Пикир

0072
  • 23 Кулжа 2017
  • 0
  • 1812

Артур Артемьев: Никабка тыюу салбоо керек, кудайга ишенбегендер мыйзамдык коргоого муктаж эмес

Казакстандык белгилүү дин таануучу, профессор Артур Артемьев Казакстанда никаб кийип жүрүүгө тыюу салган мыйзамга каршы экендигин билдирди. Ошол эле учурда ал “никаб казак улуттук салтына төп келбестигин, болгону терс реакция жаратаарын” кошумчалады.











“Менин оюмча, динге болгон тыюу мындай мыйзамдык жол менен жасалбайт. Бул жагынан алганда, биздин Президенттин “бул казак элинин улуттук салт-санаасына туура келбейт, биз үрп-адатыбызды, салтыбызда элге түшүндүрүүбүз керек” дегени туура.
 
...никаб кийип жүрүү биздеги мусулмандардын арасында гана эмес,  Чыгышта, Батышта жашап жаткан мусулмандардын да итиркейин келтирээри турган иш. Биз, Казакстан өлкөсү, Батыш менен да, Чыгыш менен да дос мамиледе болгусу келген мамлекет катары өзүбүздү көрсөтүп келе жатпайбызбы”,-деп өз оюн билдирген Артемьев Караван порталына.
 
Мындан тышкары ал динге ишенгендердин укугун коргоочу мыйзам зарыл экендигин билдирди. Дин тутунгандар Конституциядагы укуктарынан тышкары дагы башка кандай укуктарга ээ болушу керектигин, динчилдер кандай нукта корголушу зарылдыгын  ал тактап айткан жок.
 
Ага улай ал учурда Казакстандын Дин иштери жана жарандык коом боюнча Министрлиги карап жаткан мыйзам долбоорундагы “атеисттердин укуктарын коргоонун” зарылчылыгы деле жоктугун айтты.
 
Жеке мен, атесит катары айтып коерум, кимдир бирөөнүн коргоосуна, калкалоосуна муктаж эмесмин. Эгер кимдир бирөө коргоого муктаж болуп жаткан болсо анысын ачык айтсын. А мына жеке мени кимдир бирөө “эмнеге атеистсиң!” деп кодулап жаткан жери жок. Өзүмдүн жеке оюмду эркин айтып келе жатам, ага көптөрү макул эместигин билдиришет, а бирок бул менин жеке өзүмдүн гана көз карашым да”,-деди атеист окумуштуу.
 
 
Маалымат булагы: Караван.
 
ISLAMLIFE.KG
 

Facebook Пикир