Пикир

Зулпукар Сапанов
  • 04 Тогуздун айы 2017
  • 0
  • 1095

Журналист Зулпукар Сапановдун камалышы боюнча эки ооз сөз...

Журналист Зулпукар Сапанов ислам дини боюнча китеп жазып, китебинде исламий катмардын кээсинин арына тийген, кээсинин кыжырын келтирген автордук ой таанымдарын жазыптыр. Китепте мен макул болбогон, таптакыр кошулбаган, а түгүл кыжырымды гана келтирген мандемдер оголе көп...







А БИРОК, анын ошол жазганы үчүн соттоп, камап жибере турган себепти деги бир көрбөй турам. Анткени, Кудайга ишенүү, ишенсе кайсы дин менен ишенүү; же таптакыр ишенбөө, “мени Кудай жараткан” деген принципте жашоо же “мен суунун түбүндөгү клеткадан.. маймылдан.. иттен..куштан..таштан..кумдан ..жб.-дан пайда болгом” деген ишенимде жашоо ар пенденин өз эрки эмеспи. Ким кантип ойлосо, кандай денгээлде турса, өзүн кандай абалда сезсе, демек ошонусуна өзү татыктуу жана ошого жараша үлүшүн алат деген ойдомун. Ислам дини, анын түпкү өзөгү, андагы баалуулуктар, анын нравалык миссиясы – мусулмандардын же мусулман эместердин пенделик, субьективдүү талашып-тартышууларынан кемип да калбай, толуп-ташып да кетпей жолун ырааттуу уланта берээринде күмөнүм жок. Кайсы бир доорлордогу фараондор жок кыла албаган Исламды, кайсы бир замандарда кресттик жүрүштөрдө ноюбаган Исламды, кайсы бир кезеңдерде СССР атеисттештире албаган Исламды,.. келип-келип Зулпукар Сапанов астын-үстүн кылып жиберчүдөн бетер аны соттоп, камап иймейди тим эле коюшубуз керек эле да,.. айтор, мен анын камалуусуна каршымын.

P.S. Көп күндөн бери бир киши “..бир жолуксак болот эле, башкага эмес, дал ушул сага кезигип айта турган өтө бир маанилүү, олуттуу сөзүм бар эле..” деп улам тилпон чалып, сая түшүп, а менин колум болсо тиги-бу иштерден такыр бошобой, акыры кечээ күнү атайы чыгынып, а киши менен кезигиштим. Өңү-башы, кийингени ыктуу, сүйлөй келсе сөзү деле эптүү жашы элүүдөн ары караган адам экен. “Кыргызстандын бүгүнкү кыйын кырдаалынан” башталган сөзү “президентикке талапкерлердин эч бири эл башкарууга татыксыз!” деген эмоция менен оргуштап, аягында “..эгер акылына келип макул болушса, мен баарын муютуп, бириктирип, Кыргызстанды гана эмес, адамзатты (!) сактап калчу күчүмө ишенип турам..” деген ары сырдуу, ары 100% өзүнө ишенген көз караш менен тыянакталды. Мен анын оргу-баргы, бир кызыктай “ааламына” макул болбой сөз талашканым деле жок, “акыл эсиңиз ордунда элеби?” деп мыскылдаганым деле жок, “...ушундай да болобу?” деп таң калбадым деле, тек көк чайдан коомай ууртап “туура, туура, албетте..” дегенден башканы айтпай улам баш ийкеп олтурдум. Билесиздерби эмне үчүн? Анткени, ар бир кишинин өзүнүн жан дүйнөсү, ошол дүйнөсүнө өтө ишенген жеке ынанымдары, башкалардыкына анча кошула бербеген эго-принциптери, турмуштук өйдө-ылдыйлардан улам топтогон али быша элек чийки же өтө эле бышып-өтүшүп кеткен көз караштары болот го деп боолгойм. Ал пикирди коом кабыл алса коомдук масштабда олуттуу идеяга айланат, а кабыл албаса көк чай ичкен жерлерде сүйлөнө берсин,.. анын коркуп-үркө турган деле жери жок.
 
автор: Эрнис Кыязов
 
 
ISLAMLIFE.KG
 
 

Facebook Пикир