Саясат

Isl002
  • 03 Кулжа 2017
  • 0
  • 961

Пайгамбарлар – ченде жок дипломаттар

Кудуреттүү Жаратуучу элге туура жол көрсөтүп, адашкан жолго түшүп кетпеши үчүн аларга маал маалы менен өз пайгамбарларын, элчилерин жиберип турган.



Алар өз элдерине Кудайдын сөзүн жеткирүү менен бирге, адамдарды туура динге, кынтыксыз жашоого багытташкан. Эл ичинде пайгамбарлардын айткан динине моюн сунгандар да, ага ишенбей моюн толгогондор да болду.  Аллахтын Элчиси (САВ) мынтип айткан:  
 
«Исраил уулдарын алардын пайгамбарлары ээрчиткен» (Бухари, Муслим)
 
Пайгамбарларлардын динди таратуу түйшүгү оңой-олтоң болгон эмес, алар айткан диндин тууралыгына ишенгендер менен ишенбегендердин ортосунда далай кагылышуулар, карама-каршылыктар болуп келди.
 
Эл башкарган төбөлдөр, башчыларга келсек, тарыхта алар дайыма пайгамбарлар менен элчилерге каршы чыккан тарапта болушкан. Тигил же бул коомдогу бийлик мыкчып турган элита өзүнө каршы чыккандар менен келишкис түрдө күрөшкөн. Кагылышуулар кай жерде болбосун, ошол кагылышка катышкандардын өзүнүн тарапкерлери, ага жан тарткандар болгон, мунун артынан  кадыресе эле саясый күрөш башталган.  Ушундай кырдаалдарда Кудайдын элчилери саясый күрөштү башкаруунун эң бир таалуу, мыкты  жолун таба алышкан.
 
Кудайдын Элчилеринин өз элдерине жасаган “чакырыгын” так термин  менен айтчу болсок ага – “саясый кыймыл” деген сөз өтө бап келип турат. Анткени Кудайдын Элчилери ырасында эле Кудай “жеткир” деген мүдөөнү элге жеткирүүдө татыктуу саясатчылардын ролун татыктуу аткара алышкан. Алар өздөрүнө жиберилген Кудайдын мыйзамдарын өтө жогорку, улуу чеберчиликтеги дипломатия менен элге жеткирип турушкан.1
 
Маселен, Куранда Аллах бизге Муса менен Фараондун таржымалын айткан жери бар:
 
 « (Эй, Мухаммед!” сага Муса менен Фараондун баянын ишенүүчу эл үчүн жакшылап окуп беребиз. Чындыгында, Фараон жер бетинде үстөмдүк кылып элин топторго бөлдү. Алардын бир тобун эзип, уул балдарын мууздап, аялдарын тирүү калтырчу. Анткени ал бузукулардан болчу.  (Биз) ал жердеги эзилгендерге камкордук кылууну, аларды жол башчы кылып, өздөрүн мураскор кылууну каалайбыз.  Аларды жеге (Мисирге) отурукташтырууну; Фараонго, Хаманга жана ал экөөсүнүн аскерлерине өздөрүнүн корккон нерселерин көрсөтүүнү кааладык.» (Куран, 28:3-6)
 
Тереңдей үңүлүп караганда, жогорудагы аяттарды -  саясый диалог, токтом, декларация, болуп жаткан окуяга байкоо салуу  жана Жер жүзүндөгүлөрдүн  арасынан кимиси чындап татыктуу болсо, бийликти дал ошого бергиси келген Кудайдын каалоосу деп мүнөздөсөк да болот.
 
Имам Табари Куранды  тавсирлеп жатып мынтип жазат:
 
“Фараон өз элине өзүн көтөрө чалып даңазалатып, адамдардын өзүнчө бир тобун бирөөлөрдү куугунтуктоо үчүн колдонгон, анан Биз ошол куугунтукталып, кордолгон адамдарга мээримдүүлүк кылууну, аларды  Жердин  өкүлү (наместниги) болуусун жана  Фараондун жок болуусун кааладык”. 2
 
Бул кырдаал тууралуу доктор Райсуни мындай дейт:
 
“Муса Пайгамбар Фараонго каршы чыкты, а фараон да Пайгамбарга каршы турду. Так ушундай таризде, пайгамбарлык дипломатия менен Фараондун дипломатиясы бетме-бет тирешти”. 3
 

Муса Пайгамбардын Фараонго даректеген кайрылуусун  таржымалдаган Курандагы аяттардын мааниси тууралуу ой калчап көрүп, ошол доордогу окуялар тууралуу чындыкка жакын элестөөлөрдү ачык-айкын көзүбүзгө элесетете алабыз. Куранда мынтип жазылган сөздөрдү карап көрөлү:
 
«Андан кийин Мусаны Фараонго жана анын тобуна кереметтер менен жибердик. Ошондо алар кереметтерге зулумдук кылышты. Бузукулардын акыбети кандай болгонун көр!» (Куран, 7:103)
 

Куранда Аллахтын айткан дагы бир сөзүн караңыз:
 
 «Биз Мусаны белгилер жана айкын далилдер менен жөнөттүк. Фараонго, Хаманга жана Харунга. Алар аны: “Сыйкырчы, жалганчы!”,-дешти» (Куран, 40:23-24)
 

Тарыхчы Ибн Хальдун Сулайман Пайгамбар (Ага тынчтык болсун) тууралуу мынтип айткан:
 
Сулайман жана Дауд пайгамбарлар (аларга тынчтык болсун) эбегейсиз бийликке ээ болушкан”. 4
 
Куранда жазылып кеткен Сулайман пайгамбар (Агы тынчтык болсун) тууралуу, ал эгедер болгон бийлик тууралуу жакшылап ойлонгон адам, анын өз мамлекетине  өтө берилгендигин, (мамлекетке берилгендиги жагынан ага чейин эч кимде андай касиет  болбогонун)  байкайт. Куранда баяндалган пайгамбарлардын бүт баары  өз денгээлине, дооруна жараша жогорку чеберчиликтеги дипломат болушкан. 5
 
Эл башкарган бийлик башчылары менен кагылыш-сүрүлүштөрдүн, атаандаштыктардын, сүйлөшүүлөрдүн күрөшүнүн чордонунда ар бир тарап өзүнүн позциясын, өзүнүн пикирин коргоп жүрүп олтурушкан – мунун өзү кадимки эле саясый процесс болгон.
 
А эгер “саясый процесс” деген терминге аныктама берчү болсок, анда аны мындайча айтууга болот: “Кандай гана проблема болбосун, анын артында турган эл башкаруучулар менен саясатчылар, күрөшкөн тараптын кайсы бир тарабында турушкан”. Кудайдын Элчилери элди үндөп жатканда  эл башчылардын аларга каршы чыгып жатканын көрүп туруп, бул – саясый же дипломатиялык маселе экендигин, же болбосо ушул көрүнүштүн өзү саясатка өтө жакындыгын ишенимдүү түрдү айтсак болот. 6
 
Маалымат булагы: Qeyam Home,
автор: Доктор Фатхи Абуль-Вард

 

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg
 
 
1 «Исламское мышление и политические процессы» – Д-р Ахмад Райсуни. 
2 Тафсир Табари. 
3, 4, 5, 6 «Исламское мышление и политические процессы». 

 
 

Facebook Пикир