Пикир

IslamLife 002
  • 07 Тогуздун айы 2017
  • 0
  • 848

“Меники гана туура!”-дегендерге...

"Кудайга ишен!" деп ишенүүчүлөр, "кудайга ишенбе!" деп атеисттер, "ишенсең момундай жол менен гана ишен" деп тигил же бул диндин өкүлү, "эч бир дини жок эле мобу система менен кетсек жыргайбыз" деп тигил же бул "..измдин" "..кратиянын" саясый өкүлү сезген-туйганын ТАҢУУЛАБАШЫ керек.(..деп ойлойм).





Биз ар түрдүүбүз, ар башкачабыз, дүйнө таанымыбыз да башка-башка, тирүүлүккө болгон сезимибиз да , Кудайдын бар же жоктугуна карата ички купуя сезимибиз да ар тараптуу, анан калса сөз менен түшүндүрүп жеткире албаган ой дүйнөбүз да бар дегендей...
 
Ааламды Гитлер менен Сталиндин, Ким Чен Ын менен Трамптын, арап менен еврейдин, буддист менен кришначынын, православ менен католиктин, акаев менен бакиевдин, атамбаев менен текебаевдин,.. айтор ушул сыяктуу контрасттык инсандардын "автордук" терезесинен эле тигилип тиктеп,"ушу меники гана туура"дегенди уланта берсек, талаш-тартыш, кызыл кыргын бүтпөчүдөй... Жашообуздагы диний, саясый, моралдык, ж.б. принциптерибиз менен тигилер же аркылар макул болбосо асман-айга секирип, согуш-кыргын салып, өлтүрүп-житирип,..бери болгондо "тигилер акмак!" деп кыйкырбай-этпей жер планетасында мамыр-жумур болуп жашасак болбойбу, адамзат тукуму?..
 
Ар бир принциптин артында тигил же бул мүдөөгө таянган "өздүк акыйкат" жатат, ар бир пенде ошону "калетсиз туура" деп эсептейт. Бирок ошол принцип коомго, эч бир пендеге) физикалык да , нравалык да залалын тийгизбесе... Ишенгендер менен ишенбегендер "ишендиң...ишенбедиң" деп өз ара согуш, ызы чуу, кан тогуу кылбай ТЫ-ЫЫНЧ жашаса, ошол - баарыбыздын утушубуз болмок...
 
Маселен мен - Ислам принциптерин туура деп эсептегендердин катарындамын, ислам темасында оюмду айтчу жерде ыгы менен айта жүрөм, укпагандарга таңуулабай "сууну сиңген жерге гана куям", бирок ошол эле учурда "ислам тигиндей, ислам момундай.." деп мокочо көргөнсүп, сөөмөй менен мусулмандарды сая көрсөткөндөрдү да туура эмес деп эсептейм. Исламды жек көргөндөр "меники гана туура" деп жөнү жок жүткүнбөй, "исламда балким мен билбеген, мен көрбөгөн, мен окубаган, мага белгисиз нерселер да болушу мүмкүн" деген ойду да запаска кармай жүрүшсө жакшы болоор эле...
 
 
автор: Эрнис Кыязов
 
 
ISLAMLIFE.KG
 

Facebook Пикир