүндө калып, аны унутпай, кечирбей турган  денгээлге жеткириши мүмкүн. Мухаммад (САВ) пайгамбар мынтип айткан:
 
Ким Аллахка жана Кыямат күнгө ишенсе, анд ал жакшы гана сөздөрдү сүйлөсүн же унчукпасын” (Сахих Муслим).
 
Ачууңуз келип, албууттанып турган чагыңызда сиз эч качан кечиргиңиз келбейт, анткени сиз таарынычтан жан дүйнөңүз ооруп турган болот. Анан калса, ажырашуу да оңой нерсе эмес. Ошонун айынан эркек жана аял тирешкенден тирешип, ооздон ар кыл кеп чыгып, карама-каршылык ого бетер күчөп кирет. Мындайда ар бир сөздү ойлонуп, терең салмактап айтуу туура болот. Жаныңыз ачышып, ачууга малынып турганыңызды шайтан эң сонун билип турат, анын айтканына жетеленип, ажырашканыңыз аз келгенсип, жаңы күнөөлөргө батышыңыз толук ыктымал, шайтанга алдырбай, эмоцияга берилип кетүүдөн сактаныңыз.
 

5). Бирөөлөрдүн жардамына умтулуңуз.
 
Ажырашып жаныңыз кейип турганда, кайсы бир сыр бөлүшөөр жакын курбуңуз же психолог менен сүйлөшүңүз. Сиздин эмоцияңызды туура түшүнүп кабыл ала турган тараптарга кол сунуңуз. Мисалы, менде ажырашкан соң жанымда сыр айтаар туугандарым болуп, сырымды айтып кыйла жеңилдегемин.  А эгер сиз жолдошуңуздун кордук-зомбулугунан бир топ эле азап чеккен болсоңуз, анда сөзсүз түрдө профессионалдуу психологго кайрылууңуз абзел.
 
Өзүңүз  менен өзүңүз калып, эч ким менен байланышпай өзүнчө калууңуз - ырасында эле эмне иш болуп кеткенин терең түшүнүп алуу үчүн  ойлончу жакшы убакыт болушу мүмкүн, а бирок өтө эле узак мезгил бою өзүнчө ээндеп, жалгызсырап жүрө берүүңүз диниңиз үчүн өтө зыян, анткени жалгызсыроодо шайтан көр залал нерселерди сиздин дилиңизге салат.  Андан көрө, Аллахты (Ага мактоолор болсун) сизге көп эстетип турган адамдар менен көбүрөөк болуңуз, андай адамдар сиз менен терең, жылуу мамиле түзүү үчүн бар аракетин кылышат.
 

6). Эсиңизде болсун, баары жай-жайына, өз ордуна түшөт.
 
Мына ошентип биз эң соңку, жыйынтыктоочу, эң маанилүү пунтка келип жеттик.  Кимде ким чын дилинен, жүрөгүнүн тээ түпкүрүнөн берилип “алхамдулиллах” деп айтып, Аллах ага сыноолорду бергени үчүн чындап ыраазылык айтууга  кудурети жетет? Арабыздан көбүбүз ыймандын эң акыркы бөлүгүнө – тагдыр, жазмыш дегенге ишенбей, аны так ошондой кабыл ала албайбыз.
 
Ойлонуп көрүп айталычы, “Эмне үчүн менин тагдырым мындай болуп жатат? Буга мен өзүм жол бердимби? Эгер өмүрдү артка кайтарчу болсо, мен баарын башкача жасамакмын, башкача сүйлөмөкмүн!” деп биз өзүбүзгө өзүбүз канча жолу суроо бере алдык?
 
Мындай  кездерде баарын Аллахка табыштоо туура, Аллах акыр соңу мындан да жакшы нерсе даярдап турганына шексиз ишенүү зарыл. Аллахтын биз үчүн даярдаган бул дүйнөдөгү же аркы дүйнөдөгү жазмышынын, буюрган тагдырынын маанисин  биз тушүнүүгө чамамбыз жетеби, жокпу – биздин тагдыр Аллахтын гана колунда. Аллах (Ага мактоолор болсун)  сүйгөн пенделерине гана сыноолорду жиберет, ал сыноолордун артында, акыреттик дүйнөдө эмне сыйлыктар, эмне жакшы нерселер турганын биз биле бербейбиз.
 
Момундардын келечектеги энеси Рамла бинт Абу Суфьян (Умм Хабиба)  күйөөсү менен Абиссинияга көчүп барышканда, ал исламдан чыгып христианчылыкты кабыл алган. Анын алдында эки жол турган болчу: күйөөсү менен калуу же Аллахтын жолунда болуу. Ал экинчи жолду тандап алды. Аз өтпөй күйөөсү каза тапты, бөтөн өлкөдө өзү жалгыз калды, мына ошондо ал Аллахка болгон ишенимин жоготподу. Аллахка мактоолор болсун, бир аз мезгил өткөн соң Аллах ага жаңы күйөө ыроолоду, анын күйөөсү – жер шарында жашаан эркектердин асылзаадасы, Мухаммад (САВ) пайгамбар болду.
 
Ажырашуу – күндүн бүткөнү, арганын түгөнгөн соңку чекити эмес, ажырашуу тагдыры  сизге кандайдыр көлөкө түшүрүп, кемсинте албайт. Тек гана, турмушта ушундай нерселер болот, адамдар кээде мамиле табышпай, келише албай калаары кадыресе эле нерсе. Эң маанилүүсү, кимибиз ким болбойлу, кандай тагдырда болбойлу баарыбыз акыры өлөбүз, а өлүм баарыбызды бирдей кылат. Качан Аллахтын (Ага мактоолор болсун)  астына барганда, сиз Аллах  менен жекеме жеке кезигесиз.
 
А бир жагынан, ооба, өмүр бою кол кармашып түтүн булаталы деп чечкен жакын кишиңиз менен ажырашып кетүү сизге өтө оор тиет, анткени менен сиз эч качан Аллахтан ажырабайсыз. Ал дайыма сиз менен болот. Бир ажырашуунун айынан бүтүндөй өмүрүңүздүн жабыркашына жол бербеңиз, бул балакетти Аллах менен болгон жакындашуу себеби деп кабыл алыңыз, мына ошондо сиз күчтүү болосуз, мен да ошондой тагдыр аркылуу күчтүү  боло алдым.
 


Маалымат булагы: Productive Muslim


Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
  
  
 

 

Facebook Пикир