Пикир

Терроризм - бул дин эмес
  • 25 Бугу 2017
  • 0
  • 1028

The Guardian: Терроризм - бул дин эмес

Канаданын Квебек шаарынын мечитинде (2017-жылдын 30- январында-ред.) кечки намаз маалында белгисиз бирөөлөрдүн ок атуусунан 6 кишинин каза болушуна байланышкан окуя – дүйнөдө терроризмден баарынан көп мусулмандар запкы чегип жатканынын ачуу далили.



Канаданын Квебек шаарынын мечитинде (2017-жылдын 30- январында-ред.)  кечки намаз маалында белгисиз бирөөлөрдүн ок атуусунан 6 кишинин каза болушуна байланышкан окуя – дүйнөдө терроризмден баарынан көп мусулмандар запкы чегип жатканынын ачуу далили. 

Терроризм – бул тактика, бирок дин эмес. Соңку 150 жыл ичинде терроризм деген балакетти  мусулмандар да, еврейлер да, анархисттер да, коммунисттер да, христиандар да, буддачылар да  өз бетинче жакшы эле колдонушту, колдонгондо  да   алардын баары кайсы бир денгээлде “өз динине” тууралап колдонуп келишти. 

Батыш болсо, ислам дининде зомбулук жана  башкалар менен эсептешпеген өзүмчүлдүк бар деген ойго биротоло байланып, ошого көшөрө ишенгенин койбой келе жатат. А чынында ислам андай эмес – теориялык жактан да, факты жагынан да андай эмес. 

Иш жүзүнө келгенде, учурда Британиядагы терроризм балакети – “мусулмандардын башына үйүлгөн көйгөй” бойдон калууда: 2015-жылдын сентябрындагы такталган маалымат боюнча, терроризмге байланышкан кылмыш жасады деп күнөөсү далилденген абактагы 143 айыпкердин 139 у мусулмандар. А бирок, ушуга карама-каршы дагы  бир акыйкаттуу маалымат, Британияда 200 000 мусулман жашаса, салыштырмалуу айырма  менен айтканда, ошонун бирөөсү террорист болуп абакта отурат деген сөз, бул – жалпы мусулмандардын терроризм менен такыр байланышы, тиешеси жок дегендикти билдирип жатпайбы. Бүтүндөй бир динди  коопсуздук саясатына сыйыштырып кароо, бир динден үркүп жалпы өлкөнү коругандай саясат – социалдык ынтымакка доо кетирет, а түгүл келечекте улуттук  коопсуздукка залалын тийгизет. 

Ыйык китептердеги тексттерди бурмалап, ал тексттин мазмунунда “толеранттуулук жок экен, зомбулукка чакырган жерлери бар” деп кодулаган тагдыр дүйнөдөгү көптөгөн чоң диндерге мүнөздүү, а түгүл светтик системадагы ишенимдер да бул өнөкөттөн кур эмес.  Коммунисттер жүз миңдеген динчилдерди алардын карманган, ишенген дини үчүн эле өлтүрүп, кырып салган. А биз жашаган кылымдын айрым интеллектуал-атеисттери болсо кыйнап-зордогон ыкманы кан-жаны менен колдоп, “мусулмандар менен айыгышкан күрөш жүргүзүү керек!”  деген жек көрүү үгүтүн жан дили менен  үндөп, колдоп келе жатышат. 

Биз  кызык заманды баштан кечирип жатабыз негизи: зордоп-кыйноону, башкаларды укпаган өзүмчүлдүктү көрсөк,  кээде аны кубаттап кол чапкан дүйнөдө жашап келебиз. Тигил зордукчулардын  бул кылыгын  актоо үчүн, алардын кызыкчылыгына   пайдаланылбаган, колдонулбаган дин калдыбы бүгүнкү  күндө, тилекке каршы, андай дин бар экенин көргөн-билген жан болсо, өтө эле таң  калычтуу болмок. Бирок бул жерде негизги айырма, согушка чакырык таштоо маселеси барбы?-деген суроодо эмес, маселе ал чакырыкты бирөөлөр угуп жатабы, ал канчалык денгээлде эл ишенип-ынана тургандай чакырык болуп жатканында кептин баары.  

Теологиянын өзүнүн маанилүүлүгү бар, иш жүзүндө  ал  кандай гана диндин болбосун орчундуу элементи, салыштыра келгенде, саясый партия үчүн анын доктринасынын маанилүүлүгү кандай болгон болсо, теологиянын диндеги орду деле ошол сыңар. А бирок, бул нерседен да маанилүү нерсе бар, ал  – жакшылыктан үмүт үзбөө жана кол кармашкан ынтымактык. Диний жана этникалык жек көрүүнүн түпкү балээси - алар үмүт менен ынтымакты ,  жинденген топтордун  башкаларды жээрүү  дымагына, өкүмзордугуна   тепсетип, кордотуп берип жатканында. 

Бул процесс адамзат табиятынын тээ түпкүрүндөгү аярлуу катмарына  таасир этип, бүтүндөй бир коомдорду быт-чытын чыгара талкалашы мүмкүн, Югославиядагы, Ирактагы согуштар буга ачык далил. Биздин коомдогу араздашууларды, пикир келишпөөчүлүктөрдү токтотуу – европалык саясаттын стратегиялык милдеттеринин бири болуусу керек.  Маскөөдө да, Вашингтондо да жарандар арасындагы жек көрүүнү күчөтүүнү атайылап козуткан  үгүтчүлөр олтургандыктан, жогоруда айтылып өткөн милдеттин маанилүүлүгү өтө чоң. Буга жооп катары биз баарыбыз өзүбүздүн  тутунган диний же расалык алкактан да тышкары чыгып, адамзат катары бир бүтүндүк экенибизди, адамдар баарыбыз бирдей экенибизди моюндообуз зарыл. Бул эми, бүт баарыбыз себеби жок эле шарактап-тарактап, жыргап-куунай  күжүлдөйлү деген чакырык эмес. Ооба, айрым бир орчундуу маселелерде жалпы адам коому талашып-тартышып, бир бирин түшүнүшпөгөн кырдаалдар көп эле болот. Айтайын деген  негизги сөз – аялдарга мамиле жасоодо, коррупцияга каршы күрөшүүдө ж.б.у.с. маселелерде кадамды ойлонуп таштайлы, мейли  ким болбойлу, мусулманбызбы же мусулман эмес башка диндегилерби.-деген маселеге жакшылап маани берсек. Бирок, тез арада чечүү керек болгон социалдык көйгөйлөрдү  айтып чыгышкан мусулмандарды  айрым башка диндегилер  атайылап жаман көргөзүп, мокочо кылып жатышканы да ырас, муну ачык эле айтып коюу керек.   


Маалымат булагы: The Guardian

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

 

Facebook Пикир