Саясат

islampolitic001
  • 05 Кулжа 2017
  • 0
  • 567

Ислам, мыйзам жана мамлекет

Ислам мамлекети… Бул сөзгө, ушул сөздүн түпкү маанисине эмне деген гана кептерди айтышпады. Ким бирөөлөр үчүн бул – Орто кылымдардагы катаал жазалоолорду колдонгон, адамдардын каалаган нерсесинин баарына тыюу салган сакалчан, чектен чыга динге берилген жанкечти фанаттарды тобу имиш. Дагы башка бирөөлөр үчүн бул качандыр бир кездерде болгон, а биздин азыркы жашоодо такыр ишке ашпаган бир жомок экен.

Кандай болгон чакта дагы, баарыбыз  жомоктогудай кеп кылып китептерден окуп жүргөн: Мухаммед (САВ) пайгамбар, Абу Бакр, Умар, Усман, Али...сыяктуу “жомок персонаждары” азыр биздин арабызда жок. Анан да азыр заман башка, “Аллахтын мыйзамдары азыркы заманга туура келбейт го..” дейбиз. А кээ бирөөлөр үчүн ислам мамлекети – эгер аракет кылса, мээнеттенсе баарынан Улук Аллахтын ырайымы менен реалдуу ишке ашчу институт.
 
Ырасында эле ислам мамлекети деген эмине өзү?  Дүйнөнүн саясый  картасын ар кандай түс менен боеп өздөрүн мамлекет атап алышкандардан эмнеси менен айырмаланат? Ким ошентип дүйнөнү саясий ык менен бөлүп алды? Эмне үчүн?  Анда, биринчилер менен экинчилердин, экинчилер менен үчүнчүлөрдүн бир бири менен болгон айырмасын түшүндүрүүдөн баштайлы.  Ислам мамлекети дегенден мурда, ислам эмнеден куралып, эмнеден башталаарын түшүндүрүп  берүүгө аракет кылалы.
 
Ислам жана каапыр.
 
Ар адам өзүн курчап турган ааламды  ички дүйнө таанымынын алкагынан карайт. Ар киши астына максат коюп ага жетүүгө тырышат, “мынтүүм керек, тигинтүүм керек” деп багыттарды мерчемдейт, ага жетүүдө “ал керек, бул керек”  деген жеке табиттери болот. Ислам – кандайдыр дүйнө тааным, идея же дин гана  эмес. Ислам – бул идеология, аны ишке ашыруу. Ишке ашыруу дегенде, бул сөз адам жашоосундагы баардык тармакты камтыйт: жеке жашоо, социалдык, экономикалык жана саясый, салттык, ар күндөгү күнүмдүк тиричиликти өйдө камтып  өтөт. А мусулман деген ким? Мусулман – Аллах таала тууралуу өзүнүн  Ыйык китебинде кандай жазылган болсо, Ага так ошондой өңүттө бекем ишенет, ишенгенде да Мухаммед (САВ) пайгамбар аркылуу ишенет; курчап турган ааламдагы кыбыр эткендин баарын Аллах жаратканына, жандуу-жансыздын баары Аллахка гана таандык экенине, адамдагы кыймыл-аракет, анын тигиндей же мындай тагдыры, жазмышы Аллахтын Эркине гана байланыштуулугуна шексиз ынанат, ар бир баскан кадамын, ниетин Жараткандын китеби Куранда жазылгандай, Мухаммед (САВ) айткандай,  Аллахтын мыйзамы менен жасайт.  Башкача айтканда, Аллахтан башка эч кимге сыйынбай, бүгүлбөй, өмүрүн Жалгыз Аллахга арнаган адам  - мусулман деп эсептелинет.
 
Мусулман эмес (шарият тили менен айтканда- каафир,/каапыр/) адам – Жараткандын китеби Куранда Алла талаа кандай жазылган болсо, так ошондой өңүттө ишенбейт, Сүннөттөргө моюн сунбайт, дүйнөнүн кожоюну Аллах экендигине ишенбейт. Курандагы жазылган  Аллах тааланын буйруктарын, Анын Элчиси көргөзүп кеткен Сүннөттөрүн адамзат жашоосунбагы бирден бир туура багыт, абсолюттук мыйзам катары эсептебейт, баарынан Бийик Аллахтан башка эч кимге сыйынбоо, таазим кылбоо  керектигине маани бербейт. 
 
Бул макалада баарыбыз көңүл бурчу нерсе  - Кудайдын жалгыз экенине ишенүүнүн үчүнчү баскычы. Аны жөнөкөй тил менен төмөнкүчө чечмелеп түшүндүрсөк болот: Мусулман адам эмне “жакшы”, эмне “жаман” экендигин ислам укуктарына негиздеп, Жараткандын китеби болгон Курандагы булактарга жана Анын Элчисинин (Ага Аллахтын мээрими, тынчтыгы болсун)  сүнөттөрүнө таянып аныктайт. А каапыр  адам жогорудагы “жакшы-жаман” түшүнүктөрдү жеке өзүнүн каалоосу, пенделик табити аркылуу конкреттүү убакытты, конкреттүү жерди камтып, “көзүм көрүп турганга гана ишенем” деген таризде мамиле жасайт, так ошондой денгээлде жашайт. 
 
Адам жана мамлекет.
 
Классикалык алкактан алганда, мамлекет – бул адам жашоосундагы эркиндикти, тартипти камсыз кылуу үчүн адамдардын өздөрү ойлоп тапкан мыйзамдардын аткарылышын талап кылып, макулдашкан иштин жыйынтыгы. Франсуз философ-ойчулу Дени Дидро: “ Эгер адамдар өзүндөгү эркиндикти, көз карандысыздыкты өздөрү каалагандай пайдаланып, жеке табит-каалоолору эмнени күсөсө ошону жасай беришсе, анда ар бир жеке адам өз өзүнчө бактысыз болуп калмак;  ырас өзүнчө бөлүнүп жашабай, коом арасында жашап жаткан соң ар бир адам өзүндөгү тигини-муну каалаган жеке эркиндигинин эсебинен жалпы коомго бөлүшүү   керектигин адам коому түшүндү...” деп жазат.   Бул жагынан алганда, мамлекет жеке бир адамдын баскан-турганы коомдогу башка адамдардын эркиндигине кооптуулук жаратып жаткан болсо, анда ал адамдын эркиндигин чектейт, натыйжада жалпы коом мындан утуш алгансыйт, себеби коомдогу  ар бир адам жеке  эркиндигине эч ким кийлигишпеген, ар адам  эмне кылаарын өзү билип, өзү чечкен кепилдикти мамлекеттен  алат.
 
Шарият алкагынан караганда, мамлекет – бул баарыдан мурда Аллахтын мыйзамдарын, Аллахтын Элчиси мурас кылып кеткен сүнөттөргө  (Ага Аллахтын тынчтыгы жана мээрими болсун)  негизделген исламий укуктарды орнотуу ыгы. Аллах мынтип айтат (мааниси): 
 
 «Мен жин жана адамдарды Өзүмө сыйынуулары үчүн гана жараттым.» (Куран. «Заарийат», 56-аят).  

Бул жерде сыйынуунун мазмуну бир гана мааниде эмес, Куран жана Сүннөт мыйзамдарына баш ийүү  жагы да айтылууда.    Буга улай эле Ааламдын амири Аллах айтат: «…алар өздөрүндөгү талаш-тартышка сени калыс кыла алмайынча момун боло алышпайт. Андан соң алар сен кылган өкүмгө  каршы болушпайт, ага толугу менен моюн сунушат ».  («Ниса», 65-аят).   Аллах мынтип айтат: «Кимде ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса, мына ошолор –каапырлар»  («Маида», 44-аят).  Демек,  кимде ким адамдар ойлоп тапкан мыйзамдарды бу жашоодогу абсолюттук укуктук чек деп эсептесе, аны ислам укуктарына салыштырмалуу толук же жарым-жартылай канааттандыраарлык деп санаса, мындай ойдогу адамдар –каапырлар.  Шарият алкагынан караганда, мамлекет – бул Ааламдардын эгеси Аллахтын жазган укуктук институттарын (мыйзам, сот ж.б.) иш жүзүнө ашыруу.
 
Адам жана мыйзам.
 
Адам – жыргалчылыктарга  такай умтула берчү бир макулук. Ал толук түрдөгү табигый эркиндикке ашыгып,  улам бир эркиндикке жеткен сайын дагы-дагы ошондой жыргалчылыктарды  күсөп, анын эркиндигин эч ким чектебеген кепилдикке жетүү үчүн баарын жасоого даяр болот.  А бирок, көксөгөн кепилдикке жеткен соң, ал кепилдиктерди бир колуна мыкчып, өзү каалагандай эркин болуу табиятын  экинчи колуна мыкчып, бир эле учурда ошол экөөнөн тең айрылбай жүрө бергиси келген азгырыктуу абалга кептелет. Андай азгырык бир эле адамдын башына келсе не,.. баардык адамдар ошондой жыргалчылыкта, ошондой эркиндикте жүргүсү келгенде көйгөй ого бетер курчуйт.
 
Айталы, паракорчулук бардык мыйзамдарда тыюу салынган. Тыюу салуунун мазмуну түшүнүктүү: адам мыйзам тыюу салган нерсеге акчанын жардамы менен жетпеши керек, ага укугу жок – эгер паракорчулук кылганын уланта берсе  коомдо башаламандык, тартипсиздик башталат. Азыр социалдык тармактын баардык кыйырларында: билим берүү, медицина, күч органдары, мамлекеттик аппаратта башаламандык күчөгөндөн  күчөөдө.  Мисалы , билим берүү бизде расмий түрдө бекер деп айтылган жагдайбызды айталы. Тигил же бул факультетке ошол багытта жакшы окуган, жакшылап даярданган жаштар келип тапшырып, экзамен беришет эмеспи. Эгер тапшырып жаткан адам маселен жаштайынан математикага кызыгып жүргөн болсо, ошого жараша шыгы, дилгирлиги күчтүү болсо, андай татыктуу окууга өтүп, билим алса го жакшы, а тескерисинче анын ордуна татыксыз эле бирөө жең ичинен акча сунуп, милдеттүү өтүшү керек болгон сынактардан кыйгап өтүп студент боло калса бул өтө жаман. Азыркы учурда билим берүү тармагында коррупция күчөп,  студенттик билим  чөйрөсүндө жең ичинен окууну бүтүрүү, керектүү мугалимдер менен ымала түзүп акча менен маселе чечүү көнүмүш болуп барат. Мен бул сөздөрдү студенттикти баштан өткөргөн үчүн, окуу жайларда сабак берүү жагынан тажрыйбасы мол адам катары да ишенимдүү айтып жатам. Сонку кезде жогорку окуу жайларда кийин коомго зор пайда алып келчү  татыктуу студенттер  эмес, акчасы менен окууга өтүп алып эч кимге пайда-батасы жоктор арбын  “окуй” баштады. Мындай татыксыз көрүнүштөр жогорку окуу жайларда гана эмес, башка социалдык институттарда да арбын кездешет. Паракорчулук, коррупция адамдардын өз ара мамилесиндеги кадыреселикке, шайма шай мыйзамга айланып, коом билинбей мындан көп нерсе уттуруп, анын натыйжасында адамдардын жашоо деңгээли начарлагандан начарлоодо.
 
Суроо туулат, өлкөдөгү расмий мыйзамдар ушундайда неге иштебейт, так ошол мыйзамдар коомду жыргалчылыкка жеткирип, адамдын жашоосу кулпурушу керек эле го?  Так эле ушул жерден башкача суроо жаралат: мыйзамды сактаганга караганда, сактабоонун өзү адамдарга пайдалуу, майнаптуу болуп атса, мыйзам сактап эмне кылат? Мыйзамда, мамлекеттин өзөгүндө ар адамдын жыргалчылыгы жатат деген маселелер каякта калат ошондо?
 
“Эксперт” деген аталыштагы журналдан  дагы бир башка мисал келтире кетели. 2010-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Франциянын курама командасы ирланддыктардын дарбазасына оюндун эрежелерин бузганына карабай гол киргизип, анысы жеңиш деп эсептелингенин бир эстеңиз. Эки команда теңме тең тирешип, аягында кошумча убакыт да кошулганда Тьерри Анри колуна топ тийип кеткенине карабай, оюнду улантып Вильям Галласка пас бергенде  ал топту башы менен тосуп алып, башы менен дарбазага топту киргизген. Колуна топ тийип кеткен футболчуну   аудитория көрүп, “ушу да болмок беле” деп дуулдаганы менен, оюнду көзөмөлдөп, байкоо салып  турган арбитрлер эчтекени байкамаксанга салып, дарбазага гол киргенин кубаттап олтурушту. Оюн бүткөн соң Анри ырасында эле топ колуна тийип кеткенин моюндап, “..бул кантсе да судьялардын иши болчу да, алар ышкырышы керек болчу, ырас ышкырбаган соң гол кирди деп эсептелинди..” деп ийнин күйшөп тим болду. Ал “жеңиштен” соң Франциянын курама командасы Түштүк Африкада өтчү футбол боюнча  чемпионатка катышууга мүмкүндүк алды. Ошол чуулгандуу  оюндун соңунда ирланддыктар нааразы болушуп, кошумча бөлүнгөн убакыттагы оюнду кайра ойноону талап кылып да көрүштү. “Эгер бул оюндун тыянагы ушул бойдон кала берчү болсо, алдамчылык менен деле жеңишке жетишсе боло берет турбайбы” деген ойлор ого бетер бекемделет,-деп Ирландиянын Адилет министри Дермот Ахерн да жаны ачыган пикирин билдирген. Футболдогу  бул кырдаалдын биз сөз кылып жаткан темага тиешеси бар кызык жагы башкада. Топту колу менен ойноп жиберген Анри кийинчерээк  “мен аргасыз абалда калдым” деп билдирген. “Кол менен ойнодум” же “ойнободум” деген эки шоркелдей абалдын бирөөсүн тандашы керек болгондо Анри шордуу варианты азыраагын тандап алды. Эгер ал судьяга “колум менен ойноп жиергеним чын” деп моюнга алган болсо, өз командасындагы футболчулар ага түкүрүп басып кетишмек жана команда кийинки футболдук чемпионатка катыша албай,  Анри Францияда жек көрүндү болуп  басып жүрмөк. Дүйнөлүк футбол чемпионатында жакшы натыйжа көрсөтүүнүн өзү оюнчуларга ар кайсы атактуу футбол клубдардын чакыруусуна шарт түзөт. Түштүк Африкадагы дүйнөлүк чемпионатка катышкан оюнчуларга берилчү FIFAнын  премиялык акчасы эле (эгер оюнчулар мыкты ойносо) ондогон миллион долларды  чапчып барат; мындан тышкары бир нече жылга түзүлчү жүз  миллиондогон  доллар төлөп берчү спонсорлук келишимдерди айтпай эле коелу.  Анрини жазалоо да жумшак: болгону кыска мөөнөттө дисквалификация кылынат же айып салынат, мындай жазалоо эч бир футболчуну деле коркутпайт, азыркы замандын футболунда мындай көрүнүш нормага айланды.
 
Чынында эле Анри  кайсы бир нерсени  моюна алып эмне кылат? Анын сыңарындай, врач, мугалим же МАИ кызматкери парадан баш тартып эмне кылат? Бир гана жери, мындайда кишини – жазалоо гана токтотмок, Анринин мисалында айтсак ага жазалоонун эпкини деле тийген жок, а паракорлорду болсо көрсөк да көрмөксөн болгон коомдо жашап калдык.
 
Шарияттык алкактан алганда мыйзам – бул коомдун жана андагы адамдардын жыргалчылыгынан да көптү берген чоң нерсе. Шарияттын мыйзамдарын сактоо  - эн ириде Ааламдардын Ээси болгон Аллахка баш ийүү жана  бул Кудай бирөө, Ал жалгыз деген принциптердин бири. Кандай гана шартка кабылбасын мусулман адам үчүн шарият мыйзамдарын сактоо маанилүү болушу керек, андан болчу пайда миллиондогон киреше алып келчү  ар кандай келишимдерден жогору турат. Мындан да таасын айтканда, Аллахтын мыйзамдарын сактоо – мусулман баласы үчүн эң башкы көздөгөн максаты, бул жашоого келүүсүнүн мааниси катары эсептелинет. Мисалы, бизнесмен-мусулман үчүн күргүштөтүп тапкан кирешеге караганда шарият мыйзамдарын сактоо өтө орчундуу. Биздин бүгүнкү коом муну “ислам фанатизми, жеткен аңкоолук”  деп айтышы мүмкүн.  Мен турмуш жолумда кызыктай ой жүгүрткөн адамдарды көп эле учураттым:  алар бир кездерде  пара талап кылып баа койгон мугалимдерин жийиркенүү  менен эчкеришет да, өздөрүнүн кайсы бир тааныштары  исламга таянып пара албай жүргөндөрүн айтып, аларды “аңкоолор” деп баш чайкашат.  Даана аңкоолуктун жеткен чеги ушул эмеспи?
 
Дагы бир баса белгилеп айтчу сөз, исламдын коомдогу адилет мамилеси: кылмыш жасалдыбы, анын жазасы сөзсүз болушу керек. Ааламдын амири болгон Аллахка ишенген адам жасаган кылмышын коомдон жаап-жашырып койгон чакта да Аллах анын кыңыр кылмышын, максатын, ниетин көрүп тураарын, ар бир жасаган иши үчүн Кыямат күнү жооп берээрин  дайыма сезип, түшүнүп жашайт. Айтор, шарият мыйзамдарынын түпкү максаты – Алланын ыраазычылыгын көздөйт, мындай мыйзам коомдун жана жеке адамдын жыргалчылыгын коргогон Батыштын классикалык ой жорумуна караганда  алда канча майнаптуу, түшүмдүү. Чыныгы мусулмандар “турмуштук футбол талаасында”  эреже буза турган болсо аны сөзсүз моюнуна алышат, аларга а түгүл судьянын деле кереги жок, бу жагынан караганда Анри – мусулмандар үчүн жакшы үлгү болуп бере албайт. Өзүн  мусулман  катары эсептеген адамдар “Аллах мени карап турат” деп туюп, Ага баш ийип,  түпкү табиятында парадан баш тартышат (шариятта бул өтө туура эреже), так ошондой сыпаты менен коомдук тартипке салым кошуп, коомдун өнүгүшүнө (окуу жайларда пара албаган мугалимдердей болуп) салым кошуп келишет.
 
 
Эл башы жана мамлекет
 
Элди башкарган башчы жана анын башкаруусуна баш ийген мамлекет тууралуу  деле жогоруда сөз болуп өткөн /мыйзамга  баш ийүү же  баш ийбөө тууралуу логиканын себептерин  мисалдатсак болот. Бар болгон айырма,  эл  башыда жоопкерчилик деген нерсе чоң. Ошого жараша мамлекеттеги адамдардын  максаттарын ишке ашырууда мүмкүнчүлүктөр эл башыда кыйла көбүрөөк:  бу жерде маселе – каапырлардын жеке жыргалчылыгы үчүн кандай  шарттарды, мусулмандардын  жакшы иштерди жасоосу үчүн эмне шарттарды түзүлдү?-  деген суроо жатат. Мамлекетти башкаруу насиби буюрулган кандай гана адам болбосун, элдин пикири менен эсептешүүгө аргасыз болот, элге жасаган мамилесине жараша анын аты тарыхта “жакшы” же “жаман” делинип, анын урпактары  келечекте кеп кылышат. Азыркы учурдагы дүйнө президенттерин  карап туруп, эркин, калыс ой жүгүртө билген адам  “тарыхта калуу маселеси” экинчи орунда экенин  туят.  Канткен менен, ислам тарыхында  азыркы адамдын акылына шайма-шай келе бербеген, “кантип эле ушундай башчылар жашап өткөн болсун?” деген суроону жараткан эл башкарган башчылар жашап өткөнү ырас. Андай үлгү болоорлук башчылар халифат тарыхында көп эле болгон, ал эми алардын таң калаарлык башкаруу ыкмасы тууралуу топ-томдогон китептер жазылган.
 
Орусия телеканалдарында чыгуучу “Что? Где? Когда?” теле-оюнунда такай катышкан акылмандар исламий өңүттөгү суроонун жообун таппай, анан чыныгы жоопту укканда таң калганын жашыра алышпады. Аларга: Күндөрдүн биринде мусулмандардын башчысы Азирети Умарга Абдурахман аттуу сахаба кирип келип, Азирети Умар бир шамды өчүрүп, бир шамды күйгүзгөнүн көрөт. Эмне үчүн антти?,-деген суроо берилгенде, акылмандар туура жооп таба албай, качан туура жоопту угушканда көбү ойго чөмүлүшүп, эл башчынын көсөмдүгүнө тан беришти. Окуянын мааниси мындай:  түнү  досу үйүнө келгенде  Халиф Умар мамлекеттик иш менен алек эле. Абдурахмандан Умар сурады: Сиз жеке ишиниз мененби же мамлекетке тиешелүү иш менен келдинизби? Абдурахман : Мен жөн гана жеке ишим менен келдим. Ал сөздү уккан Умар шамын өчүрүп экинчи шамды күйгүздү. Муну көргөн Абдурахман : Оо, момундардын башчысы! Эмнеге бирөөнү өчүрүп экинчисин күйгүздүнүз?,- деп сурады. Умар мындай деп жооп берди : Сен келгенде, мен мамлекеттик иштер менен алек элем, ошондуктан мамлекеттин казынасындагы шам күйүп турган. Ал эми сен болсо жеке иштерим менен келдиң. Мамлекеттин шамын жеке ишиме коротпоюн деп жеке шамымды күйгүздүм,-деп жооп берген Азирети Умар.
  
Халиф Умар ибн аль-Хаттаб мамлекеттик иши үчүн алган айлыгына өтө олуттуу мамиле жасаган. Бир күнү ал жумуштан үйүнө келип, аялынан  шам-шум эткенге бирдеме  алып келүүнү өтүнөт. Аялы идишке таттууларды салып алып келгенде  Умар: “Булар каяктан?”-деп сурайт.  Халифтин аялы: “Үйүбуздө бар болгон азык-түлүктөрдөн биртке-бирткеден  ун, май, бал кылып топтоп олтуруп , анан чогулганда ушундай таттууларды жасап койдум эле..”   “А сен ошентип топтоп-чогулткандан чоң  бизге тиешелүү азык-түлүктөрдүн көлөмү азайдыбы?”.  – “Жок”,-деп жооп берет аялы.  “Анда,-дейт Умар,-бул таттуулар бизге ашыкча. Биз муну жегенге акыбыз жок. Бул таттууларды байту-ль-мальга (халифаттын казынасына) кайра кайтарып кой”.
 
Эгер Умар кандайдыр бир жаңы буйрук чыгарчу болсо, анда өзүнө караштуу бүт тууган-туушкандарын чакырып туруп: “Мен буйрук чыгардым. Билип койгула, элдин баары силерди карап турат. Эгер силер менин буйругумду бузган болсоңор, анда алар да бузушат, эгер элге урмат-сый менен кастарлап мамиле кылсаңар, ал мамилеге так ошондой сый мамиледе болушат. Аллахтын аты менен ант ичемин, башка адамдарга тыюу салган менин буйругумду бузду деп силердин  бирөөңөрду астыма жетелеп келишсе, ал адам менин тууганым экендиги үчүн жазаны эки эсе күчөтөм!  Мына азыртан баштап буйругума каршылар болсо чыксын, а болбосо өзүн тыйып, карманып жүрсүн!”-деген сөзүн айтат.  Азыр  мындай көрүнүш келесоолук, аңкоолук катары кабылданат.
 
Умар эч ким байкабас үчүн жүзүн жаап алып, карапайым мусулмандарды аралап алардын муктаждыгын сурап тураар эле. Ошентип эл аралап жүргөн күндөрдүн биринде бир кемпир астында турган халиф экенин байкабай, “Умар эл башы болгондон тарта жашоом жакшырбады, мен андан эчтеке ала алганым жок”,-деп даттанат. Көзү жашка толгон халиф: “Умарга болгон таарынычыңды канчага сатаар элең?”-деп сурайт. Кемпир аны шылдыңдап жатат деп ойлоп, ары бурулуп кетээрде Умар көшөрүп таарынычын канчага сатаарын суроону уланта берет, кемпир акыры таарынычын 25 алтын динарга баалайт. Ошол маалда экөөнүн жанына Али ибн Абу Талиб жана Абдуллах ибн Масуд басып келишип халифке: “О туура диндегилердин башчысы, сага тынчтык болсун!” деп салам беришет. Кемпир көзүн алайта Умарды карап, өз башын мыкчый: “Кандай уятсыздык!  Кантип эле мен диндарлардын башчысын жүзүн булгадым?!”     Халиф кемпирди сылый жайгара: “Коркпо, сени Аллах мээримине алсын”,-деп кийип турган кийиминин бир бучкагын кесип ага: “Мээримдүү Ырайымдуу Аллахтын ыраазычылыгы үчүн. Бул таарынычты Умар мобуреки аялдын таарынычын (баланчанчы күнү) өзү башкарып турган мезгилде сатып алды. Акыр Кыямат күнүндө Умар Аллахтын астында турганда ал аял күнөө артпаганга милдеттенет, анткени Умар күнөөсүн сатып алгандыгына байланыштуу ал күнөөлүү эмес. Күбө катары: Али ибн Абу Талиб жана Абдуллах ибн Масуд  күбөлүктөн  өтүштү”-деп жазат. Үйүнө келгенде Умар чүпүрөккө жазылган жазууну уулуна берип: “Мен каза болгондо муну менин колума карматып койгула..” деген аманатын айтат. Мухаммед (САВ) пайгамбардын айтуусунда, Умар ибн аль-Хаттаб өлүм астында жатканда  жоопкерчиликтин катуулугунан  коркуп, Аллахтан өзүнүн эл башкарган жылдарын “эсепке албоосун” өтүнүп, суранган.
 

 
Тыянак.
 
Азыркы күндө исламга чакыргандарды ишке ашпаган максатты  кыялданган, революцияга чакырык таштаган  курулай кыялкечтер катары карашып, алардын түшүмүн митаамдар пайдаланып жаткандай кабылдашууда. Анткен менен, Мухаммед (САВ) пайгамбар кыялкеч болгон эмес, анын жолун жолдоп динден, санаалаш болуп жүргөн сахабалар митайым болушкан эмес. Алар ислам динин өтө катаал, оор шартта  тикелеп, пайдубалын бекемдөөгө жетишкен. Жасаган-эткен аракеттердин тараза ташы кай жагына ообосун, акыйкат  канчалык көнүмүш, кайталанма формада бурмаланбасын, чындык жалган менен канчалык чалкештенип аралашып кетпесин, жакшылык сөзсүз жамандыкты акыры жеңет. Акыйкат дайыма туу чокуда жаркырап турат. Бул биз ишенген ишенимдин сереси. Биз ынанган, шексиз макул болгон  чындыктардын пункту.  Ооба, ислам азыркы тапта туш тараптан баскынчылыкка кабылып, курчоого алынып турган мезгил. Өз энчиңдеги жерди кайтарып алуу – бул эң жөнөкөй нерсе. Мусулмандар бул тапта маданий, эконоиикалык, саясый, интеллектуалдык жактан курчоодо калып, кысымга кабылып жатан кезең. Биздин ойлорубуз, идеяларыбыз, баалуулуктарыбыз курчоонун туткунунда калды.  Биз бөлөктөрдүн майрамдарын майрамдайбыз, башкалардын маданиятына умтулабыз, бөтөндөрдүн идеологиясы менен акыл калчайбыз. А бирок Аллахтын жардамы менен, биздин аракетибиздин аркасында баары өзгөрөт. Батыш “ислам терроризминен” коркуп жаткан жери жок, батыш исламга тиешелүү чыныгы акыйкаттан коркуп келүүдө. Сүткорлор ислам экономикалык моделинен,  адеп-ахлактан тайган бузукулар ислам нравасынан, тиран-зөөкүр башчылар исламий саясый системадан  коркушат. Алардын баары өздөрүнүн чыгарган мыйзамдары  формалдуу түрдө гана жашамыш этип келаткан борпоң система экендигинен чочулашып:  ислам дини орносо “башкалардын укугун тепселебегиле” деп аларга  тыюу салынаарынан коркушат. Терроризм менен күрөшүү –  бетин бекитип келе жаткан алардын курулай беткабы, жакында ал беткап да шыпырылып түшөт. 
 
Ааламдардын ээси Аллах айтты:   «Акыйкатта , Аллах момундардын жанын жана мал-мүлкүн Бейишке алмаштырган» («Тавба », 111-аят).
 
Мына ушунун өзү өтө пайдалуу  соода, болгондо да мусулмандарды бийиктикке чыгара турган соода. Биз алсыз болуп, алыбыз куруп турган учурда да күчтүүбүз. Анткени Аллах биз менен. Так азыркыдай алсыз абалда исламдын жеңишин көрбөй, каза болуп кете берсек да Кыямат күнү Аллах бизди күчтүү, айбаттуу, шаңдуу  кылып тирилтет. Иншаллах. Аллах каалап: “Ушундай болсун” десе, Аллах каалагандай иш болот. Аллах эрлердин колу менен жеңиш болушун  каалайт. Илгери бир кездерде так ошондой болгон. Эрлер так ошондой жеңишти дагы бир жолу кайталайт.

Иншаллах.
 


Автор: Абдулмумин Гаджиев
Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

 
 
 

 
 

Facebook Пикир