Пикир

mektep/jooluk
  • 04 Тогуздун айы 2017
  • 0
  • 790

Жоолуктан чыккан сөз...

Кудайды ким кантип элесетет, ар пенденин ички дүйнөсүндө “Кудай” деген түшүнүккө орун барбы-жокпу, анын бар же жок экендигин туйдурган сезимдердин өлүү-тирүү экени реалдуу жашообузда канчалык маанилүү,.. айтор ар пендедеги “дин”, “кудай” тушүнүгү ары татаал, ары купуя, ары аялуу маселе эмеспи. Дегеле, “кудай-тоголок...жоок кудай сүйрү,.. о койчу ай..кудай деген үч бурчтук же төрт бурчтук...” деп талашуунун акыры барып пенделик , өлкөлүк, конфессионалдык, континенталдык беймаани чууга барып такалаары анык.







 
 
Бишкектин чок ортосундагы мектептердин биринде 9-класста бир тааныш агамдын кызы окуйт, окуганда да мыкты окуйт, бир эле “айыбы” хижаб кийип барат экен. Кыскасы мектеп деректири “ошонуңду таштачы эми..” деген темада кыздын ата-энесин чакыртып, психологду кошо айттырып, жакында чогулуш кылганы атыптыр. Ал секелек кызды мен жакшы билем, зээндүү, акылдуу, китепти көп окуйт, интеллекти курч. Диний фанаттардын же кайсы бир үгүтчүлөрдүн түрткүлөөсүндө эмес, өз акылы менен эле исламий китептерди окуп жүрүп акыры өзүнүн жеке каалоосу, тандоосу менен исламий принциптерди кармоону өзү туура деп тааптыр. Сыягы ошентсе жан дүйнөсүнө жагат окшобойбу. Ата-энеси деле анын тандоосун сыйлап “макул өзүң бил” деп , бирок баланы баладай кылып тескеп, сабактарын текшерип, мактачу жерде мактап, жазалачу жерде жазалап, “жаман жолго баспа, түз жүр” деген сыяктуу тарбиясын башка балдарынын катарында ал кызына да айтып келишет. Берки балдары намаздын артынан сая түшүп деле окушпайт, балалык кылып кээде унутат, а кээде окушат дегендей, бирок ыйманы ысык, түзүк балдар. “Эмнеге тиги кызыма окшоп динди бекем кармабайсын!” деп деле ата-эне балдарды чыбык менен чапкылап талап кылбайт, ар кимисинин эркине, табитине карап тарбия беришет. Динди балдарына айтышат, дешет, бирок чечимди чыгарууну өздөрүнө коюшат. Кичүү кызы бий кружогуна барат, балдарынын бирөөсү таеквондого катышат, кичик баласы кытай тилин үйрөнөм деп көшөрдү эле, аны деле эркине коюшту “мейли..үйрөнө кой” дешип. Айтор толук либерализм.
 
“АКШдагы мусулмандар” деген проект менен Америкада деле болуп келдим эле, ал жакта жоолук оронобу, чалма кийип алабы, жылаңбаш жүрөбү окуучунун окуусу токтобошу керек, ишкердин иши жүрүп турсун, жумушчунун жумушу үзгүлтүккө учурабасын, доктурдун дарылоосу токтобосун , “кой болобу, эчкиби, аягында сүт берсин” деген стандарт. Тигил же бул адамдын динди кармоо спецификасы өлкө жарандарына , мамлекеттин өзүнө залалы жокпу, эй жашай берсин нары, буддачылары уйга сыйынып, кришначысы конгуроосун чалып, христианы чокунуп, исламчысы өз принциптерин карманып?! Тополоң кылбаса, башкысы “меники туура, сеники туура эмес!” деп кырылышып биринин канын бири төкпөсө, урушпаса, тилдешпесе болду да акыры!? 
Анан эми бизде тигинтип кызды “жоолугуңу чечпесең мектепке киргизбейбиз” деген агониянын маанисин, логикасын ээч эле түшүнбөйм. Мындай арабөк кырдаалга мектеп жетекчилигин күнөөлөгөндө эмне? Буга мамлекеттин динге жасаган арабөк саясаты күнөөлүбү деп күмөнсүп турам. Мамлекет бир колу менен “светтикпиз” дейт да, экинчи колу менен светтик ак үйдүн ичине намазкана ача коюп исламиятка жакшы көрүнгүсү келген “PR айкөлдүгү” бир кызык. “Борбор азияда бизде гана аянтта намаз окулат” деп мактангануу бир тең да, “кайран элим кайда баратабыз?” деп туш тарапка баннер илдирүү бир тең?.. Өлкө башчысы баш болуп ар жылы Айт намаздарда алдыңкы саптарда намазга турганы бир бөлөк да, дин тармагында адис эмес экенине карабай “молдолор көп нерсени ачык айтышпайт, арак ичпе деген жери Куранда жок” деген маанидеги балп этме “фатваларды” урдуруп койгону бир бөлөк. Бир курдай ак үйгө мыкты окуган алдыңкы мектеп окуучулар чакырылып, арасында жоолук салынган бир кыз бар экен, ошол кыз көзүн өйкөдүбү, айтор “кыргыз кыздар мынтип кийинген..тигинтип кийинген....” дегендей мораль окуп, сыналгыдан да ошентип айткан жеринде жанагы хижабчан окуучу кызды улам көрсөтүп “ушул туура эмес да” деген нотанын айланасында “эл душманы” кылып чырпып өтүштү.
 
Айтайын дегеним, динди саясаттын куралы катары пайдаланууну тим эле коюшса эмне... Керек учурда исламды оозанып, молдолорду далыдан таптап; ынгайы келгенде “арапташып баратабыз, сакалыбыз узун, хижабыбыз сүйрөлгөн...ж.б.” деп кыргызды арап болуп кетүүдөн сактап калымыш болгон “баатырдын” образын кийүүнүн эмне кереги бар?.. Ишиң саясатпы, саясатыңды кыл, бер динди диндарларга!? Жөн эле бербей, шарт түз. Исламга көңүл бөлөт десе эле айт намаздарда эл арасында момурайып пайда болуп калбай, мамлекеттик денгээлде шарт түз. Диний аалымдар, дин кызматкерлери, профессионал теологдор иликтесин ислам деген эмне экенин, ислам динин анализдеген илимий макалаларды жазып, иликтөөлөрдү жасап илим жактасын, ошонун баарына акча бөл, көңүл бур. Доцент, профессорлор түптөлүп чыгып, чыныгы ислам эмне экенин, исламдагы саясат, исламдагы экономика, исламдагы маданият, исламдагы үй бүлө деген сыяктуу тармак-тармактар боюнча “Өөй эл-журт! Ислам деген силер ойлогондой ахалай-махалай,..сакал-пакал, хижаб-паранжы эмес, чыныгы ислам мына момундай!” деп илимий таянычы бар негизде жүйөө айта ала турган интеллектуалдык толук кандуу модерн-шартты ким түзүп бериши керек, албетте мамлекет! Мамлекет - ак үйдүн намазканасына кирип алып мусулман коомуна бирди айтып, тигиндейрээкке барганда мусулмандардын сакалын, хижабын жаман көргөндөргө жагуу үчүн бирди айткан кыйды саясат менен кете берсе, коомубуздагы абал да өйдө жактын динге болгон түшүнүксүз мамилесин түшүнө албай “мектепке хижабчан кызды киргизек туура болобу жокпу...” деп беймаани чогулуш өткөргөн мектеп директорлорундай болуп арабөк болуусун уланта берет... Окуучу кандай кийинип келген чакта да берилген тапшырмаларды аткарып жатабы, сабактарды калтырбайбы, предметтерден экзаменге даярданып өз маалында тапшырып жатабы, жаман жүрүм-туруму жокпу, мектептин мүлкүн талап тонободубу,..башкысы ушул да? Жогорудагынын баарын аткарууга жоолугу же көйнөгүнүн узун-кыскалыгы жолтоо болуп атса бир жөн, тообо... Билим берүү жаатында зор реформаларды жасачу дыңы бузула элек канча иштер турат, анан келип-келип “мындай кийин..тигиндей кийин..” деген сыяктуу жоолук-моолукту эле айланчыктай берген билим “реформасын” мен такыр түшүнө албай эле койдум да. Тупкүлүгүндө тиги мектептин өтүгүн төргө илген, конституцияны көзгө илбеген кандай гана өздүк "мыйзамы" болсо деле суу кечпээри түшүнүктүү дечи, тек ушундай обу жок кадамдары менен жанды кашайтышат да... (((
 
 
автор: Эрнис Кыязов
 
 
ISLAMLIFE.KG
 

Facebook Пикир