Орозо

0070
  • 22 Кулжа 2017
  • 0
  • 2036

Мухаммед Пайгамбар (САВ) Рамазан айынын акыркы 10 күнүн кантип өткөргөн?

Рамазан айнынын соңку он күнүн акырлап баратабыз. Дегеле Орозо айы ичинде көп сооптуу, пайдалуу нерселерди жасап үлгүрсөк болоор эле, бирок үлгүрбөй калганыбызды эми баары бир артка кайрып аны кайрадан жасап жибере албайбыз. Ошондой болсо да алдыда бир аз убакыт бар. Ошол "бир аз убакыт" деген аралыкта жакшы кадамдарды таштап, тозок отунан куткара турган иштерди жасоого мүмкүндүгүбүз бар.








Атактуу диний аалымдардын айтканына караганда, Орозонун соңку он күнүнүн ичинен бир күнүндө - эң баалуу, ыйык түн, Кадыр түнү, Лайлат-уль-Кадр туш келет экен. Ыйык Куранда мына ошол түн 1000 айга караганда мыкты экендиги айтылган. Жогоруда айтылып өткөн он күндүн арасынан Кадыр түн кайсы күнү экенин тактоо өтө кыйынга турат... Бирок үмүттүү жол бар. Орозонун соңку он күнүнүн ар бирин Кадыр түн деп эсептеп, Кудайга чындап берилип, дитибизди коюп намаздарга, зикирлерге бекем болсок Мухаммед Пайгамбар  убада кылган сыйлыктар сөзсүз болоору айтылат.  Ал кандай сыйлыктар? Муслим жана аль-Бухари сыяктуу имамдардын айтып кеткен хадистерине караганда: "Кадыр түндө Аллага чындап сыйынып, тилектерди тилеген, дуаларды кылган кандай гана адам болбосун, Аллах анын буга чейинки бардык күнөөлөрүн кечкен сыйлык менен сыйлайт".  

Мындан тышкары, Кадыр түндө тиленген каалоо-тилектер (мейли ал пенделердин тирүүлүктөгү   муктаждыктарына байланышкан кандай гана тилектер болбосун) орундалат. Пенде болгон соң ар кимибиздин жеке калоолорубуз, эңсеген тилектерибиз, "ушундай болсо кана.." деп жүргөн каалоо-ниеттерибиз жок эмес, мына ошондой тилектерди тилеп, Алладан үмүт кылып суроо мүмкүндүгү дал ушул Кадыр түндө ишке ашат. Ушул түнү самаган, эңсеген каалоо-тилектериңиздин баарын Жараткандан сурасаңыз, тилесеңиз орундалат. Андыктан ар түнү  ыйманды улам жаңылап, Аллага кызмат кылууну күчөтүп, күнөөлөрүңүздүн  кечирилүүсүн, Алланын мээримине эгедер болуунун аракетин кыла бериңиз. Аллах Рамазан айынын ыйыктыгын, бийиктигин , анын ичинде Кадыр түндүн  даражалуулугун Куранда 97-сүрөдө да айткан.

Акыйкатта Биз аны Кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин билесиңби? Кадыр түн - миң айдан да артыгыраак. Ал түндө Аллахтын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух жер үстүнө түшүшөт. Ал таң атканча - тынчтык, амандык. (Куран. 97-1,2,3,4,5)


Орозо айындагы күндөр күн санап арылаган сайын бул ыйык ай бизден алыстап кетип баратканын туюп турабыз, ошондуктан мүмкүндүктүн болушунча жакшы, сооптуу, ыйманга ылайык иштерди жасоого аракет кылуубуз абзел. Мына так ушул учурларда, ушул күндөрдө намазга жыгылып, садакаларды берип, Алланы көбүрөөк эстеп, көп-көп сыйыналы. Бул түнү кылган жакшы амалдарыбызга көп даражадагы сооптор көп эселенип жазылат, а эгер күнөөлөрдү кылчу болсок ага карата жазалар да эселенип көбөйөөр экен. 

Мунун өзү кадимки компьютер оюнундагы улам бир тепкичтен тепкичке жогорулап кете берген  жеңиштерге окшош, айрым бир учурларда, аймактарда кыска убакыт ичинде көп бонустарды топтоп үлгүрүү керек, ким көбүрөөк бонус чогултса ошол утат. Виртуалдык компьютер дүйнөсүнөн айырмаланып, чыныгы жашоодо оюнду кайра баштап, оюндун токтогон жеринен баштап кете албайбыз. Кандай иштерди, канча көлөмдө жасадык, демек биздин алчу соопторубуз да ошонун айланасында гана болот. 



Мухаммед Пайгамбар (САВ)  Орозо айынын соңку 10 күнүн кантип өткөргөн?

 
Муслим жана аль-Бухари айтып кеткен хадистерде мынтип айтылат: "Момундардын энеси, Пайгамбардын (САВ) жубайы Айшанын (разияллаху анху) айтуусунда, Алланын Элчиси (САВ) Орозо айынын соңку он күнүндө жатчу төшөк-жууркандарын үйдүн бир бурчуна жыйыштырып коюп, мечитке барып түндү Аллага ибадат кылуу менен өткөргөн. Пайгамбар (САВ) каза болгондон кийин анын аялдары да так ошентип түндөрдү сыйынуу менен өткөрүшкөн". Айша разияллаху анху: "Пайгамбар (САВ) Орозонун акыркы он күндүгүндө өзү такыр уктабай, жакын, тууган-туушкандарын да уйкудан ойготуп сыйынууга чакырган, ал түндөрү Пайгамбар (САВ) Аллага кызмат кылууга өзгөчө ынтаа коюп, дилгирлик менен өзүн арнаган."-деп айтат. 

Алланын Элчиси адамзаттын арасынан эң берешени болгон. Айрыкча Орозо айында анын берешендиги ого бетер кеңейип, жардам сурап кайрылган эч бир адамды куру кол калтырган эмес. 


Маалымат булагы: Islam.ru
 
Кыргызчага которгон:  ISLAMLIFE.KG
 

Facebook Пикир