Окурмандын каты

muslim/love
  • 24 Жетинин айы 2017
  • 0
  • 436

Христиан кызды сүйдүм, исламды кабыл алды, бирок мурда сойкулукта иштептир..

Христиан кызды сүйүп калдым. Экөөбүз тең бир бирибизге болгон ынак сезимибиз аябай күчтүү. А түгүл ал исламды кабыл алып, мамилебиз ого бетер тереңдеп, анын боюна бүттү. Ага үйлөнүүнү чечтим, анан эле эсимди тандырган маалымат уктум, ал ислам динин кабыл алганга чейин сойкуканада иштептир.




Чынында аны аябай сүйөм, а бирок мурунку арам иштерге бурулган тагдырын ойлогондо өзүмдү коерго жер таппай, чайналам. Сүйүп-күйүп, анан калса боюна бүтүрүп эми ушул бойдон таштап койгум келбейт, баланы боюнан алдыртып аборт кылдырууга да жол бергим жок, бирок эмне кылууну билбей башым маң. Аллах экөөбүздү тең кечирүүсүн тилеп дуба кылам.
 
Жооп:
 
Тааныш курбуңуз менен жыныстык катнашка барып,  ачык айтканда сиз ойноштук кылдыңыз, анткени ал сиздин аялыңыз эмес эле да. Мурда каерде иштегени, эмне кылганы аябай деле маанилүү эмес, анткени мына ушул күнөө маселесинде экөөң тең бирдейсиңер, бир бириңерге бап келесиңер. Эми болоор иш болду, экөөң тең мурунку күнөөлөрдү (ойноштук кылганыңарды) моюнга алып, өкүнүп, мындан ары жакшы жакка гана оңолууну ниет кылып, эч качан (экөөң тең!) мындай арам күнөөнү кайталабоого белсенгиле, анан да Аллах силерге ымыркай берип атат, экөөлөп мыйзамдуу үй бүлө күткүлө ( мусулман никесинен, ЗАГСтан өтүп) бактылуу жашоо кечиргиле, бир бириңе эч качан мурунку катачылыктарды эстетпей, алдыны карап бакубат жашагыла.
 
Айтмакчы, сүйгөн кызыңыз мусулманчылыкты кабылдаганга чейин жанакыдай “жаман иште” иштээрин айтыпсыз. Ишенимдүү хадисте айтылып кеткендей, эгер эркек же аял өз эрки менен, чын ниеттен мусулманчылыкты кабылдаган болсо мурунку күнөөлөрүнүн баары өчүрүлөт, кечирилет. А эгер сиз урматтуу мырза, “солго баскан” күнөөлөрдү мурдатан кылып жүргөн болсоңуз, аларды оңой-олтон өчүрө салуу, кетире салуу мүмкүн эмес, анткени сиз ал мезгилдерде мусулман болуп жүрдүңүз да, туурабы?
 
Никелешкип баш кошкула , бактылуу болгула. Өткөн чакта жасаган күнөөлөрүңөр жагынан экөөң тең  бир бириңе татыктуусуңар деп айтып кеттик (Курандын 24 сүрөсүнүн 3-аятын караңыз), экөөң тең  мындан ары күнөөлөрдү,катачылыктарды кетирбей, Кудайга берилүү менен түп тамырыңардан өзгөрүүңөр зарыл.
 
Сиз келинчегиңиздин мындан аркы калган бүтүндөй жашоосунда ага ишенимдүү жөлөк боло турган таяныч болуңуз, а эгер анте албасаңыз - өз шоруңуз өзүңүзгө!
 
 
Шамиль Аляутдинов - Орусиялык диний ишмер, Маскөөдөгү мемориалдык мечиттин имам-хатиби 
 
 
Кыргызчага которгон:   ISLAMLIFE.KG
 

 

Facebook Пикир