Орозо

ramadan001
  • 25 Бугу 2017
  • 0
  • 851

Орозо (Рамазан) деген эмне?

Рамазан – Хижра ай эсебиндеги тогузунчу ай. Араб тилиндеги бул сөздү кыргызчага которгондо “куйкалаган аптап”, “ысык”, “күйгүзүп жиберүүчү” дегенди билдирет.




Орозо айы дайыма эле жайдын ысыктуу аптаптуу айына туура келе бербестигин, кээде салкында, суукта деле орозо тутулаарын эске алалы. Ислам календары айдын пайда болуп, кайра жоголушуна байланыштуу түзүлөөрүн көңүлгө алчу болсок, ар календардык жылда  орозо 10-11 күн мурдараак башталат.
 
Кудуреттүү Аллах мындай дейт:
 
 «Алар сенден жаңы туулган ай тууралуу сурашат.”Ал-адамдар жана ажылык үчүн убакыт өлчөмү”,-дегин» (Куран, 2:189).
 
Орозо айынын башталышы жана аягы  асмандагы айды карап аныкталат же шарият талаптарына туура келген  астрономиялык, геофизикалык байкоолор менен аныктоого да болот.  Тастыкталган (сахих) хадистерде айтылгандай. Мухаммед Пайгамбар(САВ) мындай дейт:
 
Аны көрсөңөр (т.а.жаңырган айды) орозо кармагыла, ай (кайра)  жаңырганын дагы көрсөңөр орозону токтоткула” (Аль-Бухари, Муслим).
 
Демек, Рамазан – бул мусулмандарга орозо кармоо парз кылынган ай:
 
 
 «Эй ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буюрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буюрулду. Бул орозо силердин такыбаа болууңар үчүн (буюрулду)»(Куран, 2:183).
 
Исламдагы талаптар боюнча, орозо тутуу учурунда мусулмандарга тамак-аш, азык жегенге, суусундук ичкенге , күндүз жыныстык катнашка барууга тыюу салынат.
 
«Ак жип менен кара жип даана таанылган таңга чейин тамактана бергиле. Орозону кечке чейин кармагыла!» (Куран, 2:187).
 
Ооз бекиткенге чейин (имсак) багымдат намазы башталаардан мурун мусулмандар сухур (сааркы тамактануу) кылышат. Шам намазына азан айтылгандан соң орозо кармагандар ооздорун ачышып (суу менен же курма менен) ифтарлык кылышат. Мухаммед Пайгамбардын (САВ) сүннөтүнө карасак, ифтарлык кылууну бирден же үчтөн курма ооз тийүүдөн баштаган жакшы.
 
Орозону :  акыл-эси кемдер , кичинекей балдар, оорулуулар, саякатта,жол кезип жүргөндөр, кары адамдар, боюнда барлар, бала эмизген аялдар (ден соолугуна байланыштуу)  тутуусу милдеттүү эмес.
 

«(Орозо” эсептелүү күндөрдө гана (кармалат). Силерден ким (орозо мезгилинде) ооруп калса , же сапар аттанса анда ал күндөрдүн ордуна башка күндөрдө толуктап берет.  Орозо тута албай турган адамдар жакырдын тамагын төлөйт. Ким андан ашыкча жакшылык кылса, анда ал өзүнө жакшы. Эгер билсеңер орозо кармоо өзүңөр үчүн жакшы!» (Куран, 2:184).
 
Орозо айынын акыркы он күнүнүн бирөөсүндө “Кадыр түн” (Ляйлят-аль-Кадр) тосулат. Бул түнү мусулмандар намаз окуу, сыйынуу (кьыям аль-лейл)  менен түндү өткөрүшөт. 610-жылдагы Орозо айынын 27-күнү Джабаль-ан-Нур тоосундагы Хира үңкүрүндө Аллах (Ага мактоолор болсун) Мухаммед Пайгамбарга (САВ) Ыйык Курандын аяттары түшүро баштаган.
 
«Рамазан айы – бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү.Силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе) орозо тутсун!» (Куран, 2:185).
 
Орозо маалында  күндөлүк беш убак окулчу намаздан тышкары, куптан намазы окулуп болгон соң мусулмандар узаккка созулган өзгөчө намазды-таравих намазын окушат. Демейки намаздарга караганда, таравих намазы 2-3 эсеге узун болот, ал эми кээ бир такыбаа адамдар таравихти түнү бою окуп чыгышат.
 
Мындан тышкары, көпчүлүк момун мусулмандар орозо айында, анын соңку он түнүндө мечитке чогулуп (итикаф кылышып) намазга жыгылышып, зикир чалышып (Аллахты эстөө), Куран окушат.
 
 

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 

 

Facebook Пикир