Пикир

ilim al
  • 02 Кулжа 2017
  • 0
  • 1131

Исламды дүйнөгө таанытуу – жаңы ачылыштарды ачуу аркылуу илгерилейби?..

“...Куранды окууга ашыкпай, “Оо эгем! Илимимди арттыр дегин!” (Куран, 20-114).


Жакында эле Британиядагы массалык  маалымат каражаттары Лестера университетиндеги сабактарга түзүктөп жетишпей жаткан  студенттерди окутуп жардам берсин деген максатта 14-жашар мусулман Йаша Эслини (Yasha Asley) жумушка алышкандыгын жазышты.

 
Басылмалар жазышкандай, Йаша өз кезинде аталган окуу жайдын эң жаш студенти болчу, эми мынтип окуу жай жетекчилиги “семинарларды өткөрүп бер” деп чакырган соң, ал математика сабагынан жакшы түшүнбөй, жетишпей жаткан студенттерге сабак берүүчү  университеттин  эң жаш кызматкери болуп иштөөгө туура келип жатат. Азыркы тапта Й.Эсли соңку курста окуп жатып, доктордук диссертация жактоого ниет кылууда.
 
Кандай кубанычтуу жаңылык, туурабы? Ислам тууралуу акыркы  ондогон жылдар ичинде  дүйнөлүк ар кыл гезиттер, электрондук маалымат каражаттары үстөкө-босток бир беткей жаманаттылап, элдин баарын үркүтүп-чочутуп келишти эле,  көрсө ислам дининин денгээлин, потенциалын башка өңүттөн  карап  кыйла жеткилең түшүнсө  болот тура!..
 
Билим, билим жана  билим!.. Куранга жакшылап үңүлүп карап көрө турган болсок, Аллах ар бир инсанды аяттарды окуп жатканда жөн эле үстүртөн  көз жүгүртүп койбой, маанисин терең түшүнүп, жакшылап талдоого чакырат. Куранды окуганда дароо эле баш-аягын тез эле аңдап бүтө албасаңыз да, кур дегенде аяттын маанилерин түшүнүүгө аракет кылып, исламды тутунган ар бир момун өзү менен өзү жакшылап иштеп, өзүн камырдай ийлеп, билимди терең казып, мээнеттенип алууга тийиш.
 
Ислам дини жаңыдан бутка туруп келаткан алгачкы доордо жогорудагы сыпаттар өтө-өтө  маанилүү болгон. Орто кылымдардагы мусулмандар түптөгөн Билим үйлөрүнүн пайда болушунун өзү эле дүйнөлүк цивилизацияга кошкон эбегейсиз салым. Жакында эле Курандын маанилерин орусчага которгон автор,  белгилүү ислам таануучу Эльмир Кулиев билимдин маанилерин исламдык көз карашта кенен-кесири түшүндүргөн макаласы жарык көрдү.
 
Бирок, тилекке каршы, исламий чөйрө өзүнүн ичиндеги майдабарат ыйкы-тыйкыларга алдырып, тигил же бул агымдар кандайдыр “диний мандемдердин” туура же туура эместигин кызыл чеке болуп талашып,  көбүнесе ал талашуулар диний салмактуулуктун чегинде эмес, майдачыл үрп-адат, риуталдык денгээлге түшүп кетүүдө. Ага кошул-ташыл болуп дүйнө эли соңку жылдары  ислам десе ар кандай жардырууларды, террактыларды түшүнгөн үркүү пайда болду. Ансыз деле биз жашаган планета интеллектуалдык “жардырууну” көздөй жакындагандан жакындап баратат деңизчи... Канткен менен бүт баардык түшүнүксүздүктөргө Аллах Куранда түшүктүү кылып жооп айтып койгон:
 
“Оку! Сенин Эгең-абдан Айкөл-Ызааттуу!”
“(Ал) инсанга анын билбеген нерселерин билдирген.
(Куран, 96:3-5)

 
Же болбосо,  бу дүйнө жүзүн жараткан Аллах Курандагы Калам (Калем) сүрөсүндө эмне деп айтканына бир жакшылап маани бериңиз:
 
“Нуун. Калемге жана анын жазгандарына ант!” (Куран, 68-1)
 
Бул сүрөдөгү контекстти, андагы “калем” деген сөздүн маанисин ХХ кылымдын  белгилүү мусулман укук таануучусу шейх Абд Ар-Рахман Ас-Саади:  “... калемдин мааниси – адамдар билимдин ар кайсы кыйырларында жетишкен ийгиликтери тууралуу жазган-эткен эмгектеринин баары, баян, аңгемелери, ырлары... Кагазга жазган калем, ручке – мунун баары Кудуреттүү Жаратуучунун ошолор менен ант кылууга татыктуу, улуу жышаандары”-деген көз карашын айткан.
 
Билим. Акыл-эс. Акыл калчап түшүнүү. Кайрадан билимге умтулуу. Бул түшүнүктөрдүн баарын Курандан табасыз, Куранда билимдин баардык катмары бар – астрономия, математика, медицина, тарых жана дагы көп-көп нерселерди табууга болот. А бирок, мээни, акыл-эсти жакшылап иштетпесек  жогорудагынын баарын кантип түшүнө алабыз?
 
Бул багытта жаш мусулмандар акыл-эсин мыктылап иштетип аракет кылып жатыптыр. Макаланын башында айтылган Эсли аттуу жигиттин университетте сабак берип калуусу бир эле мисал. 2015-жылы Робот техникасы боюнча Араб ассоциациясынын мүчөсү, 7 патенттин ээси, Бириккен Араб эмираттарынын чыккан 10 жаштагы ойлоп табуучу  Адиб Аль-Блуши аттуу баланын уникалдуулугун дүйнө тааныды.




CNN каналы ар ай сайын дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдөгү медициналык жетишкендиктерди чагылдырчу “Өмүрдүн белгилери” деген сериалында  Адиб Аль-Блуши келечектеги дүйнөлүк медицинанын өнүгүү багытын аныктачу сегиз өспүрүмдүн бирөөсү деп табылган. Бул балакай алты жашында эле ойлоп табуу багытында ийгиликтерди жарата баштаган,  бир жолу  ал көл жээгинде атасы менен жүрүп, полиомелит илдетинин айынан бутуна протез тагынып, сууга чөмүлө албаган атасынын абалын көрүп, үйгө келген соң суу өткөрбөй турган протез жасап берген. Дубай өкмөтү баланын идеяларына акчалай жардам берип, үйдө апасынын колу жетпеген жерлерди жыйнаштырып берчү роботту да жасап салды. Өкмөт баланын шыгын көрүп дагы да каражат бөлүп берет, Адиб  андан ары дагы 5 ойлоп табууну ачып патенттейт, анын катарында: унаада олтурган жүргүнчүнүн ден соолугун, пульсун аныктап турчу датчиги бар коопсуздук курун иштеп чыгуу  идеясы  да ушул балага тийиштүү . Илимий ачылыштарынын арты менен Адиб Эмираттагы илимий институтта лекцияларды окуп, окумуштуулар жамааты менен жолугушкан. Чет мамлекеттерге илимий сапарларга чыгып, а түгүл АКШнын Алабама штатындагы космонавттарды даярдоочу Аэрокосмикалык борборго да барды. 
 
2015-жылы Марокколук  23 жашар Идрис Сисаид (Idris Sisaid)
пилдер менен бегомотторго мыйзамсыз аңчылык кылган браконьерлерге каршы космостук технологияны пайдалануу жолун тапты. 


Улуу Британиядагы Кренфилд Университетинин эки студенти менен бирге Сисаид жогорку сапаттагы сүрөткө түшүрүп алууга ынгайлаштырылып алыстан башкарыла турган аппарат  ойлоп чыкты. Ал аппараттын жардамы менен космос аркылуу  жапайы жаныбарлардын бейпилдигин көзөмөлдөп, браконьерлердин кыймыл-аракетине тыкыр көз салып турууга болот экен.  
 
Египеттик жаш кыз Азза Фаяддын (Azza Faiad) ойлоп табуу жөндөмү Египеттеги Мунай боюнча илимий-изилдөө Институтун өтө кызыктырды, Азза кадимки тиричиликте колдончу желим бөтөлкөнүн калдыктарынан күйүүчү майдын арзан түрүн жасоону ойлоп тапкан.


Адистердин баамында, жаш окумуштуу кыз сунуштаган технология жылына ондогон миллион доллар киреше алып келиши мүмкүн.
 

АКШда 17 жашар Мухаммад Али (Muhammad Ali) аттуу мусулман-окуучу Альцгеймер илдетин иликтөөдө орчундуу ачылыш жасады.


Анын ойлоп табуусунун натыйжасында, Альцгеймер оорусунун пайда болуусуна негиз болчу бета-амилодду кыйла арзан жол менен иликтөөгө мүмкүн болду.
 

2013-жылы Палестиналык Экбал Асад (Eqbal Asad) аттуу кыз  дүйнөдөгү эң жаш врач катары Гиннестин рекорддор китебине кирди.


Ал  медициналык мектепте 14 жашынан баштап окуп, медицинанын бакалавры даражасын артыкчылык менен аяктаган дипломго ээ болгон.
 
Окурмандар жогоруда мен санап өткөн мисалдардан башка көптөгөн фактыларды билет чыгаар. Бирок бул жерде жетишкендиктердин санын эсептөө башкы маселе эмес, негизгиси,  мусулман үммөттөрү умтулчу, багыт алчу негизги тенденция тууралуу кеп болууда. Анан калса, илимий жетишкендиктерди коомду талкалоо, бүлүнтүү максатында эмес, Улуу Жаратуучу  адамзат үчүн жараткан  биздин  дүйнөнү сактоо максатка ылайыктуу  болуп турат. Муну айтып жатканыбыздын себеби, айрым бир илимий ачылыштар кыянат ниетти гана көздөбөстөн, Аллах жараткан улуулуктарды, табигый нерселерди өзгөртүүгө, бузууга багытталып жатпайбы...
 
Андыктан, илим мейкиндигинде ачылыштарды, жаңы багыттарды ачып жаткан инсандардын  руханий, диний түшүнүгүнүн терең болуусу  чоң мааниге  ээ деген тыянак келип чыгат. Ар бир ачылган ачылышты Аллахтын Улуулугун таануу үчүн ачуу сыпатын инсандын кулк-мүнөзүнө сиңирүүдө Ислам дини гана жоопкер ролду ойной алат.
 
Мезгил өткөн сайын мусулман дүйнөсү дүйнөлүк коомчулукка инттеллекттик алкактагы жаңы “жардыруулары” менен тааныла берет деген үмүт бар! Ушунтип айтууга жогоруда аталып өткөн ислам ааламына тиешелүү жаш окумуштуулардын пайдалуу эмгектери негиз болуп бере алат. 
 
Маалымат булагы:    


  автор – Теймур Атаев



Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

Facebook Пикир