Окурмандын каты

Христиан кызды сүйдүм, исламды кабыл алды, бирок мурда сойкулукта иштептир..

Христиан кызды сүйүп калдым. Экөөбүз тең бир бирибизге болгон ынак сезимибиз аябай күчтүү. А түгүл ал исламды кабыл алып, мамилебиз ого бетер тереңдеп, анын боюна бүттү. Ага үйлөнүүнү чечтим, анан эле эсимди тандырган маалымат уктум, ал ислам динин кабыл алганга чейин сойкуканада иштептир.

Жашагым келбей калды,.. депрессияга малынып калдым, эмне кылам ыя?..

Көптөн бери маанайым чөгүп, эч нерсеге маанайым жок, депрессияга кабылып жүрөм. Бир курдай өзүмдү өзүм өлтүрүп эле салайын деп суицидге да барып көрдүм, андай жорукка кантип, эмне үчүн барганымды деле билбейм. Аракты өмүрүмдө оозума алып көргөн эмесмин, бангизат такыр колдонбойм.

"Кудайга ишенбеген атеист болуп баратамбы.." деп негедир өзүмдөн өзүм шектенип жатам...

Суроо: Мен өзүмдү, баскан-турган жоруктарымды, дегеле бүт жашоомбу иликтеп көрүп, өзүмө өзүм суроо берип, акыры ага жооп ала баштадым окшойт... Мен деген бул – менин денем, тулку боюм, анан ошол денени кыймылга, келтирип, башкарып турган – мен экенимди да түшүндүм. Демек мен өзүмдү кандай сезгеним, кантип кабыл алганым – мага гана байланыштуубу деп калдым. Анан эле ушул ойлорума каршы кандайдыр карама-каршы ойлор да кээде келип кетет.

Күйөөм “солго бастыбы..” деп аябай шектенип кыжаалатмын...

Күйөөгө чыккам, балдарым бар. Чынын айтсам күйөөмө болгон ишенимим кетти, негедир ал мени чанып “солго баскандай” эле сезиле берет. Телефонунан бирөөлөр менен жазышканын далай ирет кармагам, улам эле бир шылтоолорду айтат да кутулат.

Эмнеге менин досторум жок, эмне үчүн мен жалгыздыкта жүрөм?

Жашым 18де. Силерге айткым келгени, ушул жашка келип менде бир да ынак досторум жок, тек гана тааныш-тунуштар... Бул кадыресе эле көрүнүштүр балким, бирок мындай нерсеге аябай кыжаалаттанчу болдум.

Апама дайыма жаман сөздөр менен бир тием, жек көрүп, ачууланып кагып-силкем....

Дайыма эле апамдын сөздөрүн уксам эле ачуум келип, жаман көрүп, сиркем суу көтөрбөй зиркилдеп турганым турган

Сиңдим диний сектага кирип кетти, эми эмне кылабыз?...

Суроо: Менин сиңдим көп жылдан бери христиандык сектага барып жүрөт, биздин үй бүлө негизи мусулман динин карманып жүргөнүнө карабай мындай жоруктун болушу биз үчүн адаттын тыш окуя болду. Кээде ой келет, “сиңдим акылынан айнып калган жок бекен..” деген. Жакшы да айтып көрдүк, ачуу менен катуу да айтып көрдүк, такыр эле укпай биздин “Исламга кел, туура жолго түш” дегенибизди жаман көрөт. Эмне себеп болду экен анын мынтүүсүнө? Аны сактап калалы дейбиз, бирок болбой эле көшөрөт, эмне кылалы?

Шайтанга жеңилип,окуп жүргөн намазымды такыр окубай калдым...

Кашайып кайдыгерликтин торуна түшүп, шайтандын шыбыроосуна жеңилип, окуп эле жүргөн намазымды такыр окубай калдым. Кептин баары өзүмдө экенин билип турам, кенедей эле нерсени өзүм татаалдаштырып алам, кантип ушундан кутулсам болот? Аң сезимимде шайтан тараптан болгон шайкелең ойлорго алдырбоого аракет кылсам деле болбой, кээде таарат алуудан зеригем, атайылап намаз да окубай коем...

Мен аны сүйөм, бирок ата-энеси каршы...

Мени аны такыр эле унута албай койдум… Негизи, ал жигитти сыртынан таанычумун, ал да мени билчү. Бир күнү жөн эле көчөдө бейкапар баратканда кокустан жолугушуп калдык... Өтө бир ынак, бир бирин көрмөйүн куса болуп кетчү жакындарга айланып кетебиз деп оюма эч келбептир... Телефон чалышып, сүйлөшүп жүрдүк,.. күндөрдүн бир күнүндө “менин жубайым болчу..” деп сунуш кылбаспы...