Орозо

ramadan002
  • 20 Бугу 2017
  • 0
  • 366

Орозо (Рамазан) – жашооңузду мыкты жакка өзгөртүү мүмкүндүгү

Көптөн бери жашооңузда жакшы бурулуш болуусун тилеп, канткенде ошондой болоорун ойлоп жүрдүңүз беле? Орозо да кирип келди, мына ушундан улам айтаарыбыз, жашоону жакшы жакка өзгөртүүгө бул өтө төп келген убакыт!




Рамазансөзүнүн тамыры рамада –кыргызча мааниси “куйкалаган аптап” дегенди туюнтат. Физикадан окуганыбыздай, өтө жогорку температурада кандайдыр өтө каттуу  затты ысыта турган болсок, анын каттулугуна карабай формасы өзгөрөт. Орозо (рамадан) айында биз жашообуздун формасын, образын түбү менен өзгөртсөк болот. Мейли сиздеги кыял-жоруктар, терс сапаттар канчалык начар, катуу, бекем болбосун, орозонун (рамадандын) ыссык табы анын баарын өзгөртүп салууга жөндөмдүү.
 
Психологдор  иликтеп көрүшкөндө, адамдагы терс адаттарды өзгөртүүгө же кандайдыр жакшы сапатка үйрөнүү үчүн адамга 28 күн жетиштүү болгон. (таң калычтуусу, толгон ай да ушунча убакытка созулат). Убакытты текке кетирип олтурбай, орозого даярданууну азыртадан баштай берели, так ушул орозо жашообуздун өзгөрүүсүнө себеп болгонуна өзүңүз күбө болуп таң калаарыңызга бөркүңүздөй ишенип коюңуз!
 
 
Орозого даярданабыз: Үч илтик эреже
 
Туткан орозобуз жемиштүү болсун үчүн үч илтикти камтыган, үч эрежени карманабыз:
 
**  пландоо: ниет кылып койгон нерселериңизди жазыңыз.

**  даярдык: планды ишке ашыруу үчүн бардык материалдарды,ыкмаларды топтоо.

**  практика:  көздөгөн окуя болгучакты эле планды алдын ала аткарып салуу.
 

Бул ыкмалар орозо айында такай колдонулат деп айта албайбыз, а бирок Аллахтын Элчиси (САВ) айрыкча шаабан айында такай орозо кармачу”. (Сунан Ан-Насаи)  Демек, сиз деле  орозо айы келгичекти, кошумча намаздарды окууга, эрте менен саарлап турууга, таңкы багымдат намазынан соң Куран окууну адат кылуга   үйрөнө бериңиз. Бул кадимки оор атлетика менен машыгып салмактуу  таштарды көтөргөн сыяктуу эле иш:  шаабан айында демейдегидей оор таштарды көтөрүп машыга бересиз, анан Рамадан (орозо) айы келет, шайтандар чынжырга байланат,  ошол мурунку эле көтөрүп жүргөн таштарды көтөргөнүңүздө алар өтө эле жеңил болуп калат, а сиз таштардын салмактууларын тандап, улам оорлорун андан ары көтөрө бересиз!
 
 
Орозону (рамазанды) пландоо: туура максаттарды коебуз  
 
Ошентип,  орозого даярдыкты баштоодон мурун максаттарды туура пландап, туура иретке келтиребиз – а түпкү максатыбыз Аллахка жакындоо, өзүбүздү таанып өзгөртүү. Бул багытта бир нече идея сунуш кылалы:
 
1). Намаз.
 
**  Бардык намаздарды так, өз маалында окуу, мүмкүн болсо мечитке барып жамаат менен чогуу  окуу.

**  Мүмкүн болушунча намаздын сүннөтүнүн ирекеттерин көбүрөөк кылуу.

**  Түшкө чейинки намаздарды такай окууну адатка айландырыңыз – бул өтө бир ажайып, түшүмү мол сыйлыктарды алып келчү адат.

**  Таравих намазы – сүннөт. Бул намаз орозо айында гана окулат. Шам намазын мечитке барып окууну адат кылып, анын артынан жамаат менен бирге  таравих окуңуз;

**  Тахажуд намазы: бул сыйынууга ар күнү түн оогондо туруп намаз окууга аракеттениңиз.
 

 
2). Куран окуу
 
Орозо айын Курандын айы деп коюшат, андыктан ушул айда Куран окууга  көбүрөөк убакыт табыңыз. Куранды окуңуз, аудио түрүндөгүсүн да угуңуз, мейли араб тилиндегисин, мейли эне тилиңизде болсун, жаттап, үйрөнө бериңиз.
 
3). Кудайга сыйынуунун башка түрлөрү
 
**  итикаф: орозонун сонку 10 күнүн мечитке барууга арнаңыз, ишенимиңиз бекемделип, намазыңыз курчуйт.

**  дуба:Курандагы “Уй” сүрөсүндө Аллах мындай дейт:  
 «Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса: “Мен жакынмын. Качан Мага дуба кылса, дубасын кабыл кылам. Мага да жооп кылышсын! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар туура жолду табышаар” (дегин)» (Куран, 2:186). Бул аятта дума менен Орозо айынын тыгыз байланышы көрүнүп турат;

**  зикир: колдон келишинче, алыңыздын жетишинче Аллахты көп эстеңиз, өз ичиңизден же теспе тартуу менен.

**  тафаккур (ой калчоо, таразалоо): Аллахтын чексиз кубаты, күчү тууралуу терең ой калчап, ошол ойлорду салмактап талдаңыз. Зикир кылып жатканда ушинтсеңиз өтө жакшы.
 

 
4). Социалдык байланыштар
 
**  да`уа: мусулман эмес мамлекеттерде жашаган мусулмандар үчүн орозо айы – башка адамдарга бул айдын кереметтүлүгүн, ислам дининдеги ажайып салттарды  айтып, баяндап, жүрөктөргө жеткизүүгө эң бир ынгайлуу учур. (Мусулмандары көп өлкөдө деле исламды бошоң кармаган адамдар көп, алардын аң сезиминдеги динди кайра жаңылоо, курчутуу үчүн да – динди кайра айтып, динге чакырып, даават  кылуу өтө маанилүү-Ред)

**  ифтарлыктар:  Орозонун деми менен жакындар, тууган-туушкандар менен, динден тааныштар менен чогулуп Аллахты улуктаган, исламды даңктаган талкууларды жасаңыздар.
 
 

5). Орозо кармоо
 
Имам Аль-Газали орозо кармоону үч денгээлге бөлүп караган:
 
**  тамак-аш, азык-түлүк, суусундуктан, жыныстык катнаштан кармануу.

**  жаман, терс адаттардан, иштерден, мамилелерден алыс болуу.

**  жаман ойлордон, кыялдардан сактануу.

 
Быйылкы орозо кармоодо кайсы денгээлди тандайсыз?
 
 
6). Каражат
 
**  садака: Адамдардын арасынан Пайгамбар (САВ) эң берешен, колу ачык болгон, а Орозо айында берешендиги ого бетер ашып-ташкан...” (Сахих Аль-Бухари)

**  зекет: көптөгөн момун мусулмандар зекетти дал орозо айында беришкен.

**  зекет  аль-фитр: зекеттин бул түрүн берүү  баарына парз болгондуктан, буга ниетти эртерээк кылып, аны берүүну созбоңуз.

**  ифтарлыктарды уюштуруу: сооп алууга болгон бирден бир мүмкүндүк – орозо кармагандарды тамактандырып оозун ачыруу. Үйүңүздө канча ирет ифтарлык кылып, орозо кармагандарды ооч ачырууну  мерчемдеп койгондурсуз? Айтмакчы, ооз ачыруу ифтарлыгын жакынкы мечиттерге барып уюштурсаңыз да болот. (тамак-аш, азык-түлүк, таттуу,суусундук...ж.б. алып барып берип)

**  умра:  Пайгамбар (САВ) мынтип айткан:  “Акыйкатта, Орозо айындагы жасалган умралык ажылык өтөгөн менен барабар” (Муслим)
 

 
7). Адеп – ахлак (нравалуулук)
 
Орозо айы (рамазан) – мүнөздөгү кемчиликтерди түзөөнүн, адеп-ахдакты оңдоонун мезгили. Ушул айдан пайдаланып, мүнөзүнүзгө чынчылдык, токтоолук, мээримдүүлүк, сабырдуулук, кармана билүү, абийирдүүлүк, боорукердик  деген сыяктуу жакшы сапаттарды кошуңуз.
 
Жогорудагы мисал келтирилгендер  максаттардын болгон-эткен акыркы тизмеси эмес, болгону бир нече идеялар гана -  алардын ар бири тууралуу ойлонуңуз, ага кошуп өзүңүз да жакшы максаттарды улаңыз.
 
 
Планды ишке ашырууга даярдык
 
Орозо айын кандайча пландоо керектигин жогоруда санап өттүк, эми максатка кантип кантип жетүү жагын айталы.
 
1.    Туура ниет кылыңыз жана Аллахтан жардам сураңыз.
 
Аллахтын каалоосу, жардамы болмоюн эч бир иш, кадам алга жылбайт, аткарылбайт. Ошондуктан, кандайдыр максатты коюуда оболу туура ниет, дуба  кылыңыз.
 
2.   Азыр баштаңыз.
 
Орозо айы келсе баарын баштайм,-деп күтпөңүз, Кудайдан жардам сураарын сурап коюп тура берсеңиз, ары-бери чайпалгандан башка эчтеке кылбай тура бересиз, андыктан, орозо айы башталганга чейин ишенимди машыктырууну баштаңыз. Пайгамбар (САВ) мынтип айткан: Аллах өз кулдарынын ишинин аз өлчөмдө болсо да, туруктуу болуусун жактырат” (Муслим).  Андыктан оболу эң азынан баштап, диниңизди бекемдөө үчүн орозо айында  бара-бара көп милдеттерди аткарууну акырындап көбөйтө бериңиз.
 
3). Системалаштырыңыз.
 
Жасап жаткан ишибиздин канчалык жемиштүү, сапаттуу болуп жатканын баамдоо үчүн ар бирибизге системалуулук керек, системанын болгону жакшы, анткени кемигин толуктап, толгонун кемитип олтурганга жакшы. Кандай ийгиликтерди, пайдаларды алып жатканыңызга астейдил көз салып туруңуз, кечээги менен бүгүнкү аракетиңиздин жыйынтыгын салыштырып турсаңыз, алдыда же артта баратканыңызды билүүгө мүмкүн болот.
 
4). Такыбаа, ыйманы бекем дос табыңыз.
 
Көздөгөн максаттарыңызды ишке ашырууда көмөкчү, колдоочу дос табыңыз. Балким ал киши таравих намазынан кийин жолугуп, ыйман темасында чер жазыша сүйлөшчү көңүлүңүзгө жаккан тааныш адамдыр. Эгер андай санаалаш адам табылчу болсо, жөн эле жолугуп ой келди ушак-айыңды айтып курулай убакыт өткөрүшүүнү каалаган “досторго” караганда, орозо айында ой бөлүшчү адамдын бар болгону орозонун сапатын артырууга себепчи болот.
 

Маалымат булагы: Islam.com.ua

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
 

 

Facebook Пикир