Мухаммед Пайгамбар (САВ)

islam030
  • 05 Кулжа 2017
  • 0
  • 2393

Мухаммед Пайгамбар (САВ) – бардык замандар үчүн үлгү

Инсандын өмүр таржымалын окуу – турмуштан сабак алуунун эң мыкты ыкмасы деп жүрүшөт. Анткени, тигил же бул инсандын өмүр-таржымалы реалдуу иштерге, өйдө чыгуулар менен ылдый кулоолорго байланышкан тажрыйбага мол келет дешет. Мухаммед Пайгамбардын (САВ) өмүр таржымалын ала турган болсок, бул – бир улуу инсандын бүтүндөй жашоосунун бүт адамзатка сабак болоорлук документтештирилген үлгүсү.




Эмне үчүн анын өмүрүндөгү бардык жагдайларды, башынан өткөргөн майда-чүйдө турмуштук учурларынан тартып чоң окуяларына  чейин билүү биз үчүн маанилүү болушу керек? Бул суроону коюп жатканда, Пайгамбарды (САВ) туу туткан, анын жашоосун өздөрүнө үлгү кылып жашаган мусулмандарга эле ылайыктап жаткан жокпуз, негизи эле белгилүү адамдардын өмүр баянына кызыккан мусулман же мусулман эмес, нейтралдуу  окурманга багыттап жогорудагы суроону тикелей берип жатабыз.
 
Ага  жооп - Пайгамбардын (САВ) өмүр-таржымалындагы жумурай мусулман коому жакшы билген учурларда, мисалдарда, турмуштук реалдуу окуяларда кенен камтылган. Ал инсан 23 жылдын ичинде  өзү үндөп чакырган динге оболу  анча  ишене бербей кыйылган, кодулап жаман көргөн, а түгүл куугунтуктаган адамдарды  исламдын чыныгы лидерлерине, эл үлгү ала турган такыба  диндарларына  айлантып салды. Айлантканда  да, “эптеп эле динге өткөрүп алсам болду..”деп калп-чынды койгулаштырбай, жалган айтпай, акча же байлык менен сатып албай, кордоп, уруп-сабап, кан төкпөй өтө бир сабырдуулук, жумшактык, ынтызарлык менен динсиздерди Исламды бекем карманган диндарларга айлантты да койду. Кантип, кандай жол менен ошенткенин билгиңиз келип жатабы? Коомдук аң сезимди кыска аралыкка эмес, түп тамырынан бери өзгөртүп, бир идеяга чындап берилген, ал идея менен жашаган адамдардын эбегейсиз мууну кандайча пайда болгонун билүүнү кааласаңыз, анда Мухаммед Пайгамбардын (САВ) өмүр баянын окуңуз.
 
Джидду Кришнамурти (J. Krishnamurty) мынтип айтыптыр:
 
Оорусу такыр эле өтүшүп кеткен бул коомго,  “мен укмушмун” деген ден соолук да түтүп бүтө албайт”.
 
Биз баарыбыз оорулуубуз деген пикирге кошулбаган киши дээрлик жок болуш керек.  Адамзат оорулуу. Жер оорулуу. Бүт баардыгыбыз ооруга чалдыкканбыз. Бул илимпоздор гана алек болчу, ошолор гана  иликтечү илимий маселе болуудан калып, керек болсо ал алкактан да чыгып,  жетер чекке жетип калганыбыздын ачык далили. Бүт адамзат моюнга алчу оор  маселеге келип такалдык.  Бул өтө кооптуу абал, муну терең карап, олуттуу мамиле жасабасак болбойт. Анткени, убакыт өтө эле аз калып баратат, анан калса анын тездик менен зымырап жатканы ойлонтот. Адамдар өзүбүздү “жердин кожоюнубуз” деп атап компоюп жүргөнүбүз менен,   бүт баарыбыз чалдыккан оору кожоюн-сожоюндарды гана эмес, жердеги кыбыр эткендин жандуу-жансыздын өмүрүнүн  баарын тыптыйпыл кылып салбас бекен деген реалдуу  коркунуч бар. Ойлонуу  зарыл, кыймылдоо зарыл, болгондо да ушу азыр.
 
Меккенин VI-VII кылымдардагы абалы көп жагынан  кудум эле  биздин азыркы глобалдык-капиталдык, плюралисттик, жарым-жартылай маданий, көп улуттуу  ар кошкон будуң-чаң  заманыбызга окшош эле.  Мухаммед (САВ) туулуп, өсүп-чоңойгон, 50 жыл жашаган Мекке шаарын көз алдыңызга  элестете бериңиз.
 
Меккедеги бирден бир көзгө басар жайга -  Ибрахим аллехиссалам өз колу менен курган Каабага, (Аллахтын үйүнө) зыяратчылар келип сыйынышчу. Каабанын эшиги  ага кирүүнү каалагандардын баары үчүн ачык эле. Анын айлана-тегереги ыйык деп саналгандыктан, бул жерде кандайдыр жандыкты өлтүрүүгө, мергенчилик кылууга, согушууга тыюу салынган болчу. Меккенин шаар катары бапырап-байып өнүккөн себеби эмне , анткени бир бири менен такай каршылашып келген  кандай гана арап уруулары болсун бул шаарга келгенде уруш-талашты, согушту, жаман сөз айтып акыйлашууну калтырышчу. Ошон үчүн Мекке баардык тараптар үчүн коопсуз жай болуп келген. Меккенин VII кылымдагы абалынын биздин заманга окшош жактарынын дагы бири – ошо доордо ал шаар эң ири соода борборуна айланган. Шаарды  колунда бар, чөнтөгү калың, соодагерчилик, алды-сатты менен оокат кылган  бардар адамдар тескечү. Алардын басса-турса көздөгөнү эле “байысам, акчамды мындан да  көбөйтсөм”  деген максат эле. Мекке коомундагылардын дээрлик баары материалисттик аң сезимге чулганып, калаанын экономикасы  соодага, алды-саттыдан түшкөн кирешеге гана багытталып, такай ошого жулунуп турган. Базардагы бааны, соода ишин көзөмөлдөгөн,тескеген  кандайдыр бийлик  болбогондуктан, соодагерлер байкаштырып көрүп ынгайлуу  учурларда товарларын сатпай ката  туруп, таңкыстык башталганда өзүнө пайдалуу бааларды каалагандай коюп алып пайдага туйтунууну кадимкидей  адат кылышкан. Товарды болсо тээ алыскы аймактардан – Сирия жана Йеменден арзан сатып алышып, Меккеге алып келип кымбат сатышчу.  Меккедеги соода үчүн  бүт Аравия чөлкөмүнүн баарынан адамдар чогулушкандыктан бул жердеги соода да кызыгандан кызып, товарга болгон суроо-талап да артып, соодагерлер бааны мүмкүн болушунча кымбаттатып пайда көрүшкөн. Анан калса, Меккедеги товарды Аравиянын  башка  кайсы бир жеринен табуу да мүмкүн эмес  эле.  Ушундай ахывалдан улам, Меккелик соодагерлер ошол жердин соодасын каалагандай өкчөгөн кожоюн-көпөстөргө (бизче айтканда олигархтарга) айланышкан.
 
Ал доордогу ахывалдын биздин замандагы капиталисттик коом менен болгон жогорудагыдай окшоштуктарын баамдаган болсоңуз, чынында эле “ушундай да окшоштук болобу..” деп таң кала ынанбоодон башка аргаңыз жок.   
 
Анан да, кадыресе соода борборлорундай эле, Мекке шаары көп маданияттардын, улуттардын, элдердин, диндердин башын соода сатык  үчүн бириктирген моно-маданияттуу, плюралисттик шаар болгон. Бул шаарга кай мамлекеттен, кимдер  келбесин , улуту ким, дини кайсы болбосун, ал арткы планда калып, башкысы – алардын келгени-кеткени Меккедеги сооданы кызытса болду деген капиталисттик кызыкчылык өкүм жүргүзгөн. Жергиликтүү  калктын басымдуу бөлүгү өздөрү колу менен жасап алышкан ар кандай “кудайларга” сыйынган  (идеолопоклонство) ишенимди карманышкан. А бирок Меккеге соода-сатык үчүн ар тараптан жөөттөр, христиандар, отко сыйынгандар деле аралаша келишип, алардын ар кимиси өзүнүн “кудайларына”, ишенимине  ээн-эркин сыйына да беришкен, соодасын да жүргүзүшкөн.  Байкасаңыз, так эле ошондой кырдаал азыр Батыштагы көптөгөн өлкөлөрдө бар, алар кайсы өлкөдөн кимдер келбесин мамлекетке  киреше түшүрсө болду деген таризди карманышат. 
 
Мухаммед Пайгамбарга (САВ) келсек, ал ныпым  каражаты жок туруп, кайсыдыр колдоп-жөлөгөн таянычтарысыз (авторитеттери), бийлик жактарда ишенген кожолорусуз өз коомунун аң сезимин түп тамырынан бери өзгөртө алган. 
 
Альфонс де Ламартин (Alphonse de Lamartine) өзүнүн жазган  «Түркиянын тарыхы» деген китебинде мындай дейт:
 
Адамзат генийинин үч критерийи: улуу максат, аз акча жана жемиштүү ийгилик  боло турган болсо, анда бул жагынан Мухаммедге (САВ) биздин замандын тарыхындагы кайсы адам тең келүүгө батына алат?”
 
Мухаммед Пайгамбар (САВ) адамдардын материалдык абалын жакшыртууну максат кылбастан, идеологиялык, этикалык жана адеп-ахлактык жактан өзгөрүүлөрдү жасай алган. Ал өзгөрүүлөр адамдардын жашоосун, бир бири менен болгон мамилесин эле оңоп тим болбой, коомдук түзүлүштү, коомдогу мийзамдарды, адамдардын эркиндик боюнча түшүнүгүн түп тамырынан жаңырткан. Мухаммед (САВ) адамдарын ойлонуусунун, алардын мүдөөлөрүнүн өзгөрүүсүнө түрткү болгон соң алардын жүрүм-туруму, мамилелери өзгөрүп, натыйжада коом  өзгөрүүгө дуушар болду.
 
Коомго динди таратууда Мухаммед (САВ) үч негизги принципти элге сиңирген:
 
1.   Ар инсан Аллахтын астында жоопкер, Андан эч ким эч нерсе жаап-жашыра албайт.
2.   Чынчылдык.
3.   Жакшылыкты жайылтуу.

 
Ал  алып келген диндин өзөктөгү мазмуну да ушул. Ошондуктан ал:
 
“Чындыгында, силерден араңардагы эн мыктыңар – мыкты адеп-ахлакка ээ инсандар,-деп айткан. 
 
Жогорудагы принциптердин ар бири Мухаммед Пайгамбардын (САВ) жашоосунда кандай мааниге ээ болуп келгендигин карап көрөлү.
 
 
Ар инсан Аллахтын астында жоопкер, Андан эч ким эч нерсе жаап-жашыра албайт.
 
Катачылык кантип кылмышка айланат? Ушунтип эле – кылмышкер мыйзамга, адеп-ахлакка, жакшылыктарга каршы иш кылып жатканын билет жана билип туруп ошону жасайт.  Адамдар жакшылык эмне, жамандык эмне экенин ажырата албагандыгынын айынан башкаларга зыян келтирип, кордоп, зордук зомбулук көрсөтүшпөйт. Алар “жаман ишти жасасак бизди эч ким эчтеке кыла албайт, аныбыз үчүн жазаланбайбыз” деген ишенимде болгону үчүн  жамандыкка барышат.
 
Мухаммед Пайгамбар (САВ) жогорудагыдай түшүнүк чоң адашуу экендигин, анткени адам эмнени ойосо, эмнени сүйлөсө, эмнени кылса алардын баары Жаратканга белгилүү болуп тураарын, ар бир жасаган  кадам үчүн акыр бир күн Анын астында сурак берилээрин адамдарга жеткирген, түшүндүргөн.
 
Ал  жамандык менен жакшылык кимдин ким экенине карабастыгын, муну жасоо же жасабоо бир эле мусулмандарга тиешелүү маселе эмес, жалпы адамзатка байланыштуу  орчун талап экендигин аңдоого адамдарды үгүттөгөн.  Тескерисинче, исламдын парз-милдеттерин аткарууда башка диндегилерге караганда мусулмандарда жоопкеричлик өтө жогору болоорун айткан. Мухаммед Пайгамбар (САВ) бир күнү кызы Фатимага:
 
Ага мактоолор болсун, Аллах  сага Анын Элчисинин  кызы экениң үчүн аяр, этият мамиле жасайт деп ойлобо, сен Жаратуучунун астында өз кылган иштериң үчүн жооп бересиң,-деди.
 
 
Чынчылдык
 

Исламды адамдарга жайылтууга  чейинки  мезгилдерде деле Мухаммед (САВ) эл арасында “Ас-Садик аль- Амин” (чынчыл, ишенимге татыган) деген кадырлуу  атагы бар инсан эле.
 
Так ошондой сыпатты карманууга: бүт бардык маселеде чынчыл болууга  айланасындагыларды чакырчу. Бир курдай андан сурап калышат: “Мусулман адам коркок болсо болобу?”  Ал: “Ооба”,-деп жооп берди. Андан дагы сурашты: “Мусулман сараң болушу мүмкүнбү?”  Ал: “Ооба”,-деп жооп узатты. Анда Мухаммедден (САВ) сурашты: “А мусулман адам кандай сапаттан алыс болушу керек?”.  “Калп айтуудан”,-деп жооп берди Аллахтын Элчиси (САВ).
 
Ал “жакшылыкка чакыруу” жана “жаман, күнөөлүү иштер” пенде аттуунун баарына мүнөздүү сыпаттар экендигин айтып, бул түшүнүктөрдүн маанисин  адамдарга  үйрөткөн. Жакшылык кылуу жана жамандык кылуу - динге, улутка, адамдын кедей же бай экенине тиешеси жок жалпы жоруктар, кандай адам болбосун ал жакшылыкты да, жамандыкты да кылуусу мүмкүн. Андыктан, тууралык, чынчылдык – кандай гана жакшы иштердин болбосун пайдубалы.  Пайгамбар (САВ) өзү өмүрү өтө коркунучка  кептелген кездерде да тууралык менен чынчылдыкка таянуудан кайра тарткан эмес. Тууралыкты жайылтууда артка кайтпастан, майтарылбастан, Меккеден Мединага көчүүгө аргасыз болот, баса, анын душмандары ага ишенип баалуу байлыктарын Пайгамбарда сакталып туруусун өтүнүп беришкен, Мединага кетип баратканда ал душмандары “сактап тур”деп ишенип берген байлыктарын аталаш тууганы Али ибн Абу Талибдин колуна тапшырып ээлерине берип коюсун айткан. Душмандары ишеним артып буюмдарын сактатып турган инсандын чынчылдыгы, тууралыгы тууралуу эмне айтса болот?
 
 
Жакшылыкты жайылтуу
 
Мухаммед (САВ) өз коомуна мындай деген:  
 
“Силердин араңардан эн мыктыңар – жакынына эң мыкты мамиле жасаганыңар”.
 
Ал “мусулманга” деп айткан жок, “жакынына” деп айтууда. Жарандардын укугуна байланышкан маселе тууралуу айтсак, исламда жарандын укугу - мусулманга да мусулман эмеске да бирдей каралат. А болбосо Пайгамбар (САВ) “мусулман адам кошунасынын жаоосунун жакшы болушу үчүн да жоопкер”  экендигин айтпайт эле да.
 
Аял укугу деген маселени көтөрүп, “исламда аялдарды кордойт кемсинтет” деген өңдүү  жалааларды байма-бай айтып келе жаткан көрүнүшкө карата жооп мындай: коом исламга келе элек доорлордо, Мухаммедин (САВ) жаш кезинде  арабдарда аялдарды кадимкидей эле мүлк катары пайдаланып, кандай жумшагысы келсе, эмне кылгысы келсе кыла берген көрүнүш орун алчу. Аялдардын укугу аябай басмырланаар эле.Мухаммедин (САВ) айрым замандаштары эски салттын айынан  өз кыздарын жерге тирүүлөй көмгөн учурлары болгон. Мухаммед Пайгамбар (САВ) VII  кылымдагы аялдарга эмне берди?
 
 
·        Аялдар кандайдыр мүлктүн, кирешенин ээси боло алышкан. Иштеп тапкан акчасын кимдир бирөөнүн уруксаатысыз эле башка бирөө менен бөлүшүүгө укуктуу болушкан.
 
·         Аялдар балдарды тарбиялаганына (анын ичинде эмчек эмизип багууга) акы алууга укуктуу болушкан.
 
·        Аялдар өзү көңүлү каалаган, тандоосуна жараша  адамга турмушка чыгууга укуктуу болгон.
 
·        Аялдар туура деп тапкан болсо күйөөсү менен ажырашууга, эгер турмушка чыгып жаткан болсо жазуу түрүндө нике түздүрүү укугуна ээ болушкан.
 
·        Аялдар күйөөгө чыккандан кийин күйөөсүнүн ата-энесине, тууган-туушкандарына кызмат кылууга милдеттүү эмес болушкан.
 
·        Аялдар турмушка чыгып жатканда күйөө тараптан калың (махр) алуу укугуна жана күйөө тарапка кандайдыр акча, каражат берөөгө укуктуу болгон.
 
·        Аялдар ажырашкан учурда күйөөсүнө калыңды кайтарбоо укугуна ээ болушкан.
 
·        Аялдар ата-энесинен, балдарынан же күйөөсүнөн калган кандайдыр мүлккө мураскер болууга укуктуу болушкан.
 
·        Аялы күйөөсүнүн мүлкүнө жана тапкан кирешесине ээлик кыла алган.  Аялды кандайдыр бир кошумча шарт коюуларсыз, кийинтип,  ичинтип багуу эркектин милдети болгон.
 
 

Жогоруда саналып өткөн аял укуктардын айрымдарына  азыр “өнүккөн” деп аталып жүргөн өлкөлөрдүн көбүндөгү аялдар да ээ эмес.
 
Сөз соңунда дагы бир кайталаарыбыз, Мухаммед Пайгамбар (САВ) баарыбызга - мусулмандарга да, мусулман эместерге да азыркы учурда да, ошол ислам жаралган доорлордо да өтө керектүү, актуалдуу  болгон жашоо образын, адеп-ахлактын нормаларын насаат кылып айтып кеткен. Эгер ошол айтылгандардын баарын өз орду менен аткарып, жашообузда колдонгон болсок, анда өзүмчүлдүк, карамүртөздүк, кайдыгерлик деген оорулардан толук сакаюу мүмкүндүгүнө ээ болоор элек. Ошондо биз - бир адам бир адамга күйгөн, боор толгогон, жоопкерчиликтүү мамиле жасаган, Аллахтан эч нерсени жашыра албастыгыбызды түшүнүп, ошого жараша кадам таштаган сергек  коомду кура алмакпыз.
 
Маалымат булагы: Muslim Matters
Кыргызчага которгон: Аллах Билсин
 

 

Facebook Пикир