Саясат

Isl001
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 984

Исламдагы саясый системанын негиздери

Ислам дининдеги саясый системанын өзөгүндө 3 негизги принцип жатат: таухид (Аллахтын жалгыз экендиги), рисалят (пайгамбарчылык) жана хиляфа (өкүлчүлүк, наместникчилик).


Бул принциптердин маңызын толук түшүнмөйүн, исламдагы мамлекеттик башкаруунун формасынын ар тараптуу аспектилерин даана түшүнүү өтө кыйынга турат.
 
Таухид – Ааламды жаратуучу бир гана Аллах (өтө көп сандаган ажайып ысымдарга ээ болгон Жалгыз Кудай) экендигин, жандуу жана жансыз заттардын, жердин үстүндөгү, астындагы, асмандагы, космостогу  нерселердин  баары Ага гана баш ийерине ынануу. Буюруу жана тыюу салуу Ага гана таандык. Сыйынууга, урмат менен кадырга, баш ийдирүүгө Ал гана татыктуу жана антүүгө Аллахтан башка эч кимдин, эч нерсенин акысы, укугу, мүмкүндүгү, кудурети жок.
 
Бул өмүрдөгү бардык жагдайларды, физикалык органдарды, адамдын шыгын, жөндөмүн, айлана тегерегиндегилерди, өйдө-ылдыйды байкап-аңдап турган сезимдерин – мунун баарын чынында адамга таандык эмес, буларды  өзү ойлоп тапкан эмес. Бул нерселердин бүт баары, толугу менен Аллахка тиешелүү жана ал мүмкүнчүлүктөр Аллахтын Мээрими аркылуу адамдарга берилген. Ырас ушундай болгон соң, эмне үчүн жаратылганыбыздын максатын, багытын аныктоо биздин эркибиздеги иш эмес, өзүбүздүн эмне кыла алаар, албасыбызды өзүбүз чечип, өзүбүз биле албайбыз; жана биздин бул маселелерибизди биздин ордубузга Аллахтан бөлөк кандайдыр тарап чечкенге укугу жок.  Мындай укукка бизди жараткан, биздин дене-боюбузга жан киргизип, акыл-эс берген, бу материалдык  дүйнөдөгү мүлк-оокаттар менен пайдалана берүүгө уруксаат берген  Аллах гана ээ.
 
Жеке адамдын же бир адам коомунун табиятында юридикалык же саясый көз карандысыз бар,- деген концепциянын өзү туура эмес, анткени жеке адам болобу же бир жамаатпы  Аллахтын жалгыздыгын, бүтүндүгүн туюнткан  принциптин астында юридикалык жактан да, саясый жактан да көз карандысыз, өз башына өзү ээ болуп кете албайт. Эч бир индивидуум, үй бүлө, коомдук класс же раса өзүн Аллахтан жогору коюуга укугу жок. Баарын Башкаруучу Аллах гана, анын айткан, дегени – мыйзам.
 
Аллахтын айткан сөздөрүн адамдарга жеткирип турган ортомчулук милдетти аткаргандар - рисалят  делинет. Так ушул булак аркылуу адамдарга Аллахтын мыйзамдары жазылган Китеп түшкөн, ал Китепти бизге Мухаммед Пайгамбар (САВ)  Аллахтын адамдарга жиберген Элчиси катары  чечмелеп, жеткилең түшүндүрүп берген. Ыйык Китептин максатына ылайык, Мухаммед Пайгамбар (САВ) мусулман мыйзамдарын өзүнө сиңирип, керек учурда аларды өз баяндары аркылуу адамдарга маңыздуу түшүндүрүп чыныгы исламды карманган адам кандай болуусу керектигин бизге көрсөтүп, өзү үлгү болду. Бул эки аспектинин бир бири менен жуурулушу шарият деп эсептелинет.
 
Эми хиляф тууралуу айталы. Араб тилиндеги бул сөздү кыргызчага оодарсак, болжолдуу мааниси “өкүлчүлүк, өкүл” деп которулат. Ислам боюнча, адам Аллахтын жердеги өкүлү, (наместниги) болуп эсептелет. Ошон үчүн адам өзүндөгү Аллах берген сапаттарды, мүмкүндүктөрдү колдонуу менен бирге, Аллах чийген чийинден чыкпай, Аллахтын айткандарын аткарып жашоого тийиш.
 
Мисал үчүн, сиз мүлкүңүздү ишенип бир кишиге тапшырдыңыз дейли. Мына ошол сиз ишенген адам, сиздин өкүлүңүз сиз менен болгон чынчыл келишимди бузбоо үчүн 4 милдеттүү түрдө аткарган шарттардан эч тайбоосу керек:
 
Биринчиден, мүлктүн түпкү кожоюну аны убактылуу колдонуп жаткан “өкүл” эмес, сизсиз.
 
Экинчиден, ал мүлктү сиздин өкүлүңүз  сиздин айткан-дегениңизден четтебей пайдалануусу керек.
 
Үчүнчүдөн, ал кишинин мүлккө карата бийлиги сиз чийип берген чийинден чыкпоого тийиш.
 
Эң соңку төртүнчүсү, сиздин макулдугуңуз, тапшырмаңыз менен ал өзүнүн эмес, сиздин (!) каалоо-ниеттериңизди аткарат.
 
Мына ушул жогоруда айтылган 4 шарт “өкүлчүлүк” концепциясынын өзөгүн түзөт,  тигил же бул  өкүлдөр  саналып өткөн  шарттардын кай бирин бузса, карманбаса башында макулдашкан келишимди бузган үчүн айыпталат, жазаланат. Адам Аллахтын жердеги өкүлү (наместниги)  дегенде, исламда жогорудагы 4 принцип тууралуу кеп болуп жатканын аңдоо керек. Мына ушул 4 принцип хиляф концепциясынын табиятын түзөт.
 
Мына ушул саясый теориянын негизинде түзүлгөн мамлекет: Аллахтын каалоосун ишке ашыруу аркылуу, Анын чийининен чыкпай, Ал айткан сөздөр жазылган Китептеги шарттардан, эрежелерден четтебей - Аллахтын жетегиндеги адамдардын халифаты боло алат.
 

Исламдагы  демократия.
 
“Хиляф” деген терминдин маанисин түшүндүргөн жогорудагы түшүндүрүүлөр тастыктап тургандай,  эч бир династия, класс же адам башка бир адамдан, коомдон же расадан бийик тура албайт.  Кайсы халифаттын тушунда бир жамаат же коом таухид менен рисалят принциптерин тааныса, анын  баркы ошончолук бийик, жогору болот. Бул принциптерди туткан коомдо , Аллахтын каалоосу менен түзүлгөн халифаттын жоопкерчилиги ар бир кишинин, индивидуумдун моюнуна жүктөлөт. Мына ушунун өзү – исламдагы демократиянын негиздери.
 
Исламий коомдо ар бир адам “Аллахтын жердеги өкүлүнүн” укуктары жана милдеттерин рахаттана колдонуп жашоо кечирет, бул өңүттөн алганда, бардык адамдар бирдей теңчиликке, укукка ээ. Айтор, бир адамдын жогорудагыдай эркиндиктерин башка бир адам чектеп, тыюууга укугу жок.
 
Коомду башкарган мамлекеттик органдар мусулмандардын каалоолорунун негизинде куралат, а мамлекеттик органдарга мусулмандардын каалоо-тилеги менен шайланган  адамдар иштөөгө тийиш. Өкмөттү куроодо да мусулмандардын пикирлери чечүүчү мааниге ээ, өкмөт мусулмандардын так ошол пикирлерин, талаптарын эске алып иштөөгө милдеттүү. Ким элдин ишенимине татыса, ал элдин атынан халифаттын милдетин аткарат; ким ал ишенимден калса, кызматынан четтөөгө тийиш. Бул жагынан алганда, исламдагы саясый система баардык жагынан төп келген демократиялуу система.
 
Исламий демократиялык система менен Батыш демократиясынын айырмасы – батышта коомдук бийликке гана таянса, ислам демократиясында  - коомдук халифаттын (өкүлчүлүктүн, наместникчиликтин)  принциптерине таянат. Батыш демократиясында ар бир адам өзүн эркин, суверендүү деп эсептесе, исламда эркиндикти, суверендүүлүктү адамдарга Аллах берет,  адамдар болгону Аллахтын халифтери же өкүлдөрү (наместниктери). Батыш системасында адамдар өздөрүнүн мыйзамдарын өздөрү жазышат; а исламда адамдар шарият мыйзамдарына, Аллах жиберген Мухаммед Пайгамбардын (САВ) сүннөт жолу менен жашашат. Батышта бийлик менен өкмөт элдин эркин аткарса; исламда мамлекет да, мамлекеттеги адамдар да Аллахтын эркин аткарууга тийиш. Батыш демократиясы абсолюттук бийликтин ар тараптуулугу күчөшүн шарттап,  бийлик колундагы башкаруу укугун  эркин, каалагандай  пайдалана берүүгө мүмкүндүк алса; ислам демократиясы Кудайдын мыйзамына баш ийип, Кудай чийген чийинден чыкпай бийлик жүргүзөт.
 

Исламий мамлекеттин максаттары.
 
Таухид, рисалят жана хиляф тартиби менен курулган мамлекеттин максаты эмне, анын багыты эмне Ыйык Куранда так аныкталган. Бул – Жараткан адамзатка берген жакшы иштерди  бекем орнотуу, аны такай колдоо, өнүктүрүү жана Аллахка жакпаган  нерселерден, жамандыктардан алыс болуп, андан алыс болуу.
 
Ислам шартында мамлекет – саясий жактан башкаруу, элдин  же  (элиталык) белгилүү бир топтун каалоосун, эркин аткаруу үчүн гана түзүлбөйт. Ислам мамлекеттин астына жогорку идеалдарды коет, мына ошондуктан мамлекет колунда бар бардык шарттарды , мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп ошол идеалдарды ишке ашыруусу керек.
 
Башкы максат – Аллах Өзүнүн  адамдарынын жашоосунда болуусун каалаган тазалыктын, сулуулуктун, мээрбандыктын, жакшы иштердин, ийгиликтин жана гүлдөп өнүгүүнүн мол болушун өнүктүрүү, ага аракет кылып, акыйкатсыздыктан, бирөөгө залал келтирүү аркылуу пайда көрүүнүн бардык түрүнөн алыс болуу. Мына ушундай асылдыктарга үндөө менен исламда  эмне кылса болоору, эмнеге тыюу салынганы так аныктаган. Мындан улам ислам мамлекетинин шарты боюнча качан болбосун, кандай кырдаалда болбосун өнүгүүнүн программасын түзө алат. Ислам мамлекеттин алдына такай аткарылууга тийиш болгон талапты коет: адеп-ахлак принциптери  адамзат турмушунун бардык тармактарында, сөзсүз, кыйшаюусуз аткарылууга тийиш. Мына ошондуктан мамлекеттик саясат чынчылдыктын жана акыйкаттуулуктун негизинде куралышы керек. Саясый, административдик жана улуттук пайданы көздөгөн жетишкендиктерге жетүүдө, кандай гана кырдаалда болбосун мамлекет көз будамайлык, жалганчылык жана акыйкатсыздык менен аеосуз күрөшүүгө милдеттүү. Мамлекеттин ичинде, же кай бир  бир мамлекеттер менен болгон тышкы мамиледе кандай  мамилелер, алакалар болбосун, эң ириде чынчылдык менен акыйкаттуулук жогору туруусу зарыл. Ислам инсанга кандай милдеттерди такса, мамлекетке деле мына ушундай милдетти жүктөйт:
 
* Бардык макулдашуулардын, милдеттенмелерди аткаруу.

* Бүт мамилелерде ырааттуу мүнөздү кармануу.

* Өзүнүн укуктары, милдеттери тууралуу такай эстеп, башкалардын да укук-милдеттери бар экенин унутпоо.

* Кадыр баркты, бийликти акыйкатты орнотуу үчүн колдонуу.

* Өлкө астындагы милдетти, ыйык милдет катары, бийликти Аллахтын берген ишеними катары карманып, бүт бардык жасаган аракет, мамиле үчүн  бул дүйнөдө жана акыретте Аллахтын астында сурак болоорун унутпоо.  

 
 
 
Маалымат булагы:  Islam.com.ua

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 

 

Facebook Пикир