Пикир

Isl045
  • 09 Кулжа 2017
  • 0
  • 1922

Эрнис Кыязов: Биз мусулманбыз!-дейбиз... А бирок, кандай мусулманбыз?..

Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын! Баардык ааламдардын Эгеси болгон Аллага чексиз мактоолор болсун! Баарыңыздарга тынчылык каалоо менен, “амансыздарбы, ассаламу алейкум!” деп амандашууга уруксаат этиңиз, урматтуу окурманым!

“Кыргызстандын калкынын  80% мусулман түзөт..” деген расмият бар. Мен такай ушул маалыматты окуганда, укканда ошол 80 % дын ичиндеги мусулмандын бири катары өтө бир ыңгайсыздана берем. Мусулман болгонум үчүн эмес, кандай мусулман болуп жүргөнүм үчүн,  дегеле “мусулман болуу” деген вазипаны жеткилең түшүнүп-түшүнбөй, анын чыныгы маанисине, чыныгы кадырына жетпей, тек гана бир статистикалык  эсептин  ордун толтурган аты мусулман, заты толук мусулман эмес  кишидей сезем кээде өзүмдү...
 
Кудай ар бирибизди, ар кыл заманга туш кылып, ошол заманда төрөлүп, өсүп, чоңоюп, бала чака күтүп, иштеп, очор-бачар болуп, өйдө-ылдыйды көрүп, ачуу-таттууга кабылып жашап, анан буюрган күнү  каза болууну насип кылат экен.  Өзүмдүн мисалымда  айта турган болсом,   бу дүйнөдөгү  чоң-кичине, асмандагы жердеги, суудагы кургактагы тирүү макулуктардын арасынан  мага   да  пенде, киши болуп жашап өтүү насиби буюрулуптур, ушул үчүн Кудайга чексиз мактоолорду айтам!  Киши  болгон соң башка макулуктардан айырмаланып акыл-эсиң, айбандардан, ит-куш, жаныбарлардан айырмаланган инсандык жүрүм-турумуң, ак менен караны талдаган  ой калчоолоруң  болот экен;  ичип-жеп, аны кайра дааратканага төгүп  борсоюп  эле жүрө бербей ойлонот экенсиң, өзүңө өзүң суроо берет экенсиң:  жан-жаныбар, курт-кумурска, канаттуу куш сыяктуунун баары эмнеге мендей  сүйлөй албайт, эмнеге аларда мендегидей акыл-эс жок, эмнеге алар мендей күлбөйт, мендей ылабайт, мага мындай акыл-эсти ким берген, эмне үчүн берген, бу тирүүлүк кантип пайда болгон, тирүүлөр түбөлүк тирүү бойдон жүрө беришпей, эмне үчүн өлүп калышат, өлгөндөн кийин, бизди сүйлөтүп, көрдүрүп, уктуруп, сездирип жаткан баягы тирүү кездеги  сезимибиз, жаныбыз кайда барат, жан деген эмне, кечээ эле тирүү жүрүшкөн таята-таянемди, чоң ата, чоң энемди, досумду, курсташымы, агамды, жездемди, кесиптешимди  ж.б. мен тааныган далай адамды  ажал тооруп,  өлүм алып кетти,.. өмүр менен өлүмдүн ээси барбы, болсо ал ким, каякта?... деген сыяктуу толгон токой суроолор мээге миң келип миң кете берет тура...
 

Мен кайдан келдим, киммин, эмне үчүн жаралдым,  жашаарымды жашап болгон соң кайда барам,..  мага чейинки тирүү жандар кайда, менин жаным да денемди таштап кеткенде кайда барат?- деген изденүү ар пенденин оюна келген сыяктуу, бул суроо мага да тынчтык бербеген кыжаалатчылыктардын бири.  Тирүүлүктүн жаралуу процессине келгенде эки түшүнүк бар:  бул ааламдагы жандуу-жансыздын баарын, анын ичинде адамды да Кудай жараткан деген түшүнүк;  анан Чарльз Дарвин деген илимпоз абышка “адам маймылдан жаралган, а тирүүлүк клеткадан пайда болгон..” деген бирдемелерди айткандан бери “Кудай жок” деген атеисттик  түшүнүктү кармангандар да арабызда жашап келе жатат.
    
Мен өзүм “ Кудай бар, Ал Бирөө, Ал баардык ааламдардын Ээси, Кожоюну”  деген  Курандагы  жүйөөгө  шексиз, күмөнсүз ишенген  мусулмандардын биримин. А мусулман адам бу ааламды жараткан жалгыз Аллах экенине, Анын ыйык китеби  Куранга (Куран бул дүйнөдөгү да, аркы дүйнөдөгү да инсанга берилген эреже экенине,   Мухаммед (САВ) Алланын Элчиси, акыркы Пайгамбар  экендигине   ишенет.  Эми,.. ишенген, ынанган башка, бирок Куранда айтылгандарды жашоодо, турмушта колдонгон такыр башка маселе,  сөзүмдүн башында айтып кеткендей,  “канчалык денгээлде мусулман болуп жатам, мусулмандыгымдын сапаты кандай..”  деген маселеге келгенде, өзүмө өзүм берчү суроолор бир топ...
   
Дароо моюнга ала айтып коерум,  ислам динин катыра билген тажрыйбалуу диндар, исламият илимдерин  жиликтеп чаккан  аалым же адис эмесмин, бирок Алланын Жалгыз экенине, Кыямат күнгө, Пайгамбарларга, анын ичинде Мухаммед Пайгамбарга ишенген момундардын бири катары,  ислам дининин таржымалын өз бетимче иликтеп, окуп жүргөн  журналист катары жеке баамымда бир нерсени байкадым:  Ислам дини, Куран, шарият, Пайгамбарлар тарыхы, Мухаммед Пайгамбар (САВ) - булардын баарын көбүбүз кандайдыр диний атрибут,  практикалык жашообуздан сырткары  философиялык, а түгүл мистикалык  дүйнөтааным сыяктуу  кабыл алаар экенбиз, а чынында Ислам дини - өткөн чактын, учурдун жана келечектин  түбөлүк суроолоруна  ынанымдуу жооп берчү чоң аалам экен деп түшүндүм. Демейде, ислам тууралуу кеп болгондо  биздин коомдун көзүнө  чапан, жоолук, хижаб, сакал, мурут көрүнүп туруп алмайы өнөкөт болуп калбадыбы. Жок бурадарым, көрсө  андай эмес экен,  эгер билген болсок,  азыр  айрыкча Батышта, Европада  уу-дуу болуп сөз болуп жаткан жогорку технологиялардан тартып, асмандагы планеталарды иликтеген ачылыштардан өйдө  Исламда, Куранда небак айтылыптыр.  “Кана кай жеринде, кайсы сүрөдө, кайсы аятта  айтылыптыр - кол телефон тууралуу,  суу менен жүрчү машине тууралуу, роботтор тууралуу?..”-дээрсиз?  Аны түшүнүү үчүн биздин коомдо Куранды, Исламды аңдай ала турган, Курандагы сүрө-аяттардын тереңинде эмне маңыз жатканын сезе  ала турган  деңгээл болушу керек деген бүтүмгө келдим.
 
Аллах алибетте Курандын, Исламдын коргоолусуна, инсандардын жардамына муктаж эмес, балким биз адамдар Алланын коргоосуна, Курандагы эрежелерди турмушубузда колдонуп жашоого   муктаж болушубуз калетсиз нерсе. Ушундан улам айтайын дегеним, Кудай мага берген журналисттик өнөрдү, шыкты исламий нукка бурганымдын башкы максаты – исламды “сактап калуу, коргоп калуу” эмес, менин көздөгөн мүдөөм -  (дүйнө жүзүн кое туруп)  кыргыз тилинде сүйлөгөн, ойлонгон, ой жүгүрткөн кыргыз  калкына Исламдын чыныгы маанисин, өзөгүн жеткирүү.  Айрыкча “кокуй..кыргызды араптар басып кетмей болду!..”, “..сакалчандар менен жоолукчандардын өлкөсүнө айланып кетмей болдук!”  деген не атеист эмес, не коммунист эмес, не демократ  эмес  арабөк катмар үчүн  Ислам дини, Куран, Мухаммед Пайгамбардын (САВ) исламдагы орду  тууралуу интернет айдыңындагы ар кыл  исламий сайттарда жарыяланган белгилүү аалымдардын, шейхтердин, теологдордун , дин адистеринин илимий, публицистикалык, аналитикалык багыттагы  макалаларын, ой толгоолорун, маектерин, пикирлерин кыргыз тилине маңыздуу которуп жарыялап туруу.  Аны менен катар, өлкөбүздөгү диний авторитеттердин, белгилүү уламалардын, дин эксперттеринин, исламды мыкты түшүнгөн коомдук, маданий, саясый ишмерлердин  көз караштарына, публицистикалык, аналитикалык макалаларга да  сайтыбыздан орун берүү, конфликттик эмес (!)  диалогдук аянтча түзүү – сайтыбыздын жамаатынын негизги милдети  болмокчу.
 
Бардык нерсе
НИЕТТЕН.   Башкы редактор катары менин ниетим – коомго жакшылыкты таратуу, жакшы нерсени жайылтуу.  Исламды айткысы, жазгысы, дегиси келген биринчи  же  акыркы  инсан эмес экенимди жакшы билем, динди жайылтууда ар кыл тоскоолдуктар, көңүл чөгөргөн сыноолор, көңүл калуулар  болоорун  да жакшы түшүнүп турам. Бирок Ислам –тууралыктын дини, акыйкаттуулуктун дини экенине жана аны жеткирүүдө, жайылтууда Аллах дайыма  өзү таяныч, жөлөк болуп тураарына  бөркүмдөй ишенип турам! 
 
Соңку кезде журналисттик активдүүлүгүм басаңдай түшкөндөн бери “..саясий журналистикадан кеттиңби, коңулга кирдиңби?..” деген суроолорду көп уктум, Кудай берген акылым, эсим менен жооп берейин: кеткеним жок, мен чыныгы саясатты, чыныгы кызмат кылуу дегенди эми түшүндүм!  Мен Аллага, Анын дини - Исламга кызмат кылууга колумдун келишинче, дараметимдин жетишинче,  көшөрө кириштим.  Акыретте  Аллах: “Мен сага журналисттик өнөр бердим эле, шык бердим эле, ошону кандай максатта, эмнелерге пайдаландың?” деп сураса татыктуу жооп бере ала тургандай Туура Жолго мени  Аллах Өзү салды, ошондой жолго түшүү мүмкүнчүлүгүнө  айрым бир инсандарды себепкер кылды. Буюрса, дили бир, дини бир, Исламга кызмат кылайын деген санаалаш  достор менен бирге   алдыга койгон максаттарды Алланын, Жараткандын, Кудайдын  жардамы менен ишке ашырабыз деген үмүтүм бар. Аллах ичтеги ниетти да, сырттагы аракетти да Билүүчү, Көрүүчү!
 
“Бисмиллах” деп баштаган ушул ишибизге ак дилден дуба кылып, ийгилик каалап коюңуз, урматтуу мусулманым!
 

 
IslamLife.KG    сайтынын Башкы редактору

Эрнис Кыязов

Facebook Пикир