Портрет

Isl004
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 637

Мусулман-беларус: “Дин болсо - мына ушундай болсун”.

Беларусиядагы аралаш-мушташ өнөрүнүн эң көрүнүктүү мушкерлеринин бири, дүйнөлүк чемпионаттардын жана Европанын самбо боюнча бир нече жолку чемпиону, Эл аралык класстагы спорттун чебери Эдуард Муравицкий 2013-жылы ислам динин кабыл алган. Анын бул кадамын эл-журт ар кандай жактырбай шыпшынган, “ошо кантип болсун..” деген кептерди айтып кабыл алышса да, спортчу өзүнүн тандаган кадамы эң туура экенин баса белгилеп, дал ушул динден жан дүйнөсү тынчтык тапканын айтат.


Эдуард Муравицкий исламга өткөндөн бери аны Расул деп аташат, ал ММА боюнча Беларуциянын курама тобунда таймаштарга катышууну улантып келет. Жакында эле өзү туулуп өскөн Баранович айылына барып аралаш-мушташ өнөрү боюнча спорттук мектеп ачып, жаштарды спорт менен машыктыруу ниети менен кайтты.

Анын айтымына караганда, мектепке келген жаштардын тең жарымы өлкөнүн түштүк чөлкөмүнөн келип окуган мусулман студенттер. А бирок спорт менен машыктырууда ал машыгуучуларды мусулмандар жана башка диндегилер деп бөлбөстүгүн айтат:
 
Мен беларустарга кандайдыр диний ишнимди таңуулабайм, а бирок кээ кээде гана “арак ичип алып урушуп жаңжалдашуу жакшы эмес экендигин” сөз жүзүндө айтып коем”,-деп маек берген  беларусияда чыгуучу «Наша Ніва» гезитине.
 
Эдуард Расул Муравицкий 1991-жылы төрөлгөн. Күрөш менен 9 жашында эле машыга баштап, анан бат эле спорттук ийгиликтерди жаратып, андан аркы тагдырын профессионалдуу түрдө спортко арноону чечкен. Спортко берген мээнетинин акыбети кайтып, спорттун чебери деген наамга да жетишти. Андан соң аскерге чакыруу келип, Расул аскердик кызматта келишимдик негизде кызмат өтөгөн. Аскердик кызматтан соң, баягы спортко болгон берилүүсү күчөп, ал машыгууларын кайра баштаган.
 
Исламга кызыгуусу Санкт-Петербурга “Аллигатор” спортту клубу аркылуу келип мушташтык мелдештерге катышып жүргөндө башталды. Анын айтканына караганда, клубдагы балдардын көбү КМШнын түштүк аймагынан келген мусулман дининдегилер болгондуктан, мусулман балдардын биримдигин, өз ара бир бирине болгон урмат-сый мамилесин, кыйын кырдаалдарда баары чогулуп жардамга келе калган ынтымактуулугун көрүп катуу таасирленген. Ошол эле учурда ал балдардын кантип намаз окуп, намазга жараша адепти, тартипти сактап улууларга болгон ызаатын көрүп жүргөн. Айрыкча мусулман спортчулардын такыр эле аракты оозго албаганы, бангизатка жолбогону, ызылдашып бир бири менен урушпаганы көңүлгө төп болуп туруп алды.
 
Мен өзүм алардан атайы көп суроолорду берип, көп нерсени билүүгө кызыктым. Алар суроомду жоопсуз калтырбай, Пайгамбар (САВ) тууралуу, Куран тууралуу көп кызыктуу маалыматтарды айтып беришти. Айтылгандар менин жан дүйнөмдү ээлеп алды, “дин болсо мына ушундай болуш керек” деген сезим мага бекем орноду. Аз өтпөй спортклубда каржылык көйгөйлөр башталды, айлыктар төлөнүлбөй, кийинчерээк клуб такыр жабылды да калды. Ошонун айынан өз айылым Барановичке кайтып келип, мынтип спорттук мектеп ачуу ниетине бел байладым, бул аракетиме Беларусиядагы мусулман досторум жардам беришти”,-дейт Муравицкий.
 
Исламды кабыл алгандан тарта Эдуард Расулдун жашоосунда көп нерсе өзгөрдү. Өз жашоосунда тапкан башкы байлыгы катары ал туура динди таап, ошого түшкөнүн маанилүү кадам катары эсептейт. Христиан динин карманып жүргөн кезде ал диндин турмуш менен байланышын такыр түшүнчү эмес.
 
Мен чиркөөгө келгенимде, туш тарапта иконаларга сыйынып жаткан адамдар эмнеликтен ошол иконаларды Кудай катары сыйынаарын дегеле түшүнчү эмесмин. Эми ырас биз ал иконалардын заманында кошо  жашбаган соң, алар чынында эле ыйык киши болгонун, чынында эле эч кимди өлтүрбөгөнүн, эч нерсе  уурдабаганын билбейбиз да. Анан калса, иконалардын сүрөтүн тарткан сүрөтчүлөр да ар бири өз табитине жараша сүрөт тарта беришкен, чиркөөгө барып карап көрсөңүз, иконалардан ар кайсынысы ар кыл тартылганын баамдайсыз. Мени бул нерсе аябай таң калтырчу, мезгил өтүп ал динде активдүү болуум сууй баштады, а бирок динге ишенимди таптакыр таштап салбадым”.
 
Расулдун тууган-туушкандары, жакындары анын ислам динди кабыл алуусуна туура түшүнүү менен мамиле кылышты. Ата энесин дээрлик бир жыл мою моралдык жактан даярдап, ислам тууралуу, андагы салттар тууралуу, мусулман досторунун  адаттары жөнүндө маалыматтарды айтып  келди. Расулдун аялы да күйөөсүнүн тандоосун сыйлап, ашканада  чочконун этинен тамак-аш даярдоо дегенди таптакыр койду. А бирок кээ бир дос-тааныштары кээде андан “террористтерге кошулуп кеткен жоксуңбу ыя?”  деп күмөңдүү суроолорду берип коюшканы да чын. Расулдун оюнча, коомдо ислам дини, мусулмандар тууралуу көп нерсе так эмес маалыматтар болгондуктан ар кандай түшүнбөстүктөр болуп келе жатат. Канткен менен диний алкактан кысымга алып, коркуткан эч ким жоктугун ал таасын белгилейт:
 
Биринчиден, бул өлкөдө мусулмандар көп мезгилдер бою жашап келе жатат. Экинчиден, мусулмандар менен христиандар талашып-тартышып, урушканга эч кандай себеп жок. Ушундан улам, диний жагдайдын айынан кандайдыр жардыруулар, конфликттер бул мамлекетте жок жана мен өзүм деле исламды карманып жүргөн киши катары кысмакка алууну көрбөй турам. Беларусияда мусулмандар өздөр деле тынч, бейпил жашашат, алардан үркүп-корккон эч ким жок, чогуу иштеген, мамилелешкен мусулмандардан кооптуу эч нерсе байкай алганым жок”.
 
Расул Муравицкийдин баамында сонку кездерде беларустар арасында исламга кызыккан, анын мазмунуна үңүлгүсү келген адамдар арбып барат. Адамдар колдоого, биримдикке муктаж болуп жатат, а исламда ал нерселер бар,-деп түшүндүрөт спортчу.
 
Эдуард Расулдун келечекке мээлжеген, ниет кылган пландары көп. Өзү түптөгөн ММА боюнча спорттук мектепти өнүктүрүүдөн тышкары, өзү да машыгууну катуулатып, жаңы жеңиштерге, чемпиондуктарга жетишүүнү максат кылат. Исламга өткөндөн тартып анын спорттогу ийгиликтери да майнаптуу боло баштаганын ал сыймыктануу менен  билдирет. Рингдеги ийгиликтеринин башкы себеби – исламда экенин кошумчалайт:
 
Намаз кандайдыр бир максатка ойду түзөгөнгө, багыт алганга жардам берет. Жеке баамымда, мушташуу өнөрүнө байланыштуу спорттук мелдештерде мусулман мушкерлер көбүрөөк жеңишке жетишип жатышат. Карап көрсөңүз, күрөштө жеңип чыккан чемпион көбүнесе – дагестан, ингуш, азербайжан же чечен болуп чыга келүүдө. Менин жеңиштериме да Аллах жардам берип жатат го дейм..”.
 

Автор: Раяна Ольга Черных


Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
  

 

Facebook Пикир